Замирбек Акунов:
"тайгандар жоголуп кетүү коркунучунда"

2007- жылы Замирбек Акуновдун "Кыргыз тайганы" деген китеби жарык көргөн. Автор ушу менен чектелип калбастан, кыргыз тайганы тууралуу даректүү кино тасма тарткан. Акыркы эки жылы орус тилдүү окурмандарга "Тайган - кыргызская борзая" деген аталышта олуттуу эмгек жазып, аны китеп кылып чыгарууга көмөктөш боло турган демөөрчү издеп атканына, ошону менен катар китептин өзөгүн түзгөн орчунду темаларга кыскача токтолду.

Тайгандын тарыхы жана ал жөнүндө уламыш
Эл ичинде айтылган уламыш боюнча тайгандын кырааны жорунун жумурткасынан жаралат. Жору басып чыгарган күчүктү адам үч күнгө чейин көрүп, алып калса, андан эч бир аң качып кутула албаган алгыр тайган өсүп чыгат. Жорунун экинчи аты - Кумай. Кыргыз эли тайгандын айбаттуу алгырын кумайдан жаралган ыйык ит деп "Кумай+ыйык" деп ат беришкен. Ал эми үч күндүн ичинде адам баласы көрбөй калса, жорунун баласы балапан болуп, жоруга айланып кетет. Ата-бабалар бизге калтырып кеткен уламышты изилдеп отуруп, кээ бир варианттарда тайган кумайыкты башы бүркүткө, денеси арстанга окшогон куш ач бел, куу жондо тууп кетет. Ошондой эле Монголиядагы Ноин-Ула, Алтайдагы Пазырык ж.б. коргон-дөбөлөрдү казышканда, түбөлүк тоңдо күнү бүгүнкүдөй сакталган, алтын-колодон куюлуп, жоокерлер курчанган кемер, ат жабдыктарга чөгөрүлүп жабыштырылган, алакийиз, курак, жибек саймаларга түшүрүлгөн жору-кумайдын сүрөт келбеттери жана элестери табылган. Орустун Сергей Марков деген окумуштуусу: "Качандыр бир убакта Кумай жорунун жумурткасынан күчүктөр пайда болот. Көрсө мындай уламыш каракыргыздарда абалтан айтылып келет" деген экен.

Тайгандын Ала-Тоого келиши
Тайгандын тарыхын изилдеп чыгып, кыргыз жерине азыркы Ала-Тоо аймагына мындан 2300-2400 жыл мурун келгенин далилдедим. Анткени, Кыргызстандын баардык аймактарында жайгашкан таш беттеринде петроглифтерде тайгандын тоо текелерге аңчылык кылып аткан көрүнүштөрү тартылып калынган. Мындан он миң жыл мурун байыркы Аравия жана Египетте борзая иттердин тукуму пайда болгон. Байыркы перс падышачылыгынын убагында Орто Азияга тарайт. Каралжын түстүү, тыбыттуу, 3 миң метрден өйдө жайгашкан жерлерге аңчылык кыла турган дүйнөдөгү жалгыз ит тукуму
болуп кыргыз тайганы келип чыккан.

Эпостогу Кумайык
Манас үчилтигинде тайганга кенен токтолгон. Мисалы, Манас өзүнүн Кумайык деген тайганын көкжору тууган жеринен таап алат.
... Кум-Булактын белинен,
Даарат алган жеринен.
Кайыбынан кабылды,
Кол башындай сур күчүк...
Асыл болот Кумайык,
Үч күн жатса талаада
Кайып багат дечү эле,
Эркек адам жолобой,
Ургаачынын тазасы
Зайып багат дечү эле, - деп Бакайдын кеңеши менен Манастын келечектеги колуктусу Каныкейге беришет. Каныкей жан кишиге көрсөтпөй, алты ай багып чоңойтот. Кийин Манас өлгөндө, анын сөөгүн жууган жерге көзүнүн жашын көлдөтүп, алты күн турбай жатып алат. Ал эми Семетей 12ге толуп, Букардан Таласка аттанып атканда, Каныкей "Кумайыкка жолук, ал сени аябай күтүп жүрөт" деген. Кумайык менен Семетей кезигип, Семетей аңгырап ыйлап, Кумайык улуп-уңшуп жолугушуп көрүшөт. Тайган кыргыздын жан-дүйнөсү менен жашоо-шартында кандай орун алганын ушул улуу эпостогудай эч качан сүрөттөлбөсө керек.

"Көк добул", "Ак таман", "Көкчөө"
Кыргыздарда эпос, уламыштардан тышкары көп эле алгыр тайгандар болгон. Мисалы, Байтиктин туугандары Баястандын "Көк добул" деген тайганы кези келип турган кезде 9 карышкырды бир алып атагы чыккан. 19-кылымдын орто ченинде казактын Кененсарысына Бүргө баатырдын уулу Калча колго түшүп калып, куткарууга элчи келсе, "Баястандын "Көк добул" деген тайганын берсеңер бошотом" деп талап коет. Элчилер макул болуп тайганды алып келгенде, Кененсары сүйүнгөнүнөн ордунан тура калып, хан таажысын Калчага кийгизип жиберген имиш. "Көк добулду" Кененсары бозүйгө кароол койдуруп бактырган. Бирок, ага карабай, түндүктөн чыга качып кеткен. Көрүп калган кароолдору үч ат менен кууп жетпептир. Балбайдын "Ак таман" деген тайганы болгон. Жыл ичинде жүздөгөн кулжа, теке, андан сырткары карышкырды буйдалтпай алган. Казак-кыргыздын бир чабышында Балбай алдынан чыккан казактын баатырын найза менен ыргыта сайып өлтүрүп коет. Илгерки салт боюнча баатырдын куну 300 жылкы болгон. Ошондо казактар Боромбайга келип, 240 жылкы, калган 60 жылкынын ордуна Балбайдын "Ак таман" деген тайганын сурашат. Балбайдын ичинен "кан өтүп", эки элдин бейпилдиги үчүн тайганын берген. 1940-жылдары Кегетинин үстүндө Туюк-Жылаңачта 15 түтүндөн кем эмес чакан айыл болгон. Эстебес мергенчи жана анын "Көкчөө" деген тайганы элди аркар, кулжа менен камсыз кылып турчу экен. Эстебес 1941-жылкы согушка барып келгендин ортосунда "Көкчөө" тайганы айылда калган кемпир-чалдарды, ачка калтырбай багып турганына күбө болот.

Кыргыз тайганын кантип сактап калабыз?
1938-56-жылдардын аралыгында Кыргыз ССРинин жаратылышты коргоо боюнча маминспекциясынын башчысы П.Цагараев менен кинолог И.Гончаров экөө тайгандын кароо-сынактарын өткөрүп, тукумдун тазалыгын сактоого кам көрүшкөн. 1950-жылдан кийин ит атарлар пайда болгон. Иттин терисинен кийимге деп атайын Сибирде, Арктикада иштегендерге жана учкучтарга камдаган. Ошондо тайганды да кырып жиберишкен. Алыскы Ат-Башы, Жумгал, Ысык-Көлдүн сырттарында бирин-серин гана сакталып калган. 1970-жылдары кинологдор тынчсыздана башташат. Ал кезде казактын таздары менен аргындашып кетип таза кандуу тайгандар саналуу калган болот. Бүгүнкү күндө саны элүүдөн ашпайт. Мамлекеттик деңгээлде питомник ачып, иш-чара көрбөсө, таза кандуу тайгандарыбыз жоголуп кетүү коркунучунда турат. Ошентсе да кыргыздын азаматтары бар, тайганды сактап калууга кам көрүшүп, ар кандай фестивалдарды, кароо-сынактарды өткөрүп жүрүшөт.

Кыргыз дөбөтү
Азыркы кыргыз дөбөтү деп түркмөндөрдүн алабайын багып жүрүшөт. Алабайдын жүнү кыска, тыгыз жайгашкан. Чөлдө калыптанган түз жердин ити. Дөбөт - Тибет. Балким кыргыздар Тибетти Дөбөт деп аташкандыр?! Кыргыз дөбөтүнүн түпкү теги Тибет догу экендиги талашсыз. Тибетке жакын көчүп жүргөн кыргыз уруулары Тибет догунун мыкты сапаттарын баалап, аны багып алышып, акырындык менен эл арасына таратышкан. Айрым окумуштуу адистер Тибет догун Тибет карышкырынан келип чыккан дешет. Тибет карышкыры кара түстө, турпаты кабелтең, зор жаныбар болгон. Азыр тукуму үзүлүп жок болуп кеткен.

Тайган менен бүркүт
Илгерки заманда кыргыздар ууга же аңчылыкка тайган менен бүркүттү кошо салышкан. Муну атайын бүркүт менен тайганды чогуу чырга (түлкүнүн териси) тартып көндүрткөн. Алыстагы ууга бүркүттү, жакындан чыга калганга тайганды салып алдырткан. Бир учурда экөө ымалашып, бир учурда бири-бирине тоскоол болгон эмес. Карышкырды бүркүт алганда, тайган толорсуктан бура тартып жыгып берген. Ошол эле учурда тайгандын саны экиден ашкан эмес. Андан көп болгон учурда бири-бирине тоскоол болушкан.

Убара кылган "Мегаком"
2007-жылы "Кыргыз тайганы" деген чакан китебим жарык көргөн. Китепти таланттуу акын эжебиз Роза Мукашева орусчага которгон. Аны менен токтолуп калбастан, эки жылдын ичинде талбай эмгектенип, тайгандын жаралыш жана таралыш тарыхын терең изилдеп, мындан тышкары кыргыз дөбөтүн, бүркүттөрдү, куштарды шумкарларды жана ушуларга байланыштуу кызыктуу окуяларды иликтеп, аларга таянып орусча жазып чыктым. Кыргыздын эченден бери келаткан баалуулуктарын орус тилдүү окурмандарга кенен тааныштырууну максат кылдым. Китептин электрондук даяр вариантын Кыргыз ИАсынын мүчө-корреспонденти профессор Раиса Кыдырбаева эже баштан аяк окуп чыгып, жакшы эргүү менен жазылганын баса көрсөтүп, жылуу баш сөзүн жазды. Эмгекти жазары жаздым. Бирок, чыгышы кыйын болуп атат. Аз эмес каражат талап кылынат экен. Алгач кат түрүндө аттуу-баштуу фирмаларга жана колунда бар ишкерлерге кайрылып көрдүм. Анын ичинде "Кумтөр-оперейтинг компани", "Шоро", "Дордой", "Байтур", "Мегаком"ж.б. компания, фирмалар бар. Бу жерде "Мегаком" компаниясы башында "китепти чыгарып беребиз" деп убада кылышкан. 4-5 ай сүйрөп, акыр-аягында болбогон шылтоо менен баш тартышты. Кыргыз элинин бай адамдарына улуттун байыртадан келаткан көөнөрбөс мурасы, өнөрү кереги жок экен деп калдым. Жалгыз "Замандаш" партиясы жана анын теңтөрагасы Эмил Өмүракунов гана бир керекке жарап, накталай 50 миң сом жардам берди. Учурдан пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем. Эмил азамат жигит экен! Бирок, бул каражатты китептин электрондук гана вариантын даярдоого толугу менен жетти. Ал эми эмгектин өзүн жарыкка чыгарууда демөөрчүлөрдүн жардамы керек болуп атат. Мүмкүн "жүрөгү кыргыз" деп соккон колунда бар патриот атуулдар арабызда жок эместир.

Сурат Жылкычиев