Тамаша cүрөткө тамаша

Кел, үйлөнөбүз!

"ОРТ телеканалындагы "Давай поженимся!" долбоору Кыргызстанда болсо кайсы белгилүү кызга "Кел, үйлөнөбүз!" деген сунуш киргизет элеңиз?" деген суроо менен кыргыздын белгилүү бойдок жигиттерине кайрылдык. Алардын көпчүлүгү тамаша иретинде жооп кайтарса, айрымдары ачык айта албай жүргөн сырларын ачыкка чыгарышты. А биз болсо алардын "кыялын" тамаша иретинде чагылдырганга аракет жасап көрдүк.


Нурлан НАСИП, ырчы:
"Кундуздун жымыңдаган көздөрү..."
- Кундуз Канатбек кызын көргөн жерден "жашым сизден улуу болгондо, сизди эле алып алмакмын" деп тамашалай берем. Кундуздун назиктиги, жымыңдап жайнаган көздөрү, фигурасы, сулуулугу, ичке үнү, деги койчу, ар бир кыймылы менен мени өзүнө тартып турат. "Кыз деген кыздай назик болуш керек" деп коюшат го, а мен болсо кыз деген назик Кундуздай болсо деп айтар элем. Кундуз, кел, үйлөнөбүз!


Расул МЫРЗАТЕГИН,
ди-джей:
"Лупа менен карасаң да кемчилик таппайсың"
- Кыргызда кыздын аты дагы, заты дагы улук. Алардын ажарына суктанып, ар убак аярлап, ширин сөздөрдү айтып, эркелетип туруу биздин милдет. Мен болсо белгилүү актриса жана жөн гана кыргыздын жөнөкөй кызы Элина Абай кызынын колун сурамакмын. Себеп дегенде анын ууртундагы жагымдуу жылмаюусуна, таптатынакай жүзүнө арбалам. Жадакалса лупа менен карасаң дагы, Элинанын келбетинен кемчилик таппайсың.
Дагы бир анын артыкчылыгы жөнөкөйлүгүндө. Ошондуктан, Элина, "давай поженимся!".


Азат БОЛОТБЕК, ырчы:
"Ассолдун тыкандыгы тартат"
- Мен шоу адамдарынын кимдир-бирөөгө баш кошууну сунуштай турган болсом, эч ойлонбостон Ассоль Молдокматовага "кел, үйлөнөбүз" деп айтмакмын. Ассоль айымдын алдыга максат коюп, ага жете билгендиги, оптимисттиги, өзүн тыкан алып жүргөндүгү, балдарына татыктуу тарбия бергендиги, ишинин майын чыгара аткаргандыгы, оригиналдуу стили, анан албетте сулуугу менен башка айымдардан өзгөчөлөнүп турат.


Эркин РЫСКУЛБЕКОВ, теле алпаруучу:
"Нурзат акылдуу жан"
- Жүрөгүмдүн түпкүрүндө көптөн бери бир сулуу жашап келет. Убактысы келгенде ага сүйүүмдү билдирип, баш кошууну сунуштайм. А бирок сиздердин рубрикаңыздардын шарты боюнча белгилүү кыздардын бирине айта турган болсом, өзүмдүн эле кесиптешим Нурзат Токтосуновага "Нурзат, кел үйлөнөбүз" демекмин. Анткени, кесиптешимдин адамгерчилигин, оокатка тыңдыгын, көрөгөчтүгүн, туруктуулугун баалайм! Чындыгында Нурзат өтө боорукер, сулуу десең сулуу, акылдуу десең акылдуу жан!


KG ЭЛМУРАТ, ырчы:
"Сайкалдын уячасы жагат"
- Сиздердин оюн мага аябай жакты. Мен "Кыз Бурактын" сулуусу Сайкалга үйлөнмөкмүн. Анын мага кичипейилдиги, ортодогу субардинацияны сактагандыгы, бетке айткандыгы, аны аябай сулуу кылып турган жүзүндөгү уячасы жагат. Ал эми таланты жагынан алдына киши салдырбайт эмеспи. Анүстүнө Гүлшайыр эженин тарбиясын алган соң, үйбүлөнүн очогун эч өчүрбөй алып кетишине 100 пайыз ишенем.


Аваз АКИМОВ, ырчы:
"Айпери тың келин болсо керек"
- Сахналаштарымдан дос катары Айпери Кубик кызы менен жакшы сүйлөшөм. Анын мүнөзү, баскан-турганы мага жакшы тааныш болгондуктан, Айпериге "мага турмушка чыкчы" деп сунуш кылмакмын. Себеби, Айперинин шайырдыгы, ачыктыгы, бетке айткандыгы мага бөтөнчө жагат. Аны менен такыр зерикпейсиң. Эгер ага баш кошсоң, жашооң түбөлүк кызыктуу болмок деп ойлойм. Жылдыздуу Айпери келечекте тың келин болсо керек эле.


Адинай МАРИПОВА