Автоунаалар тоок уурдалгандай жок болууда

Ак-Өргө конушунун тургуну, 50 жаштагы О.Мискенбаевди 3 жигит тоноп кетишкен. Алар жабырлануучунун акчасын эле эмес, минип жүргөн "Фольскваген-Пассат" В8514Е номерлүү унаасын кошо тартып алышкан. Дордой конушунун тургуну Т.Жороев сентябрдын башында уурдаткан "Ниссан-Премьера" унаасы жөнүндө эми арыз берди. Д.Голубков деген жаран "Супара" этно-комплексиндеги автоунаа токтоочу жайынан "Лэнд-Ровер" В9113АА номерлүү унаасын уурдатып жиберди. Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынын тургуну Ж.Абдышукуровдун "Аудисин" Чолпон-Ата шаарынан согуп кетишкен. Ал эми октябрь айында Өзгөн районунан уурдалган "Жэу-Тико" унаасын 24-ноябр-да милиция кызматкерлери таап чыгышты. Уурулар Куршаб айылынын тургундары 23 жаштагы Т.Каленов, С.Эргешов жана А.Фархат уулу камакка алынды. 26-ноябрь күнү Ак-Талаа районунун Баетов айылынан Э.Сасыковдун "Аудисин" мине качкан 41 жаштагы М.Сатыналиев деген изделип жатат. "Унаа соо болгой эле" деп милициялар сары изине чөп салып кууп жүрүшөт. Ушул күнү Кемин районунун тургуну Г.Эңкелешованын короосунда токтоп турган "Мерседес-Бенц" унаасын карасанаган бирөөлөр өрттөп жиберишкен. Шектүүлөр изделүүдө.





Капилет кырсыктан аман-соо калгандар да бар
24-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынан Орусиянын атуулу, 27 жаштагы К.Бегалиев колго түштү. Өзү Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында туулуп-өсүп, Орусиянын атуулдугун алган неме ушул күнү Жалал-Абад шаарынан каракчылык жасоо максатында 30 жаштагы шаардын тургуну Р.Мухамедовго кол салып, аны бир нече жолу тапанча менен аткан. Жабырлануучу алган жараттан ооруканага түштү. Ошол эле күнү кармалган каракчынын жанынан "ZORAKI NOТ-914" номерлүү травматикалык тапанча, колундагы баштыгынан ПМ тапанчасы эки огу жана глушители менен алынды.
25-ноябрь күнү Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан 41 жаштагы Т.Дайырбековдун үйүнө белгисиз бирөө келип, күтүүсүздөн ичке бычак менен сайып жиберген. Үйдөгүлөр эс-учун жыйганча каракчы качып кеткенин айтышып, жабырлануучуну ооруканага жаткызышты. Азыр милиция кызматкерлери кылмышкерди издеп жатышат.
24-ноябрда Бакай-Ата районунун Боотерек айылынын тургуну К.Иманбековдун эшигинин алдына жаңы төрөлгөн наристени таштап кетишкен. Дагы жакшы, үй ээси учурунда көрүп, наристе аман калган.


Кызмат абалынан кыянаттык кылып, торго түшкөндөр
Аскер комиссариатында иштегендердин эң кирешелүү тармагы эле "аскер билетин сатуу" экендиги эч кимге жаңылык эмес. Аскердик билеттер сатылып, офицерлер кармалып эле жатат. Бирок, азырынча токтошо элек. 21-ноябрь күнү Ноокат районунун аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн начальнигинин жардамчысы, 48 жаштагы К.Шадиев кабинетинен 12 000 сом менен кармалды. Куураган неме "аскерден алып калам" деп 19 жаштагы М.Тороханов, Ф.Абдувахапов жана Ш.Сатыбалдиевден 50 000 сом талап кылган. Калганын кийин беришмек.
Ал эми 26-ноябрь күнү Ош шаарынан "Юг" бажы кызматынын нөөмөткер инспектору, 52 жаштагы Н.Кенеев 1000 сом пара алып жатып кармалды. Ал Ош шаарынын темир жол станциясынан товарларды алып кетип жаткан А.Козуевден акча талап кылган экен. Азыр айласын табалбай жүрөт.
Ушул күнү Өзгөн районунун архитектура башкармалыгынын архитектору К.Охунов менен райондук эсептөө палатасынын инспектору А.Туркбаевдин айыбы ачылды. Алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Өзгөн шаарынын аймагынан 0,90 гектар жерди мыйзамсыз түрдө менчикке берип жиберишкен. Канча олжо тапкандарын азыр тиешелүү органдар текшерип жатат.


Тоногондор тойбой койду го...
Бир жарым литр пивону да тоной коюп кармалган Токмок шаарынын тургуну 21 жаштагы Б.Мамытовдун жоругу жолдо калсын. Ал сентябрь айында Бишкек шаарынын 3-кичирайонундагы күркөлөрдүн бирине бычагын жалаңдатып кирип, сатуучуну коркутуп, алчусун алып кеткен. Бир айдан кийин кармалып, эми абийири төгүлүүдө. Ал эми 26-ноябрь күнү Базар-Коргон айылындагы авиа-кассага кол салган 3 каракчы Б.Сатыбалдиевага бычак такашып, 27 300 сомду карактап кетишти. Кармала элек.


Баңгижин менен шугулдангандардын киттери эмес, чабактары кармалат
Баңгижиндин барымтасында калгандардын саны Кыргызстанда барган сайын өсүп, алардын акчасы менен канын митедей соргон наркотик сатуучулардын да саны кыйлага жетип калды. Бул жактагы соодага ичи чыкпагандары эчактан бери эле Оруссия менен Казакстанды түрө кыдырышып, сооданын сазайын берип жатышат. Ушу тапта пул жасамайдын "сезону" башталып, соодалашуу кызып калды. 22-ноябрь күнү Каракол шаарындагы Электротехникалык заводдун складына топтолуп жаткан картошкалардын арасынан 2 кг.325 гр. гашиш табылды. Иликтөөдө картошканы жыйнап жаткан Казакстандын Семей шаарында убактылуу жашап жаткан, жетиөгүздүк 45 жаштагы Э.Турдумаматова деген айым болуп чыкты. Кыязы, баңгижинди картошка менен кошо алып кетүүгө аракеттенген окшойт. Өзгөн шаарынан кармалган автоунаанын дөңгөлөгүнө катылган 750 гр. марихуана менен 100 гр гашишти таап чыккан милиция кызматкерлери кимдики экенин тактай албай убара. Себеби, унаанын ээси М.Рысбаев жанындагы жүргүнчүгө шылтаса, жүргүнчү Э.Турдумаматов айдоочуну көрсөтүүдө. Ош шаарынын Төлөйкан кичирайонунан кармалган М.Сабиров 665 гр. героинди сатууга аракет кылып, кылтакка илинди.


Бакай Кайдакеев




Адам өлтүрүп, мууздап, деги кайда баратабыз?
22-ноябрь күнү Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну, 38 жаштагы У.Алдыраковду Жаңы-Арык айылынан белгисиз адамдар уруп өлтүргөнүн бир тууган иниси маалымдаган. Иликтөөдө аталган айылдын тургуну, 31 жаштагы А.Алдыраков колго түштү.
22-ноябрь күнү Маевка айылынын тургуну, 36 жаштагы Б.Конушбаев бычактан алган жаракаттан улам, ооруканага жетпей унаа ичинде көз жумду. Кылмышка шектүү делинип, айылдашы, 49 жаштагы Т.Асанбаев кармалып, сурак берүүдө.
22-ноябрь күнү Кара-Суу районунун ооруканасынан Сары-Колот айылынын тургуну, 30 жаштагы М.Маматов эс-учуна келбей кайтыш болгон. Окуянын чоо-жайы иликтенгенде, анын аялы 24 жаштагы Ж.Кадырова күйөөсүн 21-ноябрь күнү кечинде 17 жаштагы Д.Арзыматов өлөөрчө токмоктоп кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
23-ноябрь күнү Ош шаарынын Жапалак айылындагы көпүрөнүн алдынан 42 жаштагы З.Балтабаевдин денеси табылды. Маркумдун денесинен тамтык жок сабалып, муунтулуп өлтүрүлгөндүгү айтылууда.
Ушул жылдын 19-ноябрында башы жарылып, көкүрөгүнө бычактын тактары калган белгисиз адамдын денеси табылган. Иликтөө иштеринен кийин милиция кызматкерлери кылмышка шектүү Кара-Суу районунун тургуну, 36 жаштагы К.Кыркеев дегенди кармашты. Шектүү адам курмандыгын тааныбастыгын, уруша кетип бычактаганын айтып отурат.
24-ноябрда Сокулуктун Шопоков шаарынан суу түтүгүнүн чуңкурунан токмоктон улам каза болгон 54 жаштагы М.Мамедовду таап чыгышты. Иликтөө иштеринен кийин маркумдун кошунасы, 40 жаштагы В.Ремпе деген кармалган. Ал Мамедовду уруша кетип, уруп өлтүргөнүн моюнуна алды. Ушул эле күнү Ош шаарынан да колго түшкөн зөөкүр, 29 жаштагы А.Сайпидинов 70 жаштагы пенсионер А.Кривовду тепкилеп өлтүргөн деп айыпталууда. Суракта уруша кетип сабаганын айткан зөөкүр абышка менен эмне талашы бар экенин түшүндүрө алган жок.
27-ноябрь күнү Өзгөн районунун Жаңы-Өзгөн айылынын тургуну 24 жаштагы Т.Токсонов өзүнүн ижарада турган квартирасынан 32 жаштагы П.Осмоновду мууздап өлтүргөнү аныкталды. Канкор кармалгандан кийин уруша кетип сойгонун айтып отурат. Ушул күнү Ак-Суу районунун Отрадное айылынын талаасынан 31 жаштагы М.Молдобаеванын денеси табылган. Кароо жүргүзүлгөн убакта аялдын денесинде тамтык жок сабалгандыгы, оң бутунун балтыр эти жок болуп чыккандыгы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны өлтүргөндөн кийин зөөкүрлөр талаага таштап кетишкен. Бутун ит-куш жеген деген тыянак чыгарышууда. Маркум мурда соттолгондугу далилденди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.




Азыркынын алдаркөсөөлөрү...
26-ноябрь күнү айласы кеткен А.Аденов милицияга кайрылууга мажбур болгон. Себеби, ноябрь айынын башында сырттан алып келаткан "Мерседес-С-180" жана "Мерседес-300D" автоунааларын бажыдан документтерин тууралап бере салам (!) деп автоунааларды документтери менен жана үстүнө 3000 долларын кошуп алып, көздөн кайым болгон Данияр аттуу алдаркөсөөнүн жоругун жомоктоп айтып берген. "Жабырлануучуга жардам берели" деген милициялар бир күндөн кийин Москва районунун Беловодск айылынын тургуну, 26 жаштагы Д.Саралаевди кармап келишти.
Ал эми 17 жаштагы өспүрүм Э.Рыспек уулунун жоругу да кызык. Ал 23-ноябрь күнү Коенкөзов көчөсүндөгү бут кийим оңдоочу күркөгө кирип, жыртылган чокоюн жаматкандан кийин өтүкчүгө жасалма 200 сомдукту кармата салып, жылт коюптур. Акчанын жасалма экенин кийин байкаган өтүкчү ач-айкырык салып, ошол тегеректе жүргөн милиция кызматкерлерине кайрылып, шылуун жигит алыс узабай колго түштү. Азыр ал акчаны кайдан алганын эстей албай жатат...