Үй-бүлөлүк бийликтин үлгүсүн көрсөткөн Курсан Асанов
Курсан Асанов Июнь окуясында Оштогу атышуудан өзбектерди аман сактап, шаардан чыгарып кеткени менен кыйла байлык топтогону жөө жомокко айланып келет. Баягы "Кому война, а кому мать родная" демекчи, Июнь окуясы Курсан Асанов үчүн акчадан да жылдызын жандырганы, ал ийгилиги менен тележылдыздарды сүйдүргөнү коомчулукка тараган. Башкасын айтпасак да, КА мырза биртуугандарын майлуу кызматтарга көтөргөнү кызылдай жаңылык. Мисалы, Кылыч Асанов Ош ШИИБсинде СОБРдын командири, бул инисине тез арада капитан, анан майор чин-даражасын шашылыш алып бергени кызматкерлердин арасында нааразычылыктарды жаратууда. Дагы бир иниси Жанар Асанов Ош ШИИБсинин Ак-Буура РИИБсинде начальниктин орун басары болуп иштейт. Ал эми Абдукадыр Асанов Ош шаарындагы №5 СИЗОнун начальниги. Кандай "адилеттүүлүк"? Тамаша эмес, тамшанбасаң кое кал! Азыр бийлик үчүн түштүктө Мелис Мырзакматов коркунучтуу эмес, Курсан Асановдун династиялык күчтөнүүсү кооптуу жагдайга такалууда. Ток этери, Курсан үй-бүлөлүк бийлигин күчтөндүрүү менен тынчып калбай, эми ИИМдин жетекчилигине ашыгып, министр болууга жанталашкан чагы. Айла жок экен да. Булар моралдык жакты качан ойлошот? Кыскасы, кезинде Курманбек Бакиев да биртуугандарын өзүнө караштуу кызматтарга орноштура берип, аягы эмне болду? Сабак албайт экенбиз да!
КАнын дал ушундай тескери аракеттеринен соң, Оштогу милициялар менен ардагерлердин көпчүлүгү андан түңүлүп, азыркы учурда министрдин орун басары Мелис Турганбаевдин позициясын колдой башташыптыр. Маселен, Оштогу УБОПтун начальниги Алмаз Эргешов баштаган кызматкерлер да Курсандын ишине ичи чыкпай, Мелис мырзанын милицияга күйгөн аракеттерин баалап атышканын уктук. Кыязы, ИИМдин жетекчилигине көз арткан КАнын тилеги таш каап, өзүнүн азыркы ордун бекемдөө кыйынга туруп калбайбы?..

Сакен Бөрүбаев




Келдибековдун "кел-кели" кетеби?
Ушул тапта Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун креслосу солк-солк этип, спикердин жүрөгү болсо "болк-болк" этип турган кези. Анткени, ал өкүлү болгон "Ата-Журт" фракциясы жаңыдан түзүлчү каолицияга кирбей калышы мүмкүн. Эгер окуя андай сценарий менен өнүгө турган болсо, эмки каолиция бул орунга өз адамын сунуштайт. Анан калса, Келдибековдун өзүнүн "эгер каолиция бузулса, мен да отставкага кетем" деген кагаз жүзүндөгү милдеттенмеси бар имиш. Буга кошул-ташыл болуп, ЖМКларда Келдибековдун кетишине эң ириде КСДП лидери Ч.Турсунбаев кызыкдар болуп, анын ордуна өзү отурган жатыптыр (!) деген маалыматтар тарап кетти. Айтор, каолиция тараган мезгилде спикердин кетээр-кетпеси Конституцияда так көрсөтүлбөгөндүгү депуттар үчүн да, жаңыдан шайланган президент үчүн да бир
топ "баш оору" болот окшоп калды.
Бирок кайсы жагынан алып карабайлы, Ч.Турсунбаевдин спикер болушу өтө күмөн го. Себеби, биринчиден, президентикти да, спикерликти да КСДПчылар ээлеп алуусуна башка фракциялар жол бербей калсын. Экинчиден, регионалдык фактор деген нерсе бар.
"Төрага тууралуу жобону Ө.Текебаев атайылап бүдөмүк жазган, азыр ошол кырдаалдан пайдаланып, өзү спикер болуп алышы мүмкүн" дегендер да бар. Бирок, өзү канчалык каалаган күндө да, Текебаевге мындай оңой оомат келип калышы кыйын. Анткени, "Ата-Мекендин" каолицияга кирээр-кирбеси али арсар. Ө.Абрахманов, Э.Алымбеков "оппозицияда калабыз" дешсе, депутаттардын бир тобу "коалицияга кирсек" дегенде эки көзү төрт. Экинчи жагынан Текебаев фракциялардын баарына жага турган компромисттик фигура эмес.
Ошондуктан, бул жолу да "Ар-намыска" колдонулган ыкма пайдаланылат болуш керек. Башкача айтканда, "Ата-Журттун" ар бир депутаты менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын бир тобу каолициялык көпчүлүк тарабына өтө качышат. Эки бөлүнүп, саны кескин азая түшкөн "Ата-Журт" фракциясы болсо мурдагыдай
өз өктөмдүгүн жүргүзө албай, төрагалык орундан кол жууйт. Анан каолициялык көпчүлүк каалаган кишисин спикерликке шайлап алат.

Эртөштүк Элеманов




Чыныбай Турсунбеков:
"Спикерди сексен депутаттын добушу кетирет"
-Чыныбай мырза, "Белый парус" сайтында "КСДП фракциясынын лидери спикер Ахматбек Келдибековго каршы интрига уюштуруп, төраганын ордун ээлегенге аракет кылып жатат" деген маанидеги макала жарыяланды. Мунун канчалык чындыгы бар?
-Жөн эле "коркконго кош көрүнөт" болуп атат окшойт. Биринчиден, менин андай амбициям жок. Бирок, позициям бар. Менин башкалардан айырмам ушул. Эгерде Жогорку Кеңеште, анын ичинде төрага тарабынан кандайдыр бир кемчиликтер кетип атса, аны айтууга милдеттүүмүн. Кемчилигин айтып койгонум үчүн эле "спикердин ордун талашып атат" дешсе, андай ойлоп аткандар чоң жаңылышат. Мен азыркы ордумда деле, депутат, фракция жетекчиси катары керегим
тиет деп ойлойм. Кызмат мен үчүн маанилүү эмес. Эч качан мансапка умтулган эмесмин, умтулбайм дагы.
-Каолиция кайра түзүлө турган болсо, төрага да сөзсүз алмашышы керекпи?
-Конституцияда ал боюнча эчтеке жазылган эмес. Бирок, жөнөкөй эле адамдык логикага таянсак, үч фракция келишим менен биригишти дейли. Анан эртеси күнү үчөөнүн ынтымагы кетип, каолиция ыдырап, алардын бири, айталы, "Ата-Журт" каолициядан чыгып кетсе, анда төрага ордунда калууга моралдык укугу жок да. Кантип башка фракциялардан куралган каолицияда төрага болуп отурат? Бирок, мыйзамда антип жазылбагандан кийин калганы төраганын өз иши. Эгер депутаттар "спикерди кетиребиз" деп чамынышчу болсо, сексен добуш чогултушу керек. Ошондо кетире алышат.
-Кечээ мен сиздин "Аки-пресс" агенттигине берген интервьюңузду окуп калдым. "Президенттин инаугурациясынан кийин, биздин КСДП фракциясы каолициядан чыгышы мүмкүн" дептирсиз?
-Мен азыр мындай маселе коюп жатам. Былтыркы кырдаал башка болчу, азыр башка. Мына, президентти алты жылга легитимдүү шайлап алдык. Бул бийликти эл кандай азап-тозок менен алып келгенин билесиңер. Ошондуктан, элдин каалоосун аткарып, бир топ реформаларды жүргүзөлү. Рефорамаларды жүзөгө ашырыш үчүн биринчи кезекте биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды токтотуп, алкымыбызды тыйып, өзүбүздөн баштайлы. Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеште 16 комитет бар, муну кыскартыш керек. Бир топ комитеттер жөн эле, "тиги фракцияны таарынпайлы, бул фракцияны капа кылбайлы" деген максат менен эле уюшулуп калган. Өкмөттүн түзүмүн да кыскартыш керек. Мамлекеттин эптеп жыйнаган каражатын үнөмдөгөнгө үйрөнөлү, ар бир тыйыныбызды санайлы, жөн эле өлкөнүн кадыр-баркы (!) деген шылтоо менен коромжулукту токтотуу принцип коюп атам. Ким ушул принциптерди кабыл алса, алар менен каолиция түзөлү. Бизге айырмасы жок, эгер азыркы фракциялар кабыл алса, алар менен түзөбүз. Жок, азыркыдай жашагысы келгендер көпчүлүк болуп кетсе, анда, ошолор иштей берет.
Бул жерде талаша турган эч нерсе жок.
-Эгер КСДП каолициядан чыгып кетсе, анда азыркы бийликке, анын ичинде партияңардын мурдагы лидери Атамбаевге оппозиция болуп калабы?
-Оппозицияда калып калышы деле ыктымал. Эгер калган үчөө сүйлөшүп кетип, биз азчылыкта калсак, аны деле жокко чыгарууга болбойт. Бирок, бүгүнкү күндө парламент жакшы иштеши үчүн акыл -эстүү кадамдар жасалышы керектигин ойлойм.
-"Президент түндүктөн болгондон кийин, өкмөт башчы түштүктөн болушу керек" деген көз карашка карата сиздин позицияңыз кандай?
-Регионалдык кызыкчылыгы сөзсүз эске алынышы керек, биз андан качып кутула албайбыз. Керек болсо региондордун гана эмес, баардык улуттардын кызыкчылыгы, гендердик кызыкчылык да эске алынышы зарыл.

Мамат Бостон