"Учур" гезити, силер азаматсыңар! Мен СМСиңер аркылуу жарымды таптым, жакында жамаатыңарды тоюбузга чакырабыз! Бар болгула!
9025. Мукаш Ырсалиевдин "Жашоого жалгыз ирет жаралармын, жүрөктү эзип турган жарам арбын. Татыктуу кыргыз болбой басып жүрөм, тебелеп асыл башын бабалардын" деген ыр саптары мени терең ойго салып койду. Эл коргоп, кан жанын аябаган ата-бабалардын асыл башын аттап, тоо чокусуна Путиндин атын берип койдук. Анан кантип 6677 абоненти, "Жүрөгүм, элим үчүн канап турат, элимден тагдыр неге жүзүн бурат. Бир өмүрүн элге арнаган адилеттүү, Манастай айкөл неге чыкпай турат?" деп зээни кейип ыр жазпасын?..
Текелди, Талас

9026. Сырдашуу
Мен булутмун өзүмчө,
Түшүрөм ырдай мөндүрдү.
Махабат ырын жазууга,
Турмуш өзү көндүрдү.
Ай, махабат кырды аштың,
Кокту-колот ичинен.
Сен менен келет сырдашкым,
Деп ойлоймун ичимен.
Сүйүнбай

9027. Кыргызга Башмыйзамды Курандан алып түзсө жакшы болот эле. Муну эч ким оңдой алмак эмес. Куран - тубаса мыйзам. Мында "...кимди кандай кылып өлтүрсөң, өзүң ошондой болуп өлөсүң" деген люстрациялык мыйзам да бар экен. Бизде Башмыйзам канча жолу оңдолуп, канча жолу өзгөрдү. Мындай туруксуз мыйзамдын кимге кереги бар? Менимче ар ким ар башка мыйзам чыгара бергени туура болбойт го дейм. Ошон үчүн элге бир оңтой Курандын эле мыйзамы жакшы болуп турат.
4750 абоненти

9028. Жөн эле 7-апрелде үйүндө жатып алып, түштөн кийин өзүн "7-апрель баатыры" деп атап алган жалган баатырларга күлкүм келет.
Ат-Башы

9029. "Чаласабат" дебей эле өзүңдүн атыңды жазсаң болмок, мазактабай.
Ак-Кайың

9030. Бийлик дагы алмашат окшойт. Муну эч кандай олуя айта албайт. Асмандан Иса пайгамбар түшөт. Жерден Аалынын баласы чыгат. Экөө Таластан чыккан бала. Манасты колдоп турушат. Бала Манас жер бетиндеги элди Алла Таалага каратат. Ошентип бүт дүйнө жүзүн бир эле киши башкарып калат экен. Анын кол алдындагы 4 мамыт иштейт. Алардын ар кандай өнөрү бар. Мисалы, Куюн Мамыт бир эле күндө жер шаарын бүт кыдырып чыгат. Ал эми Жер тыңшар Мамыт бүт жер бетинен кабар алып турат экен. Көрөгөч Мамыт болсо, бардык жердеги шылуундарды көрүп турат экен. Жакшы жашоо болот. Арам, пейли бузук кишилерди, Иса пайгамбар менен Аалынын уулу кырып жок кылат экен. Ишенсең, ишенбесең өзүң бил.
М.Ж. Талас

9031. "Шайлоо таза өттү" деп жаткан саясатчылар кечээ Бакиевдин бийлигинде уктап жаттыңар беле? Ал учурда элдин шайлоосу эмес беле? "Азыркы шайлоону тааныбайм" деп жаткандар Бакиевдин шайлоосун биринчилерден болуп таанышчу. Шайлоонун шайтан оюндарын жакшы өздөштүргөнүн парламенттик шайлоодо көргөзүштү. Алсак, "Ата-Журт" партиясы абдан эле ыпластыкка барышкан. Мисалы, ар бир шайлоочуга бирден кымбат баалуу сотка берген. Ал сотканы алган адам "Ата-Журт" партиясын шайлап жана шайлоо баракчасына коюлган белгини соткага тартып, көргөзүп, анан соткага ээ болушкан. Анда да шайлоодон жеңилген Адахан чуу салган. Бул шайлоодо катачылыктар жоюлуп, ал кездеги жабык урналар ачык коюлду. Шайлоочу эмне кылып жатканын баары көрүп турат. Ташиев менен Мадумаров "шайлоону тааныбайм" деп чамынып жатканын түшүнүп койсок болот.
Улан, Нарын

9032. Мени бир жигит бузуп кетти. Эми эмне кыларымды билбей турам. Ал экөөбүз аябай кумарга батыптырбыз. Мен ошол күнү дискотекада элем. Бир бала менен таанышып, анан жатаканага келдик. Кучакташып өбүшкөнүм эсимде, андан башка эч нерсени билбейм.
Айка

9033. Ала-Башка салам, досторум Айсулуу, Даткайым, Жаркынайга чоң салам!
Гүлнази 96

9034. Меке, ким кыргызды гүлдөтөт? Атамбаевби? Аның бийликке келбей жатып, элди канга боеду го? Адамдарыңды күнү бүттү депсиң. Шашпа, күрөш эми башталат! Сен колдогон алкеш көпкө барбайт!
Кара Саадак

9035. Мамлекетти Түндүк-Түштүккө бөлбөй, туруктуу саясат керек десек, анда Ташиевди премьер-министр, Мадумаровду Бишкек шаарынын мэри, Жекшенкуловду Тышкы иштер министри, Сариевди финансы министри, Текебаевди спикер кылып дайындашса, карапайым калктын барына бирдей жакмак. Ал эми Бабановду азыркы кызматына калтыруу керек. Бул эң идеалдуу вариант болмок.
7789 абоненти

9036. "Балдар менен таанышам" деп жазганды токтоткулачы, секет кетейин чүрөктөрүм. "Бир келесоо, зөөкүр туш келип калса жаман болот го" деп коркуп, тынчым кетип жатат. Эркекке баары бир да. Алар төрөмөк беле. Кыз кишиге эле кыйын болот. Боюна бүтүп, канча кыздар төрөп калып, баласын туалетке таштап кетип жатат. Кыздын иши кыйын болот. Эркек балдарга теңелбегиле.
Илбирс

9037. Бу жолку шайлоо өзгөчө болду. Президенттикке тери алып иштегендер да талапкерлигин койду, бул эмне деген шумдук?!
Ат-Башы

9038. Айгырбек, сен айгыр экениңди көрсөтүп, Пендеге өзүңдөн артып калган байтал же бээ болсо таап бер. Пенде байкуш түнкүсүн куурап кетти. Уктай албай кыйналып жатат. Эгер таппасаң өзүм барам. Бирок, менде кара кулпу бар. Ача албай куурайт. Ошондон корком, сындырып аламбы деп.
1686 абоненти

9039. Самара, бала багып, АША көтөргөн айлык-акыны алып, аманчылыгыңды тилеп отура бер. Бакиев мугалимдердин, доктурлардын, пол жуугучтардын айлык-акысын көтөрдү беле? Кимдин табасы канат? Кудай билет, өзүңдү жаш токту сезет окшойсуң. Кочкоруң Бакиев эмеспи? Сен жазган картаң койго 63% эл добуш берди. СМСиңе караганда уу тилиңен күйөң таштап кеткен го? Жаңыл, Улан, силерге 100% кошулам. Самарага дүңк!
Злюка

9041. Апрель бирдемеси, шаарыңарга чакырыпсың. Менин алкеш, тоногуч, селсаяк, шумпайларда ишим жок.
Кара Саадак

9042. Салам кыргыз элим! Заман бузулган жок. Адамдардын пейили бузулду. Пейилибизди оңдойлу. Эгер оңдосок, биз алдыга гана жылабыз!
4094 абоненти

9043. Айназик, сага дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм! Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпесин, папаңдын бактылуу, атагы чыккан сулуу кыздардын бири бол. Өмүрүң узун болсун! Жана дагы папаңа рахмат, сени он жыл ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп багып чоңойтконуна...
6571 абоненти

9044. Мадумаров 7-апрель баатырларын "алар баатыр эмес, бийликти басып алган жырткычтар" деп айтты. Мына президент болом деген адамдын жүзү. Мындай адамды таптакыр бийликке жолотпош керек.
Барскан

9045. Урматтуу аялзаты! Силерге айтарым, ташбоор болбогула, боорукер болгула! Эч качан балдарыңарды таштап, башка эр издегениңерди токтоткула! Пенде, сага рахмат, кызың Айназикти карап, догдурларга салып, оорусунан сакайтып алганыңа. Ташбоор энеси кыйналып өтсүн. Кызынын абалын көрүп туруп, кантип таштап кетти. Андай аялзатын атып ташташ керек. Айназик, алтын кыз, бактылуу бол. Сен оорубайсың, сени колдоп турат. Көңүлүңдү чөктүрбө, каражаным бар бол, өмүрүң узун болсун!
Таня

9046. Урматтуу "Учур" гезити! Гезиттин ар бир санын калтырбай окуйм. Мени бир таң калтырганы, эмне үчүн гезиттин ар бир санында Элмурза Сатыбалдиевди мактай бересиңер? Ал киши Ысык-Көл облусунун прокурору болуп иштеп турганда, жумушка теңселип келчү...
3376 абоненти

9047. Мадумаров апрель курмандарын теледен поктоп салды. Даана айбан немеби?! Бул адамды Кытайда жашаган 30 миллион биртуугандарына жолдомо алып бериш керек. Жок эле дегенде шефи Жанышка кетип калуусун тилейбиз. "Обончу" катындардан эч айырмасы жок!
5765 абоненти

9048. Жаңы бийлик аздыр-көптүр элдик болду го! Эмне эле жыргатпайт деп өлүгүңөрдү артасыңар? Башың, колу-бутуң барбы (?) иш кыл. Дегеле эч нерсе жакпайт десең, анда жаккан мамлекетиңе кетип кал. Эч ким кармабайт. Жыргагаган Европа, Америка митингдерден башы чыкпай жатпайбы. Терең ойлонуп көрчү.
Туманов

9049. "Учур" Атамбаевге асылганыңарга караганда Мадумаровдун гезити дейт экенсиң же болбосо, окурманга кызыксыз болуп, гезит сатылбай, банкрот болуп калбайлы дешеби? Коркпогула! Бирок, айыпсыз адам издесең, ааламда жалгыз каласың деген кеп бар. "Учур" жамааты коомду араздаштырбай бириктиргиле. Артка тартпай, алдыга үндөгүлө. Азыр оппозиция деген сөз модадан кетти. Таасири жок тажаал болуп калды.
5765 абоненти
9050. Патриот, сен Бакиевдин тууганы же айылдашы окшойсуң? Сага окшошторду "жарма патриот" дейт!
Меке

9051. "7-апрель баатырымын" деп СМС жазган, сен баатыр эмессиң. Жөн эле бийликтин кошоматчысы экенсиң. Эми менин сөзүмө кулак сал. "Атамбаев келечекте татыктуу президент болот" дейсиң. Ушу убакка чейин иштеген иштерин уккан, көргөн жоксуңбу? Эгер түшүнсөң премьер-министр деле оңой кызмат беле же сенин оюң боюнча президент болсо эле Кыргызстандын экономикасын оңдоп, кыйратып жиберет деп ойлойсуңбу? Орун алмашкандан эч кандай сумма өзгөрбөйт. Бу киши бийликте кезде бүт бардык нерсе кымбаттады. Мындан 2-3 жыл мурун 1000 сомго бир топ оокат келчү. Азыр болсо ушу акчага 3 килограмм эт келет. Анан кайдагыны айтып жатасың баатырым? Эгер чыныгы апрель баатыры болсоң, азыркы ажону элди убара кылбай эле, бир жылга жеткизбей өзүң кубалап жиберчи!
Максат, Нарын

9052. "Учур" гезити, Атамбаевди жаман дегениңер туура эмес. Журналисттин милдети эки тараптуу болуу зарыл!
Айпери Шакирова

9053. Урушкандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман болбой, сабырдуу бололучу. Чоңдордун баары жаман эмес. Ар бир адамда кемчилик, напси деген бар. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
2028 абоненти

9054. Жеңишбек Жумакадыр байкени үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз. Анын жүрөгү таза, ыймандуу мырза. Айрыкча сиздин "Үч арман" деген чыгармаңыз жүрөгүмө абдан жакын. Бар болуңуз. Сизди Шакировдордун үй-бүлөсү сыйлайт жана чыгармачылык ийгилик каалайт!
Айпери

9055. Алмаз Атамбаев, сиз эми улуттун күзгүсү болушуңуз шарт. Башка өлкөлөргө жаркылдап жайнаган, жармадай кайнаган шайыр, ошол эле учурда маселенин күрө тамырынан кармай билген данакер, даанышман адам болушуңузду кыргыз эли талап кылат. Ичкенди кан буугандай токтотуп, жаныңызга кыргыздын тагдырына күйгөн кыргыз жигиттеринен алып, жаншерикке жарай турган азаматтарын кармаңыз, багыңыз. Ичип-жегендерди чекесинен кармап, катуу жазага тартсаңыз ашыкча болбойт. Кыргыздын тарыхына алтын ширетилген тамгалар менен жазгыдай эмгек кылыңыз, артка жол жок. "Журт атасы" деген сыймыктуу атка кондуруп сыймыктангыдай бололу. Ажолук сизге буюрсун!
Моңолдор
9056. Ташиевдин адамдары шайлоодо таза иштебептир. Акча тараткан жагынан кармалып калган имиш. Уят. Муну Камчыбек мырза билет болду бекен?
Шапалак

9057. РИО эжеке, сизге сөз жок. Азаматсыз. Эми жашоонун рахатына кумарланып жашаңыз, бактылуу болуңуз. Жанагы Анвар Артыковго эмнеге илешип калганыңызды эмдигиче түшүнө албай турам. Эгер мемуар жазып калсаңыз, ушу кишиге барак коротпоңуз, суранам.
Гүлкайыр, Талас

9058. Өзүңөрдү өзүңөр "7-апрель баатырлары" деп, элге жагынайын деп жатасыңарбы?!
Ат-Башы

9059. Сүйгүм келет миң мертебе жалынып, сүйгүм келет сүйгөнүмө багынып. Өз күчүмдү өз күчүмө багынтып, сүйгүм келет бир өзүңө жагынып...
Улутман

9060. Аттиң дүйнө
"Дилибизге ыйман нуру куюлса дейм,
Дубабыз Жаратканга угулса дейм.
Көөдөн бошоп жаныбыз чыгар кезде,
Көздөрүбүз саждада жумулса дейм" деп Жеңишбек Жумакадыр байке ырдаганда, көзүң эмес, жүрөк ыйлайт! Аттиң дүйнө!
2028 абоненти

9061. Кыргыздын назик кыздарын эмнеге жамандайсыңар? Шүмшүк, жырткыч балдардын айынан байкуш кыздар кандай гана кордукту көрүп жатышат? Алаканды чапса экөөнөн тең үн чыгат. Ар бир адам адилеттүү, эки тараптуу болуш керек да. Бейиш энелердин таманынын алдында!
2028 абоненти

9062. Текелди, жалдырап кыз ала качканды карап, СМС жазгыча өзүңдү тартипке салбайсыңбы же алың жетпейби? Депутаттын иши башка. Логика где?
6815 Абоненти

9063. Эмнеге эле Гүлжан Кулманбетова ажиотаж болуп атат? Жактоочуңардай ажылдайсыңар. Андан көрө Аллахтан бейпилчиликти, токчулукту тилегиле!
6815 абоненти

9064. Айгыр, сенин бир жериңди ветврачка алпарып, биттетип коюш керек экен. Антпесе Ташиев жана Мадумаров деп чуркап жүрүп, дүүлүгүп калыпсың. Мындан ары абайлап жүр. Дүүлүккөн жериң соолуп калбасын. Соолуп калса эмне болорун өзүң деле билсең керек?
Уролог

9065. Нарындагы оштук Самара, ылайлардын арасында тилиңдин азабын тартып жүрсөң керек? Ташиев акаңа сенин проблемаң пофиг! Кеткен акчасына күйүп, сен балдарыңды кантип багыш тууралуу ойлон. Таши сага эми 1 сом да бербейт. Муну билип кой!
5186 абоненти

9066. Кыздар мектепти бүтпөй эле эрге тийип жатат дейсиңер. Ал эми ошол эркек эркек болсо, кыздын жүзүн жер каратпай, мектепти бүтүртүп эле алса болбойбу? Кыргыз кыздарынын намысына тийип, оозуңарга келгенди оттой бербей!
2028 абоненти

9067. Түрү суук кыздар эмес, айдай сулуу перилер менен таанышам. Тел. номерим: 0550019035
Рамис

9068. Тил комиссиянын чоңу Момбеков деген катуу чыкты эле, эми үнү чыкпай калды. Бийликтин шириндиги ай!
Сали

9069. Эх Кутман! Мен сага эскерттим беле, "баланын кусуру жаман" деп, пчелка менен колуңдун бир бармагын кесип алып, бир манжаңдан айрылып калдың. Албетте, бул өкүнүчтүү. Бирок, сен муну кырсык катары кабылдаганың мен үчүн өкүнүчтүү. Наргуляга дагы жолугуп атасың. Ал шефиңдин кызы да? Сен опасный оюн менен ойноп атасың. Атасы же күйөөсү кармап алса, сенин тырмагы жок бармагыңды кесип салышы турган сөз. Бала-чакаң менен тынч жашай берсең болмок. Күйгөнүм үчүн айтам дос!
Айгыр

9070. Менден 3 жаш улуу, мурун ажырашкан тааныш келин үйүнө конокко чакырып калды. 1 бөтөлкө вино, бир топ жумуртка кууруп коюптур... Жаттык. Өзү чечиндире баштады да жууркандын ичине кирип кетти. Калта жагым ысып чыкты. Ал тиштегилеп атканын туйганым менен сыр бербей жата бердим. Толук кандуу дүүлүккөн маалда, үстүмө чыкты да кынына "кайбарымды" терең матыра, эки колу менен көкүрөгүмдү мыжыгып, ат чапкандай желип баштады. Чачынын учтары бетиме бирде тийип, бирде тийбей, самайынан ысык тер агып келип менин денеме тамчылап атканда, кыймылы катуулап, өзү кыйкырып ыйлап жиберди... Көрсө көптөн бери эңсеп жүргөн максатына жеткени жана жан жеринин кычуусу канып, кумардын туу чокусуна чыгып аткандагы кербези тура. Эзиле өпкүлөп, жалынып, жалбарып, көзүн кыйгылдана магдырап, чалкасынан кыймылсыз жатып калды. Ваннага кирип карасам көкүрөгүмдөн тамтык жок. Ары-бери тытып салыптыр. Кээ бир жеринен кадимкидей шүүшүң кан чыгып кетиптир. Калтамда тиштин издери жүрөт. Мен "Айгырмын" десем, аңгиден өткөн манячкалар бар экен. Эртеси жолуктук. Бетине кан чуркап, сүйкүмдүү болуп калганын байкадым. Дагы чакырып атат. "Эми барсам, калтамды тиштегилемиш болуп, жумурткамды жеп коесуң" деп качып барбай атам. Кимге "кайбар", жумуртканын кереги жок болсо, ал келиндин дарегин берем.
Айгыр

9071. Салмактуу жана сабырдуу, саясатчы болдуңуз. Үй-бүлөлүк башкарууну, буюрса Өмүке жойдуңуз. Криминал деген жыланга, кыйла эле чабуул койдуңуз. Жыйырма жыл эл деп, кыйкырып, эл купулуна толдуңуз. Чыкемден кийин тарыхта, татыктуу сиздин ордуңуз!
Памир, Чоң-Алай

9072. Айгыр сен биттегенге болбойт. Ташиев менен Мадумаровду саунага алпарып, кечке тиктесең, дүүлүккөн жериң басылат. Анткени, сен айгыр болбой эле катын болуп калыпсың
Ветврач

9073. Атамбаев элдин алдына чыкса эле, "атам айтты эле, чоң энем айтты эле" деп сүйлөй берет. Ошонусун койбойбу? Мындай нерселерин үйүндөгү баласына, кызына айтсын. Элдин алдына айтпай...
9341 абоненти

9074. Гиппократтын каргышы тийген медиктер ийне аркылуу СПИД илдетин канча адамга жуктуруп атса да, бийлик же саламаттык сактоо министрлиги унчукпайт. Кээ бирлерин иштен айдап чара көрүшүптүр. Аларды өмүр бою абакка тыгуу керек. Медиктер вирус жуктургуч ролун аткарып атышпайбы. Кенедей оору менен ооруканага жаттыңбы, айыгып чыккыча, айыкпас илдетке кабылып чыгасың. Аны далилдеп берүүчү адистин сөзүн эч ким сөз дебейт. Медиктер, силердин колуңардан миңдеген адамдар өлүп атат деп сайрап эле атам, уккан киши жок. Мындай окуя бир эле Ошто эмес, баардык жакта болуп атат. Ооруканага бардыңбы, өтө сак бол! Медиктер ийне же башкадан бир балээни сага жуктурдубу, пикетке чыксаң да үнүңдү эч ким укпайт.
Психолог

9075. Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, Бекназаров, Бабанов, Дүйшөбаев, Сариев, Шернияз, Исабеков, Өмүркуловдор "бактылуу бийликтин" өкүлдөрү!..
9341 абоненти

9076. Кайсы беттери менен 7-апрель "Улуттук революция" күнү деп кабыл алышты. Беттери биротоло күйүп калганбы "бактылуу өкмөттүн" өкүлдөрү!..
9341 абоненти

9077. "Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" дегендей, эл шайлоого чуркаса, мен да чуркай берипмин. Көрсө жашыруун добуш берүүнүн өзү арам саясат турбайбы. Эми шайлоо эмес, балээ болсо да чуркабайм. Андан көрө башында эле ынтымакка келишип, креслону бөлүшүп алышып, шайлоого чачкан акчаларды элдин бир керегине жаратышса болмок. Элди экиге бөлүшүп, бири-бирине жаман көрсөтүшүп эмне кылат?! Бийлик бул мансап, мансап бул ач көздүк. Ач көздүк бул айыкпас дарт дегендей, чуркаган эл ара жолдо калат экен. Эми эл дүрбөйбү, эшек дүрбөйбү, мен өз оокатымды кылганым дурус экен. Шайлоого кетирген акчага "көмүр алып албай" деп, арманым ичимде!
Пенде

9078. Саламатсыңбы "Учур" гезити! Сен аркылуу Коомдук биринчи каналга кеңеш бергим келет. Азыркы берүүлөрдү алып салып, жаңы, башкача берүүлөрдү ойлоп табышса жакшы болот эле. Профессионалдуулук жок болуп аткансыйт. Студиялардын жасалгасы да анча эмес. Чет өлкөгө уялбай эле барып, дасыккан режиссер, дизайнер операторлордон тажрыйба топтоп келүүгө өкмөтүбүз жакшы шарт кылса (каражат жагынан) сонун болот эле. КТР улуттун күзгүсү!
2827 абоненти

9079. Айгыр! "Пенде мен тарапта" деп жазганыңдан кийин мен Пендеге жолуктум. "Мага Айгырдын номерин бер. Канча акча берейин" десем, "мен досторумду алтынга да сатпайм" деп койду. Сен бир күндүк кумар үчүн Пенде досуңдун номерин сатып иймексиң. Пенденин бир жашында колунда калып, он жылдан бери өзү тарбиялап, өзү окутуп, ата-эне мээримин төгүп жүргөнүн угуп таң калдым. "Эмнеге он жылдан бери үйлөнбөй жүрөсүз?" десем, "мен ойлогон ыймандуу кыз менен танышууга кол бошобойт" дейт. Айгыр досума каяша жазбачы, ал негизи жакшы бала дегенине макул дедим. Себеби, Пендеге чейин бир да эркек менен мынчалык жандуу маанайда баарлашкан эмесмин. Айгыр, Пенде досуңдан үлгү ал!
Таня
9080. Поступай мужем так, как бы ты хотела, чтобы поступали с твоим сыном.
Улутман

9081. Бекназаров эмне Бакиевдин миллиондорун басып жатабы? Чалмакейди чалган ушу киши болсо керек? Кечирип койсун, мен бу кишини сыйлабай калдым.
9341 абоненти

9082. Атамбаевди жайына койгула. Кыйын болсоңор Атамбаевдей президент болуп албайсыңарбы, аны ушактабай. Биздин элге эчтеке жакпайт го, чиркин! Мен турганда Атамбаев эч качан президенттик кызматтан кетпейт. Ичи күйгөндөр мага келгиле. Ташиев, сен аман бол!
Ырыс

9083. Психолог, сени Чымкоргондогу бир жинди чакырып жатыптыр. "Бир түнгө келип кет" деп. Сен барба, барсаң уктап каласың. Андан көрө Айгырды жибер. Ошо жарайт. Жаман оору жуктуруп албасын, дарысын алып алсын, эстетип койгула.
Ирис

9084. Пенде досум, сен эми араң ойлондуңбу? Айгыр деле Акүйдүн алдында тикесинен тик туруп, "Ташив, Мадумаров" деп кыйкырды эле. Бекер оозун коротуп, ошо жерде жүрдү. Кыздар менен эле жытташса болмок экен.
Жылан

9085. Урматтуу Эрнис Кыязов! Сиз "Калемпир" деген берүүңүздү мындан ары токтотуңузчу. Ар бир көрсөтүүңүздө Акаев менен Бакиевди шыбайсыз. "Жараланган арстанга чычкандын деле күчү жетет" деген накыл кеп бар. Кызыл тилде сөөк жок. Аларды падыша дейт. Кандай болсо да Кыргыз Республикасын башкарышты. Падыша кезинде кайда элеңиз? Тажаттыңыз!
Патриот Х

9086. Өткөн сандагы Мент абонентинин маалыматына тактоо. УКМК төрагасы Дүйшөбаевдин буйругу менен полковник чинин алган Төлөгөнов чекара аскерлигинде иштейт. Тескерисинче, ИИМ оперлери Төлөгөновду камакка алышкан. Себеби, ал Садыркулов Кыргыз Республикасына кирген чек ара постунун башчысы болгон.
Чекист

9087. 17 ден 21 жашка чейинки намаз окуган кыздар менен таанышам.
Тел: 0772-62-49-92

9088. Эми качанкыга чейин бирөөнүн артын жалап жүрөбүз. Атамбаевге наалат, кыргыз элин кул кылып бүтүрөсүң го?!
7208 абоненти

9089. Салам СМСчилер! Мен 2 жыл мурун үйлөнгөм. Аксы районуна караштуу Мукур айылында жашаган 85-жылкы Наргизаны сүйөм. Мен бузуку досумдун сөзүнө ишенип алып, шашылыш үйлөнүп алгам. Кийин баарын уктум, билдим. Досум Наргизаны жакшы көрчү экен. Эх достор, мен жакында Наргизаны көрдүм. Сен периштесиң, сулуусуң, тазасың, назиксиң, жүрөгүңдө ыйман толтура. Мени көрүп жылмайып өтүп кеттиң. Турган жеримде катып калыпмын. Сен үчүн эмнелерди гана жасабадым. Болгону жылмайып учураштың. Ал жакында турмушка чыгып жатыптыр. Кантем, бузукулардын айынан турмушумду түбөлүк бактысыз кылып алыпмын. Азыр дүйнөгө батпай турган чагым.
Жигит

9090. Саваннадагы айбандардын жашоосун карап көргүлө. Арстан бир антилопаны кармап алып жеп, тоюп кеткенден кийин таз жорулар үйүлүп калат. Анан түлкүлөр, анан майда жырткычтар. Шакалдар болсо, жаңы төрөлгөн антилопанын балдарын жеп кетишет. Сан жеткис антилопалар карап турушат да, тим болушат. Эми ошолор карап турушпай, баары топтолуп келип, жөн эле тебелеп кетишсе, жырткычтардын баарын жок кылышмак деп ойлойм. Адамдар да ошол антилопалардан эч айырмабыз жоктой сезилет. Карманщиктерди карап туруп, пара алып аткан МАИни жана адилетсиздиктин баарын көрүп турсак да топтолуп барып, чара колдоно албайбыз. Же калппы? Атамбаев "барандар" деп туура айтыптыр. Ташиев чыгып, "эшектер" десе капа болбойм. Элине жараша падышасы дегендей нерсе да. Биз өзүбүз качан оңолобуз, ошондо өзүбүзгө жараша падыша болот.
Базаркул

9091. Кандай врачка ишенүү керек? Биринчи врачка кирдиң. Суроолорду берет да сени карабай туруп, шуулдап дары жазып берсе, ага таптакыр ишенбе. Экинчи врачка кирдиң. Ооруңду айттың. Ал УЗИге түшүп кел десе, ал врачка экинчи жолобо. Үчүнчү врачка кирдиң. Ооруңду айттың. Ал сени көзү менен шашпай байкап көрүп, сөзүңдү толук угуп, колу менен ооруган жериңди шашпай, жийиркенбей кармалап көрүп, назначение жазып берсе же анализ тапшырып көр десе, ал врачты колдон чыгарба. Бейтапканага жатып калсаң, дарыларың, уколдоруң жаныңда болсун. Сенин көзүңчө уколдорду даярдасын. Процедурныйда даярдап, анан палатаңа көтөрүп келген ийнени эч качан кабыл алба. Ал сага бир балээни жуктурушу мүмкүн. Көп акча сураган врачтан алыс бол. Ал акчаңды алат да, ден-соолугуңду уруп да ойнобойт. Бул айткан кеңешим жок дегенде бир адамга пайдасы тийип калар...
Психолог

9092. 20 жылдан бери жомок уга берип, жомоктогудай шайлоонун жыйынтыгын көрө берип көнүп калыпмын. Бу жолку шайлоонун жыйынтыгы жомокко окшобойт. Булар жаңы идея табышты көрүнөт. Эл жомоктон тажады. Эми элге Апендиден айталы деди окшойт. Шайлоонун жыйынтыгын Апендидей көрсөтүп атышат. Эми Апендиче жашоого өтөбүзбү? Эмки шайлоодо бир сыйкырчыны шайлайлы.
3011 абоненти

9093. Биз ишенген лидерлер бийликке өтүп кетти. Оппозиция жок өлкөдө эч качан тең салмактуулук болбойт. Эч качан сөз эркиндигине жол берилбейт. Эч качан таза шайлоо болбойт. Жок дегенде бирөөсү эл үчүн оппозицияда калганда болмок. Эми кайда барба Мамайдын көрү. Арманыңды айга айтып отура бер. Тең салмактуулук жоголду.
Пенде

9094. Нарындык Шурик, өз каныңдан жаралган 2 балаңа 2500 сом алимент төлөгөндөн качып, сотко жалган справка тапшырасың, жаныңды жеп. Үчөөңдүн бир эле күндүк ичкен арагыңар да, туурабы? Эгер кичине уятың калган болсо, алиментти төлөп кой.
Дүрбүбү

9095. Чындыкка чычалаган трайбалисттер! "Учурдун" жүзү болгон С.Муканбетов менен З.Сыдыкованын адилеттүү макалалары жакпаса, РИО, АША жана БӨТтү байдын кыздарындай мактаган кубулма, жөөт гезиттерди окусаңар табаңар канат. З.С жана С.М акыйкаттыкты сүйгөн кыргыз эли силер менен!
6271 абоненти

9096. Саячка кыздар менен таанышам, башкасынан түңүлдүм. 0777300505, чалгыла! Дүүлүгүп турам.
Жику

9097. Урматтуу 9869 абонентиндеги Нурбек мырза, балким ошол кыздардын тагдырына сиз да балтаңызды чапкандырсыз?!
2028 абоненти

9098. Комсомолдук атам, апама жана биртуугандарыма жалындуу ысык салам!
Уулжан

9099. Салам СМСчилер, мен 27ге чыктым. Үйлөнүп, бактылуу болгум келет. Бирок, балдар үйүндө чоңойгом. Кай жерлик экенимди, туугандарым ким экенин да билбейм. Канча издедим, убара болдум, шоола жок. Өзүмчө сыгылам. Азыр Бишкекте турам. Үй жайым, материалдык эч нерсем жок. Мен кимге керекмин (?) ойлонуп, ойлонуп аягына чыга албайм. Силерден жагымдуу СМС күтөм.
Тел: 0770-56-55-57

9100. "Учурдун" өткөн санына СМС жазган Айнура! Сен "Учур" гезитин чыккынчы" дегенге акың жок. "Учур" гезити болгон чындыкты жазып, сенин үнүңдү СМС аркылуу элге жеткирип жатат. Ошонусу менен "Учур" гезити чыккынчыбы? Анча-мынча ойлонуп койсоң боло. "Учур" гезити - калыс гезит. Урматтуу "Учур" гезити, мындай силерге каршы айтылган сөздөргө капа болбогула! Себеби, мындай сөздү оозуна алы келбеген караңгылар гана ыраа көрөт. Алакандай өлкөдө жашап жатып, бири-бирин чыккынчы деп айтканга эч кимдин акысы жок. "Учур" гезити, нускаңар мындан дагы көбөйсүн, рахмат силерге!
Самара, Нарын

9101. Кыздар менен таанышам. Тел. номерим: 0559070372.
Жигит

9102. Сен көп акча тапкан күнү байсың, Акчаны аракка чачасың. Байлыгың нөл болгондо, турсийиң жок жатасың!
Ачу

9103. Биринчи декабрда Бишкекте маскара шоу болот, келгиле, көргүлө!
Шоумен

9104. Сагынуу
Караңгы түнгө тирелдим,
Кыйнап, кыйнап өзүмдү.
Өксүгөнү сезилет,
Алыс жакта бирөөнүн.
Өкүнөмүн аттиң ай,
Ошол күн кайта келсе деп.
Сүйдүм бирок айта албадым мен өзүңө,
Алыс кеттиң мен артыңдан барба деп.
Саргайтып мени таштап кете бердиң,
Сураштырдым атыңды мен таба албадым.
Сагынып сени күтөм ашыгып,
Сагынычтан жүрөк ооруйт ачышып.
Санаада мен олтуруп күтөмүн,
Качан келет деп сени көрүүгө шашылып.
Сүйүп өтөм ар дайым,
Жүрөгүм жашайт бир сен деп!
Перушка

9105. Ат-Башылык Бектен, сын-пикириңе рахмат. Бирок, сенин оюңа кошула албайм. Жаш мыйзам болсо да, эски катачылыктарды жоюп, элдин эркин добуш берүүсүнө шарт түздү. Адахандын "шайлоо таза эмес өттү" деген шылтоосу жана "мен президент болмокмун" деген амбициясы көрүндү. Ал адам кыргыз тарыхында кылмыштуу бийликтин чеби болгондон башка пайдалуу иш жасаган жок. Акыры ошол кылмыштуу бийликке кыргыз эли түп көтөрүлө каршылашканда Адахан да качып жок болгон. Убактылуу өкмөттүн кечиримдүүлүгү менен кылтыйып кайра келип, кылмыштуу бийликке каршы акыйкат издеп чыккан 7-апрель баатырларын "жырткыч" деп атады. Албетте, ал баатырлардан араң качып кутулуп атса, башка эмне деп атамак эле. Мындайларды "эл душманы" деп атаса жарашат. Ал кыргыздын душманы Жанышка чепкен жаап, камчы белек кылган. Шайлоо кандай өтсө да, ал сыйды Атамбаевге жасоого, Жаныштын колдоосу мүмкүнчүлүк бермек эмес. Өз элин душман көрүп, кыргызды кырып салчудай куралданган жырткычтардан жалтанбаган 7-апрель баатырларына таазим.
Улан, Нарын

9106. Жаш койдун эти бат бышат, карыган койдуку көптө бышат. Көптө бышкан күндө да жегиликсиз болуп жүрөктү айлантат экен. Көрдүңөрбү кандай айырмасы бар?
Самара, Нарын

9107. Саламатсыздарбы "Учур" гезити! Сиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Бар болгула. Эжекелер, байкелер, калемиңер мокобосун!
Сүйүнбай

9108. Талант, Кыргызстандан чыгып кеткин, эркек болсоң! Атамбаев келди.
1521 абоненти

9109. Акыркы кабарлардан кошунам божурайт. "Кошуна, кошуна, сен уктуңбу, кечээ Атамбаевге покушение кылыптыр. Аны да көрө албаган бирөө жасаптыр. Жанагы президенттик такка отурганга чейин жайлашмак окшойт. Пландары ишке ашпай калган имиш" дейт. Жүрөгүм "шуу"
дей түштү. Кыргыздар эми эмне болуп кетер экенбиз?!
Кошуна

9110. Студенттер! Өтүп кеткен майрамыңар менен! Мен дос кызым менен кафеден өткөздүм. Эмдиги жылы ушу күнү экөөбүз үйлөнөлү деп чечтик. А силерчи?
Эрмек, КГНУ

9111. Гүлжан, ай, сен "Учурдун" СМСине чыкпасаң башың ооруйбу же башка да себептер барбы?

9112. Урматтуу СМСчилер! Сиздерден бир сураныч бар. Кыргызстанды биримдикке чакырган, үндөгөн СМСтерден көп жазгылачы, сураныч.
Бермет

9113. Мадумаровго орден бериш керек. Азамат жигит экен. Элди митингге алып чыккан жок.
Айша

9114. Сүйүнчү, куйруктуу коюм эгиз козу тууду. Экөө тең көздүн жоосун алат. Анысы аз келгенсип, экөөсү тең ургаачы экен. Бирөөсүнө Курманжан, бирөөсүнө Уркуя деп ат койдук. Үйдүн ичине багып табыз.
7321 абоненти

9115. Атам Өмүркулга, апам Бурулсунга салам жолдоп, ден-соолуктары чың болушун каалап кетем.
Турум

9116. Досум экөөбүз кийикке барып келдик. Көзгө атар мергенчи досума айла жок. Экини жайлады. Экөө тең котур улак болгондору менен эттү, семиз экен. Жакшы мариновать этип, бир жума куурдак жедик.
Талгар

9117. Элмурза Сатыбалдиев көп саясатчылардан жогору турат экен. Сабырдуу, акылдуу, билимдүү жигит. Эң башкысы, ал ыймандуу! Мына ушундай адамды бийлик неге өгөйлөп, соттоп атат. Кудай бар, байкагыла!
8688 абоненти

9118. Сулуу кыздар менен таанышам. 0773179585, чалгыла! Көңүл ачабыз.
Таке

9119. Кыз-келиндер барсыңарбы? Чалгыла, тел. номерим: 0555500335. Таанышалы, сырдашалы.
Токо

9120. "Учур" гезити азаматсың, силердин СМС аркылуу мен жарымды таптым. Жакында үйлөнүү тоюбуз болот, "Учур" жамаатын тойго чакырам. Бар болгула!
Данияр