Сексте аял менен
эркектин ортосунда
9 айырмачылык
1. Мээде адамдын сексуалдык кыймыл-аракетин көзөмөлдөөчү гипоталамус деген нерв системасы бар. Ошол гипоталамус эркекте аялдыкынан 2 эсе көп.

2. Сексуалдык алсыздыгын эркектер көп мойнуна алгылары келишпейт. А аял өзүндөгү алсыздыкты байкаар замат, эркегинин ою менен болууга аракеттенет.

3. Сүйүүгө кабылганда организмдеги тестостерон эркектики азаят, а аялдыкы тескерисинче көбөйөт.

4. Жылаңач аялдын денесин көргөндө, эркектердин 100%ы дүүлүгөт. А эркектин жыпжылаңач көрүнүшүнөн аялдардын 50%ы гана дүүлүгөт экен. А 50%нын тескерисинче итиркейи келет.

5. Эркектер алгач аялдын жүзүн жактырып, анан төшөккө сүйрөшсө, аялдар эркектин сырткы келбетине көп көңүл бурушпайт экен.

6. "Сени карама-каршы жыныстагы адамдын эмнеси кызыктырат?" деген суроого, аялдардын 45%ы "көзү" деп жооп берсе, эркектердин 31%ы "мамагы" деп жооп беришкен.

7. Эксперт жүргүзүлгөн: таанышар замат төшөккө чакырып. Буга кыздардын бири да макул болгон эмес. А эркектердин 75%ы токтоосуз макул болушкан.

8. Эркектерде оргазмдан кийин дүүлүгүү дароо тарап кетсе, аялдардыкы 10-20 мүнөткө чейин созулат.

9. Аял көп учурда ырахатты сезбей эле секс менен алектене берет.