Кымча бел


Биздин бул жолку каарманыбыз көп кырдуу талант ээси десек болот. "Цирк ханышасы" аталган Светлана Ашырова цирктин босогосун аттаганга чейин бий дүйнөсүндө чимирилип, спорт, көркөм бий гимнастикасы менен бирге балетти да өздөштүргөн. Учурда БГУда котормочулук жагында жана Искусство институтунун театр жана кино факультетинде билим алууда.

Цирктен сүйүүсүн тапкан Светлана
Орус ысымдуу кыргыз кызы
-Менин атымды апам Светлана деген курбусунун атынан улам коюптур. Курбу кызы көздөрү бакырайган, сулуу, жандүйнөсү таза адам экен. Ал эми мен төрөлгөндө капкара, көзүм ичке болгондуктан, апам "Светлана курбумдай жылдызы жанып турган, жандүйнөсү сулуу адам болсун" деген жакшы ниетте мага Светлана деген ысым койгонун айтып калат. Азыркы күнгө чейин мага "эмне үчүн атың орустуку, казак кызысыңбы, корейсиңби, тажик же өзбексиңби?" деген суроолорду көп беришет. Алтургай, бир жолу мени кыргызча түшүнбөйт дешти окшойт, жанымда турган кыздар "бул кыздын чокою жакшы экен, корейлер кыйын кийинет ээ?" деп мен жөнүндө сүйлөшүп атышат. Аларды карап "кыздар, мен корей эмесмин, кыргызмын" десем,
чочуп кетишкен (күлүп). Негизи атам кыргыз, ал эми апамдын тегинде башка улуттардын каны бар.
"Эмнеге абада учуп, бийлей албайм?.."
-Мен төрт жашымдан бери бийлеп келем. Алгач Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайды бүткөм. Сегиз жыл окудум. Спорт, көркөм гимнастикага катышып жүрүп, кийин балетти да өздөштүрдүм. Окуп жүргөндө эле түрк лицейинде бийден сабак берип, андан сырткары, "Рахат" бий-ансамблин жетектеп, Камчыбек Асанов агайым менен чогуу иштеп жүрдүм. Ал эми цирк дүйнөсүнө кокустан эле келгем. Бир күнү циркке бий коюп барып, аба гимнастикасы менен машыгып аткан казак кызынын кыймыл-аракетин көрүп, абдан таасирлендим. Өзүм жылкы жаныбарын жакшы көргөндүктөн, жигитовка менен машыгып аткан балдарды да көрдүм. Эмнегедир циркте иштегим келип кетти. Өзгөчө абада учуп жүргөн казак кызынан көзүмдү албайм. Анан "эмне үчүн мен деле ушул кыздай болуп абада учуп, бийлей албайм?" деп кыялдандым. Көп өтпөй цирктеги Анарбек Тагайматов агайга барып, циркке кызыгаарымды айттым. Ал мени көргөндө эле "сенин сырткы келбетиң, кыймыл-аракетиң, сөөктөрүң аба гимнастикасына ылайык экен, ошол жанрда иште" деп жылуу сөздөрүн айтты.

Ат. Манеж. Дүкүлдөгөн жүрөк.
-Кызыгы, мен цирктин босогосун аба гимнастикасы менен эмес, жигитовка менен баштадым. Жылкы жаныбарын жакшы көргөнүм менен бир дагы жолу ат минип көргөн эмесмин. "Тээп жибереби?" деп жанына жологондон коркчумун. Бир күнү Кадырбек агай "Света, сен атка минип көрбөйсүңбү, жигитовкага деле жарагыдайсың?" деп калды. Эсимде, биринчи жолу атка мингеним күлкүлүү болгон (күлүп). Улам эле минип баратып, кулап кетем. Анан эки-үч бала жамбашымдан түртүп, бутумду көтөрүп атышып араң отургузушкан. Коркконумду сурабаңыз, ат баскан сайын жүрөгүм дүкүлдөйт. Ичимден "ай-ий, басып баратканда эле коркуп атам, манежди тегеренип кантип чуркайм?" дейм. Кесиптештерим "атка отурганы түз экен, сонун жарашат экен" деп жакшы сөздөрдү айтып, мени жигитовкага да үйрөтүштү. Бирок мен жигитовка кыздар үчүн эмес экенин байкадым. Себеби, ат минип чаптыргандын өзү опурталдуу, коркунучтуу экени белгилүү. Бул жанр - күчтүүлүктү, катуулукту, ыкчамдыкты талап кылат. Ошол эле учурда назик, мээримдүү аялзаты экенибизди унутпашыбыз керек.
"12 жаш улуу машыктыруучума турмушка чыгууну ойлогон эмесмин..."
-Биринчи жолу аба гимнастикасындагы өнөктөшүм Алмазбек Раимкулов болгон. Ал менин машыктыруучум эле. Эртеден-кечке чейин жумушта экөөбүз чогуу иштеп, даярдыктарды көрчүбүз. Ал менден 12 жаш улуу болгондуктан, "болочокто жолдошум болуп калат" деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Эмнегедир "аялы, бала-чакасы бар" деп ишенимдүү ойлочумун. Көрсө, машыктыруучум мени жактырып калыптыр. Бир күнү күтүлбөгөн жерден "Света, сенин жүрүш-турушуң, кичипейилдигиң, бала кыял мүнөзүң, мага абдан жакты, мен сени сүйүп калдым" деди. Ишенсеңиз, "машыктыруучум, Алмаз байкем мага сүйүүсүн арнайт" дегендин өзү таңгалычтуу болду. Укканда абдан "шок" болдум, уялдым. "Ушундай да болмок беле, уят болот" деп басып кетип калдым. Ошол бойдон үч күн жумушка барбай койдум. Үчүнчү күнү "сен даярдыктарды калтырчу эмес элең, сага эмне болду?" деп телефон чалды. "Ооруп атам" деп калп айттым. Төртүнчү күнү жумушка барганда бетин карай албай, уялам десеңиз (күлүп). Өзү да менин абалымды түшүндү окшойт, "сага катуу тийсе, кечирип кой, сүйүүмдү билдириш үчүн мен дагы көп күн даярдангам" деди. Башымды жерге салып, "жигитим бар" деп, дагы калп айттым. Ошентсе да, аркамдан калбай жүрүп, аягында багынтып алды. Бирок, башында апам "кой кызым, бул бала сенден улуу экен, өз теңиңди табасың" деп каршы чыкты. Алмаз ушундай чечкиндүү, сүйүүгө бекем экен, акырында апамдын жумушуна барып, "апа, мен Светаны сүйүп калдым, бактылуу кылам, мага ишениңиз, баары жакшы болот" деп айтыптыр. Чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик болот эмеспи, апамдын жүрөгү жылып, батасын бериптир.

Айнура Касымова