Чийме каш

Мээрим Эркинбаева, модель:
"Үйдө тынч жата албайм..."

Мээрим жаш студент кыз, 20 жашта. Учурда модельер кесибинде И. Раззаков атындагы КТУда 4 курста окуйт. Бош убакытта чимирилип бийлегенди жакшы көрөт.

- Мээрим, кандай үй-бүлөнүн кызысың?
- Мен абдан интелигенттүү үй-бүлөнүн кызымын, апам- педиатр, КММАда доцент, медицина илимдеринин кандидаты. Атам ИИМдин кызматкери, мен жалгыз кызмын, бирок эрке деле эмесмин, анткени атам аскер адамы болгондуктан, катуу тарбиялаган. Мектепти мыкты аяктап, өз каалоом менен КТУга модельер кесибине тапшырдым, азыр 4-курста окуйм, тандаган кесибим өзүмө жагат.
- Моделдик дүйнөгө эмне болуп аралашып калдың?
- Кичинекей кезимен эле мода, подиумга кызыкчумун. Ар дайым ар кандай курстарга барып көнгөн жаным, бир убакытта моделдик агенттикти да аяктап алайын деген ой келди. Z-Fashion аттуу агенттикке барып, окудум. Анан ар кандай көргөзмөлөргө катышып, модель катары иштей баштадым, иштегениме жарым жыл болду.
- Модельер болгондо, сен да биздин дизайнерлердей болуп, кыргыздын этно колоритин даңазалайын дейсиңби же заманбап стилге басым жасайсыңбы?
- Мен мезгилге, кийимимди кие турган кыздарга, сезонго жараша кийим тигейин деген оюм бар, албетте, өзүмдүн табитиме жараша коллекцияны чыгарам, кыргыз колоритин да буюрса кошом, негизи биздин колоритке басым жасаган Дильбар айым сыяктуу дизайнерлерди абдан сыйлайм!
- "Сулуулук дүйнөнү сактап калат" деген сөзгө көз-карашың кандай?
- Сулуулук дүйнөнү сактап калбаса дагы, дүйнөнүн көркүн ачып, кооздойт. Негизи эле аялзат өзүн карап, сулуу, тыкан болгонго аракет кылыш керек. Ага көп деле акча кереги жок, бадыраңды деле бетке коюп, маска жасап, жагымдуу болсоң болот.
- Бош убакытта эмне менен алектенесиң?
- Бийлегенди абдан жакшы көрөм, сүрөт тартам, китеп окуйм, бассейнге барам, негизи үйдө тынч эс алып олтурган кыздардан эмесмин, активдүү жашоону жактырам.
- Кандай тасманы көргөндү жактырасың?
- Акыркы убакытта биздин заманбап режиссерлордун тасмаларын көргөнгө киного барып жүрөм, бул "Гу Чжунь Пего кантип турмушка чыкса болот?" жана "Бишкек, мен сени сүйөм" тасмалары. Бул тасмаларда биздин шаарды абдан кооз кылып көргөзгөнү жакты. Кыргыз кинематографы өнүгүп жатканын байкап, сүйүнүп турам.
- Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
- Жок, азыр жүрөгүм ээсиз...
- "Модель кыздардын интеллекти төмөн болот" деген сөзгө кандай карайсың?
- Балким, Европада ошондой, бизде моделдик сфера анча өнүгө элек, күнүгө фотосессия, көргөзмөлөр болбойт да, окууңа басым жасап, жумушуңда иштесең болот, мен сулуу жана акылдуу көп эле модель кыздарды тааныйм. Учурда моделдик кесипке кыздар хобби катары мамиле жасашат.
- Сен жакында эле "Азия супермодели" деген эл аралык сынагына катышып келиптирсиң. Сенин оюңча, мындай сынактарда биринчи орундарды объективдүү беришеби, же кандайдыр бир саясат барбы?
- Албетте, саясат бар. Кайсы өлкөдөн демөөрчүлөр көп болсо, ошол өлкөнүн кызы орунсуз калбайт, бирок, мен катышкан Таиланддагы сынакта биринчи орундарды туура эмес берилди деп айта албайм. Мисалы, Гран-прини Индонезиянын кызы алды, ал татыктуу эле кыз болчу, сырткы келбети ички дүйнөсүнө төп келишкен. Эл аралык сынакта келбетиңе эмес, биринчи орунда, өзүңдү кандай алып жүрөсүң, акылыңа карашат, ошон үчүн бир ай ар кандай иш-чараларга катышып жүрөсүң, а калыстар тобунун мүчөлөрү ар дайым сенин ар бир кыймылыңды байкап турушат. Мен бул сынакта "Мисс фотогеничность" деген наамга ээ болдум, башка катышуучуларга биздин Кыргызстандын эң кооз жерлери, тарых-маданияты жөнүндө айтып берип, сувенирлерди белек катары берип, деги эле, өз Мекенимди эл аралык деңгээлде татыктуу тартуулаганга аракет кылдым. Күнүгө саат 6да супсулуу болуп туруп,
анан эртеден кечке чейин баарына күлүп-иштеп жүрдүк, бул оңой нерсе эмес экен.



Жамиля Бакыт кызы, модель:
"Дүйнөнүн жети кереметин көргүм келет!"
- Биринчиден, өзүң, үй-бүлөң жөнүндө айта кетсең?
- Азыркы убакытта Кыргыз-Орус-Славян Университетинин колледжинин 3-курсунда экономика факультетинде окуйм. Бишкек шаарында туулуп, өскөнмүн. Ата-энем, эжем Айдай жана бөбөгүм Сардар менен шаарда турабыз. Ата-энем түшүнүктүү, заманбап адамдар. Алар менен мамилем өтө жакшы, бири-бирибизди түшүнөбүз. Мактоочу жерден мактап, урушчу жерден урушуп эле тарбиялашат. Ал эми эжем менин биринчи курбум, мугалимим жана эң жакын адамым.
- Азыр эмне менен алектенип жатасың?
- Азыркы убакта окуйм жана "Z-Fashion" моделдик агенттиги менен иштешем. Жакында эле Таиландга "Азия супермодели" сынагына катышып келдим. Эми окуум менен катуу алек болуп жатам. Колум да бошобой калды. Бирок моделдикке, албетте, убакыт табам!
- Мода сен үчүн эмне?
- Мода - өзүнчө бир дүйнө. Аны түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар. Мен модасыз туралбайм. Бирок мода туруктуу эмес, күнүгө өзгөрүлүп турат. Анын аркасынан кууп жетүү кыйын. Моданын чеги жок, ар бир адам өзүнүн чегин билиши керек.
- "Жаш кыздар өзүнө бай жигит таап алыш үчүн эле моделдик карьераны жасашат" деген сөзгө көз карашың кандай?
- Мен буга кошула албайм. Анткени моделдик карьера өзүнө тартат. Бир жолу подиумга чыккан адам кайрадан чыккысы эле келип калат. Өзүңдү сахнада алып жүрүү, сүрөткө туура түшүү - ал да искусство. Бай күйөө табыш үчүн эле модель болуу оңой иш эмес. Ал сезимге эч кандай байлык жетпейт.
- Болочокто жашооңду кандай элестетесиң?
- Болочокто өз кесибимдин (экономика жана бух.учет) мыкты адиси, балдарымдын мыкты энеси, ата-энемдин жана жалпы кыргызымдын сыймыктанган кызы болгум келет.
- Сулуулугуңдун сыры эмнеде? Кандайдыр бир диета кармайсыңбы, маска жасайсыңбы?
- Диета деле кармабайм, бош убактымда фитнеске барам - спорт ар бир адамга керек, ал өтө пайдалуу.
- Биринчи ийгилигим деп эмнени айта аласың?
- Биринчи ийгилигим окуу жагынан болсо, 7-класстан 9-класска чейин үч жыл бою орус тили жана адабияты боюнча шаардык олимпиаданын жеңүүчүсү, ал эми моделдик тармакта - 15 жашымда "Мисс Супер-Инфо-2009" болгонмун.
- Белгилүү адамдардан ким менен иштедиң?
- Белгилүү адамдардан алып баруучу Эрмек Нурбаев менен, Чынгыз Мырзаев, ырчы Гүлжигит Калыков, актер Азамат Арыков, KG Club ж.б. менен иштешкем.
- Эмне жөнүндө кыялданасың?
- Кыялдарым көп. Алардын бири - дүйнөнүн жети кереметин көрүп келгим келет. Азырынча, алардын бири Египеттеги пирамидаларды көрдүм.
- Сүйлөшкөн жигитиң барбы? Сага кандай балдар жагат?
- Сүйлөшкөн жигитим жок. Негизи өзүмө тартиптүү, кичипейил, адамкерчиликтүү, түшүнүктүү балдар жагат. Айтканынан кайтпаган балдарды жактырам. Өжөр, тырышчаак балдарды сыйлайм.
- Ала качуу деген салтка көз карашың кандай?
- Биз 21-кылымда жашап жатабыз. Азыр аялзаты менен эркектердин укугу бирдей. Ошондуктан, адамча эле сүйлөшүп үйлөнүш керек деп ойлойм.

Бетти даярдаган
Айсалкын САМСАЛИЕВА