Басык

Темир Сариев, "Акшумкар" саясый партиясынын лидери:
"Саясаттын жаңы барагын ачалы"

Коомчулук күткөн президенттик шайлоо да аяктады. Аны кимдер тааныды, жаңы президент парламентти таратабы, коалиция эмне болот, эмне үчүн "Акшумкар" саясый партиясы акыркы кезде А.Атамбаевге жан тартты (?) ж.б.у.с. суроолорду партиянын лидери Темир Сариевге узаттык.

- Темир мырза, шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп аткан учурда "Акшумкар" партиясы президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевди колдоп чыкты. Себебин билсек болобу?
- Кыргызда жакшы бир сөз бар: "Тоонун бийиктигин алыстан көр" деген. Улуу нерсени көрүш кыйын. Биз 7-апрелден кийин абдан чоң, түпкүлүктүү, терең реформалардын башын баштаганбыз. "3 айдын ичинде жаңы Конституцияны кабыл алабыз. Андан кийин 6 айдын ичинде парламенттик шайлоонун өткөзүп, көп партиялуу өкмөттү курап, 2011-жылдын аягында президенттик шайлоо болсун. Кыргыз республикасынын президентин шайлоо менен, өткөөл мезгилге чекит коюп, жыйынтык кылып, биз андан ары мамлекеттин жаңы барагын ачкандай бололу" дегенбиз. Эмне үчүн биз Атамбаевди колдоп чыктык? Шайлоонун өзү талаш, чоң саясат, албетте ар кимдин убактысы келген маалы болот. Биринчи, бүгүнкү күндө Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болчу. Экинчи, "апрель революциясына катышкан саясый партиялар бири-бирибиз менен талашпай, бөлүнө бербей, тескерисинче, баштаган реформанын аягына чыгууда "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууну" көздөдүк, талашсак башка көз-караштагы күчтөр менен талашалы" дедик. Анын жыйынтыгын көрдүк. Атамбаев биринчи турдан өтүп кетти. Мындан ары элге берген убадаларыбызды иш жүзүнө ашырууда эффективдүү, күчтүү саясат жүргүзүп, мурунку кеткен мамлекет башчыларынын каталарын кайталабашыбыз абзел.
- Азыркы мезгилде Атамбаев менен сүйлөшүүлөр болуп атабы? Жумуш сунуштадыбы?
- Президенттикке барган кишинин өз көз карашы болот. Ал жакка кур жерден барган жок. Парламентке партиясы утуп келген, күчтүү фракциясы бар. Көз карашы, багыты бар. Ушундай учурда бир нерсени айтып койгум келип атат. Бөлүнбөй, бири-бирибизди душман көрбөй, прогрессивдүү күчтөрдүн баарын чогултуп, күчтүү өкмөт түзүшүбүз керек. Ушундай багытта сүйлөшүүлөр болгон. Президент өзүнүн ишине киришкенден кийин, азыркы коалиция тарап, жаңы коалиция түзүлүшү керек. Ушундай алкакта баары чечилет. Жеке мага өзүмдүн билим деңгээлим, тажрыйбам жетиштүү. Менимче, ошого жараша сүйлөшүүлөр жүрөт го...
- Азыр Түндүк-Түштүк маселеси дале болсо жакшы эмес. Эл арасында "Атамбаев Түндүктүн кишиси. Ал эми президент болсо, премьер-министр Түштүктөн болсун" дешип аткандай. Буга кандай көз караштасың?
- Ушу жагдайды саясатчылар жасалма түрдө бөлүп, чоң саясатка айландырып жибердик. Эгерде таза, күчтүү адам келсе, эл аны кабыл алат. Кай жердик экенине карабайт. Өлкөнүн экономикасын көтөрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртса, калыс жүрсө, багыттары туура болсо, мындай адамды баары колдойт. Өзүбүздү өзүбүз бурчка такагандай болуп атабыз. Мындай болбош керек. Албетте, жалпы саясатта муну эске алуу артыкчылык кылбайт. Бирок, чечкиндүү учурда, биз кыргыз эли бүтүнбүз. Чыгыш-Батышка, Түндүк-Түштүккө, уруу-урууга бөлүнбөй, улуулугубузду көрсөтүп, урааныбыз "кыргыз" экенин унутпаганыбыз оң. Азыр ушу жетишпей турат. Бүгүнкү түзүлүп аткан шарт ушуга чоң түрткү берет. Анткени, Атамбаев шайлоодо Ош шаарында, Ош облусунда 1-орунду алып отурат. Жала-Абадда, Баткенде 2-орунду алып, Түндүктө да, Түштүктө да колдоосу бар, үмүт арткан адам болуп турат. Бул кишинин саясаты таза, калыс болуш керек. Элди бөлбөй, тескерисинче, биримдикти ширеткен жаңы саясаттын багытында экенин шайлоочулар баалады.
- Жаңы президент шымалана ишке киришери менен парламент тарашы керекпи?
- Парламент тарабайт. Аны жаңы шайланган президент да тарата албайт. Укугу жок. Парламенттин тарап кетиши жөнүндө Конституцияда ачык-айкын жазылган. Депутаттар эле өзүн-өзү таратып жибербесе. Башка убакта кезексиз шайлоо болушу мүмкүн. Эгерде 3 жолу катары менен өкмөттү түзө албай калса, анда Конституцияга ылайык президент "убактылуу милдетти аткаруу" деп өкмөткө тапшырма берип туруп, жаңы парламенттик шайлоо жарыялайт. Ал 45 күндө өтөт. Ушу убакыттын ичинде кайра шайланып келип калат. Экинчи шарты, эгерде, булар өкмөт ишеним көргөзүү маселесин коюп, анан парламент ишеним көргөзбөй койсо, анда президентте укук бар. Же өкмөттү кетирип, же кезексиз парламенттик шайлоо жарыялаганга. Башка учур жок. Бул шарттар парламенттин жигердүү иштешине мажбурлайт. Мурункудай президент жөн эле тарата албайт.
- Биргеликте баштаган реформаңардын күн тартибинде кашаң иштеген парламентти таратуу жагы каралганбы?
- Парламенттик көпчүлүк классикалык түшүнүгүндө буларда бир позицияда туруп, кийин бир программанын негизинде макулдашылат. Бизде тилекке каршы программалары жана туруктуулугу жок болуп атпайбы. Анткени, ошол эле коалициялык көпчүлүктө болуп туруп, оппозиция болуп, туура эмес сүйлөп, туура эмес иштерди кылып, сындап жүрүп отурат. Парламенттин ичинде коалициялык көпчүлүк жоопкерчиликти көтөрүп, иш алып баруусу кажет. Коалициялык азчылык оппозиция катары алардын иштерине сын айткан көз карашта болуш керек. Биздин парламенттин коалиция пропорциясын түзүү тажрыйбасы жоктугунан көп маселе аксап атат. Ушундан улам элде бүдөмүк ой чыгып атат. "Аа, бизге парламенттик башкаруу деле жарабайт турбайбы" деп. Ал парламенттик башкаруунун алсыздыгынан эмес, ал маданияттын жетишпегендигинен. Көч деле бара-бара түзөлөт. Андыктан биздин парламент деле бара-бара оңолот.
- Президенттик шайлоону кимдер тааныды?
- Шайлоонун жыйынтыгын ири мамлекттер, улуу державалар, эл аралык уюмдар тааныды. Аны жокко чыгаруу болбойт. Кыска мөөнөттүн ичинде БШК өзүнүн акыркы жыйынын өткөрүп, түшкөн арыздарды карап туруп, расмий түрдө жарыя кылат. Маселе ошондон кийинки саясатта болуп турат. Башында айтып кеткендей, азыр биз Кыргызстандын жаңы саясатынын жаңы барагын ачышыбыз керек болуп турат. Ошондой шарт түзүлүп берилди. Бул шайлоо өзүнүн теңдиги жана ачыктыгы менен башкалардан айырмаланды. Муну баардыгы моюнга алып турат. Таза шайлоо өткөрүү - жалпы бийликтин дагы, саясый күчтөрдүн дагы, элдин дагы алдында турган милдети. Келечекте кыргыз эли таза шайлоо өткөргөндү үйрөнөбүз. Мындан 5-6 жыл мурун өзгөчө айыл жерлеринде үйдүн кожоюну эле бир пачка бюллетенди, анын ичинде аялы үчүн, баласы үчүн, кызы үчүн болуп добуш берип кете берчү. Ошонун негизинде канча чырлар болду. Жоебуз деп канча күрөштүк. Азыр бул маселе өзүнөн-өзү жоюлуп, ар ким өзү үчүн добуш берип калды. Маселе чечилди. Эми бизде тизме боюнча мүчүлүштүктөр болуп атат. Тизме саясый маселе эмес. Бул техникалык маселе. Муну деле чечип койсо болот. Эгерде бирдей база түзүп койсо, бир жерден салып, экинчи жакка салайын десе кызыл күйүп калгыдай кылып. Таза шайлоо өткөзүү биздин жалпы ички маданиятыбыздан. Акыры бул келип-келип бизге сиңет, күчтүү бийлик болсун үчүн таза шайлоо өткөзүшүбүз керек.

Сурат Жылкычиев





"Катани" Үзөнгү-Кууштан кайтып келди
Президенттик шайлоодон кийин бир канча талапкерлер ыплас шайлоодон утулганына чычалап, ач айкырык салып чыгышкан. Ал эми генерал Өмүрбек Суваналиев алардан айырмаланып, чатакташууга кол шилтеп, саясаттын ыпластыгынан бийик болуунун үлгүсүн көрсөтүп койду. Шайлоодон соң "Катани" айтылуу Үзөңгү-Куушка аттанып, эс алууга алаксыды. Кечээ гана тоодон түшүп, эми мындан аркы Кыргызстандын келечеги, саясый турмуш боюнча ойлорун билдирүүгө ниеттенүүдө. Жакынкы арада кайрадан Өмүрбек мырза бийликтин катачылыктарын көзгө сайып, өзүнүн туруктуу көз карашын билдирмекчи. Баса, буга чейин "Суваналиев кызматка барабы?" деген суроолор жаралган. Тилекке каршы, Өмүке кресло кызыкчылыгы үчүн эмес, эл кызыкчылыгына багыт алганын байкасак болот.

Атамбаев бир кезде Элмурзаны неге мактаган?
Аз күн мурун экс-генпрокурор Элмурза Сатыбалдиевге аттуу-баштуу жети генерал жолугуп, келечек саясат боюнча акылдашып алышты. Алардын баамында, буга чейинки саясаттагы лидер чыкмалардын жыдыганы, түз айтканда Мадумаров менен Ташиевди жаңылыштыгы көп себептин башын козгоптур. Бул эки саясатчыга байланып отурбай, жаңы жүздү ойлоп табуу боюнча акыл калчашып. Ошондон улам аксакал-генералдар сөзгө келишип, улуттук лидер катары Э.Сатыбалдиевди көтөрүп чыгышары байкалууда. Баса, бир курдай Алмаз Атамбаевдин айтканы бар: "Элмурза өсүп келаткан балдардын мыктысы, түз жүргөн жигит" деп. Чын көңүлдөн баа берген эле... Анын сыңарындай, кийинки саясый казанда кыргызга тирөөч
боло турган лидерлер чыгат турбайбы. Убакыт көрсөтсүн дейли...

"Учур"-пресс