Нуска

Кеменгер кеп
Өмүрүңдөн өчүрө турган адамдарды чындап эле өчүрүп сал, "кайрыл" деп кармап турсаң, өздүк системаңдын ишин басаңдатып салат.
***
Канчалык маанилүү жана акылдуу сөздөрдү сүйлөбөгүн, ашыкча сүйлөсөң, аягында тантырак атка коносуң...
***
Мен азыраак сүйлөйүн, сен көбүрөөк түшүн...
***
Улуулук боюңда эмес - тегиңде, ичкелик белиңде эмес - тилиңде, адилеттүүлүк сөзүңдө эмес - өзүңдө, сулуулук жүзүңдө эмес - жүрөгүңдө болот.
***
Дайыма жадымдасың...
***
Дүйнөнүн кайсы жеринде болбогун, болгон жериңде эмес, мен ойлогон жердесиң...
***
Адамдар экиге бөлүнөт: таанылган сайын чоңойгондор жана таанылган сайын кичирейгендер.
***
Адамдын эсинде эки нерсе турганы эп: Карылык жана Өлүм.
***
Кээде эриндер бүтүрө албаган сөздү көз толуктайт.
***
Көзүңдөн түшүнбөгөн, сөзүңдөн да түшүнбөйт.






  Жанирмем

Эх, сүйүү, сенин көзүң жок!
(Аңгеме)
Түн ортосу. Экөөбүз бак аралап жүрөбүз. Чылгый караңгы жерге келгенде сенин белиңен имере кучактап, бакка такадым. Сооруңду мыжый кармадым, тыбырчылай түштүң. Анан ичке белиңен сылап, алкымыңан жыттадым. Жытың башкача да, мээ айлантып. Азгырып. Дүүлүгүп баратам. Ойгончу жерим ойгонуп. Ансайын туйлап, жамбаш жагыңа колумду терең сойлотуп ийдим. Тыбырчылаган жаның катуу силкинип, күтүүсүздөн эле:
- Байке, паспортуңузду көрсөтүңүзчү?-дедиң.
- Эмнеге?
- Көрсөтсөңүз?
- Түшүнбөдүм...
- Атыңызды эстеп калайынчы?
- Шашпай эле көрөсүң, азыр эмес,- дедим дүүлүккөн жанымды баса албай.
- Жок, көрсөтүңүз биринчи...
- Менин паспортум жатаканада калган, ошол жактан жоголуп кеткен...
- Кандайча?
- Студент кезде да, андан бери канча убакыт өттү? - дедим шаштым кетип.
Жылмайып койдуң да, анан мага карап:
- Болуңузчу?..- дедиң кайра.
- Айттым го, жатаканада жоголгон. Ошондон бери ала элекмин,- деп жанымды жедим.
Сен таңгала карадың. А мен "ооба" дегендей баш ийкеп койдум. Жүрөгүм "тыз" эте түштү. Калп айталбайм, билбейм неге? Ортодо саамга үнсүздүк. Көңүлдү суутуп салдың, кыйнагым келбеди, бир туруп айнып. Аз өтпөй кайра:
- А эмнеге үйлөнө элексиз?-дедиң.
- Үйлөнгүм келбейт, үйлөнсөм эле байланып калам...
- Кимге?
- Аялыма да.
Баш чайкадың. А мен көп нерсени ишендиргим келбеди. Эч качан ишендиргим келбейт. Сага калп айтсам да, ал жүрөгүмөн эмес. Ушундай уйгу-туйгу сезимдерге байлана түштүм. Шек жаратып. А сен болсо:
- Паспортуңузду көрсөтүңүзчү?- дедиң кайра эле.
- Кечке эле сурай бересиңби? Жатаканада...
- Сиз мени кыйнабаңызчы? Кое бериңизчи?
- Ту-уй, ата! Он жыл мурунку кыздар башкача эле...- дедим өзүмчө кейип.
- Кандай эле?
- Паспорт сурачу эмес. Тике эле махабат дайрасына чумкуп кетчүбүз. Анан эртеси ойлончубуз, кылгылыкты кылып коюп... А эмкилер болсо...
- И-ии. Сиздин оюңузду түшүнүп турам. А мени билесизби?
- Эмнеңди, ыя?
- Айтсамбы?
- Баштагандан кийин айтасың да...
- Мм...
- Кыйналбачы, каражан?
- Мына, менин колумду сурап келгендер бар...
- Анан?
- Мен каршымын, атам да каршы...
- Апаңчы?
- Ал деле...
- Ошондой де?..- суроолуу тигилдим (кимдерди гана мындай көз менен атпадым, эх).
- Сиз паспортуңузду көрсөтсөңүз, анан мен...
- Эмне? Мага тиесиңби?
- Жо-ок, сизге ишенем да. Бул өтө маанилүү нерсе,- дедиң жалооруй карап.
- Аа...
- Болбойсузбу?
Үшкүрдүм. Баягы "Көйнөгүңдү уй жегир!" деген сөздү эстедим. А сен бул ырым-жырымды кайдан билмек элең? Сенин оюң башкада, меники башкада...
Экөөбүз тең кичине тунжурай түштүк. А мен күтүүсүз эле чөнтөгүмөн 100 доллар сууруп чыгып:
- Муну алсаң?- дедим буйрук бере.
- Эмнеге?
- Алсаң дейм?
- Анан?- деп алдың акчаны.
- Эми сен меникисиң!
- Кандайча, байке?
- Мына ушундайча эле...- деп тарамыш колдорумду сооруңа дагы сойлоттум.
Кызык, сен баштагыдай катуу каршылык көрсөтпөдүң. Калп эле кыңкыстап, түртүмүш этип, акыры колдоруңду моюнума ородуң. Эзилише түштүк. Оң бутуңду ийинге астым. Бир кинонун секс үзүмүндөй... Он беш мүнөттөй "иштедим". Тынымсыз. Үнүң бир сонун экен. Асмандагы айга жаңыргансып. Онтогонуң алыска кетип атты... Бакка конгон каргаларды учуруп...
Айкашуу бүткөн соң, сенин кыз эмес экениңе көзүм жетти. Өзүң байкатып салдың да. Буйдала түштүм.
- Апкел акчамды?!- дедим айкырып.
- Ме!..
Коркуп кеттиң. Кийингенче шашып, шолоктоп ыйлап да аттың. Түшүнбөй калдым...
- Эй, эмне болду сага?
- Кулагыма катуу кыйкырып жибердиңиз.
- Эмне алдайсың анан?
- А сиз таанышпай эле баштадыңыз го...
- Эми таанышат элек да. Атым Адилет!
- Меники Сайкал.
- Кыйраттың, баатыр кыздын атын булгадыңар да!
- Эмнеге?
- Сайкал дегенди билесиңби ким болгон?
- Жо-ок.
- Билгенде эмне?-дедим жинип келип.
Аңгыча арыдан машине көрүндү. Экөөбүз жарыкты утурлай бастык. Кудай жалгап такси экен. Жол тостум да, Сайкалдын колуна жанагы акчамды кайра бердим. "Экинчи алдабай жүр" деп кулагына шыбырадым. "Рахмат" деп түшүп кетти. Сүйүнүп. А мен "чыйт" түкүрдүм да, жолума түштүм.
Кызык, күндөр ушундай чиеленишет беле? Же бул татаал тагдырбы? Суроолор жаралганын кара. Эми ошол Сайкалды жакын досум Жылдызбек кургур сүйүп калып, үйлөнөм (!) деп чатак салып аткан кези. "Досума кантип түшүндүрсөм?" дейм. Өткөн окуяны да. А тиги Сайкал кылыктанып, ортодо от болуп ойногусу келет. Башым катты. А силер не дейсиңер? Келгиле, чогуу-чаран жыйынтык чыгаралы? Жылдызбекке акыл айтып...

Сарин УЛАН