Күндөлүк
Бүгүн 6.45те турдум. Араң турдум. Эмнегедир акыркы күндөрү ыкшоо тартып, эртең менен тура албай кыйналам. Мен муну түшүнбөйм...
Клара экөөбүз чай ичтик. Окшош ирмемдер, адаттагыдай эле... Андан соң жумушка ("Агымга") жөнөдүм. Жол тайгак. Бир жумадан бери кар майдалап, тынымсыз жааганын токтотпой келет. "Жаасын" дейм. Ошентип, жумушка бардым. "Летучканын" кезеги мага келип калган экен, эптеп-септеп өтсөм, Эрнис байке кыжаалат болду. "Минтип "летучка" өтпөй эле койбойлубу, кереги эмне? Буга чейинкилер да ушундай..." деп нааразы болду. Ичимен "туура" дедим. Чын да. Анан менден башкалар да сүйлөдү. Өзгөчө Алым байке гезит боюнча курч сын-пикир айтты. Жыйналыш бүткөндөн кийин Мелис (Эшимканов) байкеге кирдим. Сын уктум. Өткөндө да айткан, бүгүн да: "Сенин жети-сегиз кишиң мага каршы иштеп атыптыр, тизмени тактабайсыңбы?!" деди (парламенттик шайлоо боюнча эле). Уят болуп калдым. Айлам куругансыды... Ал баракчаларына бурула кетти. Мен да сыртка чыгып кеттим.
Жумуштан чыгып, ооруканага бардым. Анализдердин жыйынтыктары жакшы экен. Халида эжеге көрүнгөм.
Ошентип, кайра "Агымга" барып, бир аз иштедим да, үйгө жөнөдүм. Маанай жок десең. Уктадым. Бир маалда телефондун шыңгырагынан ойгонсом, Алмаз (инфакта иштеген дос) экен. Аз-маз сүйлөштүк. Анан трубканы Эмилге берди, аны менен да кичине кобураштым... Кыскасы, бүгүн материал даярдаганга көңүл чаппай, жалкоолук желкеге минип алды. Бу күндөр кызык, кыйын да...

Асланбек Сартбаев,
1-февраль, 2005-жыл




  Сезим ыргактары

Арабыздагы эле адамдар

Адамдардын баарын тааныгандаймын, качандыр бир кез ар бири менен сүйлөшкөндөймүн. Автобуста баратсам, ичиндеги кишилердин көздөрү жылтырайт. Жүздөрү чарчаңкы, бирок көздөрү таза. Ичим жылыйт. Бардыгын жакшы көрүп кетем. Аяп кетем. Адамдын баркына жетиш үчүн бир топ жолду басып өтүш керек окшобойбу. Ар бир адамдын артыкчылыгын, бийиктигин көрө билиш керек экен. Жакшыны жакшы деп айта билиш керек экен көрсө.


Кадыркул Даутов

Сүйүү учса куш болуп, кондура
алган,
Сыйкыр үнү болбосо болдура
алган,
Сынчын бузбай мунар там
койдура алган,
- деп чиймелей Барпы акындын махабат ырларына баш урганым бар. Эки дүйнө ортосунда ак жаан көнөктөгөндөй, сөз берметтерине таңданганым бар. "Куюлушкан жылдары кумга сиңип өткөндө, куду алтындай кызга жакты" дегеним бар. Кудурет күчүнө баш ийгенмин.
А киши кыргыз элинин бактысына кайталангыс, жалгыз бирөө болуп, бир келди да кетти. Акынды тааныдым, аны менен кошо Кадыркул Даутов агайды тааныдым. Барпынын эки өмүрү бар. Бири акындын өзү жашаган, ыры жашаган өмүрү. Экинчиси, Кадыркул Даутов тартуулаган өмүр.
Барпы күнү-түнү озондогон шамалдай, алоолонгон оттой, агын суудай оозунан чыкканы ыр болуп агылып турду. Анын канчасы жазылып калды, канчасы айтылып калды, канчасы учуп кетти. Эл оозундагы айтылып калгандарды жыйнагандарга ырахмат. Кадыркул Даутов агайдай алып чыккандарга ырахмат. Барпы окуган
сайын оп тарткан, окуган сайын көз ачкан, түгөнбөгөн кенч. Кадыркул агай айтмакчы, акындын бийигин, тереңин көрөөр, иликтеп-издээр дагы-дагы муундар келе берет.

Сүйүнбай Эралиев

Сүйүнбай ата токсон жашка чыкты. Акын Шайлообек Дүйшеев айтмакчы, "мыктысынан мылтыгы көп заманда мындай жашка чыгыш оголе кыйын". Сүйүнбай ата Кудай сүйгөн пенде окшобойбу. Дегеним, Кудай сүйгөн пендесине узак жылды же кыйын күндү берип коет дейт. Акын атам тынч күндү да, согушту да, ач күндү да, ток күндү да көрдү. Көргөнү жүрөгүнөн өттү, калеминен тамды. Тамганда да кандай, Таластын көккашка дайрасындай туйлады, булагындай шылдырады, асманындай чалкый тунжурады.

Келчи бери, бир аз карап
туралык,
Бийлеп жатат дүйнө тоодон
өйдөгү.
Куюн окшоп, миң бир эки
буралып,
Жылдыз менен тигилген түн
көйнөгү
- дедиңиз. Ооба, дүйнө бийлейт биздин айылда. Жылдыздарчы? Жылдыздарыбыз кол созсом тийип кетчүдөй жапжакын, жапжарык. Чакыят. Анткени, аба таза, тоолор жакын, шыбак аңкыйт, дайра күкүк. Жакында барсам, "чет элдиктер алтын казып жатыры,
чөптөр оорулуу, мал оорулуу, дайра да кирдейби деп коркуп жатырбыз" дешти айылдаштарым. Сиз да уктуңузбу? Ниети
бузуктарга Кудай бардыр, башка не дейли...
Сөз аягында сизди токсон жашыңыз менен куттуктайм. Алтын чирибейт, дуба карыбайт, тулпар арыбайт дейт кыргыз. Өзүңүз жазган өмүрүңүз алтын калемиңиз менен белестен белес ашып жашайт. Жакшылыктарды жасап, бата-дуба алган сиз карыбайсыз.
Ылайым минген тулпарыңыз да арыбасын!

Шайлообек Назаралиев

Шайлообек акенин өз кесиби геолог. Бирок жасап аткан иши башка өңүттө. Башка өңүттөн кен тапкандай. Балдарга англис тили боюнча окуу китептерин чыгарат. Албетте, өзү "англис тилинде түш жоруй алат, ошон үчүн мектептер арасында англис тилин эң мыкты өздөштүргөн окуучу" деп аталган конкурстарды өткөрөт. Жеңүүчүлөрдү мугалими менен кошо Түркияга, Кытайга, Астанага саякатка алпарып келет. Жол киресин, жаткан-турганын, тамак-ашын бүт өз чөнтөгүнөн төлөйт. Өзүнүн ашып кеткен байлыгы деле жок. "Өкмөттөн алган айлыгы жок, же өзүнө түшкөн пайдасы жок, эмне эле Кудайдын кур азабын тартат?"- дейт түшүнбөгөндөр.
"Кыргыздын улан-кыздары англисче сүйлөп турганы өзү пайда мага" - деп коет анда Шайлообек аке.

Эгемберди Туманбаев

Эгемберди Туманбаев аттуу менин ак халатчан кесиптешим бар. Өз ишин мыкты билген, өтө принципиалдуу киши. Аткарам дегенин аткарат, артка кайтпайт. Мурда Президенттин иш башкармалыгына караштуу ден-соолукту чыңдоо борборунда хирургия бөлүмүнүн башчысы болчу. Эки жыл мурда президенттин өздүк врачы бийлигине таянып, аны иштен кетирди да, адегенде хирургия бөлүмүн, анан бүт имаратты ээлеп алды. Адилетсиздикке чыдап тура албаган Эгемберди Туманбаев аны менен толук бир жыл кармашып, акыры жеңип чыкты. Азыр мурдагы кызматына кайра келген. Буга чейин хирургия бөлүмү оорулууларды операцияга даярдап, операциядан кийинки реабилитациялык милдетти аткарса, азыр Туманбаевдин жеке аракети менен ушул жердин өзүндө эң татаал операциялар да жасала баштаган. Операцияларды шаардагы ар кайсы ооруканаларда
иштеген эң мыкты хирургдар жасашат.
Бир жолу а кишини үч сутка бою үйүнө кетпей иште жүргөнүн көрдүм. "Эмнеге кетпей жүрөсүз?" деп сурасам, "иш" деп койду. Колу дарыгер, жан дүйнөсү акын мындай адамдар ылайым көп болсо экен дейсиң ичиңден.

Динара Бейшеналиева