Катыгү-үүн, "Братандар" келатат, эй!
4 жашар Татуну апасы "азыр келем" деп балдар үйүнүн жанына таштап, ошол бойдон келбей коёт. Кичинекей кыздын ыйлап атканын көрүп, балдар үйүндөгү 6 жашар Мээрим "апаң азыр келет" деп Татуну балдар үйүнө ээрчитип барат. Ал жакта Тату, Мээрим, Руслан жакын досторго айланат. Бала багып алуу үчүн жубайлар келип, Татуну алып кетишмекчи болгондо, Тату Мээримден ажырагысы келбей, "мени алып кетпеңиздерчи, Руслан жакшы бала" деп суранып, курбусу менен калат. Русланды жубайлар багып алышат. Күндөр айга, айлар жылга алмашып, кыздар чоңоюп, шаарга окууга тапшырганы келишет. Бюджетке өтпөй калып, контрактка акча табуу үчүн базарда нан сатып, идиш жууп, машина жуучу жайда иштеп акча табышат. Акчаны үнөмдөп, тапкан акчаларын тамактанганга коротпой, өчпөс отко коюлган гүлдү алып, үйлөнүү той болуп аткан жерге кирип, эл менен кадимкидей аралашып кетишет. Ошентип, окууга тапшырышып, жатаканага келгенде, кыздарга салык салган Раха деген рэкет кыз менен мушташып, милицияга түшүп калышат. Раха дагы балдар үйүндө тарбиялангандыктан, кыздар бат эле тил табышып, "Братандар" бандасын түзүшөт. Алардын жатаканадагы Аида деген курбусун чиновниктин баласы зордуктап, таштап кетет. Раха, Тату жана Мээрим Эдикке барып, "балаңдын жетим болушун каалабасаң, Аидага үйлөнөсүң!" деп буйрук беришет. Аидага окшогон кыздар көп экенин айткан Эдик кыздардын бөлмөдөн чыгып кетишин талап кылат. Чиновниктин "кутурган" баласын өз алдынча жазалоону туура көрүп, Эдик достору менен машинада баратканда жолдон кыска юпка, төшү ачык кийинген кыздар тосушат. "Братандардын" капканына түшүп калган жигиттерди шаардын четине алып барышып, болушунча сабап, Эдиктин башын бутылка менен жара чабышат. Оор абалда Эдик ооруканага түшөт.
"Братандар 1" тасмасы ушуну менен аягына чыгат. "Братандар 2" тасмасы мындан да кызыктуу окуялар менен коштолот.




Расул МАМАТКУЛОВ, кинонун продюсери:
- Фильм аркылуу жаштарга жакшы жолго багыт көрсөткөнгө аракет кылдык. Мисалы, көпчүлүк кыздар кыйынчылыкка чыдабай, денесин сатып же дагы башка жаман жолго барып жатышпайбы. Кинодо жетим кыздардын тагдыры чагылдырылганы менен, ата-энелүү кыздар деле айылдан келишет дагы, башкаларга окшоп кымбат баалуу сотка көтөргүсү же кымбат баалуу кийим кийгиси келип, оңой акча табууну көздөп, бузулуп кетишүүдө. Биз бешене тер менен акча тапса болоорун көрсөттүк. Мен кинонун спонсору гана болдум. А сценарийи Айгеримге таандык.

Айгерим РАСУЛ кызы, Тату:
- Тату менен Мээрим контрактка акча жетпей калбасын деп, кыйналып тапкан акчасын аяп, гүл көтөрүп алып, тойго кирип кетишкен жерин тартуу эң кызыктуу болду. Кино тартып атканыбызды тамада менен тойдун ээси гана билген. Тойдун күнөөкөрлөрүнүн бул тууралуу кабары жок эле. Сайкал экөөбүз ырчы катары элге таанылып калгандыктан, жүдөп кийинип, эч нерсе көрбөгөндөй болуп тамак жеп атсак, тойдогу коноктор бизди таң калуу менен карап, айтор кызыктуу учурлар көп болду. Ош базарда Сайкал экөөбүз индия бийин бийлеп акча чогулткан жерибиз бар. Музыка койгондон баштап 500дөн ашык эл чогулуп калды. Айрымдары кино экенин билбей, "Айгерим менен Сайкал Ош базарда бийлеп акча таап калышыптыр" деп ойлошуптур.
Эмирхан КЫДЫРШАЕВ, Руслан:
- Эмирхан, кимдин баласысың?
- Камчыбек Ташиевдин!
- Камчыбек Ташиев деген ким?
- Ал адамдарга жардам берип, депутат болуп иштейт.
- Атаң сени урушабы?
- Атам мени баарынан жакшы көрөт. Урушпайт, тентек кылсам, бурчка тургузуп коёт. Ал Томас байкемди урушат.
- Апаңдычы?
- Мм-м, билбейм, урушпайт го.
- Апаңды жакшы көрөсүңбү же атаңдыбы?
- Экөөнү тең жакшы көрөм.
- Киного тартылган жактыбы?
- Ооба, жакшы экен.
- Чоңойгондо ким болосуң?
- Депутат, анан президент болгум келет!
- Качып кетпейсиңби анан?
- Жок, мен жакшы-ы-ы президент болом да.
- Мектепке барасыңбы?
- Дагы 4 күн дем алам. Анан каникул бүтөт.
- Кандай окуйсуң?
- "5"ке окуйм! Президент болуш үчүн жакшы окуш керек!

Астра КАЗАКБАЕВА, Мээримдин кичине кезин аткарган:
- Астра, Эмирхандын тууганы болосуңбу?
- Эмирхан Камчы тагамдын баласы. Камчыбек Ташиев менин апамдын биртууган байкеси болот.
- Киного кантип тартылып калдың?
- Камчы тагамдын үйүндө Эмирхан экөөбүз ойноп жүргөнбүз, анан Эмирханды съёмкага алып кетишкенде, мен да ээрчип алдым. Мени Сайкал эжеге окшоштурушуп, тартышты.
- Киного тартылган жактыбы?
- Мага киного тартылган жагып калды. Чоңойгондо актриса болом.

Аяна МАМАТКУЛОВА, Татунун кичине кезин аткарган:
- Аяна, кинодо кантип ыйладың?
- Мамам менен Айка эжем "Аяна ыйла!" деп бакырганда ыйлап жибердим.
- Мамаңды жакшы көрөсүңбү же папаңдыбы?
- Мамам жакшы, бирок папаны жакшы көрөм.
- Эмнеге?
- Мамам строгая. Тентек кылсам урушат. Папам такыр урушпайт. Мамам менен базарга барганда айтканымды алып бербей койсо, папама чалам. Ошондо папам мамама
"Аянанын айтканын алып бер" деп приказ берет.
- Чоңойгондо ким болосуң?
- Айка эжеден да сулуу ырчы, актриса, гитарист болом.

Адинай МАРИПОВА