Баңгизат ташыгандардын аягы суюла элек
26-октябрь күнү чоң көлөмдөгү наркотикалык зат алынып келаткандыгы боюнча маалымат алган милиция кызматкерлери бир катар оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүшкөн соң, Жайыл районунун Көпүрө-Арык айылынан "Мерседес-Бенц С-200" үлгүсүндөгү В7968ВА номерлүү автоунааны токтотушкан. Унааны тинткен учурда 8 кг.483 гр. салмактагы героин табылды. Оперативдүү иликтөөлөр көрсөткөндөй, бул унаа буга чейин да Бишкек-Ош жолу аркылуу көп каттап, наркотик ташып келгендиги белгилүү болууда. Айдоочу Бишкек шаарынын тургуну 48 жаштагы Б.Молдогазиев азыр сурак берүүдө.
26-октябрь күнү Бишкектен Новокузнецк шаарына жөнөп жаткан №398 поезддин №9 вагонундагы 12-купеден милиция кызматкерлери кынаптап катылган 8 кг. 650 гр. гашиш наркозатын таап чыгышты. Аны ким катып, ким ташып жүргөнүн тактоо боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул эми табылып калганы. Россияга каттаган поезддерде мындай баңгизаттары күнү куру эмес катылып, ташылып жатканы эч кимге жаңылык эмес.

Өлтүрүүнү оюнчук кылган эргулдар
24-октябрь күнү ооруканага алынып келинген 40 жаштагы Е.Эрсамиевди Эркиндик бульварынан түн ичинде белгисиз адамдар сабап кетишкен. Жабырлануучунун денеси тамтык жок сабалып, оор абалда. Кылмышка шектүү катары азырынча Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургуну 26 жаштагы М.Кожоев кармалды. Калгандары издөөдө.
Ушул эле күнү батыш автобекетинен түнкү саат 24 чамаларында ооруканага белгисиз адамдардан таяк жеп, өлүп кала жаздаган 32 жаштагы Ж.Эсенов жеткирилди. О.э. Араван районунан 26-октябрь күнү 32 жаштагы А.Кушбеков колго
түштү. Ал Ош-Араван жолунун 11 чакырымынан Мангыт айылынын тургуну 31 жаштагы А.Сакыевди уруша кетип, кулагына бычак урган. Жабырлануучу азыр Ош шаарынын ооруканасында жатат.

Канаданын жаранына бычак такап, тоноп кетишти
25-октябрь түнү Тыныстанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдынан ОБСЕнин президенттик шайлоону өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү болуп келген Канаданын атуулун, 34 жаштагы Стивен Мартинини азиат улутундагы 3 каракчы кармап алып, бычак такашып, 400 евросун, 200 долларын, кредиттик карточкасын, зонтигин, колундагы папкесин документтери менен тоноп алышкан. Каракчылар квартирасынын ачкычтарын да алып кетишкен, азырынча кармала элек.
26-октябрда Тогуз-Торонун Казарман айылынан 15 жаштагы каракчы кармалды. Ал 21-октябрда түнкү саат 02де каракчылык жасоо максатында Бектен көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине кирген. Ал жерден 15 жаштагы Б.Кайбалы уулун бычак менен коркутуп, акча талап кылган. Бирок, арам ою ишке ашпай, өзү качып кетүүгө үлгүргөн. Эми кармалып, көрсөтмө берүүдө.

Кыкеңдердин кыздарынан да рекеттер чыгат
24-октябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан кыз башы менен карактоо жасаган өспүрүм кыздар кармалды. Алар 12 жаштагы Ибрагим кызы Салтанат менен Жаныбек кызы Таалайкүл дегендер. Бу экөө Көлмө конушунун тургуну, №78 мектепте окуган 14 жаштагы А.Исаак кызына күн көрсөтпөй, күнүгө тоноп, ага 3000 сом салык салышкан. Натыйжада, кыздын ата-энеси милицияга кайрылууга аргасыз болушуп, акыры каракчы кыздар кармалды.
Ал эми 26-октябрда ушундай эле каракчылык менен кармалган 17 жаштагы У.Талантбек уулу, Б.Рыскул уулу жана 16 жаштагы А.Жыргалбек уулу дегендер Б.Базарбаевден 1000 сом тоноп алышкан. Учурда башка да кылмыштарынын башы чыгып жатат.

Машине мине качкандар арбыды
Акыркы мезгилде республикада унаа уурдоо кылмыштары уюлдук телефон уурдагандай эле абалга келип жетти. Сокулук районунун тургуну Р.Кенжекулов 24-октябрда үйүнүн короосунан "Ауди-Авто-Юнион" S7091М номерлүү унаасын уурдатса, Кочкор районунан келген Р.Табалдиев Пригородное айылынан "Фольксваген-Пассат" Е6834А номерлүү уунаасын көчөдөн алдырып жиберген. Ош шаарынан С.Полотов "Ниссан-Премьера" S1250А номерлүү машинасын Замир аттуу ууру алып качканын айтууда. 26-октябрда Чүй районунун тургуну А.Абдыралиевдин короосунан "БМВ-520" S2000S номерлүү унаасы уурдалган. Кудай жалгап унаа табылды. Бирок, ууру кармала элек. Ушул айдын 16-октябрында уурдалган "Мазда" табылды. Ууру Ала-Тоо конушунун тургуну 19 жаштагы А.Нуртазим уулу деген экен. Унаа оң абалда ээсине кайтарылды. Аламүдүн айылынан Н.Курманалиевдин "ИЖ-2775" В8106J номерлүү машинасын мине качкан 19 жаштагы Бишкектин тургуну А.Федоров деген да колго түшүрүлдү.

Бакай Кайдакеев