Жаш толкун

Булан, жаш ырчы:
"Сөзүн да, обонун да өзүм жазам"

Шоу-бизнес дүйнөсү күндөн күнгө жаңы ысымдар менен толукталып келет. Булан деген өзгөчө "псевдоним" менен сахна босогосун жаңыдан аттап, аз убакыттын ичинде "Үмүт" аттуу чыгармасы аркылуу күйөрман күткөнгө жетишти. Жаш ырчынын тырмак алды маегине назар салалы.

- Булан, сени менен кененирээк таанышсак?
- Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келгем. Учурда Бишкек шаарынын тургунумун. №68 гимназияны ийгиликтүү аяктап, Кыргыз Улуттук университетиндеги финансы кредит факультетин бүтүрдүм. Колума диплом алсам деле, эмнегедир кесибим менен азырынча иштейин деген оюм жок. Ырчылыкка басым жасоону чечтим.
- Балачактан бери ырчы болом деп кыялдандың беле?
- Бул нерсени кыял деп айтууга болбойт го. Себеби кичинемде ырга деле кызыкчу эмесмин. Бир аз куудулдук өнөрүм бар эле. Үйгө келген-кеткендин баарынын боорун эзип, ар кимди туурай берчүмүн. Ырчылыкка аралашуума бир нерсе себеп болду. Мектепте параллель класста окуган бир жигит бар эле. Абдан жакшы ырдагандыктан, баардык кыздардын көңүл борборунда болчу. Мен дагы кыздарды караткым келип, ырдай баштадым. Чыгармачылыкка жандүйнөң менен кирип кеткенден кийин, андан чыга албай калат экенсиң.
- Азыр көрүүчүдөн ырчы көп. Буга кандай көз караштасың?
- 90-жылдары деле ушундай жагдай болгон. Сахнага чыккысы келгендерди эч ким тыйган эмес. Бирок убакыт баарын таразалап коёт. Мен өзүмө ишенем. Чын жүрөгүмдөн чыккан, кыргыздын улуттук колоритин камтыган, уурдалбаган ырларды элиме тартуулагым келет.
- Уурдалбаган деп калдың, которулган ырларга каршы турбайсыңбы?
- Учурда үч ырым бар. Эки ырымдын сөзү, обону өзүмө таандык. Башка ырчылардан аткарган чыгармамдын автору өзүм болгонум менен өзгөчөлөнсөм керек. Которулуп ырдалган ырларга каршымын. Даяр оокатка көнбөй, акын, обончулар менен иштеген туура.
- Нукура кыргызча абдан жакшы сүйлөйт экенсиң?
- Биздин мектепте "Стар" деген гезит чыкчу. "Эң мыкты ыр саптарын жазганга бир бетти беребиз" деп сынак жарыялашты. Уткан адам ар жума сайын өзүнүн ырлары, жаңылыктары менен толтуруп турмак. Ата-эне жөнүндө ыр жазып, жеңүүчү болуп, журналисттик кесиптин даамын татып калдым. Адабий китептерди окуганды жакшы көрчүмүн. Гезит менин сөз байлыгымды кеңейтти десем жаңылышпайм.
- Сүйүү деңизинде сүзүп жүрөсүңбү?
- 23кө чыктым. Сабак, чыгармачылык, спорт деп жүрүп сүйүүгө убакыт таба элекмин. Жанымда дос кыздарым көп эле жүрөт. Эмнегедир аларга жакшы көңүл бура элек окшойм, бирин да сүйүп кала элекмин. Бир жолу жактыруу сезимине кабылгам. Ал нерсе сүйүүгө чейин жетпеди. Мүнөзүм катаалыраак болгондуктан, талапты катуу койгондуктан болсо керек.
- Ырчылык менен өмүр бою алектенесиңби же кесибиң менен иштейсиңби?
- Кудай буюрса, Бек Борбиевдей чыгармачылыкта өз ордун тапкан салмактуу ырчы болгум келет. Дараметим, мүмкүнчүлүгүм жеткиче кыргыз элиме ырларымды тартуулай бермекчимин.
- Тилегиңе жет!




Сапар ЭРКЕБАЕВ, ырчы:
"Эки жыл орус кыз менен сүйлөшүп жүрдүм"

"Атага кат" деген ырды аткарып чыгып, далайлардын көзүнө жаш тегереткен эки жигиттин бири дин жолуна түшүп, чыгармачылыктан алыстап кетсе, экинчиси дагы да болсо жагымдуу чыгармаларын кыргыз элине тартуулап келет. Бир канча тыныгуудан соң, кайра сахнага жаркырап чыга келген Сапар Эркебаевди кепке тарттык.

- Продюсериң Дана: "Сапар мурдагыдан токтоо, жоопкерчиликтүү болуп калыптыр" деди...
- Токтолуп калганым, 29дун тамагын жей баштадым да. Мурда Дана эже менен иштешип жүргөндө 23 жашта элем. Азыр болсо жылдар өтүп, жашоого башкача көз караш менен карап калгандыктан, ар бир жасаган жумушума жоопкерчилик менен мамиле жасап, азыраак уктап, көп иштеп калдым.
- Мурдагы жубайыңдан кызың бар экенин билебиз. Кызыңа каралашып турасыңбы?
- Ар жуманын жума күнү кызым меникинде болот. Бала бакчасынын акчасын төлөп, кийимдерин алып берип, болушунча каралашып турам. Кызым мага аябай жакын. Жубайым менен аябай катуу деле урушуп ажырашкан эмеспиз. Бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасайбыз. Бизди ортодогу кызыбыз гана байланыштырат. Кээде кызым менин үйүмдө калгысы келет. Анда апасына телефон чалып айтып коёбуз.
- Сүйүп баш коштуң беле?
- Жок.
- Ата-энеңдин сунушу мененби?
- Жок.
- Мырзалар көпкө бойдок жүрө албайт эмеспи, жүрөктүн ээсин тапканга жетиштиңби?
- Жүрөгүмдүн ээси бар. Ал тууралуу кененирээк маалымат бербей турайын. Кудай буюрса, тойдон жолугушабыз.
- Кыздарга талапты катуу коёсуңбу?
- Чачы кыска болсо, кыска болсун. Сулуулугуна деле карабай калдым. Мен бир турмушту көрүп калгандан кийин, эң негизгиси акылына карайм. Чырайы мен үчүн маанилүү деле эмес.
- Мейманканага чакырган күйөрмандарың көп деп уктук эле?
- Андай аша чапкан күйөрман кыздар жок эмес. Бирок кыздардын мага ырчы катары мамиле кылгандары жакпайт. Ошондуктан дээрлик орус кыздар менен жакын мамиледе болгон жагат. Себеби, алар мага ырчы катары эмес, жөнөкөй адамдай мамиле кылышат. Эки жыл орус кыз менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Ал менин ырчы экенимди билчү эмес. Бир күнү теледен клибимди көрүп калып "сен ырчы турбайсыңбы?" деп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир топ убакыт өткөндөн кийин билди.
- Айжамал Кабылова менен кандайча дуэт ырдап калдың?
- Айжамал Москвадан келип, Кенже Дүйшеева экөө "ырлар барбы?" деп менин студияма келишти. "АГК" тобуна ыр бердим. Бир маалда "Айжамал менен дуэт ырдабайсыңбы?" деп Кенже эже айтып калды. Мен дароо эле макул болуп, ыр издей баштадык. "Күттүм сенини" жактырып, ырдын автору Болот Токтобаевден сурасак, уруксат берген. Музыкасын жаңыча вариантта жазып баштагам. Бир күнү Кенже эже: "Болот байке кайра бербейм деп атат" деди. Баарыбыз тең кайра-кайра сурап атып, көндүрдүк.
- Клиптин идеясы кимге таандык?
- Башында үн жаздырганда Айжамалга өзүнүн ырдаганы жакпай калган. Анткени ал Москвага шашып, бир дубль менен ырдап кеткен. А мен ыр даяр болгондо интернет аркылуу Айжамалга салып жибердим. Эгер ырды эл жакшы кабыл алса, анда клип тарталы дегенбиз. Сайттагы комментарийлерди карасак, көбүнө жагыптыр. Анан Айжамал Москвадан, мен Кыргызстандандан клип тартмай болдук. Алгач эки шаарды тарталы дегенбиз. Бирок Москванын алдында биздики мындай эле болуп калбасын деп, кыргыздын кооз жерлеринин бири Апшыратадан суунун жээгинде, Ноокаттагы чөлдө тарттым. Күз менен кышты клипке кошуш керек эле. Карды табыш аябай кыйын болду. Төө-Ашууга барсак, кар аз эле экен. Бирок, кийин монтаждаган соң, баары ойдогудай болду.
- Шоу-бизнесте атаандашың барбы?
- Досум Замир Мырза экөөбүз тамашалашып дайым бири-бирибизге атаандаша беребиз. Замир сонун, сапаттуу клиптерди тартам деп, Астанага барып, эң кооз жерлерди тартып келди. Мен кыргыздын эле сонун жерлерин сенин клибиңден мыкты кылып тартам деп "Күттүм сенини" тарттык. Кудайга шүгүр, көрүүчүлөрдөн жакшы пикирлерди угуп жатабыз. Эми болсо Замир Дубайдан клип тартам десе, мен асмандан вертолет менен тартам дедим.
- Мурдагындан бир топ арыктапсың, кантип толуп кеттиң эле?
- Биринчиден, толо турган убак келди. Экинчиден, мурда мынчалык табитим жок болчу. Акыркы күндөрү майлуу тамактарды, камырды токтобостон жей берчү болгом. Менин жакын досторумдун баары толук. Алардын номерин Чанач 1, Чанач 2 деп телефонума сактап койгом. "Күлгөнгө күлө жетем" деген чын экен. Өзүм кантип Чанач болгонумду байкабай калдым. Бир күнү сахнага кийгенге костюм алганы дүкөнгө барсам, үстүн кийсем, сонун жарашып, шымды кийсем белим батпай калды. Сатуучу кыз: "Сиз стандарт эмес экенсиз" деди. Ушул сөзүнөн кийин аябай уялдым. Анан спорт менен машыгып, тамакты тыйып, диетага отурганга туура келди. Учурда жеңил салаттарды, сууга бышкан күрүчтү гана жеп атам.
- Мурдагы шеригиң Артык Саитов менен байланышып турасыңбы?
- Артык аке менен мамилем абдан жакшы. Аранжировщиктер тез-тез жолугуп, аш жеп турабыз. Ошондо Артык аке келип турат. Азыр 5 маал намаз окуп, дин жолуна түшүп, ыр дүйнөсүнөн алыстап кетти. Дос-тааныштарым мага телефон чалып: "Сапар кандай, мени тааныдыңбы?" дешет, жок десем, "бул мен - Артык" деп тамашалай беришет. Мындай учурлар абдан көп болгон. Бир күнү телефонума бирөө чалды. Алсам, "мен - Артыкмын" дейт. Сөгүп-кагып эле, "тамашаңарды койбойсуңарбы, тажатып ийдиңер" деп трубканы коюп салдым. Кайра чалып, "Ээ, үка, мен Артык шеригиң" деди. Бир убакытка чейин каткырып, "көбү сиздин атыңыздан чалып, прикол кыла беришет" деп түшүндүрдүм.
- " Жылдыз " оорусуна чалдыккансыңбы?
- Бул ооруга чалдыкпасам деле, көбүнөн "өзүңчө "звезда" болуп кетипсиң" деген сөздү көп угам. Көптөн бери учурашпай, сүйлөшпөй жүргөндөр тоюна бир-эки күн калганда, "кандайсың, жакшысыңбы, келбейсиңби чай ичели" деп телефон чалышат. Макул деп чай ичкени барсаң, "эртең тоюм бар эле" дей башташат. Андайда "кечирип кой, мен эртең Ошко же Бишкекке кетем" деп коём. Эки жүздүү болбош керек. Ошол эле адамдарды мага жардам керек болгондо таппай калам. Керек болсо, менин жакын досторум тойлоруна чакырып, бир аз болсо да "чай ичип кой" деп тыйын-тыпыр чыгарып беришет.

Адинай МАРИПОВА