Айымай

Анжеликадан ак шөкүлө

Ырчы кыз Анжелика мындан 5 жыл мурда "Айым-стиль" сулуулук салонун ачкан. Быйыл ал дагы бир кирешенин ээси болуп отурат. Тагыраак айтканда, болочоктогу келинчектерге арнап тигилген үйлөнүү үлпөт салонун ачты. Салондун ачылыш аземи 23-сентябрда болду. Көйнөктөргө кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлүп, шөкүлөсү менен ижарага берилет. Болочок келиндерге гана эмес, тойго катышкан кайненелерге, жеңелерге, курбу кыздарга да арналып тигилген көйнөктөр бaр. Кыскасы, эми Анжеликанын колунан боенуп гана тим болбостон, анын колунан кийинүү мүмкүнчүлүгүңүз бар, урматтуу айымдар. Андан да үлпөт көйнөгүн ижарага алгандар, сулуулук салонунан макияж, чач жасалгасын бекер пайдалана алат экенсиздер.




  Чийме каш

Жылдыз Камчыбекова:
"Кыргыздын кыздары күндөн күнгө сулуу болуп баратат"
- Жылдыз, моделдик кесипке качан кызыга баштагансың?
- Мектепте окуп жүргөндө чачым кара, боюм узун кыз болчумун. Бирок боюмдун узундугунан кысына берчүмүн. Мени продюсерлер "клипке тартыл, моделдик агенттикке кел" деп чакыра беришчү, автобус, маршруткалардан көрүп. Анда бул тармак боюнча көп деле түшүнүгүм жок болгондуктан, этибар алчу эмесмин. Бир күнү орус курбум бир кастингге чогуу баруусун өтүндү. Кастинг КТРде болуп атыптыр. Ошол жерде көп кыздардын арасында жүргөн бир кыз "бизге окууга кел" деп чакырды. Ал моделдик окуу экен. Ошентип дефилени, боенгонду, чач жасаганды, адам менен баарлашканды үйрөндүм. Ошондо 16 жашымда баштаптырмын. Азыр апам "ии, боюм узун деп ыйлачу элең, эми узарта албай атасың го кайра" деп күлүп калат.
- Дароо эле көнүшүп кеттиңби?
- Биринчи окуп жүргөндө көп деле оорчулуктары билинген эмес. Мен андан ары улантып, иштеп кетем деп деле ойлогон эмесмин. Жогорку окуу жайга тапшырып, аны менен алек болуп, моделдик окуум экинчи планда болчу. Бир курдай орус курбум Нурлан Мамакеевдин продюсердик борбору "Famous" аттуу моделдик агенттикке кыздарга кастинг жарыялаганын айтып калды. Барсак, толтура бою узун-узун кыздар жүрөт. Ошондо биринчи жолу бою узун кыздар көп чогулган жерди көргөм. Курбум экөөбүз тең кастингден өтүп кеттик. Моделдик жумушум ошол жерден башталды. Менде уюштуруучулук жөндөм да бар экен. Мамакеевдин борборунда промуотер болуп иштедим. Андан кийин "Хевен Гранд" түнкү клубунда пиар-менеджер болуп иштеп жүрдүм. Ал жак моделдердин экинчи үйү болуп калган. Анткени мен кандай иш-чара болбосун моделдерди аралаштыра берчүмүн. Кардарлар дагы модель кыздарга кызыгып көп келишчү. "Мисс Кыргызстан -2011" сулуулук сынагынын кастингги да ошол жерден өткөн.
Башта "Famous" менен бир жылдык контракт менен иштегем. Жаман жери - контракт менен иштесең, бир жерге байланып каласың. А моделдер 23 жашында эле картая башташат дебейинби. Азыр мен 21 жаштамын. Андыктан, мүмкүнчүлүк барда иштеп алайын деп эч бир агенттик менен келишим түзбөй, эркинмин.
- Келечекте кайсы кесиптин ээси болосуң?
- Славян университетинин эл аралык байланыш факультетинде билим алып жатам. Учурда 4-курсмун. Келечекте дипломат болуп иштейм деп жүрөм. Англис тилин 70 пайыз өздөштүргөм.
- Үйүңдөгүлөр"подиумга чыкпай, окубайсыңбы?" деп нааразы болушпайбы? Аларга да азыркы кесибиң жагабы дегеним?...
- Үч бир тууганмын. Менден кийинки сиңдим да моделдик кесип менен алектенет. Экөөбүздү байкебиз ушул убакка чейин түшүнбөй уруша берет. Атам дагы түшүнчү эмес. Бирок, быйыл 9- сентябрда өткөн "Сулуулук күнүнө" арналган иш-чарага көрүүчү катары барып, сиңдим экөөбүздүн подиумга чыкканыбызды сахнадан көрүп сыймыктанып келди. Андан пайдаланып сиңдим "кайда эле жүрөсүңөр деп урушасыз, мына ушинтип жүрөбүз" деп атпайбы. Чындыгында кайсы эркекке бул жаксын. Менин жигитим да модель болуп иштешиме каршы.
- Жигитиң менен үйлөнүү тууралуу планыңар барбы?
- Жигитим корей улутунан. Сүйлөшкөнүбүзгө жарым жылдай болду. Ата-энеси кыргызча салтка ылайык куда түшүп коюшту. Жакында үйлөнгөнү жатабыз. Мен деле бул тереңдеп кетет деп ойлогон эмесмин. Апам да "корей болсо, кыргызча билбесе" деп жаңы таанышканда жактырган эмес. Ал болсо болгон аракетин салып, кыргызча сүйлөгөндү үйрөндү. Славян университетинде экономикалык факультетте окуйт. Өзүнүн рестораны, сулуулук салону бар. Корейлердин негизи бойлору кичине келет го, кудай жалгап менин жигитимдин бою узун.
- Азыр ар бир экинчи кыз "моделмин" деп айтып калышты. Чындыгында эле бизде сулуу кыздар көппү же кыздардын амбициясы күчпү? Сенин оюң кандай?
- Чын айтасыз. Мисалы, менин моделдик агенттигим болсо, бойлору 174 төн өйдө тандамакмын. Моделдер таарынбай эле койсун, бирок чындыгында бизде өзүн "модель" сезгендер көп. А өздөрү дефиле, мейк-ап деген сөз не экенин билишпейт. Профессионализм жок. Өзгөчө жаңы чыгып келаткан дизайнер-модельерлер курбусун, таанышын эле алып келип, көйнөгүн кийгизип, подиумга чыгарып жиберишет. Алар муну менен жалпы Кыргызстандагы моделдердин деңгээлин түшүрүп жатышат. Бул биринчи жагы. Ал эми сиз сурагандай чындыгында азыр кыргыздын кыздары күндөн-күнгө сулуу болуп баратышат. Тагыраак айтканда, алар өздөрүн караганга үйрөнүштү. Казактын кыздарын сулуу дей беребиз го. Алар болгону өздөрүн караганды билишет. Буюрса, биз ушул нукта кетип баратабыз. Ал эми кыргыздын кыздарында нукура сулуулук ар биринде бар. Германиядан келген бир чет элдик киши айтып атпайбы: "Cилердин кыздар абдан сулуу экен, көзүм жайнап эле калды. Бизде аялдарга караганда эркектерибиз өздөрүн жакшы алып жүрүшөт" деп.
- Чачыңа карата ар кандай сөз укпайсыңбы?
- Бир жолу ырчы Бактыгүл Бадыева "улуттук көйнөктөрдүн көргөзмөсү кылам" - деп кыздарды тандай баштады. Мен кастингден өтпөй калдым. Өзүмдү аябай жаман сездим. Кийин өзү айтып атпайбы, "кара чачтуу кыздар керек болчу" деп. Ошондон кийин комплекс пайда болуп, "улуттук кийимдердин коллекциясы болот" дегенде эле кастингге катышкым келбейт. Моделдердин арасында мени "Жылдыза-блондинка" деп
таанышат. Кээ бири "карага бое" деп айтышат, а кээ бири болсо, "сен ушул чачың менен айырмаланып турасың" дешет. А жеке өзүмө ушундай сары чач менен жүргөнүм жагат.

Мира Табылганова