Жүрөлүчү жүрөк оорутпай?! Келгилечи СМСчилер, мындан ары сын пикирди азайтып, бири-бирибизге жылуу сөз, сүйүү арнайлык. Жыргап сүйүшөлүк...

8534. Президенттик тактыга А.Мадумаров татыктуу. Алла-Таалам колдосун!
4984 абоненти

8535. "Ата Мекен", "Акшумкар", "Республика", СДПК - булар айла жоктон бирикти. Атамбаевден башкасы келсе, былтыркы иштер тууралуу көп былыктары чыгат.
4984 абоненти

8536. 1690 абоненти, сен Ат-Башы элине сөз тийгизбе. "А.Мадумаров 4 пансионатты, Каркыраны казактарга саткан" дептирсиң. Сен ошондо жанында жүрдүң беле? Жөн жүр, ал сенин атаңдын же сенин жериңди саткан жери жок.
Ат-Башы

8537. "Эркек эмессин" деп Бакиевди соккон ким? Ал чыныгы эркек Ө.Текебаев! Кыргызстанды ушу киши гана оңдомок.
4896 абоненти

8538. Адахандын бир сапаты же өнөрү мага жакты. Калп айтканды жакшы өздөштүрүптүр. Адахандын сүйлөгөнү мага кичинекей бала сүйлөгөндөй эле сезилет. Өткөндө Ат-Башыга келгенде ансыз деле аз чогулган эл анын калптарына көңүл деле бурган жок. Менин колумда бийлик болгондо, Адаханды шайлоого жеткирбей эле коймокмун.
Жолой, Ат-Башы

8539. "Дүйнөдө майда эл жок. Элдин улуулугу анын санына карабайт, ошондой эле адамдын улуулугу анын боюна же жашына жараша болбойт". (Гюго)
5377 абоненти

8540. Атамбаев, айтыңызчы, эгер сиз патриот болсоңуз, элдин алдына К.Батыров баш болгон өзбектерди кармап, жазасын бергенге духуңуз жетеби же жетпейби?.. Мен сиздин ордуңузда болсом, согуш баштагандардын таенесинин тоюн көрсөтмөкмүн. Элдин алдында жүзүм жарык болмок. Шайлоодо эл мени гана колдомок!
8182 абоненти

8541. Ат-Башылык, нарындык, кочкорлук туугандар, ажо силерге жол куруп, көпүрө салып бербейт. Ал эң алды элдин коопсуздугун камсыз кылат. Атамбаевдин шалаакылыгынан Түштүктө кан төгүүлөр, кыйроолор болду. Бул трагедияны Түштүк эли башынан өткөрүп жатышат. Парадокс, силерге жол, көпүрө. Ал эми Түштүккө биринчи кезекте коопсуздук керек. Атамбаев Түндүккө жол, көпүрө курбады, Түштүктүн коопсуздугун сактай албады.
Али

8542. "Эгер азыр барсам, чыгасыңбы?" деген суроом жоопсуз калды. СМСти кайра жибердим, кайрадан жооп берген жок. А мен жүрөгүмдү оорутпастан, түндүн таттуу уйкусуна кеттим. Өңүмдө жолукпаганым менен, түшүмдө жолуктук. Сени сүйөрүмдү, жактырарымды мөлтүрөгөн жүзүңдү аймалап атып, айтып алдым. Алмадай тырсыйган төшүңө денем дүүлүгүп, жүрөгүмдүн дүкүлдөп соккон дабышынан ойгонуп кеттим. Жаздыктын алдындагы соткамды карадым. Сенден кат келиптир. "Мен сени сүйөм, кеч болуп калды. Мени ала качып кетишти. Молдо никебизди азыр эле кыйды. Кош, менин жаштыгым, кош, менин сүйүүм!.." деп кат жөнөтүптүрсүң. А мен жооп жаза албадым...
0005 абоненти

8543. Жогорку окуу жайларда сабак орусча болуп, кыргыз улан-кыздары окууларынан кыйналышууда. Муну эл шайлаган депутаттар деле ойлошкон жок. Булар акча, машина, квартира алганды гана ойлошот экен. Жаштардын жүрүм-туруму, билим алуусу, келечеги тууралуу бийлик талашкан талапкерлер да ооз ачышпайт. Алар бийликти гана алууну көздөп жатышат.
Текелди, Талас

8544. Атамбаев, согушту баштаган ким? Эми "президент болом" дейсиң. Өтпөйсүң. Сен буга ишен, күйдүргү!
2680 абоненти

8545. Сени сыйладым эле, Назка! Түшүнбөдүң, капа болбо, жашоодон көп жаңылат окшойсуң.
Жигит

8546. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?" дегендей, шайлоо алдында талапкерлер убада беришсе баары жакшы. Шайлоо өткөндөн кийин эле эл байкуш - "кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек" болуп калат.
Кадыр аке

8547. "Учур" гезитинин эмгек жамаатына ийгилик каалайм. Сиздердин гезитиңиздерди калтырбай окуйм. "Апрель баатыры" деген ким өзү? Сен өзүңдү "баатырмын" деп жүрөсүң. "Баатыр" деген кандай болот, билесиңби? Ал элин, жерин коргогон, кыргыз үчүн кан-жанын берген баатыр! 100 грамм арак ичип алып, магазиндерди тоногон баатыр эмес, билип ал!
2992 абоненти

8548. Баргы деген абоненттин "патриот" деп ким айтты?! Ал патриот боло албайт. Койнундагы котур ташы барлардын көздөрү көр, кулактары дүлөй болушат.
2121 абоненти

8549. "Бийлиги барлардын күнөөсүн анын кол астындагыларга жүктөөгө болбойт. Эмне дегенде бийлик кээде каракчылардын колуна тийип калышы ыктымал. Эл эч качан каракчылыкка барбайт". (Гюго)
5377 абоненти

8550. Нарындык, көлдүк, таластык, чүйлүк туугандар, силер Атамбаевди "жол оңдоп бер, көпүрө салып бер, мектеп куруп бер" деп жатасыңар. Бул ажонун иши эмес. Эгер шайланбай калса, башбакан катары ошолорду аткарат. Андыктан, ошону каалайсыңарбы? Өзүңөр чечкиле.
Али
8551. Таластан Бишкекке такси 400 сом алды. Кайта Таласка кетүү үчүн Бишкек вокзалына келсем, "Таласка такси 600 сом" дешти. Тобоо, бир эле күндүн ичинде жол кире 200 сомго кымбаттаптыр. Ойлонот экенсиң, мен го эптеп кетип калам. Ал эми студент байкуш кантет? Үйүмө барам деген 400 сому жетпей калса. Эми баа бул эле бойдон токтоп турбаса керек, дагы өсүп отуруп 1000 сомго жетет. Окуу жайдагылар каникулга тараганда, байкуштардын чөнтөгүн таксисттер аңдышат. Ал эми чөнтөк аңдыганды ким үйрөттү болду экен, бийликпи?..
2680 абоненти

8552. Б.Кайдакеев, "гобенгуттар" деген ким, кайда жашайт, сенин кыялыңдабы?..
3018 абоненти

8553. 8360 абоненти, Курчу, силерге айтарым: Ошол апрелдеги согушту ким жарыялап, адамдарды ким өлтүрткөнүн биринчи кезекте билип ал. Тарыхтын баатырлары болгон УБнын айбандык иштери. Июнь окуясын да баштаган айбандар ошолор. Адахан менен Камчынын тырмагына арзыбайсыңар!
Омка

8554. Балдар менен достошом, 1998-жылы төрөлгөм. Атым Элнура.
Тел: 0779-54-76-58

8555. Бийлик "предпринимателдерге тийбейбиз" дебеди беле? Азыр алар шайлоого жакындаган сайын бомбить этпеген фирма, базар, дүкөн ж.б. калган жок.
Патриот kg

8556. 5765 абоненти, өзүңдүн көзүң жумулган го? Мадумаровдун улуту кыргыз, аялы казак болуп, сени эмне батырбай жатабы? Адахан, алга!
1907 абоненти

8557. Меке, сага айтарым, сенин мурдуңа эч ким зар эмес. Ташиев, Мадумаровду башкаларга салыштырганда пил менен чымындай айырмасы бар.
1907 абоненти

8558. Атамбаев ажо болсо, мурунку акчалуу чиновниктер кресло бөлүшөбү? Эч нерсе өзгөрбөйт. Ал эми Мадумаров келсе, жаштар жана жаңы кадрлар келет, өлкөбүз өзгөрөт.
Улукбек, Чоң-Алай

8559. М.Садыркуловдун өлүмүн уюштургандарды бүтүн Кыргызстан билип, ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаров билбей, туйбай калганы кандай? Же өзүнүн кылмышка катыштыгы бар, же болбосо Коопкеңешти "Бүтүн Кыргызстандын" коопсуздугуна түкүргөн адам башкарган.
Шер

8560. Марат Иманкуловду кантип Коопсуздук комитетинин биринчи орун басары кылып дайындап, генерал чинин берген? Сүйлөгөнү, бет мимикалары прапорщикке окшош го? Же кыргыздын генералы орустардын прапорщик деңгээлине тетеби? Исакову төш болуп...
Шер

8561. Сен Нарын эли үчүн жооп бербе, кааласаң Атамбаевиңди өзүң шайла. Ташиев кыргызга керек жигит.
8182 абоненти

8562. Адахандын саясый маданияты барбы? Же элди колхоз деп атабы? Көп түш көргөн адам ушундай кыялкеч болуп калабы?
7296 абоненти

8563. Оторбаев менен Сүйүмалиева деген алпаруучулар Адаханды элге жаман көрсөтөм деп аракет кылбай эле койгула. Адахан эл уулу, аны эл колдойт. Силердей эмес. Просто кыжырды келтиресиңер.
Агент 007

8564. Парламенттик өлкө болсок, бардык ыйгарым укуктар Өкмөт башчыга жүктөлсө керек. Анда эмнеге Атамбаев президенттикке умтулуп жатат? Экс-президент макамын алып, апрель жана июнь окуялары үчүн жооп берүүдөн кутулуунун амалыбы?
Кара Саадак

8565. Урматтуу Камчы Ташиев! Сизди 18-октябрдагы теледебаттан көрүп, сизге эскертип койгум келет. К.Оторбаев менен Д.Сүйүмалиеваны коркутпаңыз. Эсиңизге келиңиз. КТРК - бул "Ата-Журт" эмес. Сиздин деңгээл менен президент эмес, райондун акими болуп иштей албайсыз. Этият болуңузчу!
3376 абоненти

8566. Акайычты Аксы, Бакыйды Талас аттандыргандай, Алмазды Өзгөн өзү эле аттандырып коет окшойт!
Касатка

8567. Суваналиев президент болсо, заман оңолот! Тартип орноп, жеп-ичкендер жоголот!
Мыкы

8568. Жарайсың, Адахан! Такшалган саясатчы, журналист, жүрөгү таза адам катары суроосун жөндөп бере албаган журналист болумуш болгон Кубат менен Динаранын суроолоруна сынбастан, такалбастан жооп бердиң. Дагы бир жолу жарайсың!
1615 абоненти

8569. Бакиевдин үйүндөгү кыргыз элинин туусун өрттөгөн Кадыржанга наалат! Текебаевдин инисине эки жолу наалат! "Ата-Мекендин" кепкасын кийген
балдарды жибергени үчүн Ө.Текебаевдин өзүнө да кейийбиз.
5898 абоненти

8570. Кыргыз экономикасын биздин жерден чыккан алтын кендери эле көтөрүп коет. Адахан Кимсанбаевич, ошону катуу контролго алыңызчы, президент болгондон кийин.
5898 абоненти
8571. Кубат менен Динара, силер АШАнын камчысын чаап атасыңарбы? Ошончолук эле кыйын экенсиңер, Адахан менен Алмазды теледебатка чакыргыла. Менимче Адахан мырза утат. Адахан, алга!
Агент 007

8572. Талапкерлердин баары мурунку бийлик менен иштешкендер экен. Арстанбек Алайдан башкасы. Булар бийликке келсе чатак чыгат го? Мисалы, Алмаз Атамбаев президент болсо, Түштүктө нааразычылык болушу мүмкүн. Ал эми Ташиев же Мадумаров жеңсе, анда
нааразы тарап митингге чыгат. Кырдаал кыйын болуп турат. Ошондуктан менин пикирим, эл чуу-чатагы жок эле Арстан Алайды президент кылып шайлап алсак дейм да. Эгерде кийин жакпай калса, кетиргенге жеңил болот эле.
Текелди, Талас

8573. Сүйүү деген сезим экен бир келген, бүт өмүрдүн маанисине тең келген...
Мукаш Ырсалиев

8574. Урматтуу К.Ташиев, сиздин Ысык-Көлдөгү үгүтчүлөрүңүз элге акча таратып жүрүшөт. Акча менен элди алдай албайсыз го? Дагы бир сизге кеңеш, калпты көп айтпай жүрүңүзчү. Бүгүн бирдеме деп коюп эле, эртеси "мен айткан жокмун" деп чыга келесиз. Намыс барбы сизде?
Көлдүк иниңиз

8575. Бизге анткор президент керек эмес! Айткан сөзүн танган. Ташиевге тиешелүү дегеним...
2121 абоненти

8576. Бийликтегилер кайсы арыңарга мактанып жатасыңар? "Сыртка кеткен биздин жарандар кыргыз элин багып жатат. Миллиарддаган акча которуп" деп. Ошол биздин жарандар кандай кордук менен иштеп жүргөнүн билесиңерби? Андан көрөк биздин элди сыртка чыгарбай, жергебизге завод-фабрика куруп, жумуш менен камсыз кылсаңар сонун болмок да.
Бизде казино курганга машпыз. Аз күндө кары-картаңдарды, бала-бакчадагы балдарды башкарып калбасаңар болду.
Руслан

8577. Президенттикке эки эле татыктуу адам бар. Арстанбек Абдылдаев менен Темирбек Асанов. Булар Акаев, Бакиевдин камчыларын чапкан жок. Өзүнүн мээнеттери менен ушундай даражага келишкен. Калгандары аман эле болсун.
Руслан

8578. "Качып кеткендер акча которсо, "жыргатам" деп кыйкыра бер". "Кымырып алган акчасы бардын кыйкырыгы катуу чыгат". "Падыша болуп качып кетсең, пайданы "сени алып келебиз" дегендер көрөт". "Арам акчасы бардын ачуусу чукул". "Жакшы ажо болом дегендер жакшы адам болдумбу (?) дешпейт экен".
Максат, Ат-Башы

8579. УБ мүчөлөрү, силер кантип Алладан коркпой жашап жүрөсүңөр?! Жакында баары ачыкка чыгат. Силер жазага тартыласыңар!
Омка

8580. Майрамкан Абылкасымова туура эмес интервью бериптир. "Чүйлүктөр ынтымактуу болгула"
дегенден көрө, "кыргыздар ынтымактуу бололу" десе жарашмак. Аксакал карыяларыбыз бөлүнсө, жаштар кайда барат?
5898 абоненти

8581. Биздин жарандык паспортубузга "улуту" деген графага "кыргызстандык" деп жазабыз деген билерман аткаминерлерибиз бул кыргыз элинин жети атасына чейин кечирилгис душмандары. Себеби, биздин мамлекетибиздин мыйзамдуу аталышы "Кыргыз Республикасы" деп турат. Япония, Германия, Россия, Кытай, Корея, Австралия сыяктуу. Көчөгө чыгып, президенттикке ат салышкан кээ бир талапкерлердин жарнамаларына көз салып көрсөңөр. "Кыргызстан", "Кыргызстан" деп, өлкөбүздүн мыйзамдуу атын булгашып, жөөттөрдүн программасынын жоболорун аткарышууда! Бул эмне деген шумдук? Жок дегенде паспортуңардын сыртын бир карап койсоңор, урматтуу болочоктогу Кыргыз мамлекетинин президенттери!
Мукаш Ырсалиев

8582. Отунбаеваны Батыров менен Ош окуясынын алдында кыргыздарды жок кылуу боюнча чогулуштун негизги катышуучусу болгон Фаттаховго орден бергендигин бул жана аркы дүйнөдө дагы шейит кеткендердин арбагы кечирбейт Аны чыныгы баатыр Ташиевге берүүгө ичи тарыйбы?
Баргы

8583. Эй, БШК! Кайсы кыргыз шайлоого катышам деп паспортун копиялатып, арыз жазып убара тартчу эле? Башканы айтпайлы, туруктуу жашагандардын 60-70 пайызы шайлоого катышпай калышы мүмкүн. Анан кайдагы 2 млн. 800 миңди айтып жатасыңар? КРда көп болсо 1,5 млн. шайлоочу бар да.
Козу

8584. Суваналиев же Жекшенкулов президент болсо, Кыргызстан өнүгөт эле.
Бакен

8585. Ташиев менен Мадумаровду жаман көргөндөр көзүңөрдү ачкылачы, сураныч! Алга, Ташиев, Мадумаров!
Өмүрка

8586. Балдар менен таанышам. Атым Айпери.
Тел: 0773-83-93-93

8587. Атамбаев, кыргыз эли сени менен! Башкалары жарабайт. Алар эки жүздүү түлкүлөр. Адаханга ишенген кийин өкүнүп каласыңар, эсиңерге келгиле!
Курчу

8588. Ташиев, сенин бетиң бет эмес эле бетон экен. "Адахандан айырмам Бакиевден акча албайм" деп айтып, бүгүн болсо башканы айтып жатасың. Деги ушундай кишилерге өлкөнү башкартса болобу?
3354 абоненти

8589. Адахан аке, эмне мынча жаныңызга күч келип жатат? Алдагандын да жөнү, себеби болот. Сизде андай неме жок окшойт. Же сизди угуп отурган элдин баары келесоо деп ойлойсузбу? Антсеңиз, абдан жаңыласыз. Элдин да чыдамы түгөнүп баратат. Сизге эскертүү катары айттым, кап этпеңиз!
6571 абоненти

8590. Мургаб районунун кыргыздары толугу менен Адаханды колдойбуз. Президенттикке сендей адам керек!
Памир

8591. Таза кыргыз, патриот Ташиевди эле колдоп албайлыбы?
Баргы

8592. Урматтуу президент, өкмөт башчылары, ЖКнын депутаттары, сиздер качан кредитти жөнгө салып мыйзам чыгарасыңар?! Азыркы мөөнөтү кыска кредит карапайым адамга эч ыңгайсыз экен. Кредитти кенен-кесир иштете албай, эмки айдан баштап төлөй баштайсың. Муктаж болуп жаткан адамга мөөнөтү узак кредит мыйзамын чыгарып берсеңер жакшы болгону турат. Качан элди ойлойсуңар?
0967 абоненти

8593. Самат, сен өзүң "сарт" дегенди токтот! Кыргыздар сарт, киргиз, өпкө ж.б. деп бөлүшкөнүңөрдү токтоткула! Биз кыргызбыз. Ушундай бөлүнүп-жарылганды көргөн башка улуттар мойнуңарга минип, пайдаланып атышат. А сага окшогондор андайды баамдашпайт. Мисалы, сен башка улутка "сарт" деген сөз айтып тийише аласыңбы? Жок. Анттиң дегиче өпкөңдү үзүп, колуңа карматат.
Алай

8594. Айыл өкмөттөр! Туура иштегиле, "Атамбаевге добуш бергиле" деп элди ээрчитпегиле. Мындай ишиңер жарабайт. Эгер Атамбаев өтүп кетсе, анын президенттигин эл тааныбай калышы мүмкүн. Мунун жаман жагы бар. Атамбаевге өзүнүн достору оппозицияга чыгып, тирешүү күчөп кетет. Элдин ынтымагы бузулат. Ошон үчүн айыл өкмөттөр калыс болуп, баарына тегиз карагыла. Элде кайдыгер, илең-салаң көп. Албетте, аларды алдап же коркутуп добушун пайдаланса, ким да болбосун президент болуп калат. Жаман көрбөгүлө. Туура, так иштегиле!
Илбирс
8595. Мырка кыздар чалбагыла, сулуулар менен таанышам, атым Жику.
0777300505

8596. Отунбаева, Бабанов, Казакбаев, Сариев ж.б. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевге чуркап жүрүшөт. Эгер Атамбаев шайлоодон жеңилип калса, булардын шору шорподой кайнайт. Булар аны жакшы билет. Бакиевдерден эч айырмасы жок калды. Курулай сөз бергенден башка, колдорунан такыр алгылыктуу иш келбей калганын көрүп эле жатабыз!
1184 абоненти

8597. Еврейский шовинизм - это есть фашизм!!!
Улутман

8598. Азыр премьер-министр күчтүү бийлик болсо, а Атамбаев эмнеге ажолукка аттанды? Себеби, Ташиев ажо болуп калса, мастан кемпир баш болгон жез тырмактардын кылмыштары ачылат. Ошондуктан ажолукка аттанды. А Ташиев менен Мадумаров бириккендин ордуна бири-бирин жешүүдө.
Баргы

8599. Кыргызстандын шайлоочулары! Президенттикке талапкерлердин берип жаткан акчасы бекер эмес. Кредитке берип жатат. Кимиси өтүп кетсе, кийин ашыгы менен төлөтүп алат. Ошон үчүн албай туруп тазасын шайлаш керек!
Чынгыз

8600. Адахандын "40 жыл биз башкарып, Түндүк элине таман жалатабыз" деген сөзүн тастыкталса, анда шору кайнайт!
Жаачы

8601. Эл сүйгөн "Учур" гезити, биринчи бетиңерге кыргыздын сулуу кыздарынын жарым жылаңач сүрөттөрүн чыгарбай эле койгулачы. Ансыз деле гезитиңер өтөт. Балдарыбыздан уялып, бекитип окуп атабыз. Моралдык жакка да көңүл бөлүп койгула.
Бекенов

8602. Урматтуу айрым СМСчилер! Мен силерге таңгалам. Эмне мынча бириңе-бириң катуу сөз айтып күнөкөр болосуңар? Силердин күнөөңөрдү кийин ажо болчулар бирге тартпайт, өзүңөр эле тартасыңар. Силердин жазган СМСти окуп, айла жоктон баш чайкайм. Сиздерди карап, башка улуттар кытмыр күлүп карап турат.
5353 абоненти

8603. Куранда жер сатылбайт экен. Анда эмнеге Бишкекте там курганга жер тилкемдери 5 миң долларга сатылып жатат. Болгондо да башка улуттун кишилери көп жерлерди ээлеп алышып, өз жерлерине өздөрү ээ боло албаган кыргыз байкуштарга кымбат сатып жатышат. Демек, биздин укук башка улуттун кишисинен кем болсун деп киргиз президент шайлайт экенбиз да?!
Текелди, Талас

8604. Бакиев дегенде Мадумаровду, Мадумаров дегенде Бакиевди түшүнөбүз!
Памир, Чоң-Алай

8605. Талапкерлердин убадалары ишке ашпайт. Эл дайыма өзүн багып келген, бир адам баарын бактылуу кыла албайт. Ошондуктан бейпилчиликти жандүйнөбүздөн издешибиз керек. Шайлоо - амбициялары асманды сапырган талапкерлердин күрөшү.
Злюка

8606. Лейлек эли бүт баары Мадумаровду колдойт!
Аяш акалар

8607. 9303 абоненти, а мен сеникин биротоло айрып салам. Түшүндүңбү?! Таласка тез-тез барып турам. Айылыңды айт, эмдиги барганда ишиңди бүтүрүп келем. Ордуңдан турбай каласың!
Кара Саадак

8608. Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттен келген "фонд" аттуу баардык мекемелерди таптакыр жаап салуу абзел! Кыргыз элин кыргыз мамлекети камсыз кылыш керек. Кыргыз республикасынын душмандары Кыргызстан, Стан... Стан... Стан... деп ураан чакырбай, "Кыргыз мамлекети" деп кыйкырсаңар! Жок дегенде жарандык паспортуңардын сыртын карап койсоңор!
Улутман

8609. Памир, сен азаматсың! Сендей кыргызга күйгөн, чындык үчүн чыркырагандар саналуу.
3354 абоненти

8610. "Маймыл" Баргынын телефон номерин бергенге 5 миң сом байге бар.
3354 абоенти

8611. Ташиевге кашаң атты мингизип, камчы берип колуна, кайра келип калабызбы, илгерки таш дооруна. Ташбакадай алга жылбай, таштай төмөн тоголонуш сонун да...
Памир Чоң-Алай

8612. Адахан Мадумаров, кыргыз үчүн эмне иш кылдың? Тилиң менен буудай кууруп, Каркыра жайлоосун казакка сатканың чынбы? Экономиканы билбейсиң, анан кайсы арыңа президент болом деп атасың?
3157 абоненти

8613. Азырынча талапкерлерге алданабыз. Аягында өлкөдөн айдап чыгабыз. Кыргыз ушундай эл! Биздин бешенеге ушуну жазган.
6571 абоненти

8614. Кыргызстандын келечеги үчүн Камчыбек Ташиевди колдойлу. Атамбаев, Мадумаров булар өзүн ким экенин давно көрсөтүп койгон.
7801 абоненти
8615. Патриот Ташиевди эле колдоп албайлыбы?!
Баргы

8616. Байболовдун интервьюсу элди түздөн-түз тукурганга барабар экен. Элге тынчтык, туруктуулук эле керек. Революциядан тажадык. Элди ойлогулачы, бийлик, мансапты ойлобой...
Жылдыз

8617. Аллага жүзүңүз ак болсун, элге ишиңиз так болсун. Калкыңыздын болуп ажосу, башыңызга таалай бак консун! Алдыңызда алтын так болсун, Алмазбек Атамбаев!
Уликжан

8618. 7-апрель менен Ош, Жалал-Абад окуясында каза болгондорго ким жооп берет? Алмазга окшогон киргиз келсе, баары жоопкерчиликтен кутулат!
9373 абоненти

8619. Өзгөндүн "Жыланды" айылында жашаган 1991-жылкы Нурбек аке, сизди издейм. Гезиттен окуп калсаңыз, мага чалыңыз.
Мэри, Токтогул

8620. Атамбаев уурулардын жол башчысы. Аны шайлагандар да уурулар! Ташиевди же Мадумаровду шайлайлы!
9194 абоненти

8621. Жылдызбекти сүйөмүн, канча күттүм сени? Чал мага, чыдабай баратам, сүйөм сени!
Нурзада

8622. Салам, "Учур"! Манас аэропорту тараптан участок сатылат. Кызыл китеби бар.
Тел: 0779-20-00-71

8623. Молодцы, китайцы! Биздин жалкоо эл экенибизди билип туруп, биз үчүн катуу иштей башташты. Иштеген ЦУМ сотка базарга айланды. Баласын басып издегенден көрө, 5000 сомго сотка алып берсе оңой табат. Сотка чыкканы уурулар да көбөйдү. Аны менен бөлүшкөн бизди коргогон милициябыз да бар. Деги эмне болуп баратабыз?!
Тюльпан

8624. "Акүйгө кол салып, курал алып, жырткычтык менен кирген жигиттерди баатыр деп эсептебейм" дептир Адахан Мадумаров. Ушул сөз үчүн кокус жаза тайып президент болуп калсаң, сени Акүйдөн жарым жылга жеткирбей айдап чыгабыз.
Апрель баатырлары Акылбек, Медет, Жакып

8625. Мадумаров Д.Үсөнов менен "Хаят" мейманаканасынан 15 миң сомдук вино ичип олтурган. Ташиев болсо, Ошто элди коргоп эмес, өзүнүн заправкаларын коргогону барган.
4051 абоненти

8626. Атамбаев неге президент болом дейт? Ош окуясында коркуп, төшөккө башын тыгып, качып жүргөнү чынбы?
Баткен

8627. Түндүк-Түштүк деген сөздү жогору жакта отургандар эле козгошууда. Карапайым калк арасында мындай сөздү эч ким козгобойт дагы.
1615 абоненти

8628. Мадумаров президенттикке койбой эле койсо болмок! Деңгээли өтө төмөн тура!
7117 абоненти

8629. Кубат Байболовго таң калдым. Жалал-Абадда комендант болуп жүргөндө бекинип, коркуп жүргөнүн укканбыз. Эми уялбай "ошо коогалаңды мен токтоттум" деп мактанып жатат. Элди тупой деп ойлойбу?
Бек, Жалал-Абад

8630. Ливиялыктар кыргыздан өткөн акылсыз калк экен. Жат элдин тилине кирип, өз кутун өздөрү учурду. "Неге өзүңөрдү бактысыз кыласыңар?" дейт казактар.
9518 абоненти

8631. Оштук Нурбек байке, сизди дагы деле күтөм. Россиядан келсеңиз, эмнеге дайныңызды билгизбейсиз?
Мери, Токтогул

8632. Түндүк-Түштүк дебей эле президент Токтогулдан болсо жакшы болот эле. Себеби, ал тиякка да, биякка да тартпай, калыс болмок.
Д88Л8Т

8633. Эй, СМСчилер! Силер сөзсүз бири-бириңди жамандашыңар керекпи? Андан көрө секс жазгылачы, кызыктуу болгону турат.
4511 абоненти

8634. Анекдот. Токойдо карыган вампир бир кызды бакка байлап, колуна идиш кармап жанында турат. Ары жакта өтүп бараткан жаш вампир: "эй, эмне турасың, канын сорбойсуңбу?" десе, анда тиги "тишим жок" дейт. "Анда неге турасың?.." Мага телефон чалсаңар калганын толуктап айтып берем.
Тел: 0771-32-93-77

8635. Жалгыздыкка көнүп калуу - караңгы туңгуюкка камалып калуу менен барабар экенин түшүнөсүң да. Сага кааларым, өзүң ойлогон түгөй таап, сүйүү, сагынуу, жылуулук сыяктуу жакшы сезимдер менен жашап кетүүңдү тилеп кетем. Бирөөгө жакшылык тилөө, өзүнө ийгилик тилөө менен барабар дейт.
Психолог
8636. Рахмат, мен да сага дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм!
16-86
8637. Пенде деген сенсиңби, менден СМС жейсиңби? Жалгызмын дейсиңби, ырдап кошок кошом дейсиңби?
1686 абоненти

8638. Урматтуу бир боор элим, Атамбаевди апендинин кызындай мактайсыңар. Ташиев, Мадумаров, Келдибековдой көкжал болгондо мейли эле. Мен силерди түшүнбөй турам. Атамбаевге презденттик бийлик гана керек. Ошону чогуу-чаран терең ойлонолучу, кеч болуп кала электе!
Аргы

8639. Психолог, сага кааларым - бар бол! СМСтериң көбөйө берсин!
6571 абоненти

8640. Баргы импотент менен ооруп, психологго кайрылат экен. Ал "шабезга" деген дары жазып берет. Бүтүн Кыргызстанды кыдырып таппайт. Памир тоосуна кантип чыгып кеткенин билбей, аз жерден илбирс жеп кое жаздайт. Кадыр аке көрүп калып, бир козу союп, түлөө кылыптыр. Пенде деген ушундай экен. Ал дары аптекада экен.
6571 абоненти

8641. Салам туугандар, мен өзүмдүн жакшы көргөн досумду издеп жүрөм. Жашы 20да, атасы Мурат, иниси Санжар, карындашы Миргүл. Тааныгандар кабарлап койгулачы, сураныч.
Тел: 0772-16-97-12

8642. Т.Акеров, Т.Качыкеев деген "дүжүр" серепчилерди телеге, гезитке чыгарбай эле койгулачы, сураныч. Өз убагында Бакиевге да "дүжүр" болгонсуңар, эми силердин дүжүрлүгүңөр биздин кекиртекке чыкты. Калп эле кошомат кылгандын чеги болот. Баары бир силерге май-талкандуу кызмат берилбейт, убара болбогула.
7434 абоненти

8643. Урматтуу "Учур" гезитинин жамааты, биз сиздердин ар бир саныңарды калтырбай окуйбуз. Гепатиттин түрлөрү жана аларды кантип дарыласа болору тууралуу тажрыйбалуу догдурлар менен маек кылсаңар деп суранат элек.
7434 абоненти

8644. Айгыр качан ат болот?
Чалгы

8645. Жол
Заман учат зыпылдап,
Зар какшап дүйнө жолунда.
Тар убакыт тыпылдайт,
Талаш заман жолунда.
Садилия

8646. Чиновниктер таза болсо, коом таза болмок.
068 абоненти

8647. Урматтуу кыргыз калкым! Келечек муун үчүн Ташиевди тандасак, эч жаңылбайбыз. Себеби, Убактылуу өкмөттүн жеген акчаларын, байлыктарын кустурат.
6161 абоненти

8648. Ташиев сөзүнө турган чыныгы патриот. Ош окуясында кылган баатырдыгынан эле кандай адам экени көрүндү.
Чолпон, Каракол

8649. Мадумаров, Байболов, Ташиев президенттикке татыксыз экендигин өздөрү далилдеп жатышат. Анткени, теледебаттарда Кыргызстандын өнүктүрүү жолдорун айтпай эле "бут тосуп жатышат, андай-мындай, мен аппакмын" дегенден алыс көтөрүлө албай коюшту.
Шер

8650. "Учур" гезитин окугандар, мен Гүлзар эмесмин. Мага чалбагылачы, суранам. Менин номурум менен дос кыздарым жазып коюптур, Гүлзар башка.
7592 абоненти

8651. Өзүм майыпмын, бир таяк менен басам. Эч кимге майыптыкты каалабайм. Тагдыр чекебизге жазып коет турбайбы. Жаштар, силерге айтарым, эч оорубагыла, ар дайым жүзүңөрдө күлкү болуп турсун. Кор болбогула, мен силер мененмин. "Учур" силерге дагы ак жол, атыңар эч өчпөсүн. СМСке бай болгула. Ишиңерге албан-албан ийгилик.
Таня

8652. Кыргыздар, силер Мадумаровду колдоп койгула, силерге ишенич!
Ат-Башы

8653. Ош базарда "Кудай" сурап олтурганды көрүп жаман болом. Кудай бизди ушундай даражага жеткирбесе экен деп тиленем. Анткени, базарга продукты алганы көп барам. Тигилерди көрүп боорум ооруйт. Мен деле элге окшоп тыйын таштайм. Батасын алам. Алар дагы бизге окшош адамдар экенин билем. Баарыбыздын башыбызга ар кандай жазып коет тура!
0984 абоненти

8654. Кара Саадак какшанба! Саясаттан артта калган окшойсуң? Ош окуясына Убактылуу өкмөт эмес, бакиевчилер күнөөлүү. Убактылуу өкмөт алсыз болуп турса да, жарандык согушка жеткирбей токтотуп калышты.
3275 абоненти

8655. Алтынбек Сулайманов азамат жигит экен. Уркуя эжесинин 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөздү. Жада калса мамлекетибиз да минтип өткөрө алмак эмес. Уркуя эженин арбагы колдоп жүрсүн! Бар болуңуз, Алтынбек!
Арзыкан
8656. Максат башың көңдөй окшойт. Азыр кымбатчылык дүйнө жүзүн каптап жатат. Атамбаев айтканын аткарган адам. Айлык-акы, пенсиялар болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Бул адам ажо болсо, өнүккөн мамлекетке кошуларыбыз анык. Ичинде кири жок таза адам.
Патриот

8657. Салам "Учур"! Силердин өтүп кеткен 3 жылдык туулган күнүңөр менен куттуктап, өмүрлүү, бактылуу болушуңуздарга тилектешмин. Жалпы эмгек жамаатыңарга
кажыбас кайрат жана чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Сиздерди терең урматтап, калтырбай окуп турабыз.
Сүйүнбай

8658. Кыргызга сервант менен Сервантестин айырмасын үйрөткүсү келгендерге таң калам. Миллион сап "Манасы" көкүрөгүндө уюп, ааламды кошо муюткан кыргызыма
Сервантес кеп бекен? А сервантты чын эле билбейт экемин, урматтуу Дон Кихот! Ал эмне өзү, үркүтүп көрдүңүзбү?
2845 абоненти

8658. Подхалимка Гуля, Мадумаровдун элге жасаган иштери кайсы, сайрагандан башка? А Атамбаев эл үчүн иштеп койду.
Патриот

8659. Атына заты жарашкан Айназик деген сулуу кыз! Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды, узун өмүр каалайм!
0984 абоненти

8660. Ак сакал "акшакалга" айланаарда, ашынган Алканов Райкандын кейпин кийеби?
Күйдүмчок

8661. Асел, сен көп ойнобо! Анчалык чыдабай жатсаң түнкү клубга бар. Сага кичине жетишпей жатканын СМСиңден байкайм.
0984 абоненти

8662. 7-ноябрда баардык гезиттер кесиптик майрамын майрамдашат. "Учур" гезитинин жалпы
жамаатын келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктайм! Ишиңерге ийгилик, бекем ден-соолук каалайм!
Туруктуу окурман

8663. Жүрөлүчү жүрөк оорутпай?! Келгилечи СМСчилер, мындан ары сын-пикирди азайтып, бири-бирибизге жылуу сөз, сүйүү арнайлык! Жыргап сүйүшөлүк!..
Айдар

8664. Алмаз Турганов байкемди туулган күнү менен куттуктайм! Бар болуңуз! Дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм!
Жибек

8665. Суваналиев президент болсо кана? Эл кайгысына ортоктош болот эле, мен колдойм генералды!
9657 абоненти

8666. Ыргал Кадыралиева деген депутатты сүйүп калдым. Кантип жолугам? Урматтуу "Учур", телефонун бергилечи?
Данчик

8667. КТР жылдызы Гүлжан Кулманбетованын жандүйнөсү сонун да, ушул айымды сыйлайм! Дагы эле ай караган текедей болуп жүрөм... Кечиримдүү адамдар дүйнөдө көп болсо, биз дүйнөдө бактылуу болот элек. Аттиң!
Бир жигит да

8668. 15 жыл мурун университеттин филологиясындагы Мухтар Сатыбеков агайды сүйчүмүн, жакында көчөдөн көрүп, кайрадан жүрөгүм жараланды. Агай ошол эле бойдон жаш көрүндү, ал менин сүйөрүмдү билген эмес. Билсечи?..
8676 абоненти

8669. Президенттикке аттанган азаматтардын баары татыктуу! Жаманы жок, кыргыздын мыктылары! Бар болгула!
Аликең

8670. Жылдызбек, гезитке телефонуңду бербечи? Мага эле чалчы, мени көргөндө башың айланып калат го...
Айдай, секретарша

8671. "Учурду" окуп, жума сайын черим жазылат. Азаматсыңар!
8690 абоненти

8672. Жамиля, сенин Даниярың болоюнчу? Кел, элдешелик, жанкурбум!
Рахат

8673. Акыры Суваналиев президент болот! Көрөсүңөр го, туугандар!
Элим-жерим