БИР ТҮНДӨ ТОНОЛГОН МИЛЛИОНДОР
17-октябрь күнү түнкү саат экиде жулунган үч каракчы Манас-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги Мамлекеттик курулуш экспертиза департаментинин имаратына киришип, кароолчу К.Рашалиевдин колу-бутун таңышып, бухгалтериядан сейфти талкалап, ичинен 1 350 569 сомду алып кетишкен. Иликтөө башталды. Илинчээк жок. Ушул күнү Ак-Ордо конушунан 42 жаштагы М.Жумуназарованы тоногон каракчылар сөйкө-шакектери менен кошо 5700 сомун, телефонун тартып алышкан. 18-октябрь түнү Аксы районунун Ынтымак айылындагы "Адыл" кафесинен он чакты жергиликтүү жаш каракчылар Россиянын Калининград шаарынан келген Н.Арстанбековду сабашып, 10 000 сомун жана телефонун тоноп алышкан.
16-октябрь күнү Бишкек шаарынан каракчылык кылмышы менен кармалган эки эргул Жалал-Абад облусунан келишкен 24 жаштагы Т.Абдувалиев менен Н.Койчубеков дегендер экен. Алар буга чейин эле бир нече жолу шаардыктардын уюлдук телефондорун тоногондугу дайын болууда. Кармалган күнү 22 жаштагы Н.Мамытованы тоноп жатышып кайырмакка илиништи. 18-октябрда Караколдон 45 жаштагы Д.Намазалиеваны тоногон таанышы Канат аттуу каракчы изделип жатат. Бишкек шаарынан 20-октябрдын түнүндө соода павильонунан Гапу менен Миша деген тааныштары 11 жаштагы кызы Д.Сагындыкованы тоноп, алтын шакегин, сөйкөсүн жана чынжырын тартып алышканын айтып, апасы арыз берди. Ал эми 30 жаштагы Э.Сагындыкованын 35 000 сомун тоноп алган каракчы кылмышты автомат оюндарын ойноочу клубда жасап, эч нерсе болбогондой баса берген. Иликтөө жүрүп жатат. 21-октябрда Дордой конушунан И.Эргешевди эки каракчы тоношту. Чырылдатып 5 000 сомун жулуп алгандардын бири ошол эле күнү колго түшкөн. Зөөкүр 19 жаштагы Ала-Тоо конушунун тургуну Б.Кыргызбек уулу болуп чыкты. Экинчиси безип жүрөт. 22-октябрь күнү Москва районунун Петровка айылынан маскачан үч каракчы И.Рамашкинанын үйүнө кол салышып, курал менен коркутуп, 45 000 сомун алып кетишкен.

УНАА УЙ ЭМЕС ДА
Жакында милиция кызматкерлери Ала-Тоо конушунун тургуну 19 жаштагы Арсен Нуртазим уулун кармашты. Ал 5-октябрь күнү Р.Рыскулбекованын "Хонда-Одиссей" В4618Q номерлүү унаасын уурдай качканы үчүн камалды. Курган неме мурда да сот жообуна тартылган экен. Ушундай эле кылмышы үчүн Бишкектин тургуну 44 жаштагы С.Орлов камакка алынды. Ал 15-октябрда С.К.нын "ДЭУ-Матис" S7432Y номерлүү унаасын алдап кеткендиги боюнча айып тартат. Ысык-Көл районунан 5-сентябрда Ш.Маткеримовдун "ВАЗ-21063" I8346В автоунаасын уурдап кетишкен. Жакында ууру кармалды. Ал Ананьево айылынын тургуну 21 жаштагы У.Тилекбай уулу деген болуп чыкты. Буга чейин да унаа уурдап кесилип келген болчу. Машина ээсине оң абалда кайтарылды. 21-октябрь күнү Бишкек шаарынын Улан кичи районунан Ч.Кармышеванын "БМВ-535" Е6239В унаасы уурдалган. Иликтөө учурунда кылмышка шектүү деп Тоң районунун тургуну 29 жаштагы Т.Акунов, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын тургуну Б.Байгазиев жана Арашан айылынын тургуну 28 жаштагы М.Кызкараев дегендер кармалды. Унаа ээсине кайтарылып берилди. 7-октябрь күнү "Гольф-2" В7862Т уурдап кеткендиги үчүн кечээ 25 жаштагы Б.Абдыкадыров кайрадан абакка тыгылды. Себеби, ал мурда да кылмыш кылып соттолуп келген. Ал эми 19-октябрда Сокулуктан уурдалган М.Найзабековдун "ВАЗ-2109" В8364О унаасы, 17-октябрда Бишкек шаарынан уурдалган Ю.Зерныйдын "Мазда-626" В9820N унаасы, Кара-Көл шаарынан И.Курманалиевдин "Фольскваген-Джетта" S4930Iунаасы азырынча табыла элек.

КӨҢҮЛДӨШҮ УУЛУН УУРДАП…
20-октябрь күнү Гагарин көчөсүндөгү "Ак-Өргө" кафесинен 22 жаштагы А.Жоробекованы белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып туугандары милицияга арыз беришти. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын тургуну 33 жаштагы С.Скипин милицияга арыз менен кайрылып, анын мурдагы көңүлдөшү Т.Чеботарева 6 жаштагы уулу В.Скипинди уурдап, Россияга алып кеткендигин айтып арыз берди. 22-октябрда Ноокат районунун Бел айылынан 12 жаштагы кызын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып атасы арыз менен кайрылды. Издөө жүрүп жатат.

АЛДАМЧЫЛЫК
Бишкекте пенсионерлерди алдаган фактылар көбөйдү. 20-октябрда Фрунзе менен Лущихина көчөсүнүн кесилишинен 79 жаштагы Н.Безгубованы европа улутундагы эки аял башын айлантып, 90 000 рублин кымырып кетишкен. Оозунан алдырган байбиче милицияда ыйлап олтурат. Жүзүкаралар изделүүдө.

ӨЗ АЖАЛЫНАН ӨЛДҮ ДЕЛИНГЕНДЕР
Себеби белгисиз болуп, көчөдөн, талаадан, үйүнөн табылган адамдардын денелери акыркы мезгилде көп каттала баштады. Тийиштүү кызматтар алар боюнча соттук медициналык экспертизаларды жүргүзгөндөн кийин маркумдардын көбү киши колдуу болгондугу дайын болууда. Өткөн жылдын 9-ноябрында Москва районунан белгисиз адамдын чирип бараткан денеси табылган. Узак убакытка созулган иликтөө иштеринен кийин жакында кылмышка шектүү катары Ново-Павловка айылынын тургуну, 18 жаштагы С.Чиров деген кармалды. Ал көрсөтмөсүндө адам өлтүрүп алганын жашырган жок. Ал эми 17-октябрь күнү Бишкек шаарынан 38 жаштагы А.Мансуровдун денеси табылган. Өз ажалынан өлдү деген адамды экспертиза киши колдуу болгон деп жыйынтык чыгарган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делинип, 36 жаштагы А.Гаврилов кармалып, көрсөтмөсүндө маркумду бир чаап өлтүргөнүн айткан. Бул апта ичинде да онго жакын адамдын мууздалган денелери табылып, өз ажалынан өлдү деген версия айтылган. Бирок учурда соттук медициналык экспертиза иликтөө жүргүзүүдө.

ОЮНДАН ОТ ЧЫГАТ
16-октябрь күнү Чүй облустук ооруканасына түшкөн 40 жаштагы Кызыл-Аскер айылынын тургуну Ш.Мырзаев бычактан жаракат алган. Айтуусунда айылдашы "Кален" эч себепсиз эле сайып жиберген. "Кален" издөөдө.
18-октябрда Дордой конушунан алынып келинген 39 жаштагы Н.Маданбеков өзүн ичке ким сайганын айталган эмес. Же айткысы келбедиби, айтор милиция иликтөөсүн баштады.
18-октябрда Жалал-Абад шаарынын ооруканасына азиат улутундагы 20-25 жаштар чамасындагы жигитти көчөдө жаткан жеринен алып келишкен. Башы жарылып, оор абалда келген жабырлануучу эч нерсе айтууга үлгүрбөй ооруканада үзүлүп кете берди. Жергиликтүү милиция күнөөкөрдү издөө менен, маркумдун өздүгүн такташууда.
20-октябрь күнү Кемин районунан Шабдан айылынын тургуну 43 жаштагы К.Выхрист үйүндө жаңжал чыгарып, аялы менен уруша кетип, 39 жаштагы аялы А.Ереминаны көкүрөк тушка сайып жиберген. Жабырлануучу өз учурунда медициналык жардам алып, жылт коюп качып кеткен эри камалды. 22-октябрь күнү таңкы беште "Фараон" түнкү клубунан белгисиз адамдар тарабынан бычак жеп жаракат алган 25 жаштагы А.Орозбеков оор абалда ооруканада.

АРАКТЫН КЕСЕПЕТИ
18-октябрь күнү Талас шаарындагы "Ак-Чий" акционердик коомунун кароолчусу 40 жаштагы У.Байтиков кароолчунун вагонунан киши колдуу болуп өлтүрүлдү. Маалымат түшөрү менен таластык изкубарлар кылмышка шектүү дешип Талас районунун Чат-Базар айылынын тургуну 27 жаштагы тургуну А.Абдырахмановду мас абалында кылтакка илишти. Суракта шектүү делген адам кылмышын мойнуна алып, кароолчу менен бирге арак ичип отуруп, бычактап салганын айтат.
20-октябрь күнү Манас районунун Чоңкапка айылындагы курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен 16 жаштагы А.А. аттуу өспүрүм кыздын денеси табылды. Кароо учурунда маркум киши колдуу болуп, муунтулуп өлтүрүлгөнү дайын болду. Атайын топ түзүлүп, мыкаачыны издөө иштери жүрүп жатат. 20-октябрь күнү Кара-Кулжа районунун милиция кызматкерлери 7-октябрда бычактап өлтүрүлгөн Т.Шекитаевдин иши боюнча кылмышка шектүү деп аталган райондун Ылай-Талаа айылынын тургуну 27 жаштагы А.Ажибаевди кармап келишти. Азыр тактоо иштери жүрүп жатат.
22-октябрь күнү Дордой конушундагы үйлөрдүн биринен 38 жаштагы О.Нарпиеванын денесине бир нече жолу бычак сайылган сөөгү табылды. Кылмыш иши сууй электе колго түшүрүлгөн 42 жаштагы күйөөсү А.Айжигитов аялын уруша кетип бишкектеп салганын айтат. Ушул эле күнү Бишкектин Исанов көчөсүнөн "Супер-такси" фирмасынын таксисти 29 жаштагы А.Максүталиевдин денеси ССМПнын имаратынан табылды. Канкорлор ага бир нече жолу бычак сайып өлтүрүшкөн. Шектүүлөр издөөдө. 23-октябрь күнү Пушкин көчөсүнөн башы жарылган азиат улутундагы адамдын денеси табылды. Ошол эле күнү кылмышка шектүү деп кылтакка илинген 16 жаштагы Н.Токоев деген өспүрүм кармалды. Бешиктен бели чыга элек неме буга чейин эле кылмыш кылгандыгы үчүн түрмөгө отуруп келиптир. Жабырлануучуну ал тоноо максатында тоголото чапкан.

ТЫЙЫЛБАГАН
УУРУЛУК
17-октябда Ош шаарындагы "Текстильщик" акционердик коомунун жетекчиси өткөн жылдагы Ош окуяларынын учурунда мекеменин 1 500 000 сомдук эмеректери таланып-тонолгонун эми билдирүүдө. 18-октябрь күнү Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы "Кыргыз почтасынын" филиалынын начальниги милицияга арыз берип, 4 103 400 сомду белгисиз уурулар, терезе аркылуу кирип, сейфти талкалап алып кетишкенин айтып кайрылган. Кароолчу каякты карап отурганын билген киши жок. Төрт миллион изделе баштады.
18-октябрда Бишкек шаарынын тургуну Б.Балыкбаев үйүнөн 97 000 сом жана 12 000 сомдук алтын буюмдарын уурдатты. Н.Жусупова болсо күндүз эле үйүнөн 60 000 сомун алдырып жибергенин айтат. 19-октябрь түнү Жал кичи районундагы дүкөнүнөн 7 200 сомун, 60 000 сомдук ар кандай буюмдарын уурдатканын айтып А.Орозалиев арыз таштаган. Ал боюнча кылмыш изин суутпай, милиция кызматкерлери Казакстандын Актау шаарынан келген казак жараны 16 жаштагы Н.Гребенщиков колго түшүп, уурдаган буюмдар далил зат катары алынды. 20-октябрь күнү Ош шаарынан да "Турбаза" мейманканасынан К.Мирзакуловдун 54 000 сомун жана 1 800 сомдук бут кийимин уурдап бараткан жеринен Ош шаарынын Орке айылынын тургуну 53 жаштагы А.Сабиров колго түштү. Кадамжай районунан П.Маматкулов үйүнөн терезе аркылуу кирген уурулар 60 000 сомун кымырганын айтууда. Бишкек шаарынан М.Мырзалиева 290 000 сомдук алтын-күмүш буюмдарын, норка шубасынан кол жууган. 21-октябрь күнү Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын бухгалтери А.Мүдүнованын көтөргөн баштыгы кабинеттен уурдалган. Ичинде 30 000 сом бар эле дейт жабырлануучу. А.Темиркулова деген айым квартирасынан 300 доллары менен 75 000 сомдук алтындарын уурдатса, А.Ногойбаева деген айымдын квартирасынан 6 000 доллар уурдалган.

КОНТРАБАНДА
19-октябрь күнү Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы посттон жасалма документтер менен 35 566 литр бензинди алып бараткан "ХОВО" В2641АD унаасын башкарып бараткан 52 жаштагы Т.Умаров кармалды. Унаасындагы жүктү кайда, кимге алып баратканын өзү билбегени баарынан кызык иш болду. Азыр жүктүн чыныгы ээси изделүүдө.

АК ХАЛАТЧАНДАРГА ЭМНЕ БОЛГОН?
Пара алуу же талап кылуу кайсыл тармакта болбосун жетээр чегине жетти. Буга чейин декреттик отпускага кеткендер кайрылып иш ордуна келгенде, аларды эч тоскоолдуксуз мурдагы ордуна ишке коюу мыйзамда каралганына карабай, Ош облустук балдардын ооруканасынын кадр бөлүмүнүн кызматкери кылтакка илинди. Ишин да, мыйзамды да түшүнө бербеген 50 жаштагы К.Алайчиева декреттик отпускадан кайтып келген З.Урунбаевадан мурдагы иш орду үчүн 3 000 сом пара алган. Тамагы майланыша түшкөн айым ага ыраазы болбой, дагы 3 000 сом талап кылганда З.Урунбаева милицияга кайрылууга аргасыз болгон. 17-октябрь күнү 3 000 сомду алып жатып К.Алайчиева укук сакчылар тарабынан ысуулай кармалды. Ал эми 19-октябрь күнү "Цадмир" медициналык борборунун акушер-гинекологу Г.Мамбеталиева Д.Эгимбаевадан өткөн жылдын декабрь айында төрөгөн баласын сатуу боюнча келишимди үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн 20 000 сом талап кылып, анын өздүк буюмдарын алып кеткенин тууралуу маалымат түштү. Оперативдүү иликтөөлөрдөн кийин 20 000 сом алып жатып врач-гинеколог Г.Мамбеталиева колго түштү.
19-октябрда Нарын районунун Алыш айылынын тургуну 22 жаштагы А.Шалтабаевдин үйүнө келген таанышы Мики деген неме 4-5 жандоочусун ээрчите келип, жабырлануучуну мылтык менен коркутуп, 30 000 сом талап кылгандыгын айтат. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Ал эми Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну 32 жаштагы Д.Эскелдиев милицияга арыз берип, аны Венера деген айым коркутуп, 1000 сом талап кылып жатканын айткан. Аял киши жөн эле акча талап кылбайт эле. Бир билгени бар го.

КУРАЛДАРДЫ ИЗДӨӨ КАЙРАДАН КҮЧ АЛДЫ
Алдыдагы Президенттик шайлоонун тынч өтүшүнө байланыштуу элдин колуна өткөн куралдарды издөө кайрадан күч алууда. 17-октябрь күнү Кара-Суу районунан 17 жаштагы Т.Кожоев милицияга "Байкал" тапанчасын 8 огу менен өткөрүп берди. Өспүрүмдүн айтуусунда тапанчаны өз үйүнүн жер төлөсүнөн таап алган. 21-октябрда Өзгөндүн Куршабынан А.Айтбаев деген жигит "ПМ" тапанчасын 4 огу менен алып келип берди. Тапанчаны каналдын жээгинен таап алганын айтат. Текшерүүдө курал өткөн жылы массалык башаламандыкта жоголгон эле. 22-октябрда Жалал-Абад шаарынан колго түшкөн Д.Молдобаевдин жанынан номери өчүрүлгөн "ПМ" тапанчасы 4 огу менен алынды. Ташкөмүр шаарынан болсо Ж.Дилдебаевдин үйүнөн мыйзамсыз сактап келген "ИЖ-17" мылтыгын милиция кызматкерлери таап чыгышты.

БАҢГИЖИН
БАЗАРЫНДА
18-октябрь күнү Баткен районунун Кызыл-Бел айылынан Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан барган 39 жаштагы Ш.Раззыков 1 кг. героин менен колго түштү. Ал буга чейин соттолуп келген, наркоман болчу. Баңгижинди Тажикстандын чек арасынан бейтааныш бирөөдөн алганын айтууда. Кыясы, курган неме Ысык-Көлдүн кара куурайына алымсынбай калган көрүнөт. Азыр анын табакташтары изделүүдө. Мындан тышкары биңгижинге башы айлангандардын жума ичинде жыйырмадай учуру катталып, колго түшүрүлгөн.

Бакай Кайдакеев