"Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат"

Кыргызстан парламенттик өлкөгө кадам таштагандан бери Бишкектин борборунда Кудайдын күнү куру калбай, нааразычылык акциялары болуп турушу көнүмүшкө айлангандай.

Акүйдүн астына талаптарын тизмектеп чыккандардын бир далайы бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, талаптарын тапшырып, көксөө суута (парын чыгарып) кайтып кетип, алардын ордун жаңылары толуктап жатат.
Туруктуу нааразычылык акцияларына катышуу менен шугулданып жаткандар, б.а. акчага жалданып митинг, пикетке катышып жаткандар да жок эмес.
Айрыкча Сот реформасынын жүрүшүнө карата болуп жаткан нааразычылыктар өтө резонанстуу болуп, дембе-дем кайталанууда.
Укук коргоочулар, өкмөттүк эмес уюмдар, адвокаттар, соттордон жабыркагандар жарандардын, жана ошондой эле былтыркы 7-апрелден бери саясый активдүүлүк ритмминен чыга албай жүргөн эргулдар менен кесипкөй митингчилердин демилгеси тынымсыз улантылып, келе жаткан нааразычылык акцияларынын лозунгдары, талаптары, алдыларына койгон максаттары, албетте, кынтыксыз.
Сот системасын коррупциядан арылтып, сот адилеттүүлүгүн орнотууну алар чын жүрөктөн каалап, ошол асыл максат үчүн каражанын карч уруп жатканынан эч ким деле шектенбейт. Ал тургай, алардын андай талаптары менен тилектери жамы журттун колдоосуна да ээ, эл да сот системасын тазалоону эңсеп турат.
Тилекке каршы, ошондой асыл максат менен чыккан жарандарыбыздын башын айландырып, алардын акцияларын саясый кызыкчылыкка колдонууну көздөгөн шумпайлар да жок эмес. Көбүнесе ошол азгырмалар нааразычылык акциясынын катышуучуларын тетири буруп кетүүгө жетишип, натыйжада, сот реформасы жүрбөй, токтоп турат.
А ошол митингчилерге сот реформасынын токтоп калышы керек беле? Жок, андай жагдай, аларга да, элге да керек эмес болчу. Кандай болгон күндө да сот реформасын токтоп калуусуна жол бербөө керек эле. Кыргыздын "жаман болуш бир паста, жакшы болуш аста-аста", "көч бара-бара түзөлөт" деген кептери жөн жерден чыккан эмес да.
Андыктан, ошол "начар түзүлдү" деген сотторду тандоо кеңеши, "начар тандалды" деген соттор менен ишти улантуу, ошол эле учурда кемтиктерди түзөтүүнү да кошо баштоо оң болмок. Жок дегенде, "акыркы жолу болсо да, сотторду колдонуп, бийликти бекемдөөнүү көксөп жаткан бийлик башындагылардын тилеги таш каппайт беле? Эми карагылачы, шайлоо, бийлик эмне деген туңгуюкка кабылтты? Эми канттик? Кайра иргеп, кайра түзгөн тандоо кеңешибиз менен жаңы тандалчу сотторубузду, "булар жаман, жарабайт" дегендер чыкпайт (!) деген кепилдик жок да. Андайлар толтура, болгондо да таасирдүү саясый күчтөр чыгат. Анан эмне, өмүр бою жүрөбүзбү, аянтта айкырышып.
Эми бүгүн, ал нааразычылык акциясынын катышуучулары менен маектешсең, эч кандай жаңылып калдык деген пикир байкалбайт. "Туура кылдык, баарын кайра башынан баштайбыз, сотторду тандоо кеңешин кайра түзөбүз, дили, абийири, ыйманы таза адамдарды сот системасына алып келебиз, тигини жазалайбыз, муну кубалайбыз" дешкенин улантышууда.
А бирок, биздин маңкуртташкан коомдо алар каалагандай таза адамдар барбы? Ал тууралуу да, шайлоонун шайтан оюндарына кабылып калышканы тууралуу да ой жүгүрткөндөрү байкалбайт.
Туруктуу каражат таап, оокат кылчу жумушу жок болсо, айлап, жылдап "коомго кызмат кылам" деген ниет менен адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, акүйдүн астына чыгып атса, анан курган курсак курулдап атканда, "силердики туура, биз силерди колдойбуз" деген спонсорлор пайда болуп, елкалардын астына жарма менен сэндвичтер келип атса, жебей көр. Анан жаңы достор менен кайсы "вечеринкадан" чыкканыңды да билбей каларсың.
Серепчилер болсо, сот реформасынын, президенттик шайлоо аяктаганча токтоп туруусуна, азыркы аткаруу бийлиги тарабындагылар кызыкдар. Шайлоонун жыйынтыктарын бышыктоодо соттордун ролу зор, андыктан, бул үлкөн саясый өнөктүктү демократиялык жолдор менен шайланып келген жаңы, эркин сотторго (башка фракция, талапкерлерге көзкарандылыгы барларга) берип, тобокелчиликке баруу кажет эмес. Андан көрөкчө, Бакиевдин заманынан бери "тоңкойгон боюнча турган" эски соттор аркылуу ишти бир жаңсыл кылуу керек", деген бийлик башындагылар, жогорудагы аталган нааразычылык акциясынын катышуучуларын колго алып, реформаны токтотууга жетишкени боюнча пикирди билдиришүүдө.
Ошентип, сот реформасынын жүрүшүнө президенттик шайлоонун таасири катуу болуп, маселе, "соттор кайсы саясый күчтөргө көз каранды болуп, кимге баш иет" деген өңүткө өтүп, кылчайнашкан кырдаал түзүлдү. Демилгени бийлик тарап ыкчам колго алып, башы маң болгон митингчилер, "Садыр Жапаров кетсин!" деп кыйкырып калышты.
Митингдерди ошол эле бийлик башындагылар өзүлөрү каржылап, саясый максаттарын ишке ашырууну көздөп жатышкандыктары тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында да көп жолу айтылып, депутаттар тарабынан, адегенде президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевге, кийин президент Роза Отунбаеванын өзүнө багышталган айыптоолорго чейин айтылып, депутат Эркинбек Алымбеков: "митингди уюштурууга катыштым" деп айтып, митингдердин атайылап уюштурулуп жаткандыгын тастыктагандай эле болду.
ЖКнын депутаттары жакшы эле дем менен бул маселеге киришкенсип, жулкулдап-булкулдашканы менен маселеге чекит кое алышпады.
Тетирисинче, жуманын ар төртүнчү, бешинчи күндөрү (ЖКнын жалпы жыйыны өтчү күндөрү) сайын күчтөнүп чыккан пикетчилер ЖКны курчап, эшиктерине кулпу салып (атайын жаңы троссту, бышык кулпуларды сатып алышыптыр), депутаттар менен жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлерди камап, Акүйдү алты саат түрмөгө айландырганга чейин жетишти.
Акыркы кездерде митингчилердин активдүүлүгүнүн артып бара жатышы, башынан айтылып келгендей, акциялардын шайлоо компаниясы менен тикелей байланышы бар экенин дагы бир ирет тастыктап жаткандай.
Депутаттардын көпчүлүгү, "Роза Отунбаева бир талапкердин шайлоодогу жеңишин камсыздоо үчүн сот реформасын садага чапты" деген пикирге ынанууда. Минтип айтууга толук негиз бар. Анткени, конституциялык палата менен Жогорку соттун судьяларын бекитүү процедурасында ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, мыйзамды бузууга барганы ачык болуп калды. Депутат Садыр Жапаров президентке ишеним көрсөтпөө демилгеси да ошондон.
Бул карама-каршылыктын арты кандай болуп, кимиси жеңери белгисиз. Кармаш күндөн-күнгө күч алууда. Мына бүгүн да, "Жалал-Абаддан жол тоскондор менен Көлдүктөр кошулуп, чоң акция өткөрүү планы айтылып, эки ортодо "парламентти таркатабыз" деген ураандар угула калып жатат.
"Жарма-бозого, сэндвич-гамбургерге алмаштырылса, революционер кыкеңдерге ал максат деле чыпок" деген толтура. Айтор, күүлөнүп алган демдүү митингчилер алдыларына жаңы максаттарды коюп, арты бийлик талашуу саясый оюндарынын сценарийине кирип кетишкендей. Айтор, баягы, "эки дөө кармашса, ортодогу кара чымын кырылат" дегендей болуп, жок жерден сот реформасы жабыркаганына гана жаман болду...

Сабыр МУКАНБЕТОВ