Ырысбек дүйнө чемпиону болду

Ордо калаабыздын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 19 мамлекеттин белбоо күрөшүнүн балбандары катышкан кезектеги IX дүйнөлүк биринчилик аяктады. Ырысбек Ажибеков өзүнүн 62 килограмм салмак ченинде жалгыз дүйнө чемпионуна татыды. Ал финалда казак балбанын көз ачып жумгуча көтөрүп чаап, далысын жер жыттатуу менен таза жеңишке жетишти.

- Ырысбек, дүйнө чемпиону болуш үчүн канча балбан менен күрөштүң?
- Үчөө менен күрөштүм. Биринчи өзбек балбаны менен, экинчиси түркмөн болду. Ал эми алтын медаль үчүн болгон таймашта казак менен күрөштүм.
- Мен үч таймашыңды тең көрдүм. Үчөөндө тең алгачкы эле мүнөттөрдө "уйпалап" коюп аткандай түр калтырдың. Атаандаштар алсыз бекен?
- Алар өз жергесинде тандалып, иргелип келген күчтүү балбандар. Аларды алсыз деп айтууга болбойт.
- Кайсы балбан менен күрөшкөн сага кыйын болду?
- Албетте, финалга чыккан казак балбаны менен күрөшкөн мага кыйын болду. Чапчаңдыкты көрсөтүп, чабуулга биринчи чыкканга аракет кылып атты. Берки эки балбанды өзүңүз айткандай, бура бастырбастан эле сол жамбашка сала коюп, ыгы менен көтөрүп чаап салгам. Казактын балбаны менин "көзүр" ыкмамды сезип калган окшойт, алдырбаганга аракет кылды. Бирок, анысына карабай алдап кеттим. Баары бир өзү эле сол жамбашка түшүп берди.
- Балбанчылык тукумуңарда барбы?
- Түз мааниде балбанчылык ата-тегибизде жок экен. Эми менден башталат го. Негизи бирөө башташ керек да. Ал эми спортко ышкыбозчулук жагы атамда бар. Достору менен ушу күнгө чейин чогула калып, волейбол ойноп калышат.
- Канча жашыңдан баштадың күрөштү?
- 18 жашымдан. Мектепти бүтүп келип, улуттук университетке тапшыргам. Студенттердин каалоосу боюнча спорт ийримдерине бөлүштүрөт. Ошондо кыргыз күрөшүн тандап алгам.
- Башында эле жактыбы?
- Болгону бир жарым ай талыкпай машыгып, факультеттер арасында мелдешке чыгып калдым. Биринчиликти жеңип алгандан кийин, "менден бирдеме чыгат турбайбы" деп, кызыгуум артып кетти.
- Кыргыз күрөшүнүн бир жакшы жери бар, чоң-чоң той-топурларда, мааракелерде күрөшүп, жакшы байгелерге ээ болушат. Машина уткансыңбы?
- Жакында Талас жергесинен чыккан биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болуп жүргөн агайыбыздын турниринде биринчи орунду, Ч.Айтматовдун байгесине арналган 2010-жылкы мелдеште да биринчи орунду, Жалал-Абадда эл аралык мелдеште чемпиондукту жеңип алгам. Бирок, машине ута элекмин. Бир жолу машине койгон мелдеште финалга чыгып, берип койгом. Экинчи орунду алганым үчүн жылкы утуп алгам.
- Кыргыз жергесинде дүйнөлүк биринчиликтин өткөнү жакшы жөрөлгө. Мелдеш кандай таасир калтырды?
- Эми чынын айтыш керек. Дүйнөлүк биринчилик бизде болгонуна абдан кубандым. Колдогу бар нерсе менен өткөрүп алдык. 19 мамлекеттин "мен кыйын" деген балбандары келди. Биздин өлкөдө митинг менен эле дүйнөнү дүңгүрөтпөй, мелдешти уюштуруу жагы менен да мактана алдык. Жакшы эле таасир калтырды.
- Бирок, ошентсе да кемчиликтери да болгондур?
- Бул жагынан алганда өнүккөн өлкөлөргө жетүү кыйын. Чаңында эле калабыз. Алыс кетпейли. Мурунку жылдагы дүйнөлүк чемпионат коңшу Казакстандын борбору Астана шаарында болгон. Мелдеш өткөн спорт сарайына суктанасың. Туш тарабы жалтырайт. Күрөш килеми ортодо жайгашып, атаандаштар эки тараптан чыгат. Калыстардын отура турган жери өзүнчө жайгашкан. Көрүүчүлөр тегерете курчай отурушуп, килем үстүндөгү кыбыр эткендин баарын көрүп турушат. Дааратканалары таза, орундуктар тытык эмес, жуунуп-чайына, кийинип-чечине турган жерлери бар. Биздин Спорт сарай заманбап талапка жооп бербейт. Дааратканага киши кире албайт. Чыкканча шашасың. Эми жок дегенде оңдоп түзөп, орундуктарын алмаштырып, дааратканага көз салып койсо деле болмок. Билбейм, биякта туруп уяласың. Бет чыдабайт.
- Алдыда кайсыл мелдештерге даярданып атасың?
- Бир топ эле мелдештер бар. Мисалы, 2013-жылы Казань шаарында бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндары өткөнү турат. Универсиаданын аркасы менен бел боо күрөшүн Олимпиада оюндарына киргизүү максатында эл аралык бел боо күрөшүнүн федерация президенти Людмила Гайнанова жанталашып, чуркап жүрөт. Ушул жылдын аягында маркум Риф Кайнановдун жаркын элесине арналган эскерүү турнири Москва шаарында болот. Мына ушундай мелдештерге азырынча даярдык көрүп жатам.
- Утасыңбы?
- Алдын-ала айтуу кыйын. Аны килем көрсөтөт. Даярдыктар жаман эмес.
- Дүйнө биринчилигин жеңип алганың үчүн акчалай да сыйлык болдубу?
- 500 доллар акчалай сыйлык беришти.

Сурат Жылкычиев