"Үйү жакын иттин куйругу узун"

"Дезертир"

Кыргыз Республикасынын экинчи борбору болуп эсептелген ордолуу Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду билбеген жан жок. "Базарком" деген каймана аты бар, Бакиевдин заманында багы ачылган Мелис мырзанын Бакиевдер кыйраса деле кылы кыйшайбай келе жатышы таңгалдырат. Жаңы бийлик "жоготобуз" деп жарга да такап көрдү, "өзүңүз эле кетип калыңызчы" деп жалдырап да көрдү. Бирок, күчү жетпедиби, айтор, жайына койду.

Алсыз бийликтин ошентип аргасы кетип, не кылаарын биле албай турат. Мелис акең мындай шартта ого бетер чамгарактап, баягы "үйү жакын иттин куйругу узун" дегенсип, деги эле эч кимди көзүнө илбей калгандай. Борбордук бийликке баш ийбей жатканын баатырдык катары самаган Мырзакматов, "мени кызматтан алам десеңер, элди көтөрөм" деп коркутмайы бар. Кеп чынында, мэр үчүн жапырт көтөрүлө кала турган деле эл жок. Негизги көпчүлүккө бул маселенин ысык-суугу жок. Тетирисинче, мэрге нааразы болгондор арбын. Мелисти коргоп чыга калып, чуулдап ийип жаткан, атайын уюшулган 500гө чамалуу "сүрмө топ" бар. Алар, Мелистин аркасы менен оокат кылып, кызматка туруп, базар-сазарлардын жылуу-жумшак жерине кирип алгандар. Мамлекеттик бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, кутуруп жаткан Бакиевдин "куйругунун" жандоочтору, негизинен кызыкчылыктары бир жерден чыккан адамдар, тууган-туушкандары, жек-жааттары. Булар бийликтин сырын билип алып, "ушинтип, догурунуп коркута берсек, бизге эч кимдин алы келбейт" деп уюшуп алгандай. Тилекке каршы, баш-учун жыйып, эсине келе албай жаткан бийлигибиз андай ээн баштарды ооздуктоого чамасы келбей отурат. Болбосо, бул эсирип кеткен бир ууч топту жеңил эле эсине келтирсе болот эле го.
Кеп чынында, минтип "дөөпөрөстөнүп" борбордук бийликтин үшүн алып жаткан Мырзакматов "эр жигит эл четинде, жоо бетинде" деген кыргыздын эр азаматтарынын катарына кошо турган деле неме эмес. Анын суу жүрөктүгү былтыркы июнь айындагы өзбек-кыргыз коогалаңында эле байкалган. Ошондо, "Өзбекстандан өзбектердин танкаларынын алды кирип келип калды, полковник Худайбердиев (Анжияндын элин кырган Каримовдун эң жакын адамы) келатат" деген айыңга ишенип, келмеси оозунан түшүп, паникага алдырган М.Мырзакматов 12-июнда, түн ортосунда Төлөйкөн аркылуу Папанга ашып кетмекчи болуп, 3 "джипке" бала-бакыраларын салып, жансакчылары менен Оштон жогору Төлөйкан тарапка качып жөнөйт. Дыргаяктап бараткан Мелис "эргулуңдун" кербени төлөйкандыктар тал-теректерди жыгылтып, жасаган тосмого барып такалат. Ошондо, качактардын катуу бараткан алдыңкы "джиби" талга асылып токтоп, элдер ким-ким деп ызы чуу болгондо, "мен Мырзакматовмун, тоого качыш керек, өзбектер келатат" дейт. Ал жерден, Мелистин суужүрөктүгүнө кыжыры келген Жеңиш деген жигит мэрди алка-жакадан алып, эл кыйкырып, "ишенген кожоңор ушул беле? Элди чогултуп алып кайра жөнөш керек болчу. Трус турбайбы, "дезертир" дейт мындайды. Элди сатканы эми билинип отурат" деп, төлөйкандыктар стенкага такап атмакчы болгондо, ал постту жетектеп турган генерал Расул Раимбердиев арачыга түшүп, жанын алып калганы белгилүү. Бопбоз болуп бозоруп, жүрөгү түшүп калган Мелис акең айласыз күндүзгү 10го чейин эл менен отуруп, анан, курулай паникага берилип, "шымын булгап алган" мэр сөрөй эч кандай өзбек аскерлери каптабай эле турганын билгенден кийин гана шаарга кайтканы белгилүү.
Ошко кайтып, коркунучтун жок экенин сезип, жүрөгү ордуна келген мэр учурдан пайдаланып, байлыкка марып алууну көздөп, Оштун жарымы өрттөнүп, ызы-чуу болуп аткан мезгилде "азык-түлүк саткан базарды, кийим-кече саткан базарды өрттөттү" деген кепке калган. Эмнеге? "Ушуну Мырзакматов өзү өрттөтүп, "Таатан" деген чоң базарга кийин элди көчүргөн. Себеби, Мырзакматовдун "Базарком" деген ысымы бар, ошол эле кылды" деген сөздөр чыккан. Бул, "Кара-Суудан акча жасап көтөрүлгөн, Кара-Суу базарын 2005-жылы революциядан кийин Жаныш Бакиев экөө тартып алган, бул жерден Баяман Эркинбаевдин мүлкүн тартып алышкан, анан Абдалим Жунусовдун, Санжар Кадыралиевдин базарларын Мелис колдонгон" деген сөздөр да бекер айтылган жери жок. Ал базар чатагына тиешелүү чатактар аягында кандуу ишке айланганын калкыбыз жакшы эле билет эмеспи.
Кан менен көз жашка сугарылган базар соодагерчилигинен чириген байга айланган Мелис Мырзакматов бүгүн минтип, "булут минип, муз бүркүп" кудайын тааныбай турган кези. 2010-жылы Июнь окуясынан кийин "Таатан" гүлдөгөн, чоң базарга айланган. Эл болсо, "мунун чыныгы ээси Жаныш Бакиев менен Мелис Мырзакматов" деп билишет. Мына эми жакында, октябрь айынын онунда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болгону турат. Жаңы мыйзамга ылайык, мэрди шаардык кеңештин депутаттары бекитет. Ошон үчүн алдыда келе жаткан шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо М.Мырзакматов үчүн да, жалпы эле Ош шаарынын калкы үчүн тагдыр чечүүчү иш-чара десек жаңылышпайбыз. Бул шайлоодо же М.Мырзакматов накта түшпөс ханга айланат, же өзүмбилемдикке тоскоол коюлуп, демократиялык нормалар кирип, адилеттүүлүккө жол ачылат. Аны чечиш оштуктардын колунда. Кырдаалды жакшы сезе билген мэр болгон күчүн, акча каражатын салып болсо да, депутаттык корпустун жарымынан көбүн, колдон келсе, толугу менен өз адамдарына толтуруп алууга жанын үрөп жаткан кези. Оштун эли тагдырына кайдыгерлик кылбай, ойгонуп, ырааттуу аракеттерди көрүп, калыс шайлоо өткөргөнгө өтпөсө, келечеги тумандуу болоору айкын. Не дейли, оштуктар, ойгонгула!

Аlamankg.org