Ийри жол

Темир САРИЕВ, "Акшумкар" партиясынын лидери:
"Атамбаевди тандадым"

"Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариев 28-сентябрда "AKIpress" маалымат агенттигинде пресс-конференция берди. Анда Сариев: "Партия ичиндеги жана өзүбүздүн баардык жактоочуларыбыздын маанилүү кеңештеринен кийин, шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдык. Бул адам биздин көз карашыбызда, реформаларга өзүнүн берилип иш кылгандыгын көргөзө алды жана өлкөнү кайрадан артка - авторитардык башкарууга тартпайт" деп билдирди. Темир мырзага 3 суроо менен кайрылганга үлгүрдүк.

- Темир Аргенбаевич, башында Марат Султановдун командасында элеңиз?
- Июль айында президенттикке аттанган талапкерлер Ташиев, Мадумаров, Султанов, Түлеев, Атамбаев, Текебаев, Байболов менен жолугуп сүйлөшкөм. Ачыгын айтыш керек, Марат экөөбүздүн мамлекеттин өнүгүү багыты боюнча, мамлекетти башкаруу системасы боюнча, өзгөчө экономикалык багыт боюнча көз караштарыбыз абдан жакын. Марат Султанов экөөбүз көп жагынан окшошпуз. Келечекте бирдиктүү команда болгонго толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.
- Анда Атамбаевге оогонуңуздун себеби эмнеде?
- Атамбаевди тандаганымдын негизги себеби, азыр ушундай коркунуч турат, кандайдыр бир күчтөр "мурункудай президенттик башкаруу системасына киребиз, азыркыдай башаламандык болбойт экен" деп, бүгүнкү болуп аткан убактылуу кыйынчылыктарды негизги аргумент катары кабыл алышып, эскиге чакыргандай болушууда. Ошондой күчтөргө тоскоолдук бериш үчүн, биз өзүбүздүн Апрель окуясынан кийин берген антыбызды аткаруу үчүн, Атамбаевди колдоп атам. Атамбаев революция кылган партиялардын бири. Чогуу жүргөнбүз. Биздин элдин алдында берген жалпы милдеттенмелерибиз бар. Ушул нерсе биздин бир болушубузга өбөлгө түзүп берүүдө.
- Азыр эле "алдыдагы шайлоо таза өтөт" деп ишенимдүү айттыңыз. Бирок, былтыр "шайлоо таза өткөн жок" деп чыктыңыз эле, элдин арасынан дагы буга чейин "бизде шайлоо таза өткөн эмес" деп нааразы болгондор көп...
- Эми биз "шайлоо таза өтпөйт" деп кыйкыра берсек, эч качан таза өткөрө албайбыз. Былтыр шайлоодо бир топ орой мыйзам бузууларына карабай өзүбүздүн жеңилгенибизди моюнга алып, жеңгендерди тааныган биринчи партия биз болдук. Бул биздин алсыздыгыбыздан эмес, тескерисинче, биздин күчтүүлүктү көрсөттү. Анткени, биз мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп, мамлекет деңгээлинде саясат кылабыз десек, элдин биримдигин, туруктуулукту, мыйзамдуулукту, бейпилдикти ойлошубуз керек. Ооба, бизге оор болду. Бирок, биз мыйзам бузуулар болсо дагы, жеңгендерди тааныдык. Анан утулуп калгандар апасына таарынгансып, кайра долуланып, "болбой калды, мен туура эмес жыгылып калдым" дей берсе, бизде мыйзамдуулук орнобойт. Бирок, шайлоонун таза өтүшү бир гана бийликтен эмес,
ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Сөзсүз шайлоого катышып, өзү ишенген адамына добуш бериши абзел.

Адинай МАРИПОВА




  Ишенген кожоң...

Текебаев канчага сатылды?
Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоодон талапкерлигин алып салганын талдап, башы маң болгон коомчулук алигүнгө чейин бир пикирге келе албай ар кандай жоромолдор айтылууда. Айрымдар, "шайлоодо шансы анча эмес экенин туура баалап, жеңүүчүгө ставка жасады" дешсе, башкалары, "Бабановго нак пулга сатылды, эл президенттик шайлоо деп дүрбөп жатканда, булар премьер-министр менен спикерликти соодалашып жатышат. Ө.Текебаевдин марафондон четтеши Ө.Бабанов менен А.Атамбаевге гана эмес, анын өзүнө да пайдалуу болгон оюндун варианты иштелип чыгып, эски соратниктер кайрадан бирикти" деген сөздөр байма-бай маалымдалууда.
Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов шайлоо аяктагандан кийинки коалицияны бышырып бүткөнсүп калды. Анын өзүнүн "Республикасы" менен А.Атамбевдин КСДПсы ("премьерликти берем" деген Алмаз жок дегенде фракциясын бергенге жараар) менен "Ата Мекен" фракциясы биригип, анүстүнө, бириндетип баш-учун жоготуп, сатып, мокотуп чөнтөккө салып алган "Ар-намыс" фракциясын кошуп алган бала баатыр Бабанов, президент болом деп талпынган талапкерлердин кимиси президент болсо да, премьерликти колдон чыгарбоочу комбинацияны тапкандай.
Албетте, мындай "жемиштүү" оюн жүргүзүүнү пландоо, дасыккан саясатчы Ө.Текебаевдин катышуусусуз эч мүмкүн эмес эле. Ал эми бул план иш жүзүндө кандай аткарылат? Аткарылбай калсачы (?) деген суроолорго, "Ө.Текебаев баары бир уттурбайт, ал кепилдикти эчак калтага салган" деген кептер чыгууда.
Мындай жагдайда, баягы эле карапайым "атамекенчилерге" кыйын болду. Суу кечирет деген "эркечи" кара жанын ойлоп, эки айдан бери дүрбөп, аламанга түшүп жаткан карапайым партиялаштарын таштап баса берди. Кароосуз калып, ындыны өчкөн "атамекенчилер" лидерге катуу нааразы болуп, туш-тушка чилче тарап жаткан кези. Алардын А.Атамбаев тарапка өткөнү дээрлик жокко эсе болуп, негизинен Кубатбек Байболовго (марафондо калган жалгыз "атамекенчи" эмеспи), биразыраагы А.Мадумаровго, К.Ташиевге, М.Иманкуловго кошулуп жатканы байкалууда.
Кыскасы, Текебаев жеке кызыкчылыгын көздөп, талапкерлигин алуу менен миңдеген идеялаш-күйөрмандарын талаага таштап, тетири бурулганы коомчулукка жакпай калды. Ал бу саам элге күйгөн саясатчы эмес, оюнчу экенин көрсөттү. Анан эл көзүнө "Бакиевдерге каршы күрөшөм" деп калп эле кыйкырууда. А чындыгында, Атамбаев менен жең ичинен соодалашып, өз кызыкчылыгына камчы чапканы сокурга да байкалып турбайбы! Жыйырма жылдан берки аброюна түкүрүп туруп баса бердиби? Албетте, ишенген кожоң сууга акты. Сатылып...

Акыл БАКТЫБАЕВ




  Азоого чалма

Байболовго
чабуул башталды
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоодон талапкерлигин алгандан кийин абдырай түшкөн партиянын регионалдык лидерлери эстерин жыйып, "кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес экен" дешип, көпчүлүгү Кубатбек Байболовго оой баштаганы белгилүү ("Ата Мекенден" партиянын атынан Ө.Текебаев, өзүн-өзү жылдыруучу болуп К.Байболов чыккан). Бул биригүү процесси Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош, Ысык-Көл, Нарын тарапта катуу жүрүп, Кубатбек Байболовду колдогондордун саны күндөн-күнгө арбып, рейтинги көтөрүлүп баратканы байкалууда.
"Ө.Текебаевди сатып алсак бүттү, партиясы бизге толук оойт" деп ойлогон бийлик тараптагылардын пландары ишке ашпай, кыжырдануусу күч алып, мыйзамсыз ыпылас кадамдарга бара баштаганбы (?), айтор, Бишкек шаарындагы Кубатбек Байболовдун үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратуу максатында чабуул башталды. Бишкек шаарындагы үгүт баракчаларын сыйырып-тытуу иштери жүрүп жатат. Мурдагүнү болсо, Кубатбек Калбековичтин Биринчи май районундагы чоң банери кулатылып, өрттөлүп
салынды. Өрт аз жерден жакын жайгашкан үйгө жабыла турган болуп, дагы Кудай сактап, аман калганы белгилүү.
Акаев, Бакиевдердин заманындагы административдик ресурсту колдонуу жолу менен бийликти сактоо ыкмасынан башка баштарына эч ой келбеген бийлик башындагылар, ошентип, кайрадан эле "тырмоокту" басып жатышкандай. Кызык, адилет заман орносун деп, эл көтөрүлүп, жүзгө жакын жаш кырчындардын өмүрлөрү кыйылганын, "Ата бейиттеги" берген анттарын унуттуп калышканбы?

Сакен БӨРҮБАЕВ