Күйөрман кыздар Ильязды кызганып...
23-24-сентябрь күндөрү Спорт Ордосунда Ильяз Абдразаков үйлөнгөндөн кийин алгачкы жеке концертин берди. "Соң-Көл" аталыштагы ырлар жыйнагында жапжаңы 15 ыр камтылыптыр. Мурда бул жигит концерт койгондо Спорт Ордосуна эл батпай кетчү эле. Бул ирет андай болгон жок. Залдын 50 пайызы гана толду. Балким, ырчы жигитти күйөрман кыздары анын жубайынан кызганышкандыр? Жаңы ырлар болгондуктанбы, айтор, баардык ырлары окшоштой сезилгенин көрүүчүлөр жашырган жок. Антракттан кийин гана мегахит "Азап", "Багыттар", "Жаным ай" аттуу ырларын созолонткондо, уктап бараткан көрүүчүлөр ойгонуп кеткендей шаңдуу отурушту.

Саламат Садыкова 55 жашта
28-сентябрда 55 жашка толгон КРнын Эл артисти Саламат Садыкованын юбилейи жакындарынын коштоосунда өзгөчө өттү. Ашыкча шаан-шөкөттү жактырбаган Саламат айым бул күнү белектерге "көмүлүп", анын дарегине ак тилектер биринин артынан бири жамгырдай жаап турду. Өнөр адамдарына кошулуп спикер менен Турцияга барып келген ырчы айым туулган күнүнө жетишип келип калганына сүйүнүп, аны куттуктаган баардык адамдарга биздин гезит аркылуу ыраазычылыгын билдирди. Биз дагы туулган күн ээсин чын жүрөктөн куттуктап, аманчылыкта бар болуп, бак-таалайлуу өмүр сүрүшүнө тилектешпиз. Бир кылым жашаңыз, Саламат айым!


Илгиз кыздардын кулагын сүйүнтөт
Дайыр Исмадияров, Данияр Эрматов, KG Элмурат, Нурлан Насип, Элиза Орозова, Аваз Акимовдун айрым ырларынын сөзүн жазып, "Ашыкмын", "Арбалдым" деген ырлары менен жаштардын оозуна алына баштаган жаш ырчы Илгиз Абдалиев жаңы эле Аксыга болгон гастролдон кайтып келди. Продюсери жок эле баарына жетишип аткан жаш ырчы кумири Сыймык Бейшекеевдин "Саманчынын жолун карап" аттуу чыгармасына жаңы көйнөк кийгизип, күйөрмандардын сынына койгону даярданып жүрөт. Аны менен бирге кыздар кулагы менен сүйөөрүн эске алган Илгиз "Кыргызымдын кыздары" аттуу чыгарма жаздырып, клип тартканга даярданууда. Андыктан, клипке тартылгысы келген кымча бел сулуулар, чамдагыла!


Назира чиновниктердин сунушун четке кагат
Ырчы Назира Токонова ден соолугуна байланыштуу чыгармачылыктан бир аз алыстап кеткен. Ал учурда уста иштетип, үй куруу менен алектенип жүргөн эле. Үйүн бүтүрүп атат, демек, быйыл сөзсүз турмушка чыгат экен деп айылдаштары сөз таратып жиберишиптир. "Мен быйыл турмушка чыкпайм, тааныгандын баары "күйөө бала менен качан тааныштырасың?" деп сурап, айламды кетиришти. Чындыгында менин сүйгөн жигитим жок. Чиновниктерден колумду сурагандар, демөөрчү болууну сунуш кылгандар болгон, бирок, мен атымды булгагым келбейт" дейт ырчы кыз. Айтмакчы, Назира жакында жапжаңы чыгармасын жаздырып, күйөрмандарына сюрприз даярдап атканын кошумчалай кетти.


Адилет менен Бек - азаматтар!
Айбек Акматовдун продюсердик борборунун тарбиялануучулары, жаш аткаруучулар Бек Исраилов жана Адилет Жумабек уулу "Чыгыш Базары" эл аралык конкурс-фестивалына катышуу үчүн Украинага учушкан. Конкурс 22-26-сентябрь күндөрү Ялтада болуп өттү. Конкурска жаш таланттар продюсердик борбордун каржылоосу менен кетишкен. 30 мамлекет катышып, 18 катышуучу финалга жолдомо алышкан. Биздин жигиттердин экөө тең лауреат жана финалист, эң жаш катышуучу аталышты. Адилет менен Бектин ырдаганын жактырышып, 3-4 эл аралык сынакка чакыруу алышканын продюсер Айбек Акматов сүйүнчүлөдү.


Карыларды унутпаган Насиева
Шаардын четиндеги Нижнесерафимовка деп аталган кичинекей айылдагы карылар үйүнө продюсер Назгүл Насиева көп жылдан бери демөөрчүлөрдү таап, концерт уюштуруп, белектерди бергенди адатка айлантып алган. Бул жолу 25-сентябрда карылар күнүнө карата цирк артисттери менен кошо өзүнүн тарбиялануучулары Диана Чойтиева жана Мурат Ниматов менен барып, карылардын көңүлдөрүн алып келишти. "Кандай белек алып берели?" деп продюсер айым карылар үйүнүн жетекчисине чалса, чакан клубдагы сахнабызга 50 метр плющ болсо жакшы болмок дегенинен, курбусу Нурайым менен барып, 17 миң сомго "заказын" алып беришти. Ыраазы болгон карылар батасын берип, узатышты.


Жийде кайрадан НБТда

НБТдагы "Музканал" программасынын алкагындагы "Лидер KG" берүүсүнүн мурдагы алпаруучусу Жийде Зоотбекова жумуш ордун которуп, башка телеканалга кеткен эле. Бир нече айдан кийин кайра эле НБТ каналына кайтып келди. Тагыраак айтканда, шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү саат 14:00дө "Телеворд" аттуу телевикторинаны алып бара баштады. Андан сырткары, республика боюнча өткөн "Технология доорунун кыздары" деген проектке катышып, 200 кыздын ичинен 15и тандалып алынып, ошолордун арасынан суурулуп чыгып Жийде 2010-жылдын финалчысы болду. Мындай ийгиликке жетишкен сулуу бийкеч долбоорлор менен жакынкы арада чет өлкөгө барууга камданып жүргөн кези.


Адинай МАРИПОВА