Дүбүрт

Мамлекетти түптөгөн улуу инсандарга Адахандан таазим

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух ордо" маданий борбордо Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын айкели "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясы жана анын лидери Адахан Мадумаровдун демилгеси менен тургузулуп келет. Буга чейин Жусуп Абдрахманов, Исхак Разаковдун айкели турган болсо, 25-сентябрь күнү Баялы Исакеевдин айкели тургузулуп, партиянын лидери Адахан Мадумаров салтанаттуу түрдө ачты. Алгы сөзүн коштой, Баялы Исакеевдин жакын туугандары жана кызы Лариса Исакеева жүрөктөн чыккан жылуу кептерин айтышты.

Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын лидери, Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер:

- Эки жыл мурда Исхак
Разаковдун, былтыр болсо Жусуп Абдрахмановдун айкелин ачып атып, "Баялы Исакеев атабыздын айкелин анын 115 жылдык урматына жана кыргыз мамлекетинин эгемендигине арнап 25-августка ачылуу аземин белгилейли" деп сөз берген элем. Анда президенттик шайлоо болору дайын эмес болчу. БШК менен бирге чечип, Баялы атабыздын айкелин ачуу аземи бүгүнкү күнгө белгиленип, жаркыраган күн астында, бүгүн сиздердин катышууңуздар менен, Кыргыз мамлекетинин мамлекет болуп түптөлүшүнө эбегейсиз зор салымын кошкон, керек болсо өз өмүрүн арнап койгон Баялы Исакеев атабыздын айкелин ачуу аземи бүгүнкүгө туш келип турганы жакшы жышаан деп, жакшылыктын белгиси катары ыроолойлу. Биз жакшылыкка багыт алалы. Мына эми, Кудай буюрса, "Рух ордо" деген ат чыныгы өзүнүн атына татыгандай сезилет. Анткени, биздин артыбыздагы тарыхка бир кылчайып, өлкөнүн түптөлүшүнө биринчи кыштарын кынаган азаматтарга таазим этмейин, биз эч качан "мамлекеттин кечээгиси кандай эле, бүгүнкүсү кандай, эртең кандай болобуз?" деген суроолорго жооп таба албайбыз.
Биздин "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын алдына койгон максаты бирөө гана - кыргыз өз киндигиңди өзү кесип, өз түндүгүңдү өзүң көтөрүп, өзүңдүн келечегиңе өзүң ээ болгун! Эч качан башка жакка карап жетеленип, адашып жүрбөйлү. Өзүбүзчө түтүн булап, өзүбүзчө өнүккөн өлкө бололу. Мүмкүн ушу жерде отурган аксакалдардын тилеги да ушундайдыр. Заман өтө оомалуу-төкмөлүү болуп турат. Пейилибиз абдан катуу бузулуп, биз адамгерчиликти туу тутпастан, байлык-бийликти туу тутуп калдык. Канчалык күмүш сакал аталарыбыз акыл айтпасын, айткандары кулагыбызга кирбей, кайсыл жерде дасторкон жайылса, ошо жердин сөзү өтүп баратат. Дагы бир жолу айтайын, өзүбүздүн намысыбызды, ариетибизди бекем кармайлы. Биздин тагдырыбыз биздин пейилибизге жараша. Биздин келечегибиз Жараткандын колунда, эгер ачып койсо, аны эчким токтото албайт. Тескерисинче, Жараткан тосуп койгон болсо, бир да пенде аны көкөлөтүп кое албайт. Башка мамлекеттер менен теңата болгон мамлекет болууну - Жараткан кылымдарды карыткан касиеттүү калкыбыздын маңдайына буюрсун!

Лариса Исакеева КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Баялы Исакеевдин кызы:
- Ушундай көлдүн жээгинде Адахан уулум үч инсандын айкелин татынакай кылып орнотуп койду. Бу кишилер эмнени гана көргөн жок. Кыргыздарды түптөп, илимдүү, билимдүү кылып кетишти. Аталарыбыз өз убагында азап-тозокту баштарынан кечиришти. Эл үчүн кызмат кылды. Ошол эле учурда элдин акысын жеп, байлыктарына кол салган эмес. Азыркыларды болсо көрүп атабыз. Адахан уулум, сага миң мертебе ыраазымын. Сен ушу аталарыңдын жолун улап, мамлекеттин өнүп-өсүшүнө бардык күчүңдү жумша. Мен сага ишенем. Анткени, азыркылардын ичинен артка кылчайып, тарыхты билгендердин арасында саналуулар гана бар. Анын арасында сенин үлүшүң абдан зор. Ушу тандап алган жолуңдан кайтпа. Жусуп Абдрахманов, Исхак Разаков, Баялы Исакеев аталардын арбагы колдоп, ойлогон оюңа, тилеген максатыңа жет.
Төрт жыл мурда атамдын 110 жылдыгы болду. Мамлекеттик деңгээлде өткөзүп берүү максатта кимге гана кайрылбадым. Баары эле баштарын ийип, "макул" деген сөздөрүн айткан. Бирок, иш жүзүндө андайдын кыпынын да көргөнүм жок. Ал эми Акаевдин бийлигиби же Бакиевдикиби, атамды бирөө да эскерип койгон жок. Азыр атамдын айкелин өз көзүм менен көрүп, толкунданып турам. Дагы бир жолу Адаханга айтаарым, мобу жерде Баялы атамдын биртуугандары, айылдаштары турат. Баарыбыз биргеликте ишиңе ийгилик каалап, ак батабызды беребиз.

Леонид Калашников, публицист, акын:
- Баялы Исакеев кыргыздын нагыз уулу. Бул адам эр жүрөк адам болгон. Мамлекет дегенде, улут дегенде жанын жерге кое чуркагандардын бири. Эми Адахандын адамдык касиети аркасында кыргыздын үч уулунун айкели Ысык-Көлдүн жээгинде турду. Элди, жерди сүйгөн адам катары Адахан Мадумаров элде жок жогорку үлгүнү көрсөтүп отурат. Айкели турган үч адамдын эмгектерин кыргыз эли унутпашыбыз керек. Кыргыз жергесине тээ алыскы Воронеж шаарынан немис чокоюн кийип, согуштан кийин келгем. Кыргыз жери ушу кезге чейин мени ачка калтырбады. Көзүм өткүчө кыргыз элине ыраазымын, көзүм өткүчө Адаханга ыраазымын. Кыргызстандыктар, ушундай уулуңарды көтөрүп алгыла, өлкө келечегин аныктай турган чыныгы лидер - бул Адахан Мадумаров!

Сурат Жылкычиев,
Бишкек -
Чолпон-Ата - Бишкек