Демилгелүү жаштар. Шайлоо. Өлкөнүн тагдыры

Учурда жаштар өзгөчө шайлоо алдында кызуу активдешип жатышат, бул биз үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды окшойт, негедир өлкөнүн чечүүчү олуттуу кырдаалында жаштар кызып барып эле өчүп калгандай көрүнөт, болбосо жаштар дегенибиз менен ал болгону максатка жетүүнүн эле куралына айланган сыяктуу буга эми жаштар өздөрү күнөөлүбү же бийликтин эски саркындылары жол бербей жатабы? Бүгүнкү тегерек стол маегибизге "Мен өлкөмдү бөлбөйм" жаштар форумунун негизинде түзүлгөн ар кайсы партиялык жаштар канаттарынын өкүлдөрүнөн жана бир топ коомдук уюмдардын жигердүү жаштарынан түзүлгөн демилгелүү топту кепке тарттык. Алар: Адил Назаров, "Ынтымак" жаштар уюмунун төрагасы, Айсулуу Алымбек кызы, "Замандаш" партиясынын жаштар канатынан, Жанабил Давлетбаев, "Коомдук изилдөө институтунан", Индира Ахметова, "БЭК" партиясынын жаштар канатынан, Нургазы Исманов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жаштар канатынан.

- Сиздерге алгачкы суроом, өлкөбүздүн азыркы абалын кандай баалайсыздар, ушул боюнча кеп баштасаңыздар?

Адил: - Биз мына 20 жылдын ичинде кызыктай коомдук-саясый абалга туш келдик. Ушунча жылдын ичинде элдин бийликке болгон ишеничи кетти, эл колдобогон бийлик алсыз жана ал ар дайым белгилүү топтун кызыкчылыгын гана көздөп иш кыларын 20 жыл ичинде көрүп тойдук, өлкөдөгү бийликтин туруксуздугу жана жоопкерчиликсиздиги абалыбызды ого бетер оорлотуп жиберди. Мына, алыс кетпей эле, июнь окуяларын алсак, мамлекет толугу менен өзүнүн алсыздыгын жана чабалдыгын көргөздү го. Эгемендүү болгонубуздан бери канча жыл өтсө да, өлкөдө бир да бир өзгөрүү болбоду. Коррупция кандай болсо, ошол схемада бүгүн да иштеп жатат. Азыркы саясый элитанын эл астында кадыры кетти, анткени, алар элдин ишенимин аткара алган жок. Эл бүгүнкү күнү жаштарга ишеничин артып отурат. Саясый аренага эми жаштардан турган жаңы муун келбесе болбой калды, аны бардыгыбыз жакшы түшүнүп жатабыз. Кеп, эми ошол мүмкүнчүлүккө азыркы ыплас саясатчылар жол берип шарт түзүп бербейт да, кыйынчылык ушул жерде жатат.
Индира: - Өзүнүздөргө белгилүү болгондой, акыркы 2 жылдын ичинде жалаң жаштар деп айтылып келгени менен, реалдуу мамлекеттик кызматтарда активдүү иштеген жаштар дээрлик жокко эсе жана демилгелүү, билимдүү жаштардын мамлекет түзүүдө болгон көз карашы ишке ашпай келет. Жаштар баягы эле саясый куралга айланып жаткандыгы өкүнүчтүү. Ошондуктан, мен ойлойт элем, биздин көтөрүп жаткан демилгебиз улам барган сайын жаштардын жаңы катмарын тартып, бир саясый күчкө айланышыбыз керек. "Мен өлкөмдү бөлбөйм" деген аталыштагы жаштардын демилгеси мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калууну максат кылат. Бул иш-чара шайлоо алдындагы эле көрүнүш эмес, тескерисинче, андан кийинки абалга карата элдин ынтымагын сактоо жана жаштарды биримдикке чакыруу боюнча иш алып барат. Өлкөнү регионалдык бөлүнүүгө алып келе турган факторлор менен күрөшүү менен, биз андан кийинки кадамдарыбызды аныктап алабыз. Биз мүдөөбүздү куру сөздөр менен эмес, конкреттүү иш менен көргөзөбүз деп ишенем.
- Айтсаңыз, айтылган демилгенин мүчөсү катары "Мен өлкөмдү бөлбөйм" жаштар форуму кандай өттү?

Жанабил: - Бүгүнкү күндөгү регионалдык бөлүнүү маселеси олуттуу турат, ошондуктан буга кылдат караш керек. Бул маселе атайы жасалган технология жана элге бул бөлүнүүнү таңуулап, жалган стереотипти киргизип салышты. Демек, мындан жыйынтык чыгарса болот. Бул маселе бийликке жетүүдөгү ыплас саясатчылардын чыгарганы. Ошондуктан, бул маселени элдин арасында эмес, саясый аянтчада чечиш керек. Ушуга байланыштуу, биз, демилгелүү жаштар бир топ жаштардын коомдук уюмдары жана саясый партиялардын жаштар канаттары менен биргеликте бир жарым айдан бери жогоруда айтылган маселе боюнча республикалык маанидеги "Мен өлкөмдү бөлбөйм" деген аталыштагы иш-чараны баштап, 18-сентябрда Жалал-Абад шаарында 1-республикалык жаштар форумун өткөрдүк. Бул жерде айтып коюш керек, Форумга бардык региондордун жаштар өкүлдөрү катышып, шайлоо алдындагы президенттикке талапкер болгон кандидаттарга регионалдык бөлүүгө алып келе турган идеяларды же үгүт иштерин жүргүзбөөсүн алдын алып, резолюция кабыл алдык. Жеке эле өлкөбүздүн борборунда эмес, региондордо жаштарды активдештирүү максатында Жалал-Абаддан баштадык.
Айсулуу: - Ооба, бул форумга баардык аймактын өкүлдөрү катышып, резолюция кабыл алдык. Ал резолюциянын маанисинде, жогоруда айтылгандай, элди бөлүп-жарууга алып келе турган ыкмаларды колдонушпасын деген ойду бердик. Ал резолюцияны кандидаттардын өздөрүнө, БШКга, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке, ММКларга, күч органдарына жана башка тиешелүү жактарга тапшырдык. Ошону менен биз, жаштар, коомдук деңгээлдеги көзөмөлдөөчү комитетти түзүп, кандидаттарды байкоого алабыз да, ММК аркылуу чагылдырып турабыз. Албетте, бул резолюцияны ишке ашырууда биз БШК менен тыгыз иштешүүгө барабыз.

- Кандай ойлойсуздар, бул иш-чараңардын таасири канчалык?

Айсулуу: - Мен ойлойм, биз туура маселе койдук. Анткени, бул олуттуу маселе экендигин баардыгыбыз жакшы билебиз. Ишенем, эгер чоң күчкө айлансак, албетте мүдөөбүз ишке ашат. Президенттикке ат салышып жаткан кандидаттар элдин талабын, анын ичинде жаштарды угуп иш кылыш керек. Өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууда биз бул маселенин тегерегинде коомдук пикир жаратып, ММКлар менен тыгыз иштейбиз. Бул маселени көтөрүп жатканыбыздын дагы бир себеби бар. Ал мындай: президенттикке талапкерлерге толук кандуу ишене албайбыз. Ал эми жеке пикиримде, бул кандидаттардын арасында купулга толо турган адам жок, бири дагы жаңы чоң өзгөрүүлөрдү алып келе албайт.

- Сырткы жана ички коопсуздук боюнча эмне айта аласыздар?

Нургазы: - Азыркы глобализациялык процессти карап көрсөк, дүйнөлүк поляризация жүрүп, державалардын таасири күчөп, майда, биз сыяктуу чакан өлкөлөрдүн мамлекеттүүлүгү жоголуп кетүү коркунучунда турат. Бизде азыр реалдуу коркунуч бар. Анткени, Кыргызстан стратегиялык маанилүү жерде жайгашкандыктан, геосаясат бизде күчтүү жүрүп жатат. Биздин аймак чоң кызыкчылыктардын курмандыгына айланып кетпейт деп бүгүн бизге эч ким кепилдик бере албайт. Ошол геосаясаттагы кызыкчылыктарды ишке ашырууда державалар өлкөбүзгө дестабилизация уюштуруп, дайыма конфликттик кырдаалды кармап турууга аракет кылат. Биздеги эл аралык уюмдардын көпчүлүгү дал ошол кызыкчылыктарды реализациялоодо активдүү иштеп жатышат. Мына, учурда Кытай-Кыргыз темир жолун куруу боюнча сөз жүрүп жатат, бул өтө кооптуу маселе. Биздин өкмөт экономикалык кызыкчылыктарды айтып жатат, бул болбогон кеп. Кытай терең ойлонуштурулган жылма экспанцияны ишке ашырганы жатат. Бул проект эч качан кыргыздын улуттук кызыкчылыгына жооп бербейт.
Адил: - Кытай-кыргыз темир жолун Кытай бизге бекер салып бербейт, келишим боюнча аларга биздин кен чыкчу жайлар иштетүүгө берилмекчи. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча темир жолду салууга 2-4 млрд долл. кетсе, ал эми биздин кен байлыктар трлн. долларга бааланат. Бул темир жолдун курулушу 100 миңдеген кытайлардын агылып келишине алып келет. Мен айтаар элем, өкмөт бүгүн элдин астында ушул долбоорду алып чыгып, ачык түрдө келишимде көргөзүлгөн шарттар жана убадалашууларды көргөзүшү керек, анткени, бул улуттук мүнөздөгү долбоор. Мына ошондон кийин эл чечет же макул же жок деп. Бирок, менин айтаарым, эгер бул долбоор азыр башталып кетсе, анда биз чоң жаңылышып, утулуп калабыз.

- Идеологиянын күчү канчалык деңгээлде бүгүн бизге таасир бере алат?

Жанабил: - Бүгүн бизде идеология жок, бирок мамлекеттин бекем болушунда бирдиктүү идеологиянын орду чоң. Биз азыр бир идеологияга келүүнүн жолундабыз. Бирок, андан мурун бизге стабилдүү экономикалык саясат керек, ошол эле региондорду өнүктүрүү, экономикалык базаны чыңдоо башкы максат болуп турат, ансыз биз куру курсакка сөз жеткире албайбыз.

- Жаштардын бийликке келүүсү кандай формада болушу керек?

Индира: - Жаштарда билим интеллекти боюнча потенциал күчтүү, биз эч кимди ээрчибей эле, өзүбүздүн күчүбүз менен жаңы күчтү жаратып, алдыга чыксак болот. Бирок, биз мамлекеттен талап кылаардан мурун, биринчи өзүбүз ич-ара бир позицияга биригип алсак, ошондо гана олуттуу күчтү жарата алабыз. Албетте, жаштардын күчү максаттуу түрдө саясый бир формага бекип, анан ачык шайлоого аттанса болот. Эң негизгиси, элдин колдоосу жана ишеничи керек.
Адил: - Алыс кетпей эле, Грузияны мисалга алсак жетиштүү. Негизи эле тарыхый тажырыйбада белгилүү болгондой, көпчүлүк учурда өзгөрүүлөрдү жаштар жасайт. Эстония, Монголия, Сингапурду алсак, буга мисал. Болгону, өлкөдөгү коррупциялык схема талкаланып жоюлса, жана бийлик башындагылар өздөрү адегенде шарт түзүп, билимдүү жаштарга орун берсе жакшы болбойт беле. Тилекке каршы, биздин учурда андай болбой калды, ошондуктан, күрөшүүгө туура келет.
- Жалпыңыздарга суроо: жаштар кандай баалуулуктарды тутунушу керек?

Нургазы: - Албетте улуттук баалуулуктарды. Биздин элдин салтында, маданиятында калыптанган асыл-наркты бийик баалашыбыз керек. Бизде бүгүн улуттук лидер жок. Эл азыр мекенчил, улуттук кызыкчылыкты баfрдыгынан бийик кармаган лидерге суусап турат. Эми ушул критерийге жооп бере алган талапкер барбы, кеп ошондо. Улуттук лидер гана улуттук идеологиянын башында туруп, мамлекетти өнүктүрүп кете алат.
Айсулуу: - Бүгүнкү күнү ушул маселе кыйын болуп турат, анткени, азыр жаштардын абалы оор. Күнүмдүк тиричилик менен жүргөндөр көп, ошондуктан, көпчүлүгү өзү ойлогон көз карашы менен дал келген иш жасай албай келет. Буга мамлекетти, абалыбыздын начарлыгын айтып күнөөлөй бергенибиз бир чети туура эмес, анткени, чынында жаштар азыр баалуулуктар айланасына бириге элек. Ал баалуулуктарды түзүп берген бизде идеология жок, буга чейин болгон да эмес. Айтып коюш керек, биз эми гана жаңы идеянын башатына келип, эми гана баштаганы турабыз. Биздин баалуулуктар биздин ички умтулуубузду жана сапатыбызды көргөзүп турушу керек.
Жаштар мамлекетке мен кандай салымымды кошо алам, менин элге керегим тиеби, мен кантип өз өлкөмө пайдалуу боло алам деген түшүнүккө келсе - ишибиздин оңолгону.
Индира: - Мен ойлойт элем, чынчылдык, калыстык болсо деп. Ушул сапаттарды бала бакчадан баштап үзгүлтүксүз тарбия менен киргизсек, кийин жаштардын моралдык абалы бекем жана таза болмок. Ал калыптанган сапат мамлекеттик кызматта өзүн көргөзмөк, бизге азыр ушул сапаттар жетишпейт. Патриот болуу тарбиядан башталат.
Жанабил: - Биз эми идеологиялык багыттагы акцияларды уюштуруп баштасак болот. Мисалы, "Жети атаңды билесиңби?", же болбосо, башка ушул сыяктуу улуттук сезимди көтөрө турган иш-чараларды колго алсак.
Менимче, ошондо биз акырындап баалуулуктарыбызды калыптандырат элек.
Нургазы: - Кошумчалай кете турган нерсе, бизге пунктуалдуулук жетишпейт. Мүмкүн бул майда нерседир, бирок, баардыгы ушундан башталат. Кыргызча боло берет деген кол шилтемей адатты ташташыбыз керек.
Адил: - Ырас, кыргыздар көчмөн эл болгондон кийин, биздин баалуулуктар көчмөндүк табиятка, салттык дүйнө таанымга негизделиши керек. Себеби, ушуга негизделген кыргыздын баалуулуктары биздин ата-бабалардын жолун канча кылымдан бери сактап келди, эгер биз ошону улантып кете албасак, бул дүйнөгө келгенибиз бекер. Ошондуктан, айтаар элем, кыргызга мүнөздүү баатырдык, кайратмандык, калыстык, меймандостук, ийкемдүүлүк, эр жүрөктүк, чынчылдык, сабырдуулук азыркы жаштардын гана эмес, бүтүндөй элдин башкы баалуулуктарына айланышы керек.

Эльмира МАДИЕВА