Бактар калды сен аралап баскан жай
(Шайлообек Дүйшеев)
Салтанат Кыдырмаева, "Көк асаба" гезитинин башредактору: "Ачыла элек сандыкта..."
1989-жылдын январь айында "Ленинчил жаш" гезитине журналисттер Мелис Эшимканов менен Мамат Сабыровдун жазуучу Кубат Жусубалиев менен болгон маеги басылып чыкты. Аталышы - "Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар". Анда 10-класс кезим. Гезиттин бир бетин бүтүндөй ээлеген маек "уландысы бар" деп отуруп, сандан санга төрт жолу чыкты. Гезиттин жаңы санын, маектин уландысын улам күтүп, күтүү менен бирге башка бир дүйнөгө кирип кеткенсидим. "Ленинчил жашты" жетинчи класстан бери калтырбай окуп келатсам да, ушул маектеги окугандарым менин түпкүрдөгү жан дүйнөмө бүлүк салып, буга чейин капарыма албаган дүйнөнүн эшигин ачып койду...
1990-жылы, КМУнун филология факультетинде окуп жүргөндө, баягы мектепте окуп жүргөндөгү гезиттин баарын тобу менен жатаканага алып келип алдым. Анан бир күнү Раззаков көчөсүндөгү "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясынын жанынан өтүп баратып, ыйык бир храмдын жанынан өткөндөй толкунданып, "кандай адамдар ушундай редакциянын ичинде иштешет болду экен" дедим. Анүстүнө, өзүм Алыкул Осмоновдун айылынан болгондуктан, бул имаратка бир кезде Алыкул акын да кирип-чыгып жүргөнүн ойлоп, ого бетер сүрдөдүм. Ошол жылы "Ленинчил жаштын" редактору алмашып, М.Эшимканов башредакторлукка келгенин студенттер айтып калышты. Тагдырдын буйругу, бир жылдан кийин, 1991-жылы, өзү айткандай, мен анын "кара чечекей жалгыз келини" болуп калдым. Кийинки жылы гезитке корректор талап кылынып (анда гезиттин аталышы "Асаба" болуп өзгөргөн убак), үч жолу жарыя басып чыгарышты. Анан, үчүнчү жарыядан кийин да корректор табылбагандан кийин, Мелис байке "филологияда окуп атпайсыңбы, ишке кирип, сен эле иште" деп, "Асабанын" астанасын аттатты. Андан 2-3 жылдан кийин, "жөндөмүң деле бар экен, журналист болуп иште" деди. Бирок, баягы "Ачыла элек сандыктаны" окуп калган мен, "чалды-куйду интервью, майда-чүйдө макалалар менен алышып кереги жоктур" деп, бир нерсе жазууга батынбадым. Анткени, "Ачыла элек сандык" мага кандай таасир берсе, журналисттин ар бир жазган макаласы ошондой күчтүү, маңыздуу болуш керек (!) деп эсептеп калгам. Кубат Жусубалиев айткандай, "такыр жүрөккө из калтырбаган, терең-терең чыйыр салбаган макулатураны жаратуунун" кереги жок эле. Бирок, Мелис байкенин редакторлук ишине суктанып, ар бир журналисттин материалын оңдоп-түзөп, чийгилеп, сөз байлыкты байытып кошуп жазганына, кыскартканына, койгон рубрикаларына, темаларына кызыгып, көз жүгүртчүмүн…

...Ошол маекте Кубат Жусубалиевге Мелис байке мындай суроо узатат:
- Өзүнөн-өзү качуу дегенге кандай карайсыз?
Жазуучу:
- Эртеби-кечпи адам өзү муну менен кезигет. Ушундай проблемага туш болот. Муну бир билгиле, эч качан өзүңөрдөн өзүңөр качпагыла. Качканга караганда, өзүн-өзү кабыл алганга чоң эрдик керек. Улуу адам гана өзүн-өзү кабыл алат. Өзүңдү бүт кириң менен кабыл алышың керек. Ошолорду моюнга алып, ошолорду жууп, ошолордон тазаланыш керек...

Жеке баамымда, Мелис байке акыркы жылдардагы саясатта, коомдук иштерде башынан өткөргөн өзүнүн баардык оң-терс көрүнүштөрүн таразалап, өзүнөн-өзү качпай, же башкаларчылап актанып жутунбай, өзүн-өзү кабыл алды.
Былтыркы күздө сунуш айттыңыз: "Парламенттик шайлоодон кийин баягы "асабачылар" биригип, "Баягы асаба" деген гезит чыгаралы. Сен "Көк асабаң" менен акчаң жок кыйналып жүрөсүң. Гезитиңдеги кыргыз дүйнөсү тууралуу темаларыңдын баарын камтыйбыз, руханий макалаларды жазып жүргөн авторлоруңду да өзүбүзгө кошобуз" дедиңиз... Буга чейин гезитиме болгон мамилеңизди билбей жүргөн мен, "Көк асабанын" багытын, мазмунун кабыл алганыңызды түшүнүп, кубанып калдым.
...Ал телеге, радиого, гезиттерге берген маектеринде болобу, сөзсүз жан дүйнө, рух дүйнө темасын козгой кетчү. Супсак болбосун деп "Асаба", "Агым" гезиттеринин беттеринин биринде сөзсүз руханий тема кетишин суранаар эле. Бирок, өзү баш-оту менен бул дүйнөгө терең кирүүгө кайнаган саясаттын оп тартып кетиши тоскоол болду деп ойлойм.
Эми, "баягылар" сизди узатып, баягы боюнча кала бердик. Акча да табылаар, "Көк асаба" да көктөп чыгаар. Жакындарыңыз үчүн сиз гана табылбайсыз... Мелис байке, бул эскерүүмдө бир гана нерсени айтайын дедим эле: жалган дүйнөнүн табышмагына, Кудайдын кудуреттүү күчүнө, аалам илимине болгон кызыгууларымдын башатында тээ 22 жыл мурунку сиздин "Ачыла элек сандыгыңыз" турат. Сиз тирүү кезде мен мына ушуну айтпай калдым...




Аскер САКЫБАЕВА, "Жаңы Агым" гезитинин башредактору: "Начальников много, но шеф бывает только один"
- деп "Асаба", "Агым" гезиттеринде бухгалтер-кассир болуп иштеген Наталья Шпортко бир жолу Мелис байке жөнүндө айтканы эсимде. Көп эле жетекчилер өзү иштеген мекемеге өзүнөн күчтүү инсандарды кызматка алгысы келбейт. Мелис Эшимканов андай эмес эле. Ал адамдын өзүнө болгон жеке мамилесине карачу эмес, дайыма ишинен бере ала турган жыйынтыкка карачу. Ошон үчүн кезегинде "Асаба", "Агымда" эмне деген гана адамдар иштеген жок. Келип-кеткени канча болду. Мелис байке иш учурундагы жетекчилик талап менен адам катары жеке мамилени айкалыштырып
жүргөнү менен, баары бир иштин кызыкчылыгын жогору койчу. Кокус өзү туура эмес иш кылып алса, кечирим сураганды да билчү.




Жылдыз Мусабекова, "Айат" гезитинин башредактору:
"Ага эркелегендей, күйөөбүзгө да эркелебегендирбиз"
- Мелис байке аялзатын абдан сыйлачу, сүйчү. Аларга колу ачык, берешен болчу. Сөздүн гүлүн таап сүйлөчү. Мен анын карындашы элем. Экөөбүз 12 жыл чогуу иштедик. Канатына калкалачу. Бирөөнө жаман сөз айттырган жок. Кээде материалдар боюнча чыр-чатак чыгып, жамандап бирөө келсе, кээ бир редакторлордой "бул күнөөлүү, ал күнөөлүү" деп кутулбай, "мен жазгам" же "мен жаздыргам, анча эмне болдуңуз, мына мени менен урушуңуз" деп коргочу.
Коллективдеги кыздар ии-ий, иттей эркелечүбүз да. Антип күйөөбүзгө да эркелебегендирбиз. "Ресторанга баргыбыз келип атат" десек, сөз жок алып жөнөчү. "Сууга түшкүбүз келип атат" десек, Тынчтык досуна "менин редакциямдын кыздары барат, шарт түзүп бергиле" деп айтып, саунасын дайындатчу. Атабыздай кам көрчү, караңгыда көчөгө калтырчу эмес. Үйлөрүбүзгө жеткирген машина да бар болчу. Бүт баарын байкап, билип, маанайың жаман болсо да сезип, сурап турчу. 8-мартты өлө "грандиозно" өткөрчү. Белек, акча...
Бир жылдагы 8-мартта балдар бизге оюн коюшту. Мелис байке "сутенер", берки балдар сойку. Ошону менен алар коомду сындап, кыздардын жүрүм-турумун көргөзүштү. Балдарыбыз көйнөк кийип, боенуп, көйнөктүн сыртына лифчик тагынышып... Биз боорубуз эзилгиче күлүп атабыз. Бир убакта кыздарды ар бир бала мойнуна көтөрүп алып чуркамай оюнун кылышты. Мен тамашалап, "мени Мелис байке көтөрөт" десем, "кой кокуй, сен басып калып арам өлтүрөсүң" деп күлүп калды...
Мени "жинди Жылдыз", "бандит", "хулиган" "сөгүнчөөк" деп койчу. "Ушу кемпир деле болгону калдың, сөгүнгөндү токтотсоң боло" деп баягүнү эле айткан. Үч уктасам түшүмө кирген эмес, Мелис байке өлөт деп. Такыр өлбөчүдөй сезилчү...

Коомдук ишмер, белгилүү журналист
Мелис Эшимкановдун
мезгилсиз дүйнө салганы биздин кыргыз коомчулугунда оор жоготуу болду. Үйбүлөсүнө, туугандарына жана жакын санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөм.
Элмурза Сатыбалдиев

Эльмира Мадиева