Жагымсыз коңгуроо!

Шумкар боосун үзүп кетти...
(Некролог ордуна)
Түнкү саат 11:05. Жаңы төрөлгөн уулумду киринтип, энесинин колуна салып бергем. Пушум эмизип атат. Күтүүсүздөн телефонум шыңгырап калды.
-Досум, кандайсың? Каяктасың?-деди тааныш үн.
-Үйдөмүн.
-Үйдөсүңбү?-деп таңгала жооп узатты.
-Кел үйгө,-дедим мен.
-Азыр барам...
Аңгыча аялым адатынча нааразы түрү менен булк этти:
-Эми кайда? Бүгүн да кеч келесиңби?-деди жаман көзү менен карап.
Маани бербедим. Сыртка чыктым. Кара БМВ токтоп турат. Арткы орунтукка көчүк бастым. Рахат досум дароо эле:
-Аслан, тигиндей чыгалы...-деди.
-Кеттик.
Алдыңкы орунтуктагы бели ичке, кайыштай ийилген кызга көзүм чалдыкты. Үндөбөдүм. Бир маалда Рахат:
-Досум, ушул эле жерге токтоп, кичине сеп этелик...-деп калды.
-Макул...
Экөөбүз машинедеги арак-закүскөнү алып чыгып, сыртка жайгаштыра салдык. Досум токтоосуз эле:
-Аслан, сага көңүл айтканы келдим. Мелис байкенин арты кайрылуу болсун, жаны бейиштен орун алсын!-деди.
-Рахмат...
Согуп ийдик. Дал Мелис байкенин үйүнүн тушунда турабыз. Үйүнүн светтери өчүк. Капкараңгы. Саамга тунжурай түштүк. Рахат экинчисин куйду. Аны да тартып ийдик. Ортодо жакшы сөздөр. Жамгыр себелей баштады. Үчүнчүсү куюлду. Дагы соктук. Бир маалда машиненин алдыңкы орунтугундагы кыз сыртка чыкты да:
-Үшүп атам...-деди.
-Ме...
Үстүмдөгү күрмөмдү чечип бердим. Жигитмин да. Ал кыз сөз баштады анан, туй ата, Эшимкановду билбеген адам жок да, "Агымдан" баштап азыркы турмушуна чейин айтып кирсе болобу? Саймедиреп. Көрсө, Мелис байке ачык экен да, ал турмушун ММКлар аркылуу бүт элге жая берчү тура. Ачык айтчу да. Анан түн ката келген кыздан баарын угуп, айрымдарын оңдоп-түзөп турдум мен. Жамгыр болбой эле төгүп кирди. А Эшимкановдун үйү көзгө башкача көрүнөт...
Чынын айтсам, арактын күчү мени оталдырып салды. Аз күн мурунку эле күндөр көз алдыма элестеди. Бул экөө мени жөн гана жандандырып койду да...

Мелис байке экөөбүз отурабыз, Аламүдүн суусунун жээгинде, үйүнүн артында. Шылдырайт. Анан ал:
-Аслан, ушул шылдыраган суу менен уктайм да, терезени ачып коем, кичине угулуп турат,-деди.
-Суу киргил экен,-дедим.
-Жо-ок, таза суу.
-Аа...
Негедир талашкым келбеди. Эшимканов табигаттын кооздугуна, суунун тазалыгына берилип, жаш балача суктанып отурду. Ал адамдын ички дүйнөсүнүн тазалыгына, кыздардын сулуулугуна, ошондой эле тирүү жандүйнөнүн отуна жылынчу. Дал ушундай сезимдер менен үйүнүн артында отурабыз. Ары жакта бак-дарактар. Ортодо шылдырак суу...
Ойго чөмүп кетиптирмин да, аңгыча Рахат селт эттирди:
-Досум, эмне ойлонуп?-деди коңур үнү менен.
-Ойлонбой эле, ичеличи?
Мелт-калт аракты согуп ийдик. Дагы көтөрдүк тостту. Жамгыр ансайын катуулай баштады. Шөмтүрөй түштүк. Дагы ичтик. Жамгырга аралаш. А тиги кызга көңүл бурбадым, билбейм, менин оюм ала качып эле токтобой атты. Сулуу болсо да...
Ошентип, досум менен коштошуп, үйгө кирдим. Уктай албайм. Оюмда Мелис байке, бир жагынан жаңы төрөлгөн уулум кыңкыстайт. Эмчек сурап. Ары-бери басам. Аялым күйпөлөктөйт. "Жазайын" дедим. Эрксизден Эшимканов менен акыркы жолугушкан күндү көз алдыма тарттым (сүрөтчү болсом кана, эх, бири кем дүйнө...). Жөпжөнөкөй эле. Телефонум ырдап кирди:
-Алло...
-Аслан... Каяктасың?
-Үйдө.
-Биякта Меке болуп отурабыз, "Свежакта"... Келип калбайсыңбы?-деди Токой байке калбаат үнү менен.
-Азыр...
Дароо эле жетип бардым. Шортачан. Ал жерде Мелис, Токой, Талант, Назар, Дүйшөн байкелер отурушуптур. Мен бара калсам эле топ жарыла түшүп, баары ордуларынан тура калышты. А Мелис байке мени өзүнчө бөлүп кетти да:
-Эмне мурдуңду сыйрытып?-деп күлө карады.
-Башка жерлер деле сыйрылып жүрөт...-дедим тамашалай.
Экөөбүздүн ортобузда ушундай жылмаюу өкүм сүрдү. Жыргап алдык бир башкача. Бири-бирибиздин көздөрүбүздү карап түшүнүштүк. Кайра столго отурдук. Бака-шака түштүк. Анан кичине тамактанган соң турдук да, ал жерден Токой менен Назар байкелер калып калды. Биз болсо Талант Конокбаевдин машинесине түшүп, үйгө жөнөдүк. Менин үйүмдүн астына келдик. Мелис байке:
-Талант, сен жанагы жакка бара бер, Аслан экөөбүз азыр барабыз,-деди.
Конокбаев урган бойдон кетти. Экөөбүз калдык. Эшимканов мага карап:
-Жүр, аялыңа айтып коеюн, экөөбүз кеч келип кылышыбыз мүмкүн...-деди.
Минтип айтчу эмес да... Үйгө кирип, кобураша отуруп калдык. Аңгыча байке тереземе үңүлүп:
-Менин үйүм бул жерден көрүнөт турбайбы?-деди.
Сырттагы караңгылыкка жабыша калдык. А шефтин үйү жапжарык... Көп отурбадык. Аялым уйку-соосу менен тура калып келди, нан ооз тийдик, байке жайдары жүзү менен жакшы каалоосун айтты. Үйдөн чыга жөнөдүк. Сыртта турган машинемди от алдырып, жолго түштүк. Ресторанга жеткиче Мелис Асаналиевич көп сөз айтты, Мелис Мырзакматов менен бир журналист айымга таарынганын жашырбады. Экөө капа кылып коюптур. Баягы эле саясат да...
-Аслан, биз "Учурду" 500 миң тираж менен чыгарабыз, чындыкты жазабыз. Суваналиевди колдош керек, Кыргызстанда ошондо адилеттүү бийлик орнойт!-деди.
Дагы ортодо көп сөздөр айтылды. Аңгыча болжогон ресторанга да жеттик. Талант Конокбаев да келди. Үчөөбүз жакшы отурдук, тамаша, күлкү... Биз түбөлүк жашачудай бактылуубуз... Негедир ажырашкыбыз келбегеничи?
Тагдырдын буйругу экен, ал ортодо күтүүсүздөн Элмурза Сатыбалдиев, Бакыт Калыев өңдүү генералдар менен тасмалдын чекесинде даам сызып отурганга насип буюрду. Кайдан-жайдан жолугуша калдык десең. Анан Мелис байке жакшы тост сүйлөдү. Мындай сөзгө Бакыт мырзанын ичи жылып, калдалактап чуркап, ак калпак, чепкен жаптырганга жарады. Намыстуу жигит экен. Элестүү мүнөттөр...
Ошол күн ошол болду. 10-сентябрдан оогон түн...
А ким ойлоптур? Күтүүсүз ажал Мелис байкени тооруп турганын? Ошентип, көп узабай биздин каарманыбыз 15-сентябрда бул дүйнө менен коштошуп кетти. Баарыбызга күтүүсүздүк жаратып. Кабыргабыз кайышып кала берди. Баса, айрым көралбастар айтчу, "Эшимканов "Учурдан" жөн эле актанып атат, ага эл ишенбейт" дешип. Тилекке каршы, алар жаңылышыптыр. Биздин устатыбыздын дүйнөдөн өткөнүнө бүтүндөй коомчулук, саясый элита жана карапайым эл кайгырды. Атургай табигаттын да көзү тутулду го... Бир гана бийлик мостоюп турду. Кечире албай. А кекти каапырга жаратканын билесиңер да? Алар акыркы коштошууга келбей коюшту. Таңгаласың. А булар өлбөйбү? Биз жашпыз, Кудай буюрса, күбө болобуз аларга дагы!
Ордумда тура албай ар кайсы ойго чамынып, а жүрөгүмдү кайрадан кыжалаттыкка тарттырып ийип аттым. Көкүрөктө жандүйнөнүн, сүйүүнүн учкундары... Дирилдеген тазалык... Болбой эле түн жамына көчөгө чыктым, жамгыр төгүп атат. Эч ким жок. Анда-санда машине зуу өтөт. Жагымсыздык. А мен эч нерсеге моюн бербейм. Мелис байкенин үйүн карайм - караңгы! Ишенгим келбеди. Ичким келди. Бирок, жалгызмын. Айлана тунжурайт. Чылым түтөттүм...
Көрсө, Шумкар боосун үзүп кетиптир да...

Асланбек САРТБАЕВ




  Талас таңшып

"Республика" улуттук оюндарды өткөрүүдө
Кечээ Таласта, "Манас-Ордо" Улуттук комплексинде "Республика" саясый партиясы "Өлкө үчүн! Республика үчүн!" ураанынын астында уюштуруп жаткан Улуттук оюндар фестивалынын алкагында өтчү Көк-бөрү турниринин тандама оюндары башталды.

Ушуга байланыштуу салтанаттуу ачылышка Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева катышты. Ал баардык катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, жеңиш каалады. Губернатор фестивалды уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ушундай Кыргызстан үчүн жоопкерчиликтүү мезгилде баардыгы өлкөнүн өнүгүүсүнүн идеясы астында биригүү керектигин белгиледи.
Турнирдин ачылышында ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Кыргыз Республикасынын Көк-бөрү федерациясынын башкы катчысы - Темиркан Дүйшекеев жана Көк-бөрү оюунунун мыкты оюнчусу Эсенгул Муратов сөз сүйлөштү.
Оюнга катышуу үчүн Кыргызстан жана Казакстандан 12 команда келди. Тандама оюндарына командаларды колдоо үчүн жергиликтүү элден колдоочулар катышты. Оюндар 21-23-сентябрда өтүп, ал эми финалдык оюндар 24-сентябрда болот. Мурда белгиленгендей, өткөрүлө турган иш-чаранын максаты - улуттук оюндарды кеңири жайылтып даңазалоо аркылуу элди биримдике чакыруу жана жаштардын спорттук демин бекемдөө. Бул максатта фестивалга өлкөнүн баардык аймактарынан оюнчулар жана күйөрмандар чакырылат.

Жалпы оюндун байге
фонду:
Көк-бөрүгө - 1 миллион
сом;
ат чабышка - 500 миң сом;
жорго салышка - 240 миң
сом;
күрөшкө - 400 миң сом
байгелер сайылат.

Сурат Жылкычиев