Ильяз АБДРАЗАКОВ, ырчы:
"Биринчи жолукканда баш кошууну сунуштагам"

Жаш ырчы Ильяз Абдразаков үйлөнгөндөн кийин көрүнбөй кеткен эле. Көрсө, чыгармачылык менен эле алектенип жүргөн экен. Алдыдага концертине чуркап жүргөн ырчы жигитке бир нече суроо менен кайрылдык.

- Ильяз, эмне үчүн жылдагыдай жылына 2-3 жолудан концерт бербей калдың?
- Жылына 2-3 жолудан концерт койгонго азырынча эртерээк экен. Анүчүн көп-көп иштеп, эмгегиңди элге сиңирген соң, жылына 2-3 ирет чыгармачылык кечеңди тартууласаң туура болот деген чечимге келдик. Илгери Чубак Сатаев агабыз бир айлап концерт берсе деле, эл залга батпай кетчү экен, азыр андай эмес. Себеби, ырчылардын аябай эле көбөйүп кеткенинен болсо керек. Бирок, мен дайым изденип, чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштегенге аракет кылып келатам.
- "Ашар концертти жактырбайм" дегендердин концерти ашар болуп кетчү эле, сенин концертиң кандай өзгөчөлүктөр менен өтөт?
- Концертиңди берип атканда "мен катышайынчы" деген ырчылар көбөйүп кетет. Анан алардын көңүлүн кыя албай, катыштырып койгонго туура келип калат. Улуу муундагы эже-агаларыбыз "Ильяз, сенин репертуарыңда эски ырлар жок экен, эски ырларга эмне кайрылбай атасың?" дегендеринен улам, Исрадин Аманбаев агабыз ырдаган "Соң-Көл" деген ырды жаздырдым. Мындан ары элдин талабына, табитине жараша ырларды аткара бермекчимин. Концертте жаңы жазылган 15 ырымды ырдайм. Ал эми эски чыгармаларымды поппури кылып жаздырып койдук.
- Продюсериң Баяке менен эки башка жолго кетип, кайра иштешип баштаганыңдын себеби эмнеде?
- Баяке мурункудай жигердүү иштебей калган болчу да. Ал тарабынан дагы, менде дагы бир топ эле тыныгуу болуп калган эле. Анан гастролго чыгып акча таап келиш керек болуп калды. Үйбүлөнү багыш керек дегендей. Бирок, чыгармачылыкта продюсериң жок болсо бир колуң, бир бутуң жок болгондой болуп калат экенсиң. Продюсерсиз иштесе болот, бирок, эч нерсеге жетишпей кыйналып калат экенсиң. Анан мен кайра Баякеге "экөөбүз биртуугандай болуп эле иштеп жүрбөдүк беле, кайрадан иштешели" деп кайрылдым. Ал дароо эле макул болду.
- Жубайың күйөрмандарыңдан кызганбайбы?
- Кызганат. Өткөндө теледе интервью берип атсам, бир көрүүчүдөн СМС келди. Ал кызды мен тааныбайм. Бирок ал СМСти экөөбүз тааныш адам болгондой жазыптыр. Аны келинчегим көрүп алып, "ал ким?" деп кечке сурап, таарынса болобу! Андайда "сен баарына эле ишене бересиңби?" деп таарынычын жазганга аракет кылам. Болбой эле баратса өкүл атамды чакырып коём. Анткени, Медина өкүл атабыздын сөздөрүн жакшы угат.
- Сен келинчегиңди кызганасыңбы?
- Ооба. "Бүгүн каякка барасың?" десем, ооруканага дейт. Мен дагы барам деп коём. Телефон чалып текшерип турам. Телефон чалбай койсом "сен мага чалып текшербей койдуң, башка бирөөдөн бошобой аттың да" деп таарынат.
- "Ильяздын үнү жок, компьютерден өзү эле жасап алат" дегендерге не деп жооп бересиң?
- "Үнүм жок экен" деп таарынып жата берсем, ачка калам. Ырчылыкты тандап алган соң, бул жаатта көп сындарды туура кабыл алганга көнгөм. Бирине жаксаң, экинчисине жакпайсың. Үнүм таптакыр жок деп эсептебейм. Себеби, кичинемден бери ырдап, музыканын казанында кайнап келатам. Ырдагандан башка менин колумдан эч нерсе келбейт.
- "Кыздар менен тил табыша албайт элем" дечүсүң, Мединага кантип баш кошуп калдың?
- Аяш атамдын баласы жубайы, карындашы менен "Дордойдо" жүрүшкөн экен. Мен аларды үйүнө жеткизмекчи болгом. Ошентип Мединаны жактырып калдым. Телефонун алып калып чалсам, "эмнеге чалып атасың?" деди. "Клипке тартайын дегем" деп койдум. А чындыгында мен аны менен жолугуунун амалын таппай аткам. Ошентип, биринчи жолукканда эле "үйлөнбөйлүбү, кандай дейсиң?" дедим. Кыз-жигит болуп паркта басып жүргөнгө кызыкпаарымды түшүндүрдүм. Ал дароо эле каршы эместигин билдирди. Мен "Арманым" деп ырдап чыкканда, келинчегим "мен ушул жигитке тием" деп айткан экен.




  АЙКО, жаш ырчы:

"Сахнада жарым жылаңач кийинбейм"

"Кыргызстаным" аттуу эски ырга кайрадан өмүр берип, КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын жардамы менен шоу дүйнөсүнүн ааламына баш баккан жаш ырчы Айко менен тушоо кесүү концертинин алдында маектештик.

- Айко, башка мектепке которулуптурсуң, көнүп калдыңбы?
- №40 мектепте 9 жыл билим алып, эми №67 гимназияга которулдум. Жаңы мектебимдин окуткан системасы, берген билим деңгээли мага абдан жакты. Класска жаңы окуучу келгенде окуучуларга аралашканга чейин бир топ кыйналат эмеспи. Бирок, мени жаңы классташтарым жылуу кабыл алышты. Өздөрү келип, мени менен таанышып, бат эле тил табышып кеттик. Окуу жылы жаңы башталгандыктан, жакын дос-курбу тапканга жетиштим деп айта албайм.
- Жаңы классташтарың сенин ырчы экениңди билишет бекен?
- Сахнага чыкканда косметика колдонуп, костюмдарды кийип чыгат эмеспизби, ал эми мектепте кадимки окуучудай эле жөнөкөй болуп жүрөм. Ошондуктан, башында мен өзүм ырчы экенимди айткан эмесмин. Класс жетекчим класстын баарына "жаңы келген окуучу - ырчы кыз" деп айткандан кийин, баары эле "Айко деген ырчы сенсиңби?" деп сурап башташты. Себеби, Айко, бул сахнадагы атым. Ал эми документтеги атым башкача. Жакында тил майрамына карата мектепте ырдайын деп атам. Ошондон кийин жакшылап таанып калышат болуш керек.
- Тушоо кесүү концертиңди эмне себептен КТРКнын концерттик студиясында берүүнү чечтиң?
- Кичинекей бала там-туң басып келатканда мүдүрүлбөй басып кетсин деп, тушоосун кесет эмеспи. Тушоосу кесилбей калган бала кечке чалынып же жыгыла бериши толук мүмкүн. Ошондуктан, Айчүрөк эже менин чыгармачылыктагы тушоомду кесип берейин деп атат. КТРКнын концерттик студиясын тандап алганыбыздын себеби, съемка тартканга ыңгайлуу болсун дедик. Анүстүнө "Москва бир күндө курулган эмес да". Бул болгону тушоо кесүү концертим. Буюрса, алдыдагы концерттерим Спорт Ордосунун, Филармониянын чоң залында өтөт деген тилегим бар.
- Телефонуңду тындырбаган жигиттер көп болсо керек?
- Андай жигиттер аз эмес. Көбүнчө электрондук почтама кат жазышат. Кээ бирлери номеримди таап алып чалышат. Баарына тең болушунча сылык жооп бергенге аракеттенем. Бирок, айрымдары чектен ашып кетишет. Ошондо өздөрүнө жараша жооп бергенге туура келип калат. Кыздар кайсы бир деңгээлде жигиттерге "недоступная" болуп койсо деле жакшы. Табышмактуу болуп, көп ачыла бербесең, жандырмагыңды тапканга аракет кылышат.
- Байкашымча, көп кыска кийинбейт экенсиң...
- Биздин менталитетке өтө ачык кийинген жарашпайт. Айчүрөк эже "ырчы үнү, таланты менен элди тартыш керек" деп көп айтып, кыска кийимдерди кийгенди жактыра бербейт. Ошондуктан, өзүнүн табитине жараша, сахнадагы кийген костюмдарымды тандап, алып берет. "Ырчымын" деп эле, жарым-жылаңач болуп алган туура эмес деп эсептейт. Сахнада эле эмес, күнүмдүк турмушта деле тиземди жапкан кийимдерди кием.
- Саясатка кызыккандардын катарындасыңбы?
- Азыр саясатты талкуулабаган адам калбай калды болуш керек. Саясаттын ашынган күйөрманы эмесмин. Бирок, жаңылыктар менен кабардар болуп, саясатчылардын жасап жаткан иштерине өзүмчө баа берем. Жакшы иштерди жасаса, албетте, ичимден кубанып калам. Бирок, бизде таза саясатчылар тилекке каршы аз.
- Таптаза болбосо дагы ким тазараак деп ойлойсуң? Президенттикке татыктуу талапкер барбы?
- Бир айдан кийин Кыргызстандын тагдырын кайсы бир инсандын колуна өткөрүп бергени турабыз. Ошого карата азыркы учурда даярдыктар катуу жүрүп атканы байкалууда. Бирок, өкүндүргөнү, күчтүү атаандашынан коркуп, айрымдар бири-бирине кара пиар кылып, ак жерден каралап атышат. Бул, эң жаман нерсе. Мен 16 эле жашта болгондуктан, шайлоого катышканга мүмкүнчүлүгүм жок. Эгер добуш бере алсам, Камчыбек Ташиевге добушумду бермекмин. Азыркы учурда түндүктүктөр түндүктүк талапкерге, түштүктүктөр түштүктүк талапкерге добуш бериш керек деп алышыптыр. Мындай трайбалисттик кадамдарга барганыбыз уят. Мен Нарындын кызымын. Бирок, Камчыбек Кыдыршаевичтин жүргүзгөн саясатын, Ош окуясында кылган эрдиктерин баалайм. Менин жакындарым да бул инсанды колдойбуз дешүүдө. Же эмне, мен нарындыкмын деп жалал-абаддык саясатчы жакшы иштерди жасап атса дагы, аны баалабай, жаман көрүшүм керекпи? Биз минтип бөлүнө берип, кыйын чыккан азаматыбызды колдобосок, эч качан өнүкпөйбүз. Бөлүнсөк бөрү жеп кетет. Ушул нерсени унутпайлы. Шайлоо бурмаланбай, тынч өтсө экен деп тилейм!