Көздүү мончок


Касиет жаш ырчы. 21 жашта. Учурда медицина факультетинде окуйт. Доктурлардын үйбүлөсүндө чоңойгон. Келечекте кыргыздын чыгаан кыздарынан болсом деп кыялданат.

Касиет Айдарбекова, ырчы:
"Ичкен кыздарды көргөндө кыжырым келет"
- Касиет, өзүң жөнүндө айтып кетсең?
- Мен абдан кызыктуу жана ынтымактуу үйбүлөдө чоңойдум! Атам кичинекей кезимен эле скальпель кармаганды, жабыр тарткан адамдарга тез жардам бергенди үйрөткөн! Өзү уролог, Улуттук госпиталда иштейт. Апам да врач, невролог. Мен да ата-энемдин жолун жолдоп, доктурдун кесибин тандадым. Үйдө улуусумун. Менден кийин Азат жана Ажар деген иним жана сиңдим бар. Азат азыр КРСУда медицина факультетинде окуса, Ажар сиңдим да РУДНде врачка окуп жүрөт. Биз доктурлардын үйбүлөсүбүз десем жарашат. Өзүм ырдаганды жакшы көрөм, азыр сахнага, биздин шоу-бизнеске биринчи кадамымды жасап аткан кезим.
- Эмне жөнүндө кыялданасың?
- Ар бир адам кыялданыш керек деген ойдомун, анткени, тилеги жок адам келечекке умтулбайт. Көп эле аруу тилектерим бар, эң башкысы, ата-энем мени менен сыймыктанса, жана жакшы доктур болуп, элиме кызмат кылып, профессионал катары өзүмдү тапсам, ошондой эле кыргыздын чыгаан кыздарынан болсом дейм.
- Сулуулугуңдун сыры?
- Мен табигый сулуулукту жактырам, ошондуктан косметикага көп деле каражат кетирбейм, генам жакшы десем болот. Бирок, туура тамактанып, спорт менен машыгып турам.
- Репертуарыңда канча ырың бар?
- Мен сахнага жаңыдан эле чыгып келе жатам, ошондуктан учурда бир эле ырым бар. Аты "Мама". Ар бир адам үчүн эне эң ыйык жана кымбат жан, ошон үчүн биринчи ырымды апама тартууладым.
- Сага кайсы ырчылар жагат?
- Актан Исабаев, Майкл Болтон жана Алишия Кизди укканда, рахат алам. Алардан үлгү алам.
- Өлкөдөгү саясый абалга көз карашың кандай? Келе жаткан президенттик шайлоо боюнча оюң?
- Тилекке каршы, Кыргызстанда абал оор, стабилдүүлүк жок, азыр биздин тандообуздан мекенибиздин келечеги чечилет. Марат Иманкулов деген талапкерди таза жана чындыкты сүйлөгөн адам катары билем... Ушул инсанды шайлоодо мээлесем...
- Китеп окуйсуңбу же жалтырак мукабалуу журналдардыбы?
- Чын айтсам, журнал барактаганга убакытым да жок, биздин факультетте окуган абдан кыйын, кесибиме тиешелүү адабиятты гана окуйм, бул - гинекология, неврология, фармакология китептери.
- Бул жашоодо эмнеден коркосуң?
- Алдыма койгон максаттарыма жетпей калуудан корком.
- Алкогол ичип, тамеки тартып көрдүң беле?
- Жок, эч качан. Өзүм доктурлардын үйбүлөсүнөн болгондон кийин, ден соолугума чоң маани берем, андай нерселерге кызыкпайм жана тамеки тартып, ичимдик ичкен кыргыздын кыздарын көргөндө кыжырым келет.

Айсалкын САМСАЛИЕВА