Эркетай

...Кыз - жакадагы кундуз

Эл кадырлаган эле саясатчылар коомчулукка балдарынын кылык-жоругу менен терс пикирди жаратып алганын көрүп-угуп эле жүрөбүз. Ошондуктан, "атадан кем, атага тең, атадан ашкан" деп уулдарына карай бекеринен айтылып калбаса керек. Уул баланыкы өзүнчө кеп. Бүгүн болсо биз атасынын эркетайлары - кыз балдар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Алар "атанын кызы" наамын татыктуу алып жүрүшөбү?

Түлеевдин кызы төрт мезгилде төрт машина алмаштырат
Азыркы депутат, мурунку мэр Нариман Түлеевди ким билбейт. Анын чириген бай экенин да баарыбыз билебиз. Наримандын Назира аттуу өзүнө куюп койгондой окшош жалгыз кызы бар. Үчөө уул бала. Угушубузча, учурда атасынын менчиги болгон "Sapatcom" телекоммуникациялык компаниясында администратор болуп иштейт. Көрүп-билгендер "мурдунан ылдыйды карабаган текебер кыз" дешет. Төрт мезгилде төрт башка үлгүдөгү машине алмаштырып, зуулдайт экен. Жалгыз кыз болгондуктан, атасы айтканынан чыкпаса керек да.


Ата баркы менен депутат болгон Нурзат
Депутат Курманбек Осмоновдун Нурзат аттуу кызы акыркы мезгилде оозго көп алынды. Себеби, ал апрель окуясынан кийинки шайлоодо атасы менен "коллега" болуп парламентте аз убакыт иштеп калды. Бирок, шайлоочулар анын бир жолу трибунага чыгып сүйлөгөнүн уккан жок. Ошентсе да, ЖоКедеги эң жаш депутат катары тарыхта калды бейм. Нурзаттын юридикалык билими бар, депутаттыкка чейин университетте мугалим болуп эмгектенген. Андан соң атасынын арты менен депутат болуп келген. Кийин мандатын тапшырганы менен, ошол эле ЖКдан орун-очок алып иштөөдө. Баса, Курманбек мырза Нурзатын күйөөгө узатты. Канкудалары белгилүү олигарх үйбүлө Мамытбай Салымбековдор. Эки жаш сүйүштүбү же бул дагы аталардын арты менен болдубу, аны айта албайбыз.


Төрт тилде түш жоруган Жаңыл
Президенттин кеңеш-чиси Султан Раев үч кыздын атасы. Улуу кызы Эльгиза турмушка чыккан. Ортончу кызы - Диана. КРСУнун Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөндөн кийин Түштүк Кореяда, Сеул шаарында магистратураны аяктаган экен. Ал жактагы окуу жайлар өз бүтүрүүчүлөрү жөнүндө маалымат камтыган альбом чыгарып, ири делген 200дөн ашык компанияларга таркатышат экен. Мыктылары тандалып, эмгек келишимдери түзүлүп, диплом алаары менен иштеп калышат. Диана да окуусунан кийин ошондой компаниялардын биринде Чыгыш Европа, Орусия, Түркия боюнча эл аралык менеджер болуп иштеп келген. Англисче, түркчө, корейче, немисче билет. Ал да ата-энесин күйөө балалуу кылган. Кичүү кызы - Жаңыл. Пекин университетинде окуп жүрөт азыр. Бишкектеги №6 мектепти алтын медаль менен мөөнөтүнөн мурда бүтүргөн. Англис, француз, кытай жана япон тилдеринде сүйлөйт. Чыгармачылык натурасы жагынан атасына ушул кызын окшоштурушат. Ыр, чакан чыгармаларды жаза коет, ырдайт, бийлейт. "Мактангандык эмес, бирок, кыздарыбыз - биздин сыймыгыбыз" дешет ата-энеси.


Өмүкеге сөз тийгизгиси келбеген Ай-Данэк
Ай-Данэк - Өмүрбек Текебаевдин улуу кызы. Азыр мектеп окуучусу. Кичүүсү Айсара жөнүндө сөз кылуу али эрте. Себеби, ал балалыктын асманында жүрөт. Ай-Данэк чоңойгону коомчулуктун көзүндө. Бирок, бир да ирет ал жөнүндө терс пикирдеги жел сөз болсо да уга элекпиз. "Таанымал инсандын кызы экенине карабай, өзүн абдан токтоо алып жүрөт, тарбиясы мыкты" дешет мугалимдери. Үйүнө барган кишиге колун көкүрөгүнө алып, ийиле салам бергени атасынын эмес, апасынын тарбиясы деп айткандарын укканбыз. Ай-Данэк саясатка кызыгаарын, бирок, кайсы тармакты тандабасын, башкысы, атасына сөз тийгизбөөнү максат кылганы тууралуу басма сөз беттерине айтканы бар. Ошондой эле болсун!


Айсулуу "Дасмияга" гана эмес, атасына да чоң
"Дасмия" компаниясынын түптөөчүсү, коомдук ишмер Турусбек Мамашевдин эки кызы бар. Айсулуу, Асел деген. Коомчулук Айсулууну көбүрөөк билет, анткени, ал ата-энеси түптөп берген "Дасмиянын" президенти. Айсулуунун айтымында, атасы аны "президентим" деп эркелетсе, Аселди "кожейке" деп эркелетет. Асел аялзатына тиешелүү үй жумушуна жакын. Кечинде атасы менен Айсулууну даамдуу тамагы менен жаркылдап тосуп алат. Ал эми Айсулуу дайыма иш үстүндө. Кол алдында иштегендер, жашы улуудан тарта "Айсулуу Турусбековна" деп сыйлап турушат. Сыйлагандай эле бар окшойт. Анткени, Айсулуу улууга да, кичүүгө да бирдей илбериңки мамиле кылат экен.


Эльмира МАДИЕВА