Кадыр Кошалиев, Улуу Курултайдын
Улуттук Кеңешинин төрагасы:
"Максатыбыз - өнүгүүнүн кыргыз жолуна түшүү"
- Кадыр мырза, эмне үчүн Улуттук Улуу Курултай деп атадыңыздар, атына жараша жүгү болот эмеспи?
- Азаттыктын 20 жылы ичинде уюмдардын, партиялардын, диний коомдордун, уруулардын, Кыргызстан элдер ассамблеясынын, бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын жана башкалардын Курултайлары ар кандай масштабда өтүп келди. Азыркы бийликте тургандар жер-жерлерде өткөн митингдерди курултай деп аташкан. Мисалы, 2010-жылы 17 -мартта Форумдун алдында курултай аталган митингде мен да катышып сөз сүйлөгөм.
Ал эми жакында 9-10-11-сентябрда өткөн Улуттук Улуу Курултайды эл төмөнтөн демилгелеп, жер-жерлерде жыйындарды уюштуруп, делегаттарын шайлап өткөрүштү. Күн тартибинде өлкө абалы жана келечеги, КРнын коомдук-саясый түзүлүшү, курултай институтун Баш мыйзамга киргизүүнүн зарылчылыгы, өнүгүүнүн Кыргыз Жолу аттуу багыттаманын долбоору жөнүндө жана башка маселелер кызуу талкууга алынды. Жыйынтыгында элге Кайрылуу, он бир пункттан турган Резолюция кабыл алынды. Курамы 41 кишиден турган Улуу Курултайдын Улуттук Кеңеши бекитилди. Кошумчалап кетүүчү жагдай, Курултай жабылбай ачык калтырылды, экинчи этабы шайлоодон кийин, ноябрдын орто ченинде өтмөй болду. Демек, бул Улуттук Улуу жыйын өз максатына жетти.
- Эмне үчүн бийлик өкүлдөрү катышкан жок?
- Биз бардык бийлик бутактарынын башчыларына 40 күн алдын ала эле кат жөнөткөнбүз. Сүйлөшүү, такташуулар жүрүп жаткан. Ал тургай, ЖКнын төрагасы А.Келдибеков Курултайдын демилгечилерин кабыл алып колдоорун, барып катышаарын ачык айткан. Анан калса "жыл башында Суусамырда жалпы элдик Курултай өткөрөлү" деген да ушул А.Келдибеков эмес беле. Эмне үчүн эки сүйлөп жатканын өзүнөн сураңыздар. Ал эми президент Р.И.Отунбаевага жазган катыбызга аппараттын бөлүм башчысы О.Молдалиевден жооп кат келген. Сыягы, Кыргызстандагы диаспоралардын (Ассамблеянын) Курултайын мамлекеттик бюджеттен каржылап өткөрүп, ал эми бизге жардам беришпегендиктен, келгенден уялышты окшойт. Кат өкмөт башчы А.Атамбаевге да жазылган, бирок жооп болгон жок. Социалдык маселени тейлеген вице-премьер И.Жунусов менен телефон аркылуу байланышканыбызда, бул олуттуу маселенин түбүн түшүнгүсү келбей, артистигин карматып тим болгон. Мүмкүн, ушул учурда бийлик өкүлдөрүнүн катышпаганы, нукура элдик эркин маанайда өткөнү дурус болгондур…
- Курултайды бийликке жетпей калгандар уюштурууда дегендерге жообуңуз кандай?
- Эгер мен жөнүндө сөз болуп жаткан болсо, эки жолу (КТРдын баш директорунун орун басарлыгынан, КРнын президенттик аппаратынан) ушул Элдик Курултай идеясынан кайтпагандыгым үчүн, бийликте отургандар менен келише албагандыгым үчүн өз эрким менен кызматтан кеткем. Ал эми Курултай кыймылынын көч башында жүргөндөр: Н.Абдырахманов, Б.Жумабаев, А.Алымбаев, А.Атабаев, Т.Казаков, К.Исаев, С.Кадырова, Г.Шакирова, К.Осмонов, П.Суранова, Ж.Турсунбаева, З.Көчөрбаев жана башкалар. Караңыздар, негизинен саясатты кесип кылбаган илимий-чыгармачылык чөйрөнүн өкүлдөрү. Биздин максат - эптеп эле бийликке жетүү эмес, эң негизгиси, коомдук- саясый түзүлүштү, идеологияны улуттук менталитетке төп келтирип оңдоо. Башкача айтканда, өнүгүүнүн кыргыз жолуна түшүү. Андан соң эл өзү каалаган адамдарын шайлап алсын, ал андан кийинки маселе. Жыйырма жыл Батышты туурап эмне таптык.
- Мындан аркы кадамыңыздар кандай болмокчу?
- Курултайдын делегаттарынын тапшырмасы боюнча он чакты өкүл бийлик башчыларына жолугуп, жыйынтык чечимдерди тапшырганы жатабыз. Андыктан, Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү маселесин Жогорку Кеңеш аркылуу, же болбосо 3000 миң кол топтоп, референдум жолу менен чечүүнү көздөп жатабыз.

Назгүл Эсенбай кызы




Кыргыз Республикасынын Улуттук Улуу Курултайынын
РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
Азаттыктын 20 жылдыгынын алкагында Баш мыйзамдын 52-беренесине таянып, элибиздин тарыхый салтына ылайык, Аксакалдардын Республикалык жыйынында (2011.09.02.) кабыл алынган үндөөнү эске алып, облустарда өткөн (30.01 - 31.05.2011-ж.) Элдик жыйындардын жана Кыргыз эл биримдигинин курултайынын чечимдерин негиз тутуп, жалпы Улуттук Улуу Курултай 2011-жылдын 9-10-11- сентябрь күндөрү Бишкек шаарында болуп өттү. Жалпы шайланган 900 делегаттын 740 өкүлү жана илимий-чыгармачылык, коомдук-саясый чөйрөнүн 370 өкүлү конок катары катышты. Курултайга катышкандардан 187 адам жарыш сөзгө чыгып сүйлөдү. Кыргызстандын Улуттук Улуу Курултайынын ишине Россия (Алтай, Хакасия, Москва, Тюмень), Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана башка чет өлкөлөрдөн, эл аралык уюмдардан коноктор катышты.
Курултай күн тартибиндеги улуттук-мамлекеттик маанидеги өлкөнүн абалы, коомдук-саясый түзүлүшү, идеологиялык негиздери, экономикалык багыты, маданий-социалдык жана башка маселелердин баарын карап чыгып, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Улуттук Улуу Курултайдын Жобосу, Регламенти кабыл алынсын.
2. Мамлекеттик бийликтин эң жогорку органы болуу укугу менен, Баш мыйзамга Курултай институтун киргизүү мезгил талабы деп табылсын жана 30-октябрдагы референдумга коюу маселеси Жогорку Кеңештен талап кылынсын. Эгер Жогорку Кеңеш бул маселени чечпесе, кол топтоо жолу менен референдумга чыгуу иши башталсын.
3. Улуттук Улуу Курултай - өкүлчүлүктүү, бийлик бутактарын түзө турган жана көзөмөлдөй турган эң жогорку мамлекеттик бийлик органы деп таанылсын.
4. "Өнүгүүнүн кыргыз жолу" аттуу Багыттама бекитилсин.
5. Улуттук Улуу Курултай институтунун толук кандуу иштеп кетүү шартын түзүү үчүн Жогорку Кеңешке Улуттук Улуу Курултай жөнүндөгү атайын Конституциялык мыйзам иштеп чыгуу сунушу киргизилсин.
6. 2010-жылдын апрель, июнь айындагы кандуу окуялардын күнөөкөрлөрү сот жообуна тартылсын. Сот системасын реформалоодо дүйнөгө таанылган кыргыздардын бийлер, Аксакалдар институттарынын принциптери (мерчемдери) колдонулсун.
7. Баш мыйзамга Курултай институтун киргизүү маселеси 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү жана ага мыйзамдык негизде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү иретинде ишке ашырылсын.
8. Тоо-кен, суу байлыктары мамлекеттин, жалпы элдин менчиги экендигин эске албай, өтө коромжулукка жана жең ичинен соодага жол берилип келе жаткандыктан, кен иштетүү маселесин Курултай институтун Баш мыйзамга киргизгенге чейин мораторий жарыялансын.
9. Мекендин чеги кемибесин, чек ара жерлерин чет мамлекетке саткандар аёосуз жазалансын.
10. Чек ара, коргонуу, азык-түлүк, маалымат коопсуздугунун алдын-алуу чаралары иштелип чыксын.
11. Улуу курултайдын алдында 41 кишиден турган (тизме тиркелет) Улуттук кеңеш түзүлсүн.

Улуттук Улуу Курултай, Бишкек ш., 9-10-11-сентябрь