Эзелкинин барактарын барактап...

Мафиянын алкымына тыгылган генерал "Катани" кимдин куйругун басты?
Өмүр таржымалы

Өмүрбек Исакович Суваналиев 1960-жылы 31-июлда Талас шаарында туулган.
1981-жылы СССР МВД алдындагы Караганда Жогорку мектебин, "юрист-оперкызматкер" адистигин бүтүргөн.
Ээлеген кызматтары (жөн эле үстүрт көз жүгүртпөй, кунт коюп окуп көрүңүз, тузу ушуякта, эй!)
1981-1986-ж.ж. - Талас облустук УВДсында ОУР, ОБХССтин улук оперполномочуну.
1986-1988 - Фрунзе ш. Ленин РОВД ОБХССинде улук оперполномочуну.
1988-1989 - Аламүдүн РОВД ОБХСС начальниги.
1989-1991 - Ысык-Көл облусунун Прежевальск ш. ОВД начальник орун басары, начальниги.
1990-жылы "Прежевальск" аэропортунан уча турган самолетту барымтага алып, жардырууга ниеттенген террорист менен Ө.Суваналиев ыктыярдуу түрдө сүйлөшүүгө барып, чагылгандай тездик менен кылмышкерлердин колундагы бомбаны жулуп алып, ондогон адамдардын өмүрүн сактап калган. Ошол күндөн тартып Өмүрбек мырза эл арасында "Катани" атка конгон.
1991-1992 - Ысык-Көл району менен Чолпон-Ата шаарынын УВД начальниги.
1992-жылдын 19-мартында Акаев бийлигинин укмуштай кысымына карабай, агездеги Облисполком төрагасынын (ажонун тууганы) уулун баңгизат сатканы үчүн карматкан. Суваналиевди колдогон кесиптештери Бишкекке дейре келишип, борбордук аянтка "Мафияны коргогондор кетсин!" деген жазууларды көтөрүп, пикет жасашкан.
1992-жылдын 23-мартында Облпрокурор Казаковдун санкциясы, Генпрокурор Баекованын макулдугу менен Катани-Өмүрбекке кылмыш иши козголуп, кызмат абалын "превышение" кылган аттуу жалган жалаа тагышып, жумурияттык Улуттук коопсуздук министрлигинин СИЗОсуна камашкан. Бейкүнөө Суваналиев аякта 9 ай жаткан.
1993-жылдын 13-январында "кылмышы жок" деген Бишкек шаардык сотунун чечими менен акталып, эркиндикке чыккан.
1993-жылдын мартында мыйзамга ылайык Ысык-Көл ГРОВД начальник ордуна кайра дайындалган.
1993-жылдын июлунда МВД алдындагы ГУБЭПКнын 8-бөлүмүнүн начальниги.
1993-жылдын сентябрында коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшчү МВД коллегиясынын иш методуна каршылык билдирип, отставкага кеткен.
1993-1994 - "Улуттук арнамыс жана прогресс" Ассоциациясынын вице-президенти.
1994-1995 - Өкмөт алдындагы Салык полициясынын оперативдик-изилдөө башкармалыгынын начальниги. (Мында дагы "жөн жүрбөй", Министрлер кабинетинин авточарбасында "Мерседестерди" мыйзамсыз сатып алгандардын бетин ачкан).
1995-1997 - Жогорку Кеңештин Мыйзам палатасынын депутаты, №28 Талас шайлоо округунан утуп келген. Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы.
1997-1998 - Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облустук Башкармалыгынын начальниги. Суваналиевдин жетекчилиги менен Санкт-Петербург шаарынын вице-мэри А.Маневичти өлтүргөндөр кармалган. Кийинчерээк Өмүрбек Исаковичтин буйругу менен Ош шаарынын темиржол станциясынан Ооганстанга 700 тонна (!) курал ташып бараткан поезд эшелону токтотулуп, кармалган. Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан жолун басып, биздин аймак аркылуу Кабулду көздөй бет алмакчы болгон бул суперкылмыштуу операцияны, албетте, Бишкектин Акүйү "крышевать" этип турган.
1998-жылы кайрадан өз ыктыяры менен Ош "үчтамгасынан" отставкага кеткен. Анткени кыргыз "Комиссар Катаниси" 20 вагонго жүктөлгөн контрабандалык курал менен ок жабдыктарын кайра Иран мамлекетине кайтарып берүү жөнүндөгү Кыргыз өкмөтүнүн чечимине нааразылык билдирген.
1999-жылдын 25-июнунан тартып - "Феликс Кулов коомдук фондунун" директору.
2003-жылы Омбудсмен аппаратынын кызматкери.
2003-2005 - Нарын облустук УВД начальниги.
2005-жылдын 25-мартынан - Бишкек УВД начальнигинин милдетин аткаруучу.
2005-жылдын 2-майынан тартып - Бишкек УВД начальниги - Ички иштер министр орунбасары.
2005-жылдын 18-июлунда отставкага кетип жатып, мындай деп билдирген: "Бишкек жашоочулары көчөлөрдөн коркпой басышса деп эңсеп, борборубузду криминалдык элементтерден тазалаганга кириштим эле, бирок, саясат таптакыр башка нукка бурулган соң, мен андай жол менен эгерим келише албайм!" ("Моя столица" басылмасы, 20.07.2005) Ошол эле убакта Баткен облустук УВД башчылыгына баргандан баш тарткан.
2005-жылдын 24-ноябрынан кайрадан Ички иштер министринин орун басары.
2006-жылдын 6-ноябрында милициянын генерал-майору Ө.Суваналиев Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.




Эмне үчүн?
Ушундай суроо туулат: "Неге жигиттин гүлү бир жерге додо болгон эмес?" деген сыяктуу. Чын эле да. Сыртынан карасаң, чырдан башы чыкпагандай таасир калтырат. Башкалардай жөн жүрсө, "честь" бергенди гана билсе, чоңдорго акаарат келтирбесе, коррупциялык аарылардын уюгуна тийбесе - балким өмүр таржымалы ойкуп-кайкыбай, түз сызыктай мелмилдеп турмак, түрмөгө түшмөк эмес, башкалардай чо-оң курсагын сылап, орден-медалын тагынып, Мамлекеттик Мафиялык Системанын бир бурчун чоюп жүрө бермек. Туурабы?
Суваналиев анте албады. Себеби жөнөкөй: табиятынан ошондой жаралыптыр. Күрөшчүл. Жолборс жүрөк. Кылмыштуулукту, экижүздүүлүктү, кошоматчылыкты бирдей жек көргөн. Орустардын "Место встречи изменить нельзя" киносундагы Высоцкий аткарган Жеглов сымал гана акыл калчайт: "Вор должен сидеть в тюрьме!" (Азыркынын ворлору түрмө эмей эле, Акүйдө отурушпайбы). Ушу себептен Өмүрбек мырза аткаминерлер ( көбү акжакачан бандиттер) арасында ак каргадай. Чоочун. Батпайт.
Кана, эстеп көргүлөчү, кайсы тыңчыкмаңар, Акаевдин БТР сымал мамлекеттик машинеси күркүрөп, баарын тебелеп турган чакта, кимиңер Суваналиевдей болуп Акүйгө каршы чыгып, ажонун тууганын каматып, кимиңер бийликтин 700 тонналык контрабандалык-мафиялык вагонун токтото алдыңар? Кимиңер самолеттогу террористтин колунан бомбасын жулуп, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактадыңар? Сүйлөсөңөр - тилиңер буудай кууруйт, Катани-Өмүрбекти көралбай шыбаганга устасыңар, а өзүңөрдүн колуңардан кокон келеби деги?
Тагдырдын тамашасын кара, бүгүнкү Бакиев доорунда дагы Суваналиев мурдагыдай эле жегич-ичкич бийликтегилердин кокосуна сайылган сөөктөй болуп, мафиянын ичинен чыккан сокур ичегидей уктатпай, кесип салганга жанталашып атышат. Эмнеге? Жообун билесиңер.

24-март, 17-июнь, 6-ноябрь
Макиавеллинин арбагы кыкеңдердин Акүйүнөн тарбалаңдап кетчү түрү жоктой. Акайычтын доорунда деле, Салиевичтин мезгилинде деле карт тарых менен алмустактан келаткан аксарай оюндарын айтып түгөтө албай, "разделяй и властвуй!" ("Жанжөкөрлөрүңөрдү сүзүштүрүп коюп. Беймарал башкара бер!" маанисинде) аттуу капкара көөдөй пилосопиясы өлбөй койду да, чиркин…
Ленин бечара "окуу, окуу жана окуу" дечү. Көралбас кыргызбай "чуку, чуку жана чуку" деп, күлкүчү Акаев "майрам, майрам жана майрам" деп, боксер Бакиев "алдадым, алдадым жана алдадым" деп… айтор, "дегендер" боюнча да маркум Владимир Ильичтен озуп кеттик.
Эми бери карагыла. Бакиев менен Суваналиев ортосундагы өпөң-чычаң мамилени эске түшүрөлү. 2005-жылдын 24-мартында борбордо башталган тономойчулукту токтоткон, шалпайган милицияны намысына келтирген, К.Салиевич менен Ф.Шаршенбаевичти кол кармаштырган, тандемге жетелеткен ким эле? Азыр авторлору арбын болуп жүрөт, а чыныгысы - Өмүрбек-Катани эле. Ошол эле жылдын 17-июнунда Барктабасовдун азаматтары Акүйдү биротоло басып алаарда эстерине келтирип кууп чыккан, андан кийин кемпай эрежелери менен эзип баштаган Үсөн аке Сыдыковду "посылать" этип эсине келтирген, башкалар кримавторитет Рысбек Акматбаевден коркуп корголоп жатканда, анын артынан сая түшкөн ким эле? Ошол эле Суваналиев. Былтыр 6-ноябрда милийсанын 80 проценти ана-мына оппозицияга өтүп кетерде, толкуган элди токтотууга Бакиев бийлиги алсыз болуп турганда, министрлик орунга отурары менен стабилдүүлүк орноткон, кан төгүүгө, граждандык согушка жарым кадам калганда тартипти сактаткан, борбордук аянтта ОПГ (уюшкан кылмыштуулук топтору, асыресе Рысбектин оң колу, жакында эле өлтүрүлгөн А.Нарматов баш болуп) Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бабанов, Эшимкановду атканы аңдып жүргөндө, оперативдүү аракеттери менен чара көргөн ким эле? Кайрадан "Катани".
Жыйынтыкты өзүңөр чыгаргыла. Суваналиев бүгүн кимдерге тоскоол болуп жатканын.

Казино, Түштүкизация жана Куловдун карааны
Кечээ Жогорку Кеңештен М.Эшимканов депутат кесиптештерин какшык менен "куттуктады": "Кыргыздардын тагдырын казиночулар, шин жана коркмазовдор чечип калганы" менен, "Суваналиевге каршы аттанган парламент коррупция жана мафиянын кучагына биротоло батып баратканы" менен.
Кашкайган чындык эмеспи? Эки жылдан бери кордолгон милийса акыры баш көтөрүп, ыплас акча жасагандарды, төрөт үйүнөн ымыркай саткандарды, киши өлтүргөндөрдү, ууру-кескилерди тынч уктатпай, ОПГ аттууну четинен кылтакка түшүрүп жатса, анан калса кызыл шапкечендердин ноябрдан бери жыргай түшкөнү - ИИМ системасындагы паракорчулукка Өмүрбек мырза ачык согуш жарыялап, жалаң профессионалдарга жол ачып турса - албетте, карапайым эл, граждандык коом, тартипти, калыстыкты сагынып калгандардын баардыгы кол чабышат, үмүттөнүшөт.
А мафия… Макиавелли доорундагыдай мындай "Дон Кихотторду", "Робин Гуддарды", "Комиссар Катанилерди" тизеге чапканга, көзүн тазалаганга жанталашат.
Түштүк темасын оозанган себебибиз, айрым акылы чолок аткаминерлер былтыр адегенде Бишкек УВДсындагы орчундуу орундарды жердешчилик илдет менен бөлүштүргөндөрү, ноябрь митингдери учурунда атүгүл Сулайман тоо тараптан спецназ жигиттерди түндөп-күндөп ташыганы, бүгүн-эртең Суваналиевди ээрден шыпырып, эми ИИМ деңгээлинде трайбализм балакетин кеңири жайылтаары байкалып турат. А бул - эң коркунучтуу көрүнүшкө айланаарын айтканда не, айтпаганда не?

Сөз соңундагы кыстырма:
Өмүрбек Исаковичтен кутулгусу келгендердин көзүр сөрөй дагы бир аргументи - Феликс Куловго жакындыгы, нече жылдан бери үзөңгүлөш жүргөндөрү. Шылтоо болбосоң кое кал дечи. Ошентсе да, милициянын бу эки генералынын түз, эркектик мамилелеринен криминал издештен мурда, Суваналиев эч кимдин көзүн карабаган, ички принцибине дал келбесе "жакын элек" деп бирөөлөрдү ээрчий бербеген, кыргызбайлык интригалардан өзүн оолак кармаган азамат экенин эске алсак, балким, балким… жакынкы арада өлкөбүздүн саясат айдыңында артынан калың калк ээрчиген күчтүү лидердин жылдызы жанып чыгышы да ажеп эмес. Кулагыңарга күмүш сырга катары тагып алсаңар ушу божомолумду. Коомчулук дагы, бийлик дагы, оппозиция дагы, баардыгыңар. А мен Өмүкенин башынын амандыгын гана тилейм. Анткени "Катаниден" өч алчулардын очураты, тилекке каршы, оголе узун.

Асланбек Сартбаев
("Агым" гезити, №8,
6-февраль, 2007-ж.)