Чийме каш

Айнура Бекбоева, модель:
"Пол жуугуч болсом да..."

Узун бою менен жигиттердин көңүлүн бурдурган Айнура Бекбоева убагында жаш модель, пол жуугуч, массажист, информатор да болуп иштептир. Ал эми азыр болгон күч-аракетин тил үйрөнүүгө жумшап, Эл аралык университетинин котормо жана котормо жайы факультетинде сырттан окуп, ага кошумча англис тилинен сабак алууда. "Кыргыз, орус, түрк, англис тилдерин жакшы өздөштүрдүм, эми кытай тилин үйрөнсөм" деп кыялданган бийкеч менен маек курдук.

- Айнура, сен редакцияга кирип келгенде эле бутуңдагы бийик такаңа көзүм түштү...
- (Күлүп) Дароо эле "ай-иий, өзү узун кыз экен, эмнеге бийик така кийип алган?" деп ойлодуңузбу?.. Көптөрү ушинтип ойлошот, башында биртууган эжем "боюң узун го, жапыз така кийчи" дей берчү. Азыр көнүп калды окшойт, дүкөн кыдырып калганда "мына сенин табитиңдеги туфли" деп бийик такалуу бут кийимдерди көрсөтөт. Боюм 175 см болсо дагы, бийик такалуу бут кийим тандайм. Кыска юбка, шорта кийип жүргөндү жактырам. Узун көйнөк, юбкалар мода болуп атса дагы кийбейм. Себеби, узун, түз буттарымды жашыргым келбейт.
- А жигиттер менен сүйлөшкөндө узун боюң тоскоолдук жаратпайбы?
- Жок, тескерисинче, узун боюм менен сыймыктанам. Көп учурда мени жактырган жигиттердин бойлору меникинен кыска болуп калат. Ал учурда ичимден "кодойгон жигит турбайбы" деп ойлоп коюшум мүмкүн, бирок сүйлөшө берем. Узун бойлуу жигиттерге караганда, кыска бойлуулар акылдуу, өзүнө тың, аракетчил болушат деп ойлойм. Ошондуктан, болочоктогу жигитимдин бою мени ойлондурбайт.
- Эмнеге болочоктогу жигит, азыр жигит менен сүйлөшпөйсүңбү?
- Жок. Көңүлүмө туура келген, мага жаккан мырзага жолуга элекмин. Анүстүнө окуумдан, жумуштарымдан колум бошобой, сүйүү тууралуу ойлонууга убактым деле жок. Буга чейин бир жигит менен мамиле түзгөм. Тилекке каршы, мүнөзүбүз келишпей калып, коштошконго туура келди. Менин кыялымдагы мырза "пейили кенен, колу ачык, жароокер, боорукер болуш керек" деп тиленем. Азыр болгону 22 жаштамын, келечегим алдыда, буюрса, кыялымдагы мырзага жолугаарыма ишенем.
- "Сүйүүнү ойлонууга убактым жок" дебедиңби, ошончолук ишиң көппү?
- Буга чейин Стамбулдагы белгилүү университеттердин биринде түрк тили жана адабияты боюнча сабак алып, дипломду колума кармадым. Эми англис тилин үйрөнүүгө курска барып атам. Келечекте кытай тилин да үйрөнгүм келет. Андан сырткары, жеке моделмин. Эл аралык университетте сырттан окуйм. Быйыл 2-курс болдум. Ушулардын баарына жетишип, апама жардам берип, айтор, "кары келсе ашка, жаш келсе ишке" деп иштеп жүргөн кезим.
- Ата-энеңдин чөнтөгүнө зыян келтирбей, өз алдыңча иштеп аткан турбайсыңбы?
- Ооба, апам экөөбүз чогуу жашайбыз. Кесиби бухгалтер, азыр пенсияга чыгып, үйдө. Атам мен кичинекей кезимде эле каза болгон. Эжем менен байкем бала-чакалуу болушту. Негизи мен 14 жашымдан баштап эле өз алдымча болууга үйрөндүм. Ошол учурда боюм тез өсө баштады. Мектепти бүткөндө эжемдер "Айнура, сенин боюң узун, модель агенттигине барып көрбөйсүңбү?" деп айтышчу. Бирок, мен ал тармакка анча маани берчү эмесмин. Дайыма спорт кийимдерин кийип жүрчүмүн. Бир күнү стилимди өзгөртүш үчүн "Фейшн" модель агенттигине барып жазылдым. Ошол жактан көзүм ачылып, туура кийинүү, боенуу, сүйлөө маданияты, психология, фитнес өңдүү көп нерселерден сабак алдым. Мындайча айтканда, менин келечектеги кадамыма "Фейшн" модель агенттиги жол ачты. Башка жактардан көп сунуштар түшүп, ишке чакырыла баштадым. Бирок, жеке модель болуп бир жыл иштегенден кийин, "акча табышым керек" деп Түркияга кетип калдым.
- Модель болуппу?
- Жок, модель болгон жокмун. Анталиядагы жети жылдыздуу отелде жайкы сезон сайын беш жыл катары менен иштедим. Мага окшогон башка улуттун кыздары көп болчу. Алгач "мени ким билмек эле" деп, пол жуугуч болуп жүрдүм. Кийинки сезондо массаж жасаганды үйрөтүшүп, аялдарга массаж жасадым. Үчүнчү ирээт барганда информатор болуп, брошюрка кагаздарын таратып иштедим. Төртүнчү жылы жетекчибиз мага ишеним артып, "ресепшнге", кабылдамадагы кассага компьютерге отургузду. Акчалуу адамдар келген кычыраган отель болгондуктан, айлык маянабыз абдан жакшы болду. Топтогон акчамды улам банктагы счетума сала бердим. Анан бул жакка келгенде апам экөөбүз квартира алдык. Өзүм машинелүү болдум.
- "Түрк эли меймандос, ошол эле учурда акчага сараң болушат" деп угам...
- Туура, меймандос келишет. "Кыргыздар бизге жакын" деп өздөрүнө тартышат. Бирок, айылдан келген билими жок мырзалары өздөрүнүн түрк кыздарына тийишпейт дагы, башка улуттун кыздарына кыргыз, орус, негр болобу (?), жапыйычылык мамиле кылышат. Себеби, "түрк кыздар сотко берип, милицияга каматып коюшат" деп коркушат. Ал эми бизге маданиятсыз мамиле жасагандары, тийишкендери адамды ирээнжитет. Кээ бир учурда эки жүздүүлүк кылып, сени сатып кетиши да мүмкүн. Ошон үчүн аркамдан чуркап, сүйүүсүн арнаган түрк мырзаларга көңүл бурган эмесмин. Баары бир эч бир улуттун мырзалары кыргыз мырзаларына тең келе албайт.
- Сөз арасында "башка улуттан туугандарыбыз көп" деп калдың, кандайча?
- Атамдын таятасы болгар улутунан, ал эми чоң апасы казак кызы болуптур. Кызыгы, өзүмдүн таенем өзбек кызы. Кантта төрөлүп-чоңойдум, тууган-уруктар Кантта жашайт. Ошондуктан, мен өзүмдү "кыргызмын" деп эсептейм. Паспортума дагы "кыргыз" деп жаздыргам. Кыргызстанда жашап, кыргыз тилинде сүйлөп, кыргызча тарбия көргөнүмө кубанам. Мен өзүмдү "чыныгы кыргыздын бактылуу кызымын" деп эсептейм.

Айнура Касымова