Гүлназ БАКИР кызы, ди-джей:
"Жигиттин баары азамат эмес..."

Кыргыз эли эзелтен макалды кадырлап келген. А бирок акыркы күндөрү макал-лакап колдонгондун ордуна капкайдагы "жаргондорду" сүйлөгөндү жашы да, карысы да модага айландырып алгандары өкүнүчтүү. Ошол себептен, тили "буудай кууруган" сулуу кыз, "Миң кыял фм" радиосунун булбулу Гүлназ Бакир кызына макал-лакап менен кайрылуунун туура көрдүм.

- "Өтө кызыл бат оңот"...
- Пендебиз да, баардык аракеттин жыйынтыгы бат болушун, ар бир кыялыбыз ылдам ишке ашышын каалоодон жалкыбайбыз. А бирок, табийгаттын, тагдырдын өзүнүн мыйзамдары, чектери бар... Аларды адамзат шаштыра албайт, көзгө көрүнбөгөн күчтөрдүн алдында биз алсызбыз, арсызбыз...Качан биз аша чаап, чийинден тыш нерселерге көз арта баштаганда, баары башкача болуп чыга келиши мүмкүн.
- "Бийлик, байлык - колдун кири"...
- Сен акчанын артынан эмес, акча сенин артыңдан куусун. Уламыштарда айтылгандай, күчтүүнүн күчтүүсү, акылдуунун акылдуусу да байлыкка аралашканда шайтандын азгырыгына кириптер болот. Жүздөн бири, саналуу учурларда ондон бири гана андайда дилин кирдетпей, абийир туусун бек кармап чыга алат. Сыягы, Жараткан адам баласын жаратып жатканда, боорукердик баштаган көп жакшы сапаттардын арасына байкалбай ач көздүк да канына аралашып кетсе керек. Кайсы бир учурда бизди сыноо үчүн берилген байлык менен бийликти мүмкүн болушунча туш келди пайдаланып алайын деген ой пайда болот. Бирок, адам ичер суусу, көрөөр күнү бүткөндө бул дүйнөдөн эч нерсе алып кетпейт. Аргасыздан, ошол байлыкка, бийликке кор болгон абийирге жаның ачыйт.
- "Төө кыядан өткөн соң, "оо" дегениң курусун"...
- Илгери-илгери адамдар мунара куруп баштаптыр. Күн-түн дебей кумурска сымал тынымсыз эмгектенип, ушунчалык ынтымактуу болушат дейт. Ошондо асмандын жетинчи катмарына жетип, мени көрүп калышпасын деп Кудай алардын тилдерин ар башка кылып койгон тура. Ошондон улам дүйнөдө түрдүү тилдер пайда болгон экен. Бала кезде уккан ушул уламыш азыр эсиме түштү. Балким, мунун чындыгы бардыр. Эгер ошол боюнча адамдар бир тилдүү болуп калса, азыр аалам кандай болмок? Муну айтканымдын себеби, тилибиз, динибиз, өң-келбетибиз ар башка болгону менен, адамдар ар убак бири-бирибизге муктажбыз. Бири-бирибиз менен мамиле куруу маданияты тээ байыркы доордо калыптанып баштаганы менен, азыр башкача өңүттөрү ачылган. "Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин" деп, артык кылам деп тыртык кылып алган да өзүбүз. Аны байкамаксанга салып, калп эле заманды күнөөлөйбүз. Чын-чынына келгенде, адамдар арасында ишенимдин жоголушуна өзүбүз гана күнөөлүүбүз.
- "Дос - душман"...
- Душманыңдан жашырган сырыңды досуңа да айтпа. Анткени, кайсыл күнү досуң душманга айланып калаарын билбейсиң. Калыптанып калган бул пикирдин да чындыгы бар. Бирок, достун кадырына жете билген адам достуктан сый-урмат күтө билет. Анткени, кыянаттык, чыккынчылык адам жашоосунда сөзсүз кездешип отурат. Бирок, аны кечирип, жүрөгүн таза бойдон сактап калган адам гана дайыма алдыда боло алат.
- "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет"...
- Жыгылгандан эмес, турбай калгандан уял. Анткени, турмуш өзү бирде өйдө, бирде ылдый. Аркан - эшкен сайын чыйралат. Анын сыңарындай, адам да кыйынчылыктардан чыңалат, бышат, акырында даанышмандыкка жол алат.
- "Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу"...
- Адамдын өң-келбети ойдогудай болбосо, аны кийим-кечек менен жашыра алат, эгер кулк-мүнөзү жаман болсо, аны эмне менен жашырат? Ошол сыяктуу, сырткы жүз алдамчы болот, башкысы ички дүйнө. Ар бирибизде өзүнчө ички "мен" бар. Анын дабышын угуп, көрсөткөн багытын көп учурда аңдап отурбайбыз. Бирок, сүйүүгө келгенде "мендин" буйругу гана аткарылып калат. Эки адамдын жашыруун ааламдары биригип, бир бүтүндүктү түзө алганда арзуу максатына жетти деп билсек болот. Көкүрөккө эмес, көзгө таянып кылган кадамыбыз катачылыкка барабар болгондо, "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп, сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу деп калабыз.
- "Эл деген - сел"...
- "Көп түкүрсө көл болот, көл ташыса сел" болот. Кыргыздар дайыма көпчүлүктү жакшы көрүп, элдин касиетин билген. Бекеринен илгертен тойлорду жайкалган жайлоолордо, сансыз конок чакырып өткөрүшпөгөндүр. Ушул жерден мени көп кыжаалат кылган бир ойду айтайын. Азыр биз кафе-ресторандарда киши башын санап чакырып той берип жүрбөйбүзбү, ошонун акыры барып эмнеге такалаар экен деп ойлоном. Биз, баарыбыз айылдан тарагандарбыз. Айылда береке мол. Кандай той-топур болбосун, агылып-төгүлүп, келгендин баарын үйдөн тособуз. Эгер кийинки муунга, балдарыбызга сырттан конок тосууну үйрөтө берсек, жакынкы он жылда кыргыздын үйүнө бут баспай калабы?
- "Ач кадырын ток билбейт"...
- Баардык нерсени жон тери менен сезип, башынан кечирген адамдар бара-бара ар кандай кырдаалдан чыга алышат. Мен бул макалдын түз эмес, кыйыр маанисине көп көңүл бөлөм. Өмүр бою бирге жашаган жубайлар деле бири-биринин ички абалын толук биле алышпаган сыңары, ар бирибиздин демибиздин чыгышы, жүрөктүн кагышы ар башка. Бирок, бизди илгери үмүт, изги тилектер бириктирип турат.
- "Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат"...
- Сүйүүдө кыз кайык, жигит толкун. Толкун кайда бурса, кайык ошол жакка кетет. Балким жер жүзүнө биринчи болуп Адам ата жаралган үчүн ушундай сүйүүнүн философиясы пайда болгондур. Канчалык баалуулуктар алмашпасын, баары бир бул жазылбаган мыйзам ошол боюнча кала берсе керек.
- "Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт"...
- "Бардын баркы болбойт" деген чын белем, бизде бооруна кысып, эркелеткен Ала-Тообуз, эне сүтү менен оозанган өз тилибиз бар болгон үчүн анын баркына жете албай жүрөбүз. Болбосо, дүйнөдө канча улуттар өздөрүнүн түпкү тегинен бурмаланып, бөтөн тилге байланып жашап жүрүшөт. Канча элдер өз мекенине ээ боло албай, башка жерлерди башпаанек кылып өмүр сүрүп жатат.
- "Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт"...
- Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт. Азамат менен аргымак ар убак өз ордун, баасын билет. Жигиттин баары азамат эмес, аттын баары аргымак эмес.
- "Кызга кырк үйдөн тыюу"...
- Элибиз кыз тарбиясына абдан маани берген. "Жакшы кыз жакадагы кундуз" деп, болгон сыйын, мээримин арнап, бапестеп өстүргөн. Анткени, кыз, бул эртеңки эне, тукум улоочу. Ага берилген мыкты тарбия - улуттун өнүгүшүнө кошулган салым.
- "Айтылган сөз - атылган ок"
- Сөздүн күчү менен октун таасири ал учуп кеткенден кийин билинет. "Ойлонбой сүйлөгөн оорубай өлөт" деп, бир сөз үчүн кыргын согуш жараткан, элин чилдей тараткан замандар болгон.

Адинай МАРИПОВА