Нурлан ШАКИЕВ, Маданият жана маалымат министри:
"Маданият министрлигинин супурасы курук"
- Нурлан мырза, сизди "маданият министрлигине Камчыбек Ташиевге олчойгон пара берип келген" дешет...
- Мен бул тууралуу айта берип, айта берип тилим тешилди. Чоң пара бергидей маданият министрлиги акчалуу же казынасы мол жер эмес. Тескерисинче, маданият министрлигине пара берип, адамдарды алып келиш керек. Бул жер ошондой ызы-чуулуу, аты улук, супурасы курук. Аты эле министр болбосо, мунун түйшүгү абдан чоң. Убарагерчилиги андан бешбетер. Бир тыйын пара бермек түгүл, маданият министри болуп калам деген менин оюма да келген эмес.
- Ошондо сизге канча пара берип чакырышты?
- Мени ошол дайындаган күнү чакырышып, "министрликти алдыга тартып бер, сенин мүмкүнчүлүгүң бар, жашсың, энергиялуусуң" дешти. Мен ойлонуп көрөйүн деп, анан макулдугумду бердим. Маданият министрлиги пара бере турган мекеме эмес!
- Бул сунушту сизге ким кылды?
- Ташиев менен Келдибеков кеңешип, мени Ташиев чакырып, өзү сунуш кылган.

Адахан МАДУМАРОВ, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
"Бакиев менен келишпей калгам"

- Адахан Кимсанбаевич, "президенттик шайлоодо Адаханды Курманбек Бакиев каржылайт" деген сөздөр чындыкка жакындайбы?
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясын сырт жактан эч ким каржылабайт! Кыргыздын мыкты ишмерлери биздин арабызда арбын, бүт каражатты партиянын мүчөлөрү өздөрү көтөрүшөт. Демөөрчү тапкыдай миллиондогон акчаны биз эмнеге коротмок элек?! "Адаханды Бакиев колдоп атат" деп атаандаштарымдын чыгарган сөзү жеткен ыпластык! Мен бул сөздү кайсы
жерде болбосун тастыктап берем!
- "Бакиев менен телефон аркылуу байланышып турат" дегендер бар...
- Албетте, бул калп! Болбогон сөздөр! Ал киши менин спикерликтен, мамлекеттик катчылыктан кетишиме кол койгон учурдан бери аны менен келишпей калгам! Себеби, мен көп чындык сөздөрдү, уулунун, инилеринин туура эмес нерселерди жасап жаткандарын бетке айта баштаганым ага жакпай калган. Мени "парламентти ремонт кылууга 1 миллион доллар сурады" деп кеп салган. Ошону себеп кылып, иштен алган...
- Көпчүлүктүн "Каркыраны Мадумаров саткан" деп ойлогондоруна не дейсиз?
- Каркыраны мен кол коюп, сатып жиберсем, ошончо депутат мени атып жибермек. Ал Жогорку Кеңештин, президенттин чечими. Ал жерде канчалаган кол бар экенин карап көрүшсө жакшы болмок. "Каркыраны Мадумаров саткан" деген сөз - саясый компаниянын Мадумаровго каршы саясый заказы. Каркыра боюнча маселе 2002-жылы Аскар Акаев президент болуп турганда эле чечилген. Мени жөн жерден "туздагысы" келгендерди Кудайга койдум.




Өмүрбек Бабанов, 1-вице-премьер-министр:
"Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт"

Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленгенден тартып саясый партиялар өз талапкерлерин сунуш кылышты. Ошондой эле, бу саам өзүн-өзү көрсөткөндөр да арбын болду. 12-августта "Республика" саясый партиясы президенттик шайлоого талапкер сунуш кылбай тургандыгын билдирген. Ушул багытта аталган партиянын төрагасы Бабанов Өмүрбек менен маек курган элек.

- Өмүрбек Токтогулович, өткөн жумада сиздер элге билдирүү жасап, "Республика" саясый партиясынан эч ким президенттикке талапкер болбой тургандыгын билдирдиңиздер. Мунун себебин кандайча түшүндүрөсүз?
- Биз, биринчиден, мамлекеттүүлүктү сактоону эң негизги маселе деп эсептейбиз. Өлкөнүн өнүгүшү жана жалпы улуттук биримдик үчүн ушундай кадамга бардык. Биз жеке жана партиялык кызыкчылыктардан мамлекет кызыкчылыгын биринчи орунга койдук деп эсептейм. Болбосо, "Республика" партиясында президенттик кызматка татыктуу адамдар бар экендигин баса белгилеп койгум келет. "Ырыс алды - ынтымак" демекчи, азыр бизге элибиздин ынтымагы абадай зарыл болуп турган учур. Андыктан, алдыдагы шайлоодо баардык партиялар, талапкерлер ынтымак менен, мыйзам алкагында гана иш алпаруусу зарыл.
- Элибиз сизди президенттик күрөшкө аттанат деп күтүп жатты эле...
- Ооба, мага өлкөбүздүн туш тарабынан президенттик шайлоого катышууга чакырган кайрылуулар абдан көп болду. Ал үчүн учурдан пайдаланып элибизге терең ыраазычылык билдиргим келет. Азыр ар бирибиз жеке өзүбүз жөнүндө эмес, жалпы мамлекетибиз, элибиз тууралуу ойлоно турган учур. Ошондуктан, өз амбициябызды ооздуктап, президенттик шайлоого олуттуу көз караш менен карап, мындай кадамдан баш тарттым. Дегеле, турмушта жол бошото билүү касиети болушу керек деп эсептейм. Кезинде, КСДПнын партиясынын тизмесинде биринчи болуп турганыма карабай, ордумду Роза Исаковна Отунбаевага бошотуп бергем. Ал учурда Роза Исаковна президент болуп калат деп эч ким ойлогон эмес. Парламенттеги көпчүлүктүн коалициясын түзүп жатканда деле премьер-министр же Жогорку Кеңештин төрагасы болом деп чыксам болмок. Аталган эки чоң кызматты тең башка партияларга берип, өзүбүз биринчи вице-премьер министрлик орунга эле келбедикпи. Ошонун негизинде коалицияны түзүүгө мүмкүнчүлүк болду. Анын баары мамлекеттин бүтүндүгү, элдин эртеңки келечеги, экономиканын өнүгүшү үчүн жасалган кадамдар болчу. Эгер ошондо амбициялардын айынан көпчүлүктүн коалициясы куралбай калганда, кудай билет эле азыр кандай шартта жашап жатмакпыз.
- "Республиканын" президенттик шайлоого талапкер алып чыкпоо чечимине партиялаштар тарабынан каршылык болгон жокпу?
- Жок, "Кеңешип кескен бармак оорубайт" демекчи, биз уй мүйүз тарта олтуруп, талкуулап, "жети өлчөп, бир кесип", анан ушундай чечимге келдик. "Республика" партиясындагы ички атмосфера тууралуу чындыктан ат чабым алыс, жалган, ушак маалыматтар басма сөз беттерине жарыялана калып жүрөт. Биздин бул жолку чечимибиз дагы бир жолу партиянын ички ынтымагы бекем экендигин, эч кандай пикир келишпестик жок экендигин көрсөтүп турат. Болбосо, бир эле саясый партиядан бир канча талапкерлер чыгып, бири-бири менен тирешип жатканын көрүп жатпайсыздарбы.
- Сиздердин партия президенттик шайлоодо кайсы талапкерди колдоорун айта аласызбы?
- Кудай буйруса, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аягына чыкты. Биздей чакан өлкө үчүн 83 адамдын президентикке талапкер болуп катталышы өтө эле көп деп эсептейм. Сыягы, келечекте бул багыттагы мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү керек окшойт. Ал эми "Республика" партиясы кайсы талапкерди колдой тургандыгы жакында жарыяланат. Элдин башын бириктирип, консолидацияга алып келе ала турган, регионалдык эмес, жалпы улуттук деңгээлдеги, баарына тегиз караган, программасы боюнча партиябыздын платформасына жана максаттарына дал келген талапкер колдоого алынат. Кандай болгон күндө да, эл башына мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн, алысты көрө билген, эл үчүн күйгөн, патриот, намыскөй, таза адам келишин каалайм. Өткөндөн сабак алып, заманбап жетишкендиктерди өзүнө сиңире алган, жаңычыл адам болушу зарыл. Биз азыр өтө опурталдуу учурда турабыз. "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", шайлоону ынтымак-ырашкерликте өткөрүүбүз абзел. Тышкы өлкөлөр да көз кырын салып карап турат. Ошондуктан, алыс-жакынга уят болбой, мыйзам чегинен чыкпай, кокту-колот, уруу-уруу болуп бөлүнбөй, татыктуу адамды шайлап алышыбыз керек.
- Талапкерлердин ичинен кимиси жеңет деп ойлойсуз?
- Азыр тигил же бул деп айтканым туура эмес болуп калат. Элибизде "Чуркаган албайт, буюрган алат" деген сөз бар эмеспи, ансыңарындай, Кудай кимисинин бешенесине жазса, ошол президент болот. "Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт" демекчи, атпай журтубуз абалтан эле кеменгерлигин, акылмандыгын көрсөтүп келген. Бу саам да, ар бир атуулубуз кабыргасы менен кеңешип, жүрөгүнүн дабышын тыңшап, туура чечим чыгарат деп ишенем. Бул шайлоо элибиздин башын бириктире турган, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган, мамлекетибизди бекемдей турган шайлоо болсо экен деп тилейм.
- Катталган талапкерлер тууралуу оюңуз кандай?
- Көпчүлүгү эптеп эле элге көрүнүп калайын деп жатат окшойт. Болбосо, президенттик шайлоодо эч кандай шансы жок экендигин абдан жакшы билип туруп эле коюп атышпайбы. Арасында азыркы бийлик менен соодалашып, кызмат орунга ээ болсом дегендер да арбын. Президенттик шайлоого катышуу, бул, эң бийик жоопкерчилик экендигин сезишибиз керек. Менимче, арасында саналуу эле татыктуу талапкер бар. Калгандары майда максаттарын ишке ашырам дегендер. Аны жумурай журтубуз деле көрүп турат.
- Өкмөт же жалпы эле бийлик айрым бир талапкерди колдоо үчүн административдик ресурсту колдонот деп ойлобойсузбу?
- Биз андайга жол бербейбиз. Азыр заман башка. Кенедей эле тетири иш болсо, ал оркоюп көрүнүп калат. Эгер мамлекеттик кызматтагылар кызмат абалынан пайдаланып, кайсы бир талапкерге чуркай турган болсо, андайлар жумуштан кетет. Биз ушул боюнча атайын токтом кабыл алып жатабыз. Кыргыз өкмөтү колунан келишинче таза, адилет, ак шайлоо өткөрүүгө аракет кылат. Соттордун бирөөнү колдойм деп эмне болуп жатканын көрүп жатпайсыңарбы. Андан тышкары, баарыбыз эле шайлоого чуркап кеткенибиз болбойт. Өлкөбүздүн экономикасы, чарбалык маселелери менен алектенишибиз керек. Жер-жерлерде чечилбей жаткан маселелер арбын, алар менен күнү-түнү иш алпарышыбыз зарыл. Элибиз шайлоону эмес, жашоонун жакшырышын, турмуштун оңолушун күтүп жатат. Алдыбызда чоң жоопкерчиликтер бар. Биз буга чейин мугалимдердин, врачтардын, маданият кызматкерлеринин айлыктарын 3 эсеге чейин көтөрдүк. Мунун баары оңбогондой чоң эмгекти талап кылаары талашсыз. Алдыда дагы зор пландар турат. Аларды да аткарабыз деп ишенимдүү түрдө айта алам.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ