Президент болом дегендердин арасында менин эшегим эле жок. Уялсаңар боло? Силерди койнуңардагы катыныңар да шайлабайт, торпоктор!


7586. "Оушендин 13 досу" фильминдей, Убактылуу өкмөт жөнүндө "Розахандын 14 досу" деген кино тартыш керек. Элди тоноп бүтүштү. Же "Акбаранын көз жашы" деш керек.
Асбек

7587. Урматтуу диндеш биртуугандарым, алакандай кыргызды экиге бөлбөгүлө, бу акылсыздык болот. Элиме ырыскы, ыйман каалайм.
Ажы аке

7588. Эй, Түндүк-Түштүктүн карапайым кыргыздары! "Элим" дегенди ажо шайлап албайлыбы? Мисалы, Түндүктөн Ө.Суваналиев менен М.Абдылдаев, Түштүктөн А.Мадумаров менен К.Ташиев чыгышсын. Ушулардын бирөөсүн эл тандаса дейм. Качанкыга чейин бөлүнүп чачыла беребиз? Мамлекеттүүлүгүбүз жоготуунун алдында турган жокпу?
Алик

7589. "Кызыл короз кый короз кырман чачар, кыз албаган жигиттер теңге чачар. Теңгелери тешиктен ыргый качар" деп жепжутар эргулга жарамазан айтсаң да бир нерсе ыроолоп бербейт. Дагы сайрап тура бересиң. "Ак үйүң, Көк үйүң жолдо болсун, ушул үйдө бир балаң молдо болсун" дейсиң, үйдөн эч ким чыкпайт. Кайта "үйүң, үйүң, үй экен, үйүңдүн башы чүй экен. Ак сарайдай салынган, кайсы байдын үйү экен?" деп сайрайсың. Мында да эч ким чыкпайт. "Жарамазан айта келдим эшигиңе, ак кочкордой уул берсин бешигиңе" деп акыясың. Карап туруп ачууң келет. Карапайым элдердин эсебинен байыганын кара. "Ушуларды картошка айдатып, мал бактырып, акча тап" десе көрөт элем.
Илбирс

7590. Ниет кыл жаман болбосун, максат кыл арман болбосун. Жараткан өмүрүңө өмүр кошуп, Кудай өзү сени колдосун!
9444 абоненти

7591. Салам достор, амансыңарбы? Мен дайым силер менен биргемин!
9444 абоненти

7592. Бабаларым кымыз ичкен калк эле, ниети түз, дили таза жан эле. Эмки айрылыш жолдо калган мезгилде, арак ичиш кыргызымда парз беле?
5377 абоненти

7593. Кара-Суу районунун Маданият айылында жашаган ата-энеме, инилериме сагынычтуу салам! Мен силерди аябай сагындым. Ноябрь айында барам.
Айжамал

7594. Жүрөгүмдө бир кичине сезимим,
Алоолонуп күйөрүн мен сезгемин.
А бирок, билсем дагы узай албай,
Үмүттүү карап жашап келемин.

Достугум ак сүйүүгө айланып,
Бир заматта калдым сага байланып.
Сүйүүмө макул болуп сезгениңде,
Балким жүрөгүм бир сага арналар беле...
4194 абоненти

7595. Алмаз Атамбаев жашасын, дагы да жашасын. Ал ажолукка татыктуу! Атамбаевден башка татыктуу президент жок.
Куба

7596. Мурунку шайлоодо добуштар акчага сатылганын көрдүк. Ар бир үйгө чайнек таратылып берилгенин да көрдүк. Добуштар бурмаланып кеткенин да көрдүк. Азыркы күндө жыйынтыгы эмне болуп атканын көрүп атабыз. Эмики шайлоодо дагы аракка, акчага сатылсак, дагы 5 жыл шорубуз шорподой кайнаары турган нерсе. Андан кийин эч качан бутка тура албайбыз. Буга акылсыз болгон өзүбүз гана күнөөлүү болобуз. Алга, "Ата Мекен"!
3011 абоненти

7597. Президенттикке Ө.Суваналиев татыктуу. Себеби, Атамбаев, Ташиев, Түлеев, Мадумаровдун ким экенин кыргыз эли жакшы билет.
Алмаз, Ат-Башы

7598. Украинада "2009-жылы Путин менен газ боюнча туура эмес келишим түзүлгөн" деп Ю.Тимошенкону камакка алышты. 2012-жылы А.Атамбаев бензин боюнча камалабы? Путин ушундай сценарий менен иштейби?
Аскат

7599. Чыңгыз Мырзаев ага, сиз качан эфирге келесиз? Мен сизди укмуш сагындым. Сизге ийгилик, жакшы эс алып келиңиз.
4914 абоненти

7600. Искендер, мен сени жакшы көрөм.
Каню

7601. Урматтуу кыргыз элим! Туткан Орозоңор кабыл болсун!
Каню

7602. Мадумаровдун "Супер-инфого" берген маегин окудум. Адахан чындыкты айткан азамат экен. Өзгөчө Роза айым жөнүндө.
Агент 007

7603. Жигиттер менен таанышам.
Тел: 0779-25-57-74

7604. Дони+Жаркынай=сүйүү.
6612 абоненти
7605. Салам кыргыз эли! Бүгүнкү күндө президенттикке коюп жаткан талапкерлердин баардыгы 100% таза эмес деп айта алам. Себеби, өзүңөр билесиңер, Акаев, Бакиев элдин акчасын жесе, мындан кийинкилер деле ошондой акчаны жей берет.
Айдарбек

7606. Деля Беркиналиева, фигураңа мактанбай эле койсоң жакшы болмок!
Каню

7607. Мен Ысык-Көл облусунун Темир айылынын тургунумун. Каракол шаарынын Маман айылында турган Кубанга салам жолдойм. Кандай ден соолуктар?
3994 абоненти

7608. Арстанбек Абдылдаев эмне мынча Кудай болуп алган. Шайлоо жакындаганда ушинткенден уялбайбы? Эмне Алайдын атын жамынып алган калп эле...
7917 абоненти

7609. Сагындым жаным деген сөзүңдү,
Жүрөгүм сагынычка чөмүлдү.
Кыйналып азап чектим ардагым,
Көздөн эмес, жүрөктөн жаш төгүлдү.

Элжиреп жүрөгүм кыйнайт неге?
Айтчы жаным сүйүүмдү сездиң беле?
Кучагымда башка адам турса дагы,
Бир гана сен жашайсың сезимимде.

Сүйөм, сүйөм алтыным мен өзүңдү,
Ак сүйүүмө ишенбестен жүрөсүңбү?
Билем жаным ак сүйүүмө ишенбейсиң?
Бакыт каалап кыйнабачы жүрөгүмдү.
734194 абоненти

7610. Орун алып жүрөгүмдүн түбүнөн,
Ооруттуң го жаным мени сүйүүдөн.
Сен деп өтүп кетет окшоймун,
Өксүү менен бир жаралган өмүрдөн.
Кызганбачы, сени гана сүйөмүн,
Унуталбай мен өзүңдү жүрөмүн.
Жаратканым берген ушул өмүрдө,
Бир мен үчүн согот менин жүрөгүм.
Чын жүрөктөн эгер сүйсөң алдабай,
Кызганыч да болбойт эле ошондо,
Мен да азыр кыйналып жүрбөйт элем,
Бир өмүргө сен жанымда болгондо.
2949 абоненти

7611. Салам СМСчилер! Мен силердин катарга жаңы кошулдум. Орозоңор кут болсун!
Айко 25

7612. Жалал-Абаддын Ноокенине караштуу Маасы айылында жашаган Сагын, мен сени издеп жүрөм. Кабарыңды билгиз. Айжамал издейт.
Айко

7613. Төбөсү көрүнгөн Бакыга,
Бакандай болгон Бакыбай.
Ажатчыл мүнөз затың ай.
Төбөсү бийик кыргыз деп,
Белгилеп жүрөт Азыкбай.
Азыкбай айтса жөн айтпайт,
Жигитсиң, кыргызга берген казыктай.
Эртерээк тизгин колго алгың,
Көп эле таластыкты сасытпай.
Алиги ишиң чечип бер,
Калдайган кайын агаңды,
Душмандарга басынтпай.
Көп эле каалоо айткым бар,
Калат го батпай СМСке жазылбай.
Жумабек

7614. Президент болом дегендердин арасында менин эшегим эле жок болбосо, "иттин уулу Байгара" деле жүрөт. Уялсаңар боло? Керек болсо койнуңарда жаткан катыныңар да шайлабайт, торпоктор!
Бакы, Кара-Булуң

7615. Кыргыздын ажайып жерлерин сатканды биринчи Усубалынын уулу баштаган болчу. Ошко жакын жерде жайгашкан Совет-Абад деген укмуштуудай жайкалган, жемиштин түрү бышкан, шаркыраган суусу мол, дыйкандарыбыз жыргай турган бирден-бир татынакай районубуз болмок. "Ала допучандарга ижарага бергенбиз" деп ушул убакка чейин былжырашып ала албай жүрүшөт. Эми ал жерди ала допучандар бербейт дагы. Андан кийин "Швейцария кыла коем" деп, мылжыңдап Акаев келип, Үзөңгү-Куушту подарка кылып ырсалаңдап, качып ал жок болду. Андан кийин "өндүрүштү менден башка эч ким түшүнбөйт" деп былжырап Бакиеви келип, Каркырабызды элди чыркыратып туруп сатып ийип, 90 эр-азаматты кошо жутуп, ал зуу койду. Булардын көздөрү тирүү маалында кандай ыкма менен болсо да, кылган кылыктары үчүн эл алдында сөзсүз жооп бердиртишибиз керек! Эми кыргызым, ажо тандаганда жаңылбайлы. Болор-болбос арам акчаларына алданбайлы!
Бекен

7616. Б.Алыкуловдун макаласында Э.Каптагаев белый и пушистый, баласы ажылыкта ичип-жегенин билмексен болот. Макалаңыз подхалимажка окшош.
Злюка

7617. Ким эрте турса эле, беттерин жуубай туруп, БШК тарапка чуркап жетип, "ажо болот элем, мени тизмеге жазып койчу" деп эле балээ болушту. Булардын аялдары деле "кой уят болот, жок дегенде бети-башты жууп бар" деп коюшса болмок. Президент деген сөздүн кадырын такыр кетиришти.
Бекен

7618. Таке, "Аңги сойкулук" деген романың узарып эле баратат. Бир күнү Алланын каарына калып жүрбө? Ыйык Орозодо кайсы бетиң менен жазып атасың ушунча нерселерди? Өзүңдү "Дон-Жуанмын" деп ойлойт окшойсуң, бети жок.
Бекен

7619. Айлуу кечте отурам дүйнөм кысылып,
Ичке толгон сагынычты ыр кылып.
Асылым, күнөө менде, билем аны,
Батпай кеттим чоң ааламга кысылып.

Баштагыдай кайрадан сүйгүм келет,
Жүрөгүңдө бейкапар жүргүм келет.
Жаным деп айта албай кыйналдым,
Сени ойлодум, бул сезим, сүйүү демек... Сүйүктүүң менен эч качан таарынышпа, бактылуу болгула жана таарынычтар болсо да, ушундай ыр саптарды жигитиңер же сүйлөшкөн кызыңар СМС менен жазып турсун.
Айжамал 94

7620. "Тили буруу" дейсиңер, 10-июнда ошолор Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап өлүшпөдү беле?! "Таза сүйлөйм" деп мактангандар эмне кылып жыргаттыңар? Атамбаев баштаган регионалисттерге мамлекеттин бүтүндүгүнүн кереги жок, бийлик керек!
Баргы

7621. Көл периси, сага чоң рахмат! "Дүйнөнү сулуулар сактайт" дегендей, кыргыз элимди сендей гана ичи таза сулуулары сактап кала алат. Аялзаты бар, биз барбыз, болбосоңор биз эркектер кырылышып калмакпыз. Бар болгула, кыргызымдын сулуулары, силерге таазим.
Баргы

7622. Ош окуясында "кыргыз" деп жанын берген баатырлар, чыныгы баатырлар! Алар бийлик үчүн эмес, мекен үчүн жанын беришти. Кудайым алардын жакындарына сабыр берсин деп тилейм.
1727 абоненти

7623. Нарындык Абдрахманова Токтогүл, эжеси Дүйшөгүл, иниси Турат, мен силерди издеп жатам. Узбек-к Жайлоо.
Тел: 0550-17-47-43

7624. Түштүктөгү кыргыз кыргыз эмеспи? Түштүктөгү кыргыздар болгон үчүн мамлекетибиз бүтүн калды. Бузуку көк мээлер кыргызды бөлүп, кыйроого учуратып жатышат.
2545 абоненти

7625. 7630 абоненти, сен азамат адам көрүнөсүң. Сендей кыргыздар көбөйсө, элибиз оңолот эле.
0193 абоненти

7626. Түндүк-Түштүк, Батыш-Чыгыш, облус, район, уруу-уруу, көчө-көчө болуп бөлүнгөндү токтотуш керек, туугандар. Силерге депутаттар же акимдер оозуңарга тамак салып бербейт. Өзүңөр ак эмгек менен иштешиңер керек! СССР жок, азыр базар экономикасы.
9214 абоненти

7627. Сартбаев, орозо бүтсүн, шашпа, Эшимканов экөөңөргө айта турган сөздөр башка. Уятсыздар десе.
Бек, Нарын

7628. Президенттикке эки гана адам татыктуу. Алар Атамбаев жана Текебаев. Калгандары бизди бүткүл дүйнөгө уят кылып жатышат. Уятсыздар!
Алай, Бакыт, Сокулук айылы

7629. Кыйнадың мени, азапка салганыңбы?
Эми мен калыс айтам арманымды.
Жөн эле дос катары болуп жүрүп,
Билбепмин сени сүйүп калганымды.
7734 абоненти

7630. Келдибеков, Султанов
Качанкы бир шайлоодо,
Канча киши жыйнаган.
Итчилик кылып бул экөө,
Ичкилик элин кыйнаган.
Кан жолду бууган булардан,
Кордукту көрдү кыйла адам.
Буларга Чоң-Алайлыктын,
Бугу бар ичке сыйбаган.
Памир, Чоң-Алай

7631. Кыргыз нуру Ташиев, "кыргыз" дегенде ичкен ашын таштаган, мекенин жанындай сүйгөн, эч качан сатылбаган, өз оюн коркпой айткан көкжал баатыр. Ушундай көкжалды колдобосок, кээде баткендик, бирде чүйлүк боло калган хамелеон Атамбаевди же чыккынчы Текебаевди колдомок белек?
Баргы

7632. Салам "Учур" гезити! Мен өзүмдүн атам Букашев Анарбекти 13-август туулган күнү менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Туткан орозосу кабыл болсун!
Гүлзада

7633. Эй, апрель бирдемелери, баатырдыкты эл берет. Силерди онтологон Отунбаева, убадачыл Атамбаевден башка эч ким баатыр дебейт. Телефондогу 60 тыйынга чыдабай төңкөрүш жасадыңар эле, эми эмне болду? Экономика күндөн-күнгө төмөндөп баратат. Баарына силер күнөөлүүсүңөр. Адам куруп кеткенсип, көтөрүп чыккан лидерлериңерди карагыла!
3040 абоненти

7634. Орто-Өрүктү айылынын тургундарына чоң салам! Баарыңар бар болгула, бай болгула. Бет алган жагыңардан баар тапкыла. Мен силерди жакшы көрөм.
Анарбекова Гүлзада

7635. "Учурдун" бардык окурмандарына жалындуу ысык салам. Силерге ден соолук, бактылуу болгула, бар болгула! Бир келген өмүрдө эч качан өкүнбөстөн ойноп-күлүп жүрө бергиле.
Айжамал, Ош

7636. Алга, кыргыз! Памир, Чоң-Алай, алга! Улан, Нарын, алга! Пенде, алга! Базаркул, Жалал-Абад, алга! Силерди жамандаган Закиржандан калган СМСчи "куйруктар" - кеңкелестер! Кыргызды тоноп жеген маймылдарды макташат. Мисалы, Мадумаров, Түлеев, Келдибеков, Ташиев, Жапаров ж.б. кошоматчыларды. Ушулардын айынан кыргызымдын жери сатылган, кыргыз элим атылган. Силерди өмүр бою зонага отургузуш керек. Антпесе Кыргызстан оңолбойт.
3354 абоненти

7637. Мирзат братан, кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы?
9056 абоненти

7638. Эже-агайлар, сиздерге чоң рахмат! Көлдөгү эжем Нургүлгө салам!
9056 абоненти

7639. Текебаев, алга! Калган Бакиевдин "куйруктарына" алданбайлы.
Курчу

7640. Кудай кыргызды жаратканбы же Манаспы? Кыргыз эли Манасты жаратканбы же Манаспы? Бишкек шаары Чыңгызды жер үстүнө көтөрүп жүргөнбү же Чыңгызбы? Манас менен Чыңгызды ким жараткан? Адамга өмүр,ырыскы жаратканбы же таштанбы? Биздин жашоонун оңолушуна пейил, эмгек таасирби же таштан жасалган жансыз тукум баскан аял менен ат минген, колуна найза, кылыч кармаган эркекпи?
2916 абоненти

7641. Бозоргон столбалардын алакандай жерине гүл илгиче, биротоло түбүнө гүл ачкан чырмоок тиксе болмок.Чакаларга кеткен акчага курт баскан эмендерди (дуб багы) дарыласа болбойт беле? Бел оорутуп суу куйгуча, шаар боюнча арыктарга жакшы суу чыгарса болбойт беле?
2916 абоненти

7642. Бишкекти Манас деп өзгөртөлү дегенге кандай карайсыңар? Жеке мен каршымын!
Агент 007

7643. Үйбүлөм бар. Туура түшүнгөн жагымдуу айымдар менен таанышам. Сулуу келиндер, чалгыла.
Тел: 0556-02-30-66
7644. Жигиттер! Эмне үчүн кыздарды алдайсыңар? Аялзаты сенин энең, сенин эжең, сенин карындашың, сенин келечектеги сүйүктүү жубайың! Кыздардын убалына калбагыла, ойлонгула!
7734 абоненти

7645. Мээрим, кандайсың? Эмнеге телефонуң өчүк? Бир кабарлашып кой. Досуң.
Тел: 0773-46-90-56

7646. Кыргыз эли ким өзү?
Айбаты курч, ташты жарат мүнөзү,
Жүрөгүндө жанып турган оту бар,
Кыргыз эли чагылгандын бир өзү.
Майдаланбай улуу жолду баштаган,
Душман кирсе, дайра болуп каптаган,
Өлүмдөн да бийик көргөн намысты,
Кыргызмын деп дүйнө элине мактанам.
Мукаш Ырсалиев

7647. Апрель баатыры, 3757 абоненти, сен Берлинди алгансып, мынча өзүңдү баатыр ойлоп алгансың же сени Акүйгө кароолчу койду беле Бакиевдин адамдарын киргизбе деп. Ошо күн келсин, Мадумаров же Ташиев президент болуп калса, "мен шайлагамын" деп сага окшогон жасакерлер чыгат. Сен баатыр эмессиң, сен тоногучсуң, эми билдиңби ким экениңди, журт бузар?
0229 абоненти

7648.Салам, "Учур"! "Президенттик шайлоого катышам" деген кандидаттардын баардыгы мурунку коррупционерлер. Анан булар убада менен убара кылгандан тажашпайт. Мамлекеттин акчасын жок кылганды жана жегенди жакшы билишет. Анан пара алганды жакшы көрүшөт. Булар бийликтин жана байлыктын кулдары. Демек, президенттик тактыга отурууга моралдык укуктары жок! Тарыхты унутпайлы. Аң-сезим менен жакшы-жамандын айырмасын биле жүрсөк, урматтуу калайык калк! Кана, кимиси эмнени кыйратты? Эмне кылды мамлекетке? Булар убагында ичти, жеди, сатышты, алдашты. Бизди дагы алдашат, анан биз дагы талаада калабыз. Сак бол, кыргыз тууганым!
9251 абоненти

7649. Мадумаров президент болсо жакшы эле болгону турат. Сырткы келбети, сүйлөгөн сөзү орундуу. Башка өлкөнүн президенттери менен сүрөткө түшкөндө кыргыздын уулу деп сыймыктанмакпыз. Ал эми аял кишини көргөндө уялат экенсиң. Кыргызда эркек калбай калгансып. Онтоп сүйлөп атканын уксаң, ого бетер күйбөгөн жериң күл болуп кетип атат.
0229 абоненти

7650. ИИМдин башчысы Ырсалиевди жумуштан кетирүү керек. ГАИ кызматчыларында уят жок. Дарактын түбүнө бекинип алып, акча топтошот, уят!
2455 абоненти

7651. Эх, жаным! Сени менен бир жүздөшсөк, эки дүйнөдө бактылуу болот элем. Алтыным, мени кыйнабачы, сени сагынып жашап келем. Сени эстесем жүрөгүмдөн жаш тамат. Кайрылып келчи садагам, сураныч...
4449 абоненти

7652. Катыныңа эр болбой,
Бычылгансың Баргыбай.
Ташиев сойку кылгандай,
Шыпылдайсың Баргыбай.
Баргыгүл

7653. Мен сүйгөн мезгилсиң...
Жүрөгүмдө калган кетпес так менин,
Сени ойлобой өткөн күнүм аз менин.
Кымбатым, кылгыра тиктесең,
Кылыгың мен сүйгөн жаз сенин...

Жайнаган жылдызың бар сенин,
Жүзүңө конгондой ай сенин.
Жашоомдун жарыгы өңдөнүп,
Жамалың жагымдуу жай сенин...

Байлаган эркимди бүт менин,
Бир өмүр аздектеп күткөнүм.
Көңүлдөн кетпеген чиркин ай,
Көздөрүң керемет күз сенин...

Сабалап канат кагып, учкан сага,
Сезимим сени издеген куш менин.
Албырган жүзүңдөн нур чачып,
Ажарың ажайып кыш сенин.
Умар, Тогуз-Торо

7654. Биздин Таласта СДПКнын 50 мүчөсү "Бүтүн Кыргызстан" партиясына өтүп кетишти. Себеби, борбордон СДПКнын бир мүчөсү келип, кеңешпей туруп, мурунку Бакиевдин "Акжол" партиясынын мүчөсү, экс-мэр Эркин Турсункуловду шайлоо штабдын башчысы кылып дайындап коюптур. Бул адам Талас шаарынын 1-коррупционери. Эми эмне кылыш керек, ыя?
9251 абоненти

7655. Урматтуу "Учур" гезити, мен силердин окурманыңар болом. Энеңердей болгон кишини атка жылаңач мингизип, оозго албаган сөз жазып, демократия десе эле тайралаңдай бергениңер кандай? Силерде эне барбы же ... Кудайдан корксоңор боло! Өзбекстан же башка өлкө болгондо, көрөт элем. Канча эл каргады. Эгер редактордун башына мүшкүл иш түшсө, анда бирден-бир ушу кылган ит кылыгынын кесепети деп түшүнө берсин.
Асылбүбү
7656. Салам окурмандар! Мен силерге жаңы кошулдум. Ыйык орозо айыңар менен куттуктайм. Баарыңарды ийгилик коштосун. Мындан кийин ар бир санга СМС жазып турам.
Алтынай, Кызыл-Кыя

7657. Жактым кимге, билбейм, кимге жакпадым,
Көрөбүз го бешенеге жазганын.
Канча жигит жакса дагы көңүлгө,
Таба элекмин жүрөгүмө жакканын.
Гули

7658. Атамбаев айкөл адам. Ал "бакубат жашоо болот Кудайым буюрса" деп айткан. Мен бул адамды Кудайымдай көрбөсөм да, менин да тилегим ушу.
Зина

7659. Ахмат Келдибеков "Алиби" гезитине "кыргыз тилин өнүктүрөбүз" дептир. Өткөндө Жогорку Кеңешке кайрылып, орус тилинде тантыраган жооп алдым. Андыктан, өз ашканасында кыргыз тилин жөнгө сала албаган, элге эмне айтса ишене берет дейби. Мындан кийин иш кагаздарын кыргыз тилине толук өткөрүүнү өзүңүздөн баштап, кийин ойлонуп сүйлөп жүрсөңүз жакшы болор эле. Башкаларга үлгү болуп...
Ширин

7660. Бекен жыгач кашык, он сегиз миң ааламды чырга салган алакандай, Кыргызстандын "кыйындары" өлкөнү 53кө бөлгөнү кыргын эмеспи?!
5377 абоненти

7661. Салам, "Учур" гезити! Силер суперсиңер. Мен атайын Кыргызстандагы чыгып аткан басылмалардын баарын талдап, окуп чыктым эринбей. Ошондон кийин гана ушу тыянакка келип отурам. Калган басылмалардын деңгээли анча эмес экен. Бул байкоону объективдүү көз караш менен кылдым. Силердин гезитте бүт тармактар камтылыптыр. Мисалы, саясат, коом, турмуш, тагдыр, крим, руханий, адабий, спорт, шоу, жарнама, сканворд ж.б.
0229 абоненти

7662. Өзүң кыргыз, сөзүң неге орусча?
Кара көздөр болчу беле оруста?
Эне-тилин унутушуп кыргыздар,
Же айланып кетишеби оруска?
Орус эли бизге жакын, бизге дос,
Бир аларга карабайбыз көңүлкош.
Кантсе дагы кагылайын кыргыз эл,
Өз тилиңе боло жүрчү ортоктош.
Кайсы жерде сүйлөсөк да эми биз,
Эне-тилде чыгып турсун сөзүбүз.
Ачык айтып, ак сүйлөөнүн доорунда,
Өз укугун толук алган тилибиз.
Мукаш Ырсалиев

7663. Таке, сенин жазгандарың эрдик эмес. Ошо кыздардын ордуна карындашыңды коюп көрчү. Эми ойлон жана кыргыз элинен кечирим сура. Болбосо, ошондой кыздардын бирине үйлөнүп калышың толук ыктымал. Менимче, сага окшогон жигиттердин баары кыз алгысы келет.
Уланбатор

7664. Мен аллергия болуп ооруп калдым. Атамбаевди көрсөм эле астма болуп калам. Отунбаевадан деле жакшы эмесмин. Мадумаровду эртерээк президент кылып, мени айыктыргыла. Эл-журт, мага жардам бергиле.
0229 абоненти

7665. Кыздар, силер бир күндүк көңүл ачыш үчүн өмүр бою бетиңерге көө сыйпап жатасыңар. Кийин турмушка чыкканда эле жолдошуңар андай нерсени ашыгы менен тартууламак. Силер деген балдарыңардын ыйык энеси боло турган адамсыңар. Силердин таманда бейиш турат. Анан эмне жаман жолго барып атасыңар? Көчөдөгү "көпөлөктөрдү" көргөндө, аларды атып салгым келет.
Уланбатор

7666. Кызарттык 1955-жылкы Көлбаев Кеңешбекти классташтары издеп атат. Эгер окуп калсаң, бизге чыгып байланыш.
Тел: 0773-406-460

7667. Алмаз Атамбаев тилемчиге окшоп, кайсы бети менен президент болом дейт? "5-6 кыргыз өлсө эчтеке болбойт" деп Кадыржан Батыровго айтканы үчүн президент болобу?
Зарима, Чүй

7668. Оштук биртуугандар! Атамбаевге алданбагыла!
3919 абоненти

7669. 18 жаштан 23 жашка чейинки кыздар менен таанышам.
Тел: 0777-61-94-61

7670. Ар кандай ырларды жазам жана сатам.
Тел: 0777-449-111

7671. (Башы өткөн санда) Досумду салып, темир тулпарыма майды толтура куюп, жөнөп калдык. Төө-Ашуунун кырына чейин Эркин былк этпестен уктады. Менин да уйкудан көзүм жумулуп, карайлап баратканымдан жол четине токтоого аргасыз болдум. Эшикке чыгып, салкын аба менен дем алып, бир аз алаксыдым. Актриса кызыма телефон чалдым. Ал алары менен эле "сени сагынып кеттим. Түшүмдө сен башка кыз менен жүрүп кетипсиң. Менин көзүмө чөп салып атканыңды көрүп аябай кыжырландым. Сенчи ээ, сенчи... Болгондо да эң жакын дос кызым менен жыргап атыпсың. Ушундай да болобу?" деп бышактап кирди. "Ээ, түшүң түлкүнүн богу, өзүң меники. Мага атырылгандан көрө, дос кызыңа ушуну айтпайсыңбы. Түшкө да ушинтеби, уйку кандыбы?" дегиче, "уйку канды. Мага 1500 сом акча керек болуп атат, срочно. Кайра кечинде саат 9 да берет элем" деди. Мен ага "сыртта жүрөм" деп кыска жооп бердим да, жолго кайра чыктым. "Парижге" (Суусамырдын ичи) келгиче Эркин ойгонбоду. А жерден досумду ойготуп, ысык шорпо ичип, жакшы оокаттандык. Тейлеген кыздын бирөөсү көзгө жылуу учурады. "Карачы досум, мобу кыз менин актрисамдын копиясы экен" десем, Эркинге жан кирип, "сен өлүп эле калсаңчы! Бу кыз меникине окшош экен. Аа... түшүндүм. Менин кызымды сен жайласаң эле, меники деп алат турбайсыңбы, кысталак" деп жыргап алды. Эркин чындыкты таап айтты. Официант кызга ичкен тамагыбыздын акчасын ашыкча бердим. Менимче, эки эсе болсо керек. "Кудайым жол берсе, демалыш күнү түнкү экилерде ушу жерде болобуз. Сдачысын тек кой" дедим. Бата кылып, жолго аттандык. (Уландысы бар)
Таке

7672. 5741 абоненти, Агент 007, Элвиранын сулуулугуна шилекейиңди чубуртуп жүргөн шалампай. Мен сени бир сойку болсо керек деп жүргөм. Кызтекесиңби же гейсиңби? Жашымды да сурапсың. Эгер билгиң келсе, кычыраган курактамын. Жолукпайлыбы? Бир туруп Адаханды мактайсың, бир туруп анын көчүгүнө суу куясың. Колго түшсөң пачагың чыкты дей бер!
Пенде

7673. СМСке ар ким өз билгенин жазып атат. Пенде кандай жазса ошондой жазсын. Мен ага кийлигишпейм. Балким туура ойлорун айтып аткан чыгар? Шоколадды маанисиз жазат деген жокмун. Бийликти жазса Улутманга деле тийишпейм. Эмне үчүн жаман жактарыбызды жазганга болбосун?
0194 абоненти

7674. Бир мааракеде аттуу-баштуу аксакал кенен жайылган дасторкондун үстүндө элге айтып атат: "Жакшыбы, жаманбы, жейби, жебейби, бир өзүбүздүн элден, өзүбүздүн кулунду шайлашыбыз керек. Бөтөн элден келген бирөө бизге жакшылык кылмак беле?" дейт. Сөздүн төркүнү Түндүк-Түштүк маселеси жөнүндө болуп атканын а жердеги элдин баары түшүндү. Демек, биз ишенген аксакалдардын айтаар сөзү ушу болсо, анда биздин барар жерибиз жок болуп кетүү экен да? Ошон үчүн жаштарга кайрылгым келет. Жаштар! Өзүбүздүн келечек муун үчүн өзүбүз ойлонбосок, азыркыга окшогон аксакал жолбашчыларга ишеним артуу кыйын экен. А дегенде эле ынтымак-биримдикти, бир эле кыргыз экенибизди түшүнөлү.
Пенде

7675. Койгулачы кечирип...
Дилим менен поэзия утканына,
Бактылуумун Алыкулду тутканыма.
Зериктирбей мелтиреткен жүрөктү,
Бактылуумун акын суусун жутканыма.
Аң-сезимди сезгендирип салганына,
Кезинде мен ыр жазып калганыма,
Ыраазымын мен ушуга түбөлүк,
Эрте кармап калем-сапты калганыма.
Табияттын жандырмактай жанганына,
Суктанамын турмушумдун багына.
Жок болсом анда эмне кылмакмын?
Кубанамын мен жашоодо барыма.
Акылыма эми гана эс кирип,
Ак барагым калды мени эсирип.
Окурмандар ката болсо саптарым,
Азыр жашмын, койгулачы кечирип.
Сүйүнбай

7676. Баары бир Отунбаева талапкерлигин коет. Бул деген ээрден жабышып түшпөгөнгө аракет жасоодо деп түшүнсө болот.
Дордой

7677. Бүт Талас чөлкөмү биригип, бир кыргыздын чоң уруусуна тең келбейсиңер. Дагы "уруп таштайбыз" деп мактанасыңар. Бул нерсе жапайылык. Жолдошева айткандай "фашист" экениңерди далилдедиңер. Путин "силерде өпкө эмес, боор да жок экен" дегени туура экен. Уялгыла!
Баргы

7678. Бизге Путиндей болгон президент керек. Ал деген Ө.Суваналиев (Катани)!
9393 абоненти

7679. "Сатылган көк мээ" деп ким жазса, ошол өзү көк мээ! Кыргызстан эркин мекен. Ошон үчүн ар кимдин укугу өз колунда. Сени менен закондошуш керек экен го?!
Ош сулуусу

7680. Апрел баатыры, сен эмне кылдың? Өзүңдү "баатыр" деп атапсың. Конечно Бакиев "чунактары" кайрадан падыша болуш керек! Бакиев келсе аны да колдойбуз!
Ош сулуусу

7681. Айныган Баргы! Рысбек менен Баяманды сенин сүйүктүү Курманбегиң өлтүрткөн, Отунбаева эмес. Билип алып жазчы, башты айлантпай!
9408 абоненти
7682. Пенде, алды-арканы карап сүйлөп жүргүн. Сага мен асылбагандан кийин жөн эле жүрө бер!
9779 абоненти

7683. Урматтуу СМСчилер! Бири-бириңерге асылбай эле койгулачы. Өтө суранам, мени жана элди, өзүңдү туура түшүн!
9779 абоненти

7684. Кыргызстанга президенттикке бир гана Элмурза Сатыбалдиев татыктуу! Элмурза аке, сизди күтүп атабыз. Качан баштайлы?
Жика

7685. Атбашылык туугандар! Кыргызда бир сөз бар: "өз агасын агалай албаган, бирөөнүкүн сагалайт" деген. Ушунча калың журттун ичинен Адахандан башканы таппай калганыңарга таң калып атам. Адахандан бөлөктөрү акча бербей атабы? Аскар менен эле жашап келатпадыңар беле, же а кишиге түкүрдүңөрбү?
Эдил, Нарын

7686. "Учур" гезити Эшимкановго жан тартат десек туура эмес болуп калат го? Себеби, Эшимкановдун коррупциялашкан Бакиев бийлиги менен иштешкен катачылыгын мойнуна алып, тазалануу, жаңылануу жолуна багыт алгандыгы эл ичинде жүрөк жылытарлык. Пендечиликте жаңылуу, адашуу деген болбой койбойт тура. Муну ар бирибиз моюнга алышыбыз керек. Адамдын бир туура эмес жасалган ишин көрүп, жаман адам атап, ата-тегине чейин жамандап жиберебиз. Бул биздин катачылыгыбыз. Туура, М.Эшимканов эки жүздүү, кайсы бийлик болбосун коюнуна кирип кеткен адам болчу, бизге ошондой сезилчү. Кандай болсо да, кетирген катачылыгын моюнга алып, бардык ыплас иштерге чекит коюп, тазаланууга болгон кадамы чоң жеңиш! Бул эркти аткарган адамдын табиятында терең сыр катылып жатканы кабар берет. Биз, кыргыз эли, коррупциядан башыбызды көтөрө албай келебиз. Келечекти кайдыгер карабасак, анда баарыбыз терс ойлордон тазаланып, жакын бурулуш жасап, президенттик шайлоого таза кадам менен баралы.
Улан, Нарын

7687. Курчу, Улан, мен силерге кошулам. Ө.Текебаев гана кыргызга татыктуу болуп тапталды. Эми марага чыкчу маал келди. Чындыкты келечек үчүн берели. Анда, "Ата Мекен" келечек үчүн! Биз "Ата Мекен" үчүн!
3963 абоненти

7688. Арча жыты аңкыган карагай, четин, карагат токоюңду сагындым. Көк асманды тиреген аска-зооңду сагындым. Булак үнү үн салган, жашыл шибер капчыгай, туулган жерим Ак-Кудук, бир өзүңдү сагындым. Көк шиберлүү ак тектир, Кичи-Жон менен Кара-Жон, адырыңды сагындым. Суусу тунук Үңкүр-Таш, балалык өткөн чыт курсак, жайыты кенен Үч-Булак, бабалардан калган аманат, кутман жерди сагындым!
Эдику, Ак-Кудук

7689. Карапайым эл эч качан Түндүк-Түштүк болуп бөлүнбөйт жана бөлүнгөн эмес. Булар кара жанын карч уруп, көр оокат, тирлик менен алпурушууда. Шайлоонун шайтан оюндары дагы да болсо элдин башын айлантмай болду!
Тарыхчы

7690. Гезитиңерди үзбөй окучу элек. Мурунку бир санында Отунбаеваны мазактаптырсыңар. Атты минипби же союп өлтүрөбү, а кишинин миссиясы аз калганда жайына коюп, тимеле койсоңор болмок. Кантсе да эркектер памперс кийгенде, ал аял башы менен өлкөнүн жогорку жоопкерчилигинин милдетин алган эле го. Мындан ары гезитиңер оңолбосо, окубай турган болдук.
Биргелешкен окурмандар

7691. 57 баштуу ажыдаар Кыргызстанды маңкурт өлкөгө айландырып койду го! Кыргыздан айланып кеткир Бекен!
Чалгы

7692. Тар көчөдө, тайгак жолдо, тагдырыбыз жайдак калган мезгилде, арак ичиш кыргызымда парз беле?!
5377 абоненти

7693. Роза апчебиз орусча сүйлөгөндө "фу-фа-фы" деп сүйлөп жаткандай сезиле берет. Президентибиз ушинтип сүйлөп атса, башкабыз каякка барабыз?
3955 абоненти

7694. 0119 абоненти, эмне, кыйынсыңбы? Нарын, Ат-Башың болуп калыпсың. Лох экенсиң. Сен да башыңдан кулагыңды ажыратчы, анан көрөйүн... Чоң адам ушундай болсо, кичинелерге жол болсун экен да?!
4987 абоненти

7695. Адам өз теңин, өз телин тапмайын, үйбүлөсү болсо да өмүр бою жалгыз сезе берет. Бул жашоо ушундай окшойт?
5947 боненти