Эркин Исаков, Транспорт жана коммуникация министри:
"Аялымдын жалгыз тууганы менмин"

Транспорт жана коммуникация министри Эркин Абдыкасиевичти кол алдында иштегендер "иште тартипти катуу сактаганы менен, жамаат чогулуп отурган ар кандай кечелерде катардагы кызматкерлерден айырмасы жок болуп чыга келет. Мурунку министрлер мындай жерлерде галстугун кармалап, алыстан көз салып отурушчу. А азыркы шеф бизге аралашып, ырдасак ырдап, бийлесек бийлейт. Мүнөзү орус чалыш" дешет. Биз да министр мырза менен ишмердүүлүгү жөнүндө эмес, жөнөкөй форматта сүйлөшүүнү туура көрдүк.

- Эркин мырза, министрлик кызматты кандайча аркалап калдыңыз?
- Бул жерге 2010-жылы апрель окуясынан кийин келдим. 23-апрелде Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалгам. Бирок, мен бул тармакта көптөн бери иштеп жүргөнүмдү айтып коюшум керек. Тагыраак айтканда, министрликтин ички маселесин, түзүлүшүн, саясатын ж.б. башынан жакшы билем. Бул тармакта жөнөкөй мастерликтен инженер, жетекчиликке чейин жеткем. Ортодо министрдин орун басары болуп да иштедим.
- Замдан секирик жасаган турбайсызбы?
- Жок. Тилекке каршы, 2008-жылы ишимди таштоого туура келген. 2 жылдан ашуун жумушу жок жүрдүм.
- Эки жыл эмне менен алектендиңиз?
- Курулуш бизнеси менен жүрдүм.
- Анда, эгерде сиз бул кызматтан кетип калсаңыз, кайрадан курулуш бизнеси менен алектенесизби?
- Бул жакка келгени бизнесим токтоду. Бирок, менимче, бул жактан кетсем кайра эле курулуш иштерин жандандырсам керек. Андан башка дагы оюмда реалдуу ишке аша турган пайдалуу, жакшы долбоорлорум бар. Ошолорду ишке ашырмакмын.
- Азыр чоңдун көбү короо-короо мал бактырганды модага айлантышты. Мал-жандыгыңыз барбы?
- Мен шаарда өсүп чоңойгондуктан, мал менен ишим жок экен. Кичинемден эле мал бакканды билбейм.
- Орус мектепти бүттүңүз беле?
- Ал кезде мезгил ошону талап кылчу. Жалал-Абаддын борборундагы орус мектепти бүтүрдүм. Мектепти бүтөөр замат Ленинграддагы техникалык институтуна тапшырып, инженер-механик кесибине ээ болдум. Ал кезде окуп аткан балдарды деле армияга алып кетишчү. Мен да 1-курсту бүтүп, алгач жарым жыл Украинада, андан соң Грузияда 1,5 жыл аскер кызматын өтөп, окуумду кайра уланткам. Ошентип, баш-аягы 6-7 жыл чет жерде жүрдүм. Мына ушунун баары таасир берди көрүнөт. Азыр, менин балдарым да мага окшоп кыргыз тилинен өксүк болбосун деп, улууларын чоң ата, чоң апасынын колуна бергем. Учурда алар борбордо турушат. Бул жакка 1988-жылы көчүп келгенбиз.
- Ата-энеңиз ким болот? Алар министр уулу менен сыймыктанышабы?
- Ата-энемдин түбү Таластан, бирок, атамдын жумушуна байланыштуу биз Жалал-Абад шаарында көп жашап калдык. Ата-энем ал жакка 60-жылдардын башында көчүп барышкан экен. Мен 1968-жылы төрөлгөм. Атам да өзүнүн иш тажрыйбасын жөнөкөй механиктен баштап, избиркомдун экинчи, үчүнчү секретарына чейинки тепкичке жеткен. Коммунисттик партиянын системасында 25 жыл эмгек өтөгөн. А апам болсо, өзбек мектебинде англис, немис тилинен сабак берип, завуч болуп иштеген. Мен атамдын жолун жолдодум десем болот. Жогору жактан мени жөлөп-таяган туугандар же жакындарым болгон жок. Бардыгы өз нугу менен кетти. Бийиктикке билинбей жеткенгеби, ата-энеме деле кантип министр болуп калганым сезилбесе керек. Алар муну кадаресе эле кабыл алышкан. Азыр да бирөөгө "менин балам министр" деп айтканын кокусунан да уга элекмин.
- А балдарыңызчы? Атасы министр экенин мектептегилер билишет бекен?
- Мен балдарыма "кимдин баласы экениңерге акцент койбогула. "Атаң кайда иштейт?" деп сурагандарга, "жол салат" деп айтсаңар эле жетиштүү болот" дейм. Илгери партиянын убагында мени ата-энем кандай тарбияласа, мен да балдарымды ошондой тарбиялаганга аракет кылам. Алар "Эң жакшы инвестиция - бул билим" дешип, окуума баардык шартты түзүп, тоскоолдук кылышкан эмес. Келинчегим экөөбүз да балдарыбыздын билимин тереңдетиш үчүн эч нерсе аябайбыз. Улуу уулум 16, кичүү уулум 11 жашта. Кызым болсо 4 кө чыкты. Ар тараптан өссүн деп, спорт жана музыка тармагына жана чет тилдер сабагына жаздыртып койгонбуз. Өзүм да мектепте окуп жүргөн кезде, кошумча музыкалык мектептен билим алып, баян курсун бүтүргөм. Музыкага жандүйнөм жакын. Эми азыркы жаштардын табити такыр башка болуп калбадыбы, а мага ошол 80-чи жылдары тынбай жаңырып турган Пугачеванын, Тальковдун, Градскийдин, Бояркийдин ырлары азыркыга чейин жүрөгүмө жакын.
- Канча биртуугансыз? Алар кайда иштешет?
- Үч биртууганмын. Эң улуу эжем Караколго турмушка чыгып, ошол жакта жашайт. Жездем прокуратура системасында иштейт. Байкем бизнес менен алектенет. Мен үйдүн кичүүсүмүн.
- Эң биринчи айлыгыңызды кандайча коротконуңуз эсиңиздеби?
- ДЭУга мастер болуп ишке кирип, азыркы акча менен айтканда, 200 сомго чукул айлык алып, эч нерсесин коротпой апама алып келип бергем. Анда 24 жашта болчумун. Бирок, бул акча менин өз алдымча иштеп тапкан алгачкы акчам эмес болчу. Мен Ленинградда окуп жүргөн 4-5-6-курс убагында Советтер Союзу урап, элдин башына бир топ эле кыйынчылык түштү. Ошол мезгилдин каникул учурларында мен ата-энемди акча менен ашыкча кыйнагым келбей, самолёттун билетинин акчасын, анча-мынча кийим-кечекти өзүм сатып алганга үйрөндүм. Мындай кылчумун: Кыргызстандан Ленинградга кетип баратканда "Дордойдон" кытай товарларын алып барып сатчумун. Агезде "Дордой" базары жаңыдан ачылып жаткан кез. А Ленинграддан Кыргызстанга келатканда "Ленвест" фирмасынын чыккан туфлилерди ала келип сатчумун. Ошол акча өзүмө кенен-кесир жетчү.
- Мүнөзүңүз кандай?
- Мени башкалар "жумшак жана интеллигент" деп мүнөздөп калганын угуп калам. Жумшак экеним чын, бирок принципти да катуу кармайм. Эгерде мен бул ак, а тиги кара экенин көрүп турсам, мага келип, бул кара а тиги ак деп көндүрүү оңой эмес. Бирөөнүн айткан сөзүнө эмес, ишине ишенем. Адамдардын тактыгын, жоопкерчилигин, чынчылдыгын баалайм. Ал эми интеллигент деп айтышканы да туура эле мүнөздөмө болсо керек. Себеби, мен интеллигент кызматчынын үйбүлөсүндө тарбияландым. Окуган жерим да маданий очок болгон Ленинград болду. Ал жактын эли Россиянын бөлөк шаарларына салыштырмалуу абдан маданиятуу келишет. Анан албетте, музыкалык мектеп дагы буга кошумча болду окшойт. Себеби, музыка адамды руханий, моралдык жактан жакшы тарбиялайт эмеспи.
- Министрдин хоббиси эмне болду экен?
- Чынын айтсам, убакытым абдан тар. Ошентсе да, акыркы 5 жыл теннис кортуна барганды адатка айлантып алдым. Жумасына жок дегенде 2 жолу барганга аракет кылам. Ал эми кээде дем алыш күндөрү, башта айткандай, мал бакпасам да, жылкы жаныбарын жакшы көргөндүктөн, ипподромго барып ат чаптырып келем. Ал эми кыргыздын салтына ылайык тойго барганга убакыт таба албай келем. А жамандыкка барбай коюшту уят көрүп, парз катары санап, калбаганга аракет кылам. Акыркы жолу качан тойго барганым да эсимде жок. Менин жумушум ушул, эртеден-кечке иштемин. Кечинде үйгө барып бир чыны чай ичкенче келинчегим менен сүйлөшүп, дароо кулайм.
- Келинчегиңиз кайда иштейт?
- Кесиби боюнча педагог. Ал дагы Ленинграддын педагогикалык институтун бүтүргөн. Азыр эми балдарыбызга гана педагог болуп иштеп аткан кези. Экөөбүз ошол жактан таанышып, баш кошконбуз. Улуту башка болгондуктан, ата-энем башында каршы болуп, "алыс жакка кантип жетебиз" деп, араң макулдугун беришкен. Азыр келинин менден жакшы көрүшөт.
- Бул жакта тууган-туушкандарынан жокпу?
- Жалгыз тууганы менмин (күлүп). Мүмкүнчүлүккө жараша, ал Елистага барып турат. Алар конокко келип турушат. Ата-энем жашыраак кезде каттап турушчу эле. Азыр экөө тең пенсияда, 70тен ашып калышты. Алыска сапар тарта алышпайт.
- Саясатчы, министрлер арасында кыйышпас досторуңуз барбы?
- Мен өндүрүштүн кишисимин. Саясатка кийлигишким келбейт. Министрлер арасында мурда-кийин министр болуп иштеп кеткен бирин-экин адамдар менен саламым түз. Мисалы, Жантөрө Сатыбалдиев бир убакта бизде министр болуп иштеген. Руслан Казакбаев аттуу жигит экөөбүз бир катарда келаткандыктан, жакшы тааныйм десем болот. Менин досторум - Жалал-Абаддагы классташтарым, Ленинграддагы курсташтарым. Булардын арасында жогорку кызматта иштегендер, бизнесмендер да жок эмес. Бирок, чынын айтканда, кийин алардан сырткары бир да министр же саясатчы менен укмуш дос боло алган жокмун. "Эски дос эстен кетпейт" деген чын окшойт.

Эльмира Мадиева