КАЙРЫЛУУ
Урматтуу
кыргызстандыктар!

Урматтуу Кубанычбек
Исабеков мырза!
Биз Түштүктөгү сепаратисттик топтордун кылган канкор кылмышынын натыйжасында Кыргызстандын бүтүндүгүн жана кыргыз элин кыргындан сактап жатып баатырларча курман болгон Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын шейиттеринин биртуугандарынын атынан Сиздерге төмөндөгү кайрылуу менен өтүнүп кайрылабыз!
Баарыңыздарга маалым, кырк жыл кыргын болсо да, бийликтегилердин бири да жабыр тартпайт. Буга мисал, кечээ 7-апрель окуясында карапайым калк жакындарынан ажырап, жабыр тартышты. Ал эми ошону уюштурган саясатчылардын бирөө да жабыр тарткан жок.
Андан кийин, 2010-жылдын июнь окуясында улуттук кагылышууну уюштурган Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Бахтияр Фаттахов, Жалалидин Салахидинов, Карамат Абдуллаева, Алишер Сабиров жана башкалар көз-көрүнөө бийликтегилер менен бирге сайрандап, миңдеген кырчындай жигит-кыздардын өлүмүн чымындын өлгөнүнчө көрүп койбостон, жоопко тартылыштын ордуна энесинин эрке баласындай эркелеп, эркиндикте ойноп жүрүшөт.
Ошондуктан, урматтуу калайык калк, жумурай журт!
Сиздерден суранаарыбыз, саясатчылардын жана азыркы бийлик өкүлдөрүнүн, айрым интеллигенциянын өкүлдөрүнүн уруучулук түшүнүк деңгээлинен жогору көтөрүлө албай майдаланып, Түндүк-Түштүк деңгээлине түшүп, улуттук, мекенчилдик бийик түшүнүктү туу туталбай элди бөлүп-жарып бийликке келишинен улам курмандыкка чалынып калыштан абайлап, провакацияга, Түндүк-Түштүккө бөлүнбөй биригип, элибиздин тынчтыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн мыйзам чегинде улутубуздун укугун, улуттук намысын коргоп, коопсуздугун бекем камсыз кылуусун, сепаратисттик, экстремисттик топторго каршы иш-чараларды уюштуруп, алардын жүзүн ачып, жазалап, тамырын кыйып салуусун катуу талап кылуу үчүн биригүүгө чакырабыз.

Урматтуу Кубаныч Сатындиевич!
Түштүк элинин башына түшкөн оор кайгыны тең бөлүшүп, жардам бересиз деп ишенебиз. Угушубузга караганда, сиз алдыдагы президенттик жарышка аттанат экенсиз. Эгер сиз башка саясатчылардай болуп берген убадаларыңыздан тайбасаңыз, сизди колдоого даярбыз! Сизден суранаарыбыз, карапайым калкка жардам берип коюңуз!
Улуу кыргыз элинин ынтымагы үчүн, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн, мындан ары кыргыз эли улутчул сепаратисттердин колунан мыкаачылык менен өлбөс үчүн, бөөдө кырсыктан улам кан төгүлбөс үчүн, жалпы энелердин көз жашы төгүлбөс үчүн - Улуттук улуу биримдикке биригүүгө жардам берип коюңуз!
Түштүк коогалаңынын шейиттеринин "Өчпөс От" коомдук бирикмеси, Ош облусу; "Ош дайынсыздар коому"; "Ата Журтун коргогон баатырлар" коому, Жалал-Абад облусу

Дареги: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары, Ош шары, Төлөйкан кичи шаарчасы, 23-а/б. Тел.: 0779 04-04-10, 0779 61 77 78.




"Республика" республикага сыпаалыгын көрсөттү
8-августта Өмүрбек Бабанов "Республика" фракциясынын саясый кеңешчилери менен биргелешкен жыйын өткөрүп, "ажолукка жулунбайбыз" деген жыйынтыкка келишиптир. Алар "ар партия өз көмөчүнө күл тартып, 2-3төн талапкер аттанып жатканда, биз напсибизди тыюуга белсендик" дешет.
Аталган фракциянын лидери Ө.Бабанов Кыргызстанда биринчи ирет президенттин басымынан тыш шайлоо өтөрүн, 45 талапкердин ортосундагы таймаш оңой болбосун белгилеп, ажолукка жулунган талапкерлерди мамлекеттин гана кызыкчылыгына жараша аракеттенүүгө чакырып, "биз мамлекеттин бузулуусуна жол бербейбиз" деп жар салды.

"Ойгон, Нариман!"
Кечээ, 10-августта "Нарын, Ысык-Көл жана Талас облусунан келдик" деген өкүлдөр "АКИpress" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Ата Журт" фракциясынан депутат Нариман Түлеевди колдоп, анын президенттикке чыгышы керектиги тууралуу айтышты. Алар Н.Түлеевдин мурдагы качкын президенттер менен байланышы барына түк ишенгилери келбейт. Мунун баары ага карата "кара пиар" дешип, "Нариманга акча кереги жок, уурдабайт, ал ансыз деле каржы жагынан камсыз" деп бакылдашты. Кыскасы, Нариман өзү унчуга электе эле, элеттиктер келип, "Ойгон, Нариман!" дешти.
Анда Нариман акырын козголуп, президенттикке чыгаар-чыкпасын жоро-жолдоштору, жакындары жана эл менен кеңешип чечээрин айтыптыр.


Чаткалдан чатак чыкпайбы?
Чаткал районундагы алтын казган фирмалар келишимдеги каралган жагдайларды аткарбай жана экологиялык талаптарды бузуп жаткандыктан, жергиликтүү эл бул фирмалардын ишмердигин токтотууну талап кылышууда. Чаткал райадминистрациясынын башчысы Акматбек Таласбай уулунун айтымында, келишимдеги көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатат. Жер кыртыштары бузулуп, экологиялык зыян тартууда. Тоонун агын суулары булганып жатат. Ошондой эле кытайлык ишкерлер келишим боюнча иштегендердин 70 пайызы кыргызстандык жарандар, 30 пайызы кытайлык жумушчулар болсун деген талапты бузушуп, тескерисинче, кытайлык жумушчулар көпчүлүгүн түзүп жатканына нааразы.


Мыкты адистерди белекке берели!

Быйылкы жылдын башынан бери 51 миң 400 кыргызстандык Орусияда иштегенге уруксат алган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 15,7% көп. Мындан тышкары, Кыргызстандан эмгек мигранттарды тартуу багытында атайын жобо иштелип жатат. "Албетте, бардык мигранттар расмий каттоодон өткөн жок. Ошентсе да, эмгек келишимин түзүп, тийиштүү документти топтоп иштегендердин саны өсүүдө. Келечекте ишке орношууга уруксат алуу жоюлат. Ага чейин жогорку квалификациялуу адистерди ишке алуу процедураларын жеңилдетүү каралууда", - дейт Орусия Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Филиппов. Ошентип, Орусия мамлекеттик миграция саясатынын концепциясын иштеп чыгууда.


"Тогуз кайрык" телесынагы жүрүүдө
Эки залкар Боогачы Жакыпбек уулунун 145 жана Ниязаалы Борош уулунун 155 жылдыгына арналган республикалык "Тогуз кайрык" телесынак фестивалдын тандап алуу туру Нарын шаарында болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирди. Маданият жана маалымат министрлигинин Нарын облусу боюнча координатору Садыркул Нурмамбетов сынакка катышууга бардык райондордон жана Нарын шаарынан комузчу, тартма кыйакчы жана кол өнөрчүлөрдөн жалпы 30га жакын өнөрпоздору келгендигин маалымдады. Сынакта жеңип чыккандар 21-24-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы "Рух ордо" маданий комплексинде өтө турган жыйынтык концертке катышууга укук алышты.


Улуу Үркүндү эскерүү
6-август күнү Бишкек шаарындагы Тарых музейинде "1916-жылкы Улуу Үркүн кыргыз элинин тарыхый тагдырында" аттуу көргөзмөнүн ачылышы болду. 1916-жылдагы Улуу Үркүн болбогондо, кыргыз элинин жашоосу башкача болмок. Ал үркүндө кыргыз элинин санынын аздыгы, курал-жарактын жетишпестиги даана байкалган. Кыргыздар ошол кездерде ач-жылаңач, азап-тозокту көрүп, ошол жол аркылуу мына бүгүнкү эгемендүү күнгө туш келип олтурат. 1950-60-жылдары 1916-жылдагы үркүнгө коомдун мамилеси өзгөрүп, анчалык маани берилбей, мааниси жоголуп, мазмуну ачылбай калган. Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин 1991-жылдардан баштап, бул үркүнгө бийлик көңүл бура баштады. Бирок, биз дагы деле 1916-жылдагы үркүнгө баа бере элекпиз. Аталган көргөзмөнүн ачылышына президенттик администрациянын жетекчиси Эмилбек Каптагаев келип, ушул көргөзмөнү уюштурган Тарых музейинин кызматкерлерине, Маданият министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.


Кыйын болбойлучу...
Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчүн эл аралык рейтинг боюнча эң артынан баштап санаганда "жакшы" деп айтууга болот. Коррупциянын деңгээли боюнча алып караганда, Кыргызстан 175 өлкөнүн ичинен 166-орунда. Билим берүүдө 65 өлкөнүн ичинен 65-орунда. Коопсуздук боюнча, калктын 85%ы укук коргоочуларга ишенбейт. Экономиканын атаандаштыкка болгон туруктуулугу боюнча 139 өлкөнүн ичинен 121-орунда турат. Ички дүң продукциянын өсүшү жыл сайын түшүп бара жатат. Ички дүң продукциянын өсүшү 2010-жылы 1,4%ды түзгөн. Өлкөнүн бюджети 2011-жылы 37%га өстү, башкача айтканда, 90,1 млрд сом. Министрлик жана ведомстволордун жалпы саны 78ди түзөт. Мамлекеттик аппараттын штаты 52 миң. Акыркы 10 жылда мамлекеттин бюджети 8 эсеге өскөн, башкача айтканда, 11 миллиарддан 90 млрд. сомго. Бирок, билим берүүдөгү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук боюнча көрсөткүч төмөн түшүп кеткен. Айыл-чарба министрлигинин, Маданият министрлигинин, Экономиканы жөнгө салуу министрлигинин ишинин жыйынтыгы көрүнбөйт. Ошондуктан, аталган министрликтерди кайра түзүү жолун караштыруу керек. Айыл тургундары Айыл-чарба министрлигинин ишинин натыйжасын көрбөй жатышат.
Бюджеттин таңсыктыгы мамлекеттик бюджеттин 1/4 бөлүгүн түзөт. "Саясаттагы жоопкерчиликсиз мамиледен улам айлык маяналар жана пособиелер 2011-жылдын октябрь айынан баштап берилбей токтоп калуусу мүмкүн" деген чеке жылытарлык эмес маалыматты Борбордук Азиядагы эркин рынок институтунун директору Сейитбек Усманов билдирип өткөн.