Бүгүн Мирбектин туулган күнү!
Көпчүлүктүн сүймөнчүктүү ырчысы Мирбек Атабековду бүгүн биздин жамаат да чын жүрөктөн куттуктайт. Себеби, Мирбек мырза жыйырма беш жашка толуп отурат. Бир жылда бир келүүчү туулган күнүн апасы, биртууган, жакын достору менен өткөргөн ырчы быйыл да жакындарынын курчоосунда болоорун айтты. Мирбек бүгүнкү майрамдык кечеде ди-джей Чыңгыз Мырзаевдин репертуарындагы "Жыйырма беш, жыйырма беш, сүйүү багы бышкан кез,/Сезим гүлдөп сересине чыккан кез./Ысык кез, оттой кез, темир ийчү чоктой кез,/ Тагдыр ташы өйдө кулап турган кез, жыйырма беш" деген ырды ырдаса деле жарашчудай. Себеби, чындыгында жыйырма беш жаш жаштыктын жалындап, өрттөнүп турган кези эмеспи. Талыкпаган эмгеги менен элинин алкышын алып жүргөн ырчы жеке жашоосунда да бактылуу болсун демекчибиз!
Канат Култаевдин "Муз Обосу" беш жашта
Өзүңүздөр билгендей, Улуттук каналдын башкы режиссеру Канат Култаев мындан беш жыл мурун, 2-август күнү "Браво" деген аталыш менен чыккан азыркы "Музыкалык обо" телеберүүсүн түз эфирге алып чыккан. Быйыл да дал ушул күнү "Муз Обо" беш жашка толуп, жалпы жамаат туулган күндүн шаанисин жасап, жаш ырчылардын коштоосунда майрамдык түз эфир уюштурду. Аталган долбоордун автору, режиссеру Канат Култаев кыргыз шоу дүйнөсүнө чоң салым кошуп, жаш ырчыларды тарбиялап, андан сырткары, жалпы эле жаш ырчылардын талантына таасир, өнөрүнө арка-жөлөк болгону аталган долбоордун ийгилигинде көрүнүп турат. "Муз Обо" жаңы чыккан ырчылардан тартып, орто, улуу муундун өкүлдөрү менен күйөрмандардын, телекөрүүчүлөрдүн ортосунда алтын көпүрө болуп келет. Алтургай, беш жыл ичинде бир нече алпаруучулардын жылдызын жандырып, элге таанытты. Бирок, өкүнүчтүүсү, "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" дегендей, азыркы учурда "Муз Обону" тилинен чаң чыккан, сөзгө чебер журналисттер же телеалпаруучулар эмес, ырчылар алып барып атканында...
Президентке жолуккан Арсен менен Айбек
Ырчылар Арсен менен Айбек Юрмалада өткөн "Жаңы толкун - 2011" эл аралык сынагында 4-орунга жетишишкен. Бул жакка келгенден кийин Ысык-Көлгө эс алууга барышып, Чолпон-Ата шаарынан президент Роза Отунбаева менен жолугушкан. Ал тууралуу ырчылар: "Көлдөн президентке жолугабыз деп ойлогон эмеспиз, ал учурда Роза Исаковна дагы эс алууда жүрүптүр. Официалдуу эмес жолугушуубуз таанышуу ирээтинде болду. Президент Юрмалада өткөн сынак тууралуу сурады, биз айтып бердик. Баарлашуубуз кыска болсо дагы, өтө жагымдуу болду" деп кубанышат.
Гүлжигит бакыт издейби?
Асылбек Өзүбековдон кийинки эле "кайгы-муңдун рыцары" ырчы Гүлжигит Сатыбеков учурда Түштүк жергесинде концерттик программа менен гастролдо жүрөт. Чындыгында Гүлжигиттин кийинки чыккан "Балама", "Бакыт издейм" деген аталыштагы ырлары да кайгылуу, уккан адамды ыйлатат. Анан элдин көңүлүн көтөрчү ырларды тартуулайын дегенби, эми "Ошко сапар", "Набайчынын кызына" деген шаңдуу маанайдагы тамашалуу ырларды жаздырып атыптыр.
Ырчы Айнура байдын кызыбы?..
Ырчы Айнура Салахидинова учурда чыгармачылыкка баш-оту менен киришип, катуу эмгектенип аткан кези. Продюсер Ырыс Окенованын "Талаш тагдыр" аттуу фильминде байдын эрке кызынын ролун жаратып, киного түшүп, толкунданып атканын жашырган жок. Аны менен бирге 3-сентябрда бере турган чыгармачылык жеке концертине кызуу даярдык көрүп, репертуарына буга чейин кездешпеген "Эне" тууралуу жаңы ыр жаздырып атканын баса белгиледи.
Жети-Өгүзгө таң калган Нурлан Насип
Ырчы Нурлан Насип гастролдук сапарын кереметтүү Ысык-Көлдүн кооз жерлерин кыдыруу менен улантууда. "Жети-Өгүз жерине өмүрүмдө биринчи жолу барышым, табигатынын кооздугуна суктанып бүтпөй атам. Буга чейин Жети-Өгүз тууралуу маалымат укканда анча маани берчү эмесмин, көрсө, уламыштарга бай, тарыхый жер турбайбы" дейт Нурлан таң калып. Ырчынын 25-августка чейин созулган гастролдук сапарын чыгармачылыктагы эжекеси Назира Жетигенова жана анын куудулдар тобу коштоп жүрөт.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.