Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

SMS
Сатылган көкмээлер!
Дагы шайлоо келатат, эмдигиде акчаны беш жылга жеткидей сурагыла. Ошондо алданбайсыңар!

7476. Салам, "Учур" гезити! Мен КТРде ар жума сайын болуп аткан арноо концертин көрүп калдым. Баягы мен кичик кезде ырдачу "Апам жапкан нанды сагынам", "Айылым" деген ырларды мен бала кезде эле ырдашчу. КТРдин жетекчилеринен сураныч, ушу ырларды жаңырткылачы. Эмне мындан башка ыр түгөнүп калса да!
3955 абоненти

7477. Турсунбай Бакир уулу, "Учурдагы" маегиңизди окуп алып, деңгээлиңиздин абдан төмөн экенине, анан ошол деңгээл менен президент болгуңуз келгенине абдан уялдым. Антип 1-класстын окуучусу да мактанбайт. Сизге президент болгонду ким коюптур, намазыңызды окуп коюп, жөн эле ислам дүйнөсүндө илээлеп жүрө бербейт белеңиз. Сизде кыргыздын наркы, салты, кыргыз касиети тууралуу таптакыр түшүнүк да жок экен. Ал эми кыргыз элине президент болуш үчүн исламды эмес, кыргызды билиш керек. Кыргыз эли араб эмес, нур тукуму! Андыктан, мен жана нукура кыргыздар сизди колдобойбуз!
Кыргызгүл

7478. 2341 абоненти, мен сага кошулам. Мадумаровду Нарын, Ат-Башы эли колдойт. Ал эми Мадумаровго ичи күйгөндөр бир пакеттен туз жалагыла!
2102 абоненти

7479. Аскар Салымбеков Ат-Башыга эмнеге келбей калды? Атбашылыктар ушу менин суроомо жооп берип койгулачы, сураныч? Ушуну менен экинчи жолу кайрылып атам.
2102 абоненти

7480. Мен ушу президенттик шайлоодо такыр алданбайм. Плов, күрүч, акча, арак берем десе да. Буларың абдан коркунучтуу адамдар экен!
7210 абоненти

7481. Оштук сулуу кыздар менен таанышам. Жашы 16дан ашпасын. Маякка жооп жок.
Тел: 0556-11-02-11

7482. Кыргызстан оңолуш үчүн Акүйдү бузуп туруп, кайра салыш керек. Бийликке жаштар келсин. Ошондо кыргыз эли алдыга жылат!
7210 абоненти

7483. Эй, салбар аял! Балаңдан мени кызганып эмне таптың? Балаң экөөбүздү ажыраштыргандан башка эмнеге жетиштиң? Сени кайненемдей эмес, өз энемден да артык көрчүмүн. "Келин жаман эмес, келген жери жаман" деген макал туптуура! Эгер сен жок болсоң, балаң экөөбүз сонун жашамакпыз! Үйбүлөнү бузган адамга тиги дүйнөдө кандай жаза болот болду экен?
7619 абоненти

7484. Жигиттер менен таанышам!
0451 абоненти

7485. ЭлТР каналын оңдоп койгулачы, чырылдатып, бырылдатпай!
3955 абоненти

7486. Кымбаттуу айгыр! Кыздарды эрге тийгенге чейин ата-энеси көзөмөлдөйт. Айгырлардын колуна тийгенден кийин бээни ушу абалга жеткирген эрлерде айып. "Бардык күлүк чыгаан эмес" деген кеп бар!
5377 абоненти

7487. Түндүк-Түштүк деп айтып келген СМСчилер! Силерге дагы бир жолу эскертем, Агент 007 жана башка абоненттери, мен кыргыз деген улутту билем. Силерди апаңар башка улуттан ойнош күтүп, силерди арамдан төрөп койсо, анда мага жолуккула. Силердей эл бузар арамдарды кыргыз кылам же жок кылам. Ансыз деле бийлик, мансап үчүн чуркап аткан маңкурт чиновниктер элди экиге бөлүп атат. Ачкөздөрү акча менен бийликке барып алышкан. Акылдуулар ылдыйкы тепкичте калып калышкан. Сырткы шакалдар бизден ушул нерсени күтүп турушат. Кыргыздар биз ажырымды эмес, биримдикти ойлонолу!
Базаркул, Жалал-Аабад

7488. Урматтуу окурмандар, 2011-жылы 30-октябрда өтө турган президенттик шайлоого татыктуу адам Адахан Мадумаров деп эсептейм.
Данияр

7489. Кол тийбестик мыйзамы карапайым элге берилсин. Коррупцияга өлүм жазасы берилсин! Анан эл оңолот. Ансыз эч качан эл оңолбойт. Бийликке баргандын баарын подхалимдер буза беришет. Ошолор кимдер?.. Жалгыз Текебаев эч кимге сынбайт, сатылбай, өлүмдөн коркпой иштеп келатат. Же мындан башка сойкулук кылбаган лидер барбы? Кимиңер айта аласыңар, кулак силерде?
Пенде

7490. 5094 абоненти, дүйнөнү Кытай басат...
9779 абоненти

7491. Балдар менен таанышам. Жашым 16да.
Тел: 0778-69-56-61

7492. 2129 абоненти, биз Ат-Башы эли эмне үчүн Аскар Салымбеков менен сыймыктанышыбыз керек? Ал өзүнүн жери Ат-Башыга эчтеке кылган жок. Болгону өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жүрөт.
5721 абоненти

7493. Элмурза Сатыбалдиевди Мирбек Атабеков эле шайлай берсин. Биз анысына каршы эмеспиз. Ал эми биз Адахан Мадумаровду эле шайлайбыз!
Ат-Башы

7494. 2341 абоненти, мен сенин айткандарыңа толугу менен кошулам. Айтайын дегеним Адаханды колдойбуз. Башкасы татыктуу эмес.
Нарын

7495. Арыстанбек Абдылдаев жердешим, сен телеге чыкпай эле койчу. Чоң саясатчыларды туурайм дегениң го? "Акчаң болсо, кулуңмун" деген чын да. Акчаң болбогондо, сени телеге жакын жолотмок эмес. Сени көрүп алып, жүрөгүбүз айланып, итиркейибиз келип атат. Өткөндө классташың туура жазыптыр. Ошол акчаларыңды Ат-Башыдагы базарыңа жумшачы. Сууну сиңер жерге куй!
Жердешиң

7496. Аскар Салымбеков уятынан эле калды, же болбосо президенттикке талапкерлигин коймок. Бирок, койгон күндө өтмөк эмес.
Ат-Башы

7497. Мен Мадумаровду колдойм. Ал мыкты талапкер.
3572 абоненти

7498. Азыркы болчу президент илгерки Чынгызхан киносунан таалим алыш керек. Ошондо Кыргызстан оңолот!
3955 абоненти

7499. Салам, "Учур"! 16 жаштан 27 жашка чейинки кыздар менен таанышам!
Тел: 0779-64-43-33

7500. Салам, "Учур"! Сиздерди ыйык Рамазан айы менен куттуктайм!
Абдыбекова, Казарман

7501. Бишкектик жигит айлыгы 30-40 миңдик жумуш издейт. Бай келиндер болсо чалгыла. Атым Арман.
Тел: 0778-87-10-38

7502. Күздөгү президенттик шайлоодо канча талапкер болсо да экинчи турга Атамбаев, Ташиев, Текебаев, Мадумаровдор чыгат деп коомчулук божомолдоп жатат. Аталган төртөөнүн ортосунда айыгышкан күрөш болот дешүүдө. Кимиси жеңээри баарына кызык!
Барскан

7503. Атамбаев премьер болгондо күйүүчү майдын баасы кымбаттады. "Атамбаев убадасына турган жок" дейбиз. Бирок, чындап келсе мунун баары алдыдагы президенттик шайлоого карата Атамбаевге каршы жасалган иш-аракет болду. Бензиндин запасы аз калганда өкмөткө эскертүү бериш керек эле. "Мобу айда түгөнөт" деп. Эскертүү берилсе эле, алдын-ала иш-аракет көрүлмөк. Бизде андай болгон жок. Алсак, АИ-92 менен АИ-95 майынын запасы такыр жок калды. Ушу кырдаалга келгенде гана Атамбаев шашылыш Орусияга барып, акыбалды жөнгө салып келди. Дал ушундай эл жүгүн көтөрүп келген Атамбаев, Текебаев, Сариев сыяктуу азаматтар бириккиле. Силер Акаев, Бакиев заманында бирге болгонсуңар. Бийликти колго алгандан баштап, ар кимиң өз кызыкчылыгыңардын артынан түшүп кеттиңер. "Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат" дейт. Мен да чын ыкласымдан силерге жан тарткан адам катары күйдүрүп айттым. Айтылган ачуу сын-пикирлерди туура кабыл алышыңар керек. Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн жана аны алдыга өстүрүүдө жеке эле ушул инсандар эмес, баарыбыз бир бололу!
Улан, Нарын

7504. Балдар менен таанышам. Өзүм Нарындан болом, 1995-жылкымын. Досторум мени Нучи дешет. Балдар, чалгыла, "маяковскийлерге" жооп бербейм.
Тел: 0771-16-35-28

7505. Элмурза Сатыбалдиевдин интернатта чоңоюп, биртуугандары жок экенин билген эмесмин. Менимче, бизге ушундай президент керек. Бирок, Гүлнурдун биртуугандары бар. Бул жагын кантебиз?

7506. Алматыда Курманжан датканын 200 жылдыгын өткөргөн "крокодилдер", мындан кийин акча жыйнаганды токтоткула, уят! Ошончо акчага кантип начар уюштурсун!?
Адилет

7507. Мен Базар-Коргон районунун Көктөндү айылындагы атам Бусурманкулга, апам Гүлнарга жана иним Калысбекке салам жолдойм. Ар дайым ден-соолукта болгула!
Түбөлүк, Бишкек

7508. Президентке ат салышуу
башталды.
Азыр эле 23ү катталды.
Кичинекей кыргыз деген өлкөгө,
Чындыгында көппү же бул аз санбы?

Санына эмес, сапатына баа берип,
Салмактуусун чоң жарышка таптайлы.
Качкыч эмес, аткыч эмес инсанды,
Журт башына ажо кылып шайлайлы

Уруусуна, буруусуна, көмүрүнө, темирине,
базарына кызыкпай,
Талапкерди тандоодо биз шашпайлы!
Жумабек
7509. Дүйшөнбиев Чыңгыз, мен сени сүйөм! Жаным, дайым менин жанымда жүрө бер. Сага кааларым ден соолук. Ичпечи, жаным.
8786 абоненти

7510. А.Жекшенкулов ТИМге сиз барбасаңыз иш оңолбойт. Азыр министрге замдары баш ийбейт экен. Көпчүлүк дипломаттар сизди
чыдамсыздык менен күтүп атышат жана күтө бермекчи.
8587 абоненти

7511. Салам, кыргыз элим! Баарыңарды Орозо айыңар менен куттуктап, бул айда эмне тилесеңер, эмне кааласаңар иш жүзүнө ашсын. Орозоңор кабыл болсун. Бактылуу болгула, Алла Таалам дайым колдосун.
Айжан

7512. Элвира, сен экөөбүздү жолуктурган тагдырга ыраазымын. Мейли бирге болбосок да...
5741 абоненти

7513. Салам, "Учур" гезити, мен токтогулдук Мээрим аттуу кызды издеймин. Мээрим, эгер окуп калсаң, номериңди Питердеги Низа дос кызыңа билдирип кой!
Тел: +7950-22-88-608

7514. Парламенттик шайлоодо акчага сатылган көкмээлер! Аракка тоюп, алган акчаңар ошондо эле түгөнүп калса керек эле. Анткени силердей көкмээлерге тиги шүмшүктөр аз акчага эле алдашарын билишкен. Дагы шайлоо келатат. Эмдигиде 5 жылга жеткидей сурагыла. Ошондо алданбайсыңар!
7630 абоненти

7515. Чалгы деген дабдыр, сен өз элиңди жамандаган кандай зөөкүрсүң? "Кыргыз бар жерде кыргын бар" депсиң. Кыргыздан садага кеткир.
Бекен

7516. Менин сүйүүм - менин махабатым!
1642 абоненти

7517. Урматтуу кыргызстандык туугандар! Рамазан айыңар менен жана туткан Орозоңор кабыл болсун!
Бактыгүл, Ат-Башы

7518. Элмурзаны адам катары, инсан катары сыйлагандар, жашагыла! Мен да силердин катарыңардамын!
Наргиз

7519. Эй СМСчилер, Ванганын айткандарын окуп атасыңарбы? "Кыямат жакындап калды" деп атышат. Ылайым болбой эле калсын. Балдарыбызды ойлогондо жүрөк түшөт.
8927 абоненти

7520. Алтынбек Сулайманов катындай сабаган Камчыбек, сен кайсы бетиң менен президенттик шайлоого талапкерлигиңди койдуң? Эгер президент болуп калсаң, Алтынбек "президенттин тумшугун жаргам" деп мактанып, элдин көзүнчө муштумун көрсөтүп, "унутуп калдыңбы?" деп турса, "тумшугу бүтүн кыргыз жок турбайбы" дебейби башка элдер!
Шер

7521.Кызыл-Кыя шаарында жашаган Жаныбек аке, рамазан айыңыз кут болсун. Ишиңизге ийгилик, ден соолукта болуңуз. Мени унутпай дайым эстеп жүрүңүз. Мен сиз мененмин.
Сиренгүл, Жалал-Абад

7522. Жаныбек аке, сиз качан келесиз? Чыдамсыздык менен күтүп жүрөм.
Сизди сүйдүм ырдап, ыйлап жан ачып,
Сизди сүйдүм акылыман адашып.
Сиз деп сүйлөп, сиз деп басам жолдордо,
Сиз деп уктап, сиз деп кайра таң атып.
Сиренгүл, Жалал-Абад

7523. Баргы жана башка эргулдар! 7-апрель баатырларынын ысык чычкан богуна куурай сая албайсыңар. Ишенбесеңер Жалга "Баатырлар шаарчасына" келгиле. Энеңерди таанытам. Силер даана бакиевчилер экенсиңер!
3591 абоненти

7524. Кимде ким 7-апрель баатырларына тийишсе, ачык айтып коеюн, атаңар Бакиевди таанытам жана Конгантиевдей коляка кылам, буга 100% кепилдик!
3591 абоненти

7525. Эгерде Бакиевдин "чунактары" падыша болуп калса, Акүйгө кирем деп ойлобогула.
Апрель баатырлары

7526. 8015 абоненти, сен айткан 20 млн. доллар менен ишиң эмне?! Кысчу жериңди кыс да, жумушуңду кыл кыпчылбай!
3591 абоненти

7527. Апрель баатырларына тийишкен чунактар! Алар болбогондо силерди кул, кызыңарды күн кылмак. Кандай түшүнбөгөн көкмээсиңер? Кыргыздын даана душманы окшойсуңар?!
3757 абоненти

7528. Апрель баатырларына таазим жана даңк! Аман болгула, силерге тийишкен дөңбаштарга каргыш, алар кыргыз эмес эле сарттарбы?!
3757 абоненти

7529. Айкөл Ала-Тоо, апрель баатырларына салам жана силерге ден соолук. Биз сиздер менен сыймыктанабыз.
3591 абоненти

7530. Өз элине ак кызмат кылган "афганчы" Кадыров Тыныбек деген эр-азамат бар. "Афганчылардын" башын бириктирип, чечилбеген маселелерин заматта чечип берип, колунда жок жарандарга көп ирет жардам бергенин дайыма билип жүрөм. Ушу жигит депутат болуп парламентте отурса, элине бир топ жеңил болот эле. Ал күн да алыс эместир.
Бекен

7531. Бийлик жакка Кубаныч Кадыровго окшогон жаш, өткүр, мезгилди сезе билген тың жигиттер керек болуп турат. Сени Түштүк эли сыйлайт жана урматтайт.
Бекен

7532. Кадырлуу калың калайык,
Калыстык менен карагын.
Текебаев ачты го,
Тарыхтын жаңы барагын.

Баланын келди кезеги,
Бааласаң эми баалагын.
Тегиз колдойт деп ойлойм,
Түндүк-Түштүк тарабың.

Жолдон кайтпас жолборстой,
Жарагын Өмүке, жарагын!
Памир, Чоң-Алай

7533. Жылаңач баатыр, сен эгер Элмурза Сатыбалдиевге жолуккуң келсе, мага чал. Мен сени жолуктурганга аракет кылайын. Бул адамды көргөндө эле баа бересиң, "чыныгы ажо ушу турбайбы" деп. Араздашуу, Түндүк-Түштүк деген бүтпөс ооруну ушул адам чечет. Ал күн сөзсүз келет, ишенип кой.
Бекен

7534. Келдибеков коомдо "айылчы катын" аталды. "Элди акчага сатып алам" деп Ташиев оолукса, карманасың жакаңды. Атамбаев "көпүрө болом" деп айтты эле, эмне иш ал жасады? "Өнүктүрөм" деген Бабанов өлкөнү жарга такады. Какылдаган Мадумаров Каркырадан канча акы алды? Аккуу, чаян, балыктай азыркы кыргыз бийлиги, элестет эски макалды.
Памир, Чоң-Алай

7535. Эй, нарындык келесоо! Мадумаровду катының экөөңөр эле шайлагыла. Жалпы нарындыктардын атынан сүйлөбөй жүр! Былтыр Ат-Башыдан Адаханды ташбараңга алып кое жаздаган. Сен аны билбейсиңби? Сен билбесең да, Ат-Башы эли унута элек, унутушпайт. Эми барса да, ошо жагдай кайталанат. Муну Адаханга айтып кой, ошончо эле ага күйсөң!
0119 абоненти

7536. Таке сойку, СМС жазбай эле койчу, сураныч? "Учур" гезитинин СМС бетин булгабачы, эсиңе кел. Даана эшек турбайсыңбы, ушундай жоругуңду кийин балдарыңа айтып бер.
Панда
7537. Баргы, сен мактаган эшектердин айынан Кыргызстан тонолуп, таланып жатат. Минскиге качкан шакалың жана дале бийликте отурган кээ бир "куйруктар" иштей албайт. Ташиевди, Мадумаровду, Келдибековду тарыхты билбеген, саясатты түшүнбөгөн, аракка, акчага сатылган маймылдар гана колдойт. Баргы, сен муну мойнуңа ал, чычалабай. Бизде бир гана лидер бар. Чындык үчүн чыркыраган, 20 жылдык таза тарыхы бар Ө.Текебаев. Бакиевдик бийликти орнотом деген бир эшек бар. Ушунун айынан Кыргызстандын Каркыра деген керемет жери Казакстанга кетти. Ал жерде Көкөтөйдүн ашы өткөн. Манасты билбеген, сыйлабаган неме бир күнү катуу жазасын алат.
Курчу, Токтогул

7538. "Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" дейт Дартаньян үч мушкетерго карап. Анда үчөө кылычтарын асмандата жалаңдатып, "бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" дешет. Төртөө биригип коррупцияга, мафияга каршы согушка аттанат. Ортолорунда улуу согуш башталат. Мафия согушка желдеттерин жиберип коюп, өзү манты жеп отура берет. Байкуш желдеттеринин баары согушта кырылат. Мафия дагы желдеттерин жиберет. Өзү лагман ичип отура берет. Шордуу желдеттер дагы кырыла баштаганда нары жактан агала куйрук ат минип Эр Төштүк жер алдынан жети баштуу желмогуздан качып келаткан болот. Согуштарын тып токтотуп, баары Төштүктү карап калышат. Шаша-буша келип, "мага жол бошоткула, артымдан жети баштуу желмогуз кууп келатат. "Кыргыз эли отузга бөлүнүп, бийлик талашып жатышат" дегенин угуп калдым. Бекер кырылбасын" дейт Эр Төштүк. Баарыбыз биригип Эр Төштүктү тосолу!
0194 абоненти

7539. Бул дүйнөдө сүйүүнү жеңген адам барбы? Сүйүүнү кантип жеңип, бактылуу болсок болот? Мага жардам берип, кеңеш бергиле.
Тел: 0551-25-54-04

7540. Баргы, мен сенин СМСиңди окуш үчүн "Учур" гезитин сатып алам. Баргы, сен Кокон хандыгын бийлеген Алымбек датка, Курманжан датканын "Баргы" уруусунан окшойсуң? 30-октябрда өтө турган президенттик шайлоого катышып, талапкерлигиңди койбойсуңбу? Менимче, кыргыз эли сени колдойт. Сендей чыгаан тулпарга бут тоскондор көп болот. Чындык үчүн күрөшүп жүрө бер, тайманба!
Ысык-Көл периси

7541. (Башы өткөн санда) Курбу кызым бир калыпта термелип аткан машиненин ыргагына мемирей, кумардын таттуу даамын татып аткансып, эч кыймылдабастан сулай жатты. Көз байланып калган. Сыртка жарым жылаңач чыктым. Сыр билгизбей теребелге көз чаптырсам, баары сахнада ойнолуп аткан сүйүү драмасына куштарлана тунжурап аткансыйт. Чиркин. Табият да тең ортоктош... Кайра машинени көздөй баса бергенимде Эркин мага карап, үн катпастан колу менен чакырып жаңсады. Эки кадам жетпей токтодум. Сулуу кыз багажды болушунча кучактай, уйку-соонун ортосунда элдир-селдир энеден туума жылаңач туйлап атканы мени кайрадан күүгө келтирди. Караңгы түндө аппак денеси ого бетер жанымды сууруп алчудай... Эркин мени бир карап, орун бошотуп, кыздан бир кадам жыла бергенде, курган жаным сулуу кыздын артына чапкендей жабыштым. Көптөн бери самап жүргөн максатыма жеттим. Кайрадан кумардын туу чокусуна тырмыша чыгам. Барган сайын ширин, барган сайын таттуу, барган сайын "ачуу" болуп. Ал күнү (түнү) Эркин экөөбүз сүт бажа болдук. Таң сөгүлүп баратканда шаарга келдик. Эки кызды үйлөрүнө жеткизип, биз мончону көздөй бет алдык. Сергип алуу максатында. Кудай жалгап Михалыч (мончонун администратору) да таң эрте келиптир. "Банкир" байкебиз, Муха уулу менен, Жамгырчылар көрүнүшпөйт. Чоочун элдер. Көрсө, жума күнү түшүп атыптырбыз. Жогорудагы достор жекшемби күнү келишет. Алар жок жаман экен. Себеби, бизди Алайга узатмак. Жакшы жуунуп, буу бөлмөсүнө бери дегенде беш жолу кирип чыктык. Саат он жарымда мончодон чыгып машинени көздөй бет алдык. "Таттуу" кондитердик фабрика жанынан өтүп баратсак, кудуктун капкагы ачык экен. Эркин досум баш багып аткан. Мен машинени от алдырып атсам эле каткырып сала берди. Сөгүнүп да алган. "Эмне болду?" десем, "сантехниктер окшойт, люктун ичиндегилердин бирөөсү "земляк, извини, тут не туалет... ой, извини, ваше лицо похожа на задницу" дебеспи. Мен биринчи түшүнбөй, анан барып түшүндүм. Көрсө, мобу салаңдаган эки бет ага башкача көрүнгөн тура" дегенде, мен да айла жоктон күлдүм. Досумдун жүрөгүндө эч кири жок үчүн мага айтты. Болбосо айтмак эмес. Бир жакшы жылмайып алдык. Эркиндин сулуу кызын эстедим. Анткени, ал "Эркин сулуу жигит болуп калыптыр чачтарын тегиздетип" деген сөзү "тык" дей түштү. "Ушу жагдайды Эркиндин кызына Алайдан келгенде айтып берем" дедим да, Алайды көздөй жол тарттык... (Уландысы бар)
Таке

7542. Жапаров, сен жөн эле жүрсөң, өз жумушуңду кылып. Таластагыларды эсиңден чыгарып койдуңбу? Эсиңе кел! Тарых кайталанып калышы ыктымал...
Кочкорбек
7543. Салам, "Учур"! 17 жаштан 20 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Токтогулдук кыздар болсо дейм. Тамашага салам дегендер убара болбосун.
Тел: 0773-34-32-45
7544. Биз, кыргыздар, кыргыз үчүн күйүп-жанган Баяман менен Рысбектей Робин Гуддарды өлтүрүп, Ташиев, Келдибековдой баатырларды элге мокочо көргөзүп, Атамбаев менен Отунбаевадай аферисттерге алданып отура беребизби?
Баргы

7545. Кыргыз эли гүлдөсүн десек, башка элдерден бийик болсун десек, 7-апрелде каза болгон мекендештерди ким атканын, Ош окуясын ким уюштурганын билгибиз келсе, ячейкадагы акчаларды кустургубуз келсе, анда кыргыз үчүн жанын аябаган Ташиевди колдойлу!
Баргы

7546. Текебаев бийлик башында болгон башкаруу, Кыргызстанга чыныгы көз карандысыздыкты алып келет. Бүгүнкү күндө эгемендүү Кыргызстан деп аталганы менен Орусияга, ж.б. мамлекеттерге көз каранды болуп, чечим кабыл алууда алардын көңүлүнө байланып турабыз. Атамбаев Орусиянын көңүлүн алуу үчүн биздин чокуга Путиндин атын ыйгарган. Ага Текебаев каршы болгон. Демек, күздөгү президенттик шайлоого Кремль тарап кайрадан Текебаевге каршы сюрприздерди даярдап жатса керек? Буюрса, шайлоого жакын күбө боло баштайбыз.
Улан, Нарын

7547. 16-18 жаштагы тамашөкөй балдар менен таанышам.
Тел: 0773-082-471

7548. Карап отурсам баарыңар акылдуу, патриот болуп көрүнөсүңөр. Кээ бир сөздөрдү ойлобой жазып жатасыңар, достор. "Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" деп коет, билесиңерби?
2315 абоненти

7549. Салам, "Учур"! 20 жашка чейинки кыздар менен турмуш куруу максатында таанышам.
Тел: 0773-103-500

7550. ИИМдин сабатсыз министри Ырсалиев өзүнө окшогондор менен ОПГны толтуруп алып, "ОПГ менен күрөшүп жатам" деп бапылдаганы кандай? Ушундай министрди дайындагандан уялбайсыңбы, жолдош Атамбаев?! Же "мал ээсин тартпаса арам өлөт" деген ушубу?
7171 абоненти

7551. Менин коркконум бар. Алакандай Кыргызстандын түбүнө ушакчылар менен ушак жазган гезиттер жеткени калды. Такталбаган маалыматтар менен камсыздап, карапайым элди буздуңар. Жооп бере турган убакыт келет, ушакчылар!
Тано

7552. Таза кыргыз - кыргызды экиге, уруу-урууга бөлбөйт. Эми башка улутту, мамлекетти карап көрөлү, улутчулдук позицияны тымызын, катуу кармагандыгы үчүн өнүгүп атат. Биз Акай, Бакый, Атамбай, Роза кайнаса каны кошулбаган адамдарды шайлап алып, анан шаштыбыз кетип атат. Кыргыздын келечегин ойлогон таза кыргыз бийликке келмейин, кыргыздын жашоосу туңгуюктан чыга албайт. Ал туңгуюкту жарып өтүп, бизге жарык чача турган - жалгыз гана Текебаев!
Базаркул, Жалал-Абад

7553. Ассалоому алейкум, момун мусулмандар! Барар жерибиз эки метр тереңдик, акыретти дагы ойлосоңор боло. Өлбөс сымал ойдо жок нерсени сүйлөйсүңөр. Кыргыз элин бөлүп жаргандар, бул сөз силерге тиешелүү.
2545 абоненти

7554. Силер чыркыраганыңар менен, Аллах субахана Алла Таала каалаган адам президент болот!
2545 абонети

7555. Сезим тамчылары
Унута албай назик сүйкүм күлгөнүң,
Ой көлүнө чөмүлөмүн күндө миң.
Махабаттын сыркоосуна чалдыктым,
Айыктырып алсаң экен сүйгөнүм.

Байырлап тамырлаган түнөгүмө,
Батып кетти жалгыздык жүрөгүмө.
Үшүдүм ызгаарына махабаттын,
Жылынгым келет сенин илебиңе.

Жарасы ырбап, жай албаган сезимден,
Жалгыздыкка эт жүрөгүм эзилген.
Өртүңө бой таштадым махабаттын,
Өз эркимди башкара албай өзүм мен.
Күндөр өттү, түндөр өттү,
Сенсиз мага жашоо жоктой сезилген.

Сен жанымдан алыстаган мезгилден,
Жарыгы өчүп жандүйнөмө кеч кирген.
Ойго салып сагындырат ар убак,
От көздөрүң мага сүйүү сездирген.

Жандүйнөмдү жаралады бир сезим,
Бир башкача оттой ысык нур сезим.
Мен жашоомдо күтүп өтөм талыкпай,
Ыйык мага "сүйөм" деген бир сөзүң!..
Умар, Тогузторо

7556. Баргы, сен ал адамга ыйман тиле. Акыретте сообун аласың. Чындыгында ал адамды мен да кыргыздын душманы катары эсептейм.
0254 абоненти

7557. Кыргыздар! Биз жаман элге айландык. Байлыктын артынан түшүп, баркы жокко айландык.
1025 абоненти
7558. 3700 абоненти, Ташиевдин тырмагына да тең келбейсиң. Тең келгениңде минтип жазбайт элең.
1025 абоненти

7559. Ташиевди жаман дейсиңер. Ал эми Атамбаевди, Бабановду, Розаны жамандагыңар келбейт. Булар бийликтен кетсе Бакиевди жамандагандай жамандап каласыңарбы? Ташиев бийликке келип калса, анын ырын ырдайсыңарбы? Мен кыргыздардын баркы калбай калганына өкүнөм, нааразы болуп жүрөм. Зээним кейийт.
8102 абоненти

7560. Келдибековго эмнеге асылып атасыңар? Көрөт элем Келдибековдун ордуна отуруп калганыңарда. Жөн эле көралбастык кылып атасыңар.
8102 абоненти

7561. Жалгыз гана К.Ташиев Кыргызстанга тартип алып келе алат. Кыргызды сатып, туусун өрттөгөн Текебаевди шайласаң, сен да ошого окшоп каласың. Кыргыздар эмне үчүн "кыргыз" деп күйгөн, жанын аябаган Ташиевге бут тососуңар? Мадумаровдун сүйлөгөндөн башка колунан эч нерсе келбейт. Атамбаев болсо ары жок ичкич.
0941 абоненти

7562. Бишкекти эмес, Ош шаарын "Манас" деген аталышка өзгөртүш керек. Дүйнө жүзү билсин. Бул кыргыздын жери экенин жана ал жакта жашаган кыргыздар, жаш муун билсин. Өзгөчө жаш балдар "Ислам Каримов" деп айта баштады ал жакта. Келгиле кыргыздар, ушу жөнүндө кеңешип көрөлү. Ала-Тоонун амандыгына, жерибиздин бүтүндүгүнө, элибиздин тынчтыгына кам көрөлү!
5685 абоненти

7563. Роза апчебиздин ипподромго кирип чуу салганын окуп алып, орус императору Екатеринанын кылык-жоругу эсиме түшүп кетти. Негизи "Учур" гезитинин журналисттерине таазим этсе да аздык кылат. Бул гезитте жер тыңшаар Мамыт, көзү аркы дүйнөнү көргөн, жүрөгүнөн өрт чыгып турган журналисттер иштээрине көзүм жетти. Албетте, кээде оокат үчүн "караны ак" деген макалаңар да чыгып турат. Аны мен туура түшүнөм. "Учур" гезитинин фанатына айланып калдым. Бул гезитти билбеген көп адамдар бар экен. Мен аркылуу алар да фанатка айланып баратат. Мени подхалим катары кабыл ала көрбөгүлө. Чыныгы жактоочумун. Бир пилди бир чымын жок кылыптыр дейт. Силерди ким жок кылса, аларды чымын сыяктуу жок кылуучулар четтен чыгат.
Питон

7564. Жаштык кез
Чегинен чыкпай ойноп күлгүлө,
Оолугуп көпкө жүргүлө.
Оролушкан аппак гүлдөрдөй,
Өкүнбөстөн өмүр сүргүлө.

Агып өтөт чоң чаар дайра,
Өткөн өмүр келбейт кайра.
Ошондуктан жаш кезиңде,
Күлүмсүрөп гүлдөй жайна.

Кандай кызык жүрөктө калат кызык,
Көз ирмемдер куштай учуп, сызып.
Эч бекерге мүнөттөрдү кетирбечи,
Убагында пайдаланып жүрөк жылыт.

Опурталдуу турбайбы жаштык кезиң,
Оолак болуп аралап талаа кезгиниң.
Кетсе да убак ага берет тоо булак,
Жаш чагыңдын кадыр-баркын сезгиниң.
Сүйүмбай

7565. Пенде, оозуңа келгенди оттой бербе, сасыган арам. Көрүнгөндү сойку дегенге акың барбы? Акылың сойкулардан өйдө көтөрүлө албаган бирөө окшойсуң? Мындан кийин Пенде дебей, көрпенде деп жазып жүр.
5741 абоненти

7566. Пенде, сен алды-артыңды байкабаган аңкоо чалыш жинди неме окшойсуң? Сага теңелгим келбейт. Өзүн гений сезген акмак, сага бир суроо, канча жаштасың? Менимче, карыган эшек болушуң керек?
Агент 007

7567. Урматтуу "Учур" гезити! Сиздердин өткөн сандагы биринчи бетиңердин чечилишине "О" деген баа койдум. Бул бааны тезинен жойгула!
Окурманка

7568. М.Эшимканов мырза, мен сиздин күйөрманыңыз болом. Президенттик шайлоого катышасызбы? Бир кезде талапкерлигиңизди коюп, 1% добуш алганыңызды билем. Эми көбүрөөк добуш аласыз.
Эрке

7569. Урматтуу "Учур" гезити, биз силердин туруктуу окурманыңар болобуз. Ар бир санын калтырбай окуйбуз. Редакцияңарга чалып, журналисттериңерге өткөн саныңардын биринчи бетине өлкө президенти Роза Отунбаеваны опсуз чыгарып койгонуңарды айттык. Ал саныңар күчтүү чыккан. Азаматсыңар! Бирок, ошо жери силердин кадыр-баркыңарды бир аз төмөндөтүп койду. Жаманбы, жакшыбы, кантсе да азыркы кезде мамлекеттин башында турган адам болгондон кийин журналисттик этиканы кармансаңар болмок. Ооба, Р.Отунбаева биздин идеал эмес. Ошентсе да, бийликтин эң башында турган адамды кебез менен мууздаганды үйрөнсөңөр дейт элем. Сиздерди терең урматтайбыз!
Гүлбүбү, Калыйман, Сайра

7570. Аслан мырза, эмнеге эле Аскар Салымбековду СМС бетиңер аркылуу шыбап атасыңар? Башка жумушуңар жокпу? Эмне мынча Ат-Башы элине өчсүң, алар сага эмне кылышты эле?
Капарбек

7571. Өрүшүм толбоду, өмүрүм кордолду. Алганым жанымды, ардактап койбоду! Далай күн толгондум, бүгүн мен айтайын, жүрөктө болгонун. Жандүйнөм кыйналды, жүрөгүм ыйлады. Муундарым муңканып, көздөн жаш тыйбадым!
0950 абоненти

7572. Мелис Мырзакматов, сиз былтыр апрель, июнь окуяларында мамлекетибиздин экиге бөлүнүшүнө жол бербегениңиз үчүн жана Ошто кыргыздарды уят кылбай, татыктуу туруп бергениңиздин өзү эле чоң эрдик. Акыры тарых сизге татыктуу орун берет деп ишенем.
3625 абоненти

7573. Кыргызым, качан оңолобуз? Уурдаганды качан токтотобуз? Кыргызымдын сулуу кыздары денесин сатып аткандарына ичим ачышат. Жарым-жылаңач кийинип калышты, кимди туурап аткандарын такыр түшүнбөйм. Улуу агаларыбыз кызындай болгон кыздарга көз кысып, аларды тартипке чакыруунун ордуна ошолор менен сауналаганы болбогон жорук. "Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот" дегендей, уялсаңар боло?!
3802 абоненти

7574. Кыргыз элим, бизге жегич депутаттар менен иш кылбаган президенттин кереги жок. Татыктуусун тандайлы.
0380 абоненти

7575. Кыргыз эли качан оңолобуз? Депутат болгуча баарын "ойду омкором, тоону томкором" дешет. Болгондон кийин эч балээ жок.
3802 абоненти

7576. Абысынымдын 15-август туулган күнү менен куттуктайм. Сени абдан жаман көрөм, бирок, сыйлайм. Ийгилигиңе ичим ачышат, бирок, кубаттайм. Кайненебиз сени командир кылып шайлаган, бирок, мен сенин солдатың болгум келбейт. Кайнагам сени менен жашайт, бирок, мага көзүн кысат. Кайнатам сени көрүнгөнгө мактайт, бирок, кудаларына нааразы. "Абысын аңдышкан жоо" демекчи, калганын туулган күнгө барганда айтам. Ага чейин аман бол!
Абысын (Коляныкы)

7577. Алмазбекти, Камчыбекти сыйлагандар, үнүңөрдү чыгарбай эле сыйлап алгыла! Бөлүнбөйлү, кыргыздар!
0254 абоненти

7578. Саламатсыңарбы "Учур" гезити? Достук мамиле куруу максатында жигиттер менен таанышам. Өзүм 18 жаштамын.
Тел: 0779-99-78-92

7579. Кадафи, Асад, Ахмединежад накта президенттер экен. Алар төңкөрүш кылам деген сөрөйлөрдүн баардыгына максатына жете бербесин көрсөтүп коюшту. Эми адамдар колунан акча табууга акылы же билими жетпесе, бизнес кылса эптей албай, банкрот болуп, катын, бала-чакасын бага албай калса, буга бийлик күнөөлүү деген жөн эле шылтоо. Анан аларды оппозиция "ооба, ошондой да" деп колдонуп атышпайбы, өлүмүш болуп.
Бакиржан

7580. Закиржан акамды жүдаям сагындым!
Бакиржан

7582. Бабаларым кымыз ичкен калк эле. Дили таза, ниети ак жан эле.
5377 абоненти

7583. Салам, "Учур"! 17 жаштан 19 жашка чейинки кыздар менен көңүл ачуу максатында таанышам.
Тел: 0778-89-65-96

7584. Президент, депутат, аткаминерлер! Силер кайдагы 29 миллион сомду айтып, элдин башын айлантып жатасыңар? Элге жагабыз десеңер, тамак-ашты арзандатсаңар боло. Президенттик шайлоого карата көрүлгөн камылгаңардан кылыгыңар көп болуп баратат. Аны эл байкабайт деп ойлоп жатсаңар, өтө жаңыласыңар!
3955 абоненти

7585. Улутчулдардын башын ташка уруш керек! Баары бир аларда мээ жок окшойт өңдөнүп калды.
3955 абоненти






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования