Санира Шералиева, балерина:
"Таякем Чолпонбек Базарбаевдин ийгилигине жетким келет"

Санира 17 жашта, учурда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында бийлейт. Жаш болсо да бир топ ийгиликтерди жаратып, ар дайым алдыга умтулуп, искусствону сүйөт. Бош убактысында китеп окуп, табигат койнунда эс алганды жакшы көрөт.

- Санира, кичинекей кезиңен эле балерина болгуң келчү беле?
- Жок, кичинекей кезимде ата-энеме окшоп сүрөтчү болгум келчү. Бирок, алты жашымда кошуна эже апама "кызыңды балетке бербейсиңби" деп айтып, апам хореографиялык мектепке алып барган. Ак куудай керилген сулуу кыздарды көрүп, суктанып, "мен да чоңойгондо ушундай болом" деп, дароо эле макул болгом. Азыр ошол жасаган чечимиме өкүнбөйм, анткени, балетсиз жашоомду элестете албайм. Балеттин белгилүү артисти Чолпонбек Базарбаев - менин таякем. Жаңы окуп баштаганда, "чоңойгондо элге таанымал, таланттуу балериналардын бири болсун" деп өз батасын берген.
- Биринчи ийгилигиң катары эмнени айта аласың?
- Мактангым келбейт, бирок, ийгиликтерим көп эле. Мектепте эң мыкты окучумун, баардык олимпиада, кечелерге калбай катышчумун. Ушул жылы Улуттук филармония уюштурган "Алтын Шаты" жаш таланттардын сынагында 2-орунду алдым. Ошол күнү менин туулган күнүм болчу, досторум "өзүңө-өзүң сонун белек кылыптырсың" деп күлүшөт. Ибрагим Жунусовдун концертинде да жеке номерим менен бийлеп чыккам. Мода жумалыгында Нурзат Сыдыкова деген модельердин "Көпөлөктүн төрөлүшү" коллекциясын көрсөтүп, модель катары подиумга чыккам.
Андан тышкары, дебаттарга да катышам. Чыгармачылык жашоом да тынбай жылып атканына өзүм сүйүнүп турам. Кудай буюрса, мындан да чоң ийгиликтерге жетсем деген максатым бар.
- Аруу тилектер, кыялдар орундаларына ишенесиңби?
- Ооба, кыялдар орундалат. Уктаарда ар дайым кыялданып уктайм. Аруу тилексиз жашоонун мааниси да жок. Бирок, балетте алдыга койгон максатыңа эмгегиң менен гана жетесиң. Мисалы, сахнада 32 фуэте жасаш үчүн, сен көшөгөнүн артынан 64 фуэте жасашың керек. Өзүңдү көргөзүп, жакшы бийлей алсаң, сахнага чыгасың. Ал эми бийлей албасаң, чыкпайсың. "Атактуу балерина болом" десең, өзүңө-өзүң катуу талапты коюп, темирдей бекем мүнөзгө ээ болушуң керек. Анткени, көп убакытың даярданууга кетет. Мугалимдер бизди көп тилдешет, бирок, сен ага таарынбай, cтаноктун жанынан алар күтпөгөн кыймылдарды көргөзүп бере алсаң гана сенден пайда чыгат.
- Кумир туткан адамың барбы?
- Мен эч кимди деле кумир тутпайм, болгону, мен жактырган адамдардын ийгилигине жетейин деп умтулам. Үлгү катары балерина Светлана Захарова, Асель Айдарова, Чолпонбек Базарбаев жагат.
- Бул жашоодо эмнеден коркосуң?
- Эч нерседен коркпойм, Кудайыман эле корком. Адам бирөөгө жамандык жасабаса, эч кимден жана эч нерседен коркпошу керек деп ойлойм.
- Ашканада кандайсың?
- Мантыны абдан жакшы жасайм, жана башка адамдар жасаган мантыны сынап жейм. Өзүмдү манты боюнча экспертмин деп айта алам (күлүп). Дагы, кыргыздын улуттук даамдарынын баары жагат. Айылга барганда боорсок бышырганды, быжы жасаганды, ичеги-карынды тазалап, ичегини өргөндү жакшы көрөм.
- Кандай белек алганды жактырасың?
- Белек бергенди жактырам. Жакын адамдарымдын, досторумдун маанайын көтөргөндөн ырахат алам.
- Канча тилде эркин сүйлөсүң?
- Эне тилимде, андан сырткары, орус, англис, француз тилдеринде сүйлөйм.

Айсалкын Самсалиева




Гүлзада РЫСКУЛОВА, ырчы:
"Ырчылар атакты ойлобой,
эл алдында милдетти сезишсе"

"Мен кыргыздын кызымын", "Курманбек" аттуу чыгармалары аркылуу өзгөчө үнүн жаңыртып, кыргыз журтчулугуна мекенчил кыз катары таанылган өзгөндүк Гүлзада Рыскулова бизге кызыктуу маек куруп берди.

- Гүлзада айым, кепти акыркы жаңылыктарыңыздан баштасак?
- Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жүрөм. "Толгонуу" деген философиялык мааниси терең, чыгарманы элге алып чыгуунун алдында турам. Андан соң Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата "Улуу журт баатырлары" аттуу ырды даярдап атам. Буюрса, күйөрмандарым менин дагы бир патриоттук ырыма күбө боло алышат.
- Кандай үйбүлөдө тарбиялангансыз?
- Мен Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Чымбай айылында төрөлгөм. Беш биртуугандын экинчиси болом. Ата-энем экөө тең чыгармачылыкка жакын инсандар. Ошолордун таасиринен уламбы, мен да ал чөйрөгө аралашып калдым.
- Сизди кыргыз жыттанган ырчы катары билебиз. Мындай стилди тандап калышыңызга ким түрткү болду?
- Патриоттук ырларга басым жасаганыма эң биринчиден атам себеп болду. Анткени, атам жеңил-желпи ырларды жактыра бербейт. Башында менин ырчы болушумду каалаган эмес, патриоттук ырларды аткарып чыккандан кийин аябай ыраазы болду. Андан сырткары, Алайда кыргыз дүйнө таанымын изилдеп жүргөн Мамырасул, Зулфия деген үйбүлө бар. Ошолордон абдан көп сабак алдым. Кыргыз дүйнөсү менен тереңден таанышкан соң, менде патриоттук ырлар көбүрөөк жарала баштады. Экинчиден, акыркы жылдары өлкөбүздө болуп аткан ар кандай окуялар патриоттук чыгармаларды аткарганга түрткү берди. Элибизде канчалык кыйынчылык болбосун, өзүбүздүн бийик духубуз менен баатырдык эрдиктерди даңазалап, бийик ырлардын күчү менен биримдикке чакырганга аракет кылдым. Мындан ары дагы патриоттук темадагы ырлар менин репертуарымда көп орун алмакчы.
- Чыгармачылыкка эмнеге кеч аралаштыңыз?
- Мен өзүмдү көбүрөөк издедим десем болот. Ырдоо манераң менен кийген кийимиң айкалышып туруш керек, ушунун үстүнөн көбүрөөк иштедим. Элибизде "ийгиликтин эрте-кечи жок" деп айтылат эмеспи, эрте чыгып "жалп" деп өчүп калгандын эмне кереги бар? Эрте чыгып, аябай чоң жылдыз болуп кетейин деп көксөгөн эмесмин. Биз, ырчылар, популярдуулукту ойлобой, элдин алдында өзүбүздү милдеттүү инсан катары сезишибиз зарыл. Элдин руханий дүйнөсүнө кандай азык керек болсо, ошону бергенге аракет кылышыбыз абзел.
- Өткөндө жаш ырчылар бир телеберүүгө келип, "Алымбек датка ким болгон?" деген суроого жооп бере алышпады. Чынында эле ырчылардын интеллектуалдык деңгээли төмөнбү?
- Мен ал телеберүүнү көрбөй калыптырмын. Бирок, биз кыргыз болгондон кийин, кыргызга тиешелүү нерселерди биле жүрүшүбүз керек. "Баарын билем, кыйратам" деп айта албайм, бирок көбүрөөк билгенге далалаттанам. Кыргыздын желегин бийик көтөргөн, элдин намысын коргоп келген, кыргыз үчүн тарыхта ташка тамга баскандай из калтырган инсандарды биз сөзсүз биле жүрүшүбүз керек. "Курманбек" эпосунан үзүндү ырдап чыкканымда, кээ бир ырчылар "сиз бул ырды Курманбек Бакиевге арнап ырдадыңызбы?" деп ушунчалык жан кейиткен суроолорду бергенде, аябай таң калдым. Манастан кийинки эле эң бир чоң эпостордун бири - "Курманбек" эпосу. Ал эли-жери үчүн каны-жанын аяган эмес. Дайым жоокерлердин алдында жүргөн. Анын чоң эрдиктерин чыгармадагы ураан чакырган сөздөрүнөн эле байкасак болот. 7-апрелден кийин, "Курманбекти ырдабай эле койчу" дегендер көп кездешти. Элестетсеңиздер, кийинки президентибиз Манас аттуу мырза болуп калса, ал элди жаман акыбалда калтырып, качып кеткен болсо, эмне, манас айтпай калабызбы? Ошондуктан, саясат менен тарыхыбызды аралаштырып булгаганга жол бербешибиз керек. Ушундай тарыхый, улуу инсандарды билбегенибиз - маңкурттук!
- Ар бир ырыңыз хит болууда, жеке концерт берүүнү качанкыга пландаштырып атасыз?
- Күзүндө концерт берсемби деп ойлоп аткам, бирок, алдыдагы шайлоодо ансыз деле концерттер көп болот. Элдер бекер концертке барышат. Ошентсе да, ушул жылы өткөрүүгө аракет кылуудамын. Себеби, "качан концертиңди бересиң?" деп көп сурай башташты.
Эң алгач, өзүмдүн жеке концертимди туулган жерим Ошко берип, элимден бата алайын деген тилегим бар.
- Үйбүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Бир уулдун энесимин. Баламдын аты Мейкин. Ал музыкага абдан шыктуу. Мен ага жардам берип, музыкалык багытта тарбиялайын десем, эмнегедир "ырчы болбойм" дейт.
- Мейкиндин атасы жөнүндө кеп козгой кетпейсизби?
- Ал тууралуу кеп кылса, сөз абдан көп. Анын баарын айтыштын кереги жок деп ойлойм.
Адинай МАРИПОВА