Арслан Коргонбеков:
"Бешимов Кечээги оппозициянын
бетин ачат"

Бакыт Бешимовдун Америка өлкөсүнө кеткенине эки жылга жакындап калды. Ага чейин президенттик шайлоодо Алмаз Атамбаевдин штабын жетектегенин билебиз. Бирөөлөр "Б.Бешимов Салиевич менен тымызын сүйлөшүп, атайын Атамбаевди шайлоодо жыгып берип, ордуна президенттин администрация башчысы болмок" десе, дагы бири "оппозициянын шайлоого жумшала турган миллион долларын алып, АКШга качып кетти" деген кептерин айтышты. Ошентип, артында ушактар кала берди. Бүгүнкү күндө деле кур кол эмеспиз. Кээ бир басылмаларда ушундай өңүттө каралоолор, көзү жокто шыбамайлар чыга калып жүрөт. Б.Бешимовдун дарегине айтылган үстүдөгү кептерге калыстык мамиледе каяша айтчулар да жок эмес экен. Анын бирөө - Арслан Коргонбеков. Бу жигит көп жылдар бою оперативдүү контрчалгындоо органдарында кызмат кылган. УКМКда жана акыркы жылдары чек ара жаатында контрчалгындоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Мындан эки жыл мурун "оппозиция, анын ичинде Атамбаев менен байланышың бар экен" деп жумуштан алып салганын, ал эми Бакыт Бешимов менен анчалык деле жакындыгы болбосо да, университетте андан сабак алып, аспирантурада а киши кеңешчи болгонун айта отурду.

- Арслан, биз сөз кыла турган Бакыт Бешимовду канчалык деңгээлде билесиң?
- 1980-жылдарда улуттук университеттин тарых факультетинде окуп жүргөн кезимде бизге сабак берчү. Кийин тарых музейинде илимий жетекчим эле. 1993-жылы аспирантурада өтөйүн деп жүргөндө илимий жактан кеңешчим болуп калды. Соңку жылдары а киши саясый ишмерлик жакка өтүп, элчи, депутат болуп жүрдү. Бул жылдары атайылап кезикпедик. Кезиккенде салам айтуу менен гана чектелип калдык. Болгон мамиле ушу.
- Акыркы кезде агайыңдын артынан ээрчиген кептерге кандай маани берип атасың?
- Биз ушу 7-апрелден кийин ойлогонбуз: "Жетээр жерге жеттик. Мындан артык артка кетүүгө болбойт. Эми өнүгүп-өсүп, мамлекетибиз жаңылануу жолуна түшөбүз" деп. Тилекке каршы, 20 жылдан бери келаткан бийлик эч өзгөрүүсүз калыптыр. Бүгүнкү күнгө чейин кандай калпты айтып жүрсө, ошондой эле калпты айтып, ушак менен жашап жүрөт. Ушундай ушак Бакыт Бешимовдун дарегине жолдонуп келет. Туура эмес ой-толгоолорду кээ бир басылмалар да жазып жатышат. Мисалы, "Бешимов Бакиев менен жашыруун түрдө жолугушуп, Атамбаевдин шайлоосун кулатуу жөнүндө сөз кылышкан. Ордуна Бешимовго президенттин аппарат жетекчиси кызматын бермек" деген.
- Чынында Бакиев менен Бешимов жолугуп, соодалашкан эмеспи?
- Бул карандай калп. Жеке өзүмдүн ой жүгүртүүм менен далилдеп берем. Шайлоонун жыйынтыгын баарыбыз билебиз. 2009-жылы 23-июль күнү түштөн кийин оппозиция команда берди. "Шайлоо участкасынан байкоочулар чыгып кетсин" деген. Атамбаев жар салып талапкерлигин алып салды да шайлоону кескин түрдө кыйроого учуратты. Ушу жерден суроо туулат. Эгер ушу шайлоо "операциясын" Бешимов уюштурса, анда Бакиев кийинки күнү эле Бешимовду президенттин администрация жетекчисине койбойт беле? "Оппозицияны сатып кеткен" деп Бешимовдун урматына той бермек. Андай болгон жок. Мисалы, ошол эле Атамбаев оппозицияны сатып жиберип, Бакиевге жөргөлөп келгенде эмне кылды ? "Мына, кандай акылдуу жигит" деп, Алмазбекти мактап, премьерликке шайлабады беле, же андай эмеспи?
- Бирок, Бешимовго мурунку жылдары бийликтин кайсы бир бутактарын сунуш этишкен да?
- Ооба. 2005-жылдын аяк ченинде жана 2008-жылы Бакиев президенттин администрация жетекчилигин, вице-премьердин жана элчилик кызмат орундарын сунуш эткен. "Мага, бизге каршы сүйлөбө" деп. Ошондо да Бакыт мырза саясый көз карашын өзгөртпөстөн, өзүнүн туруктуулугунан жанбай, оппозицияда кала берген.
- Жалпы коомчулукта "Бешимов Атамбаевдин шайлоого жумшай турган миллион долларын жашырып, Американы көздөй алып качкан" дешет. Буга кандай жооп бересиң?
- Бу да карандай ушак. Андай болушу мүмкүн эмес. Муну да далилдеп берейин. Биринчиден, шайлоого жумшала турган акчанын саны миллионго караандаган эмес. Эгерде ошончолук көп болсо, анда эмнеге 10 миң долларды араң Болот Шер Таласка жана 15 миң долларды Өмүрбек Текебаев Жалал-Абадга сарыгып сурап алды. Бул жөн эле бүркүндү да. Эсиңизде болсо, шайлоо бүткөндөн кийин, август айында Чүйдүн штабы чатак чыгарып, "Атамбаев шайлоого карата ак эмгекте иштеген акчаларыбызды бербей жатат" деп пресс-конференция берген. Атамбаев өзү да бир нече жолу коомчулукка "менин акчаларымды, каражат булактарымды Бакиевдин бийлиги бууп салды" деп айткан. Бешимовдун колунда шайлоонун күнүмдүк акчалары гана бар эле. Ал каражат Америка жергесинде беш күндүк жашоого жетсе жетмек, ашмак эмес.
- Анда кайсы акчага качып кетти?
- Биз бир нерсени унутпашыбыз керек. Бакыт агай билимдүү адам. Чет мамлекеттерге барганда чоң-чоң окуу жайларга лекция окуган. Башка тилде китептери да чыккан. Анын гонорарлары деген болгон. Менимче, ошо акчага Америкага кетти. Азыркы кезде Гарвард жана Массачусетс университеттеринде профессор наамына жетип, лекцияларын улантып, андан түшкөн каражатка жашап жатат. Ал эми жаңыдан барганда кыйналгандыгы жөнүндө кабарым бар. Жанагы шайлоонун күнүмдүк акчаларын кетип атканда бир тыйынына чейин документалдуу түрдө штабдагы Асел Кодуранова менен эсепчи Надира деген кызга өткөзүп берген.
- Бешимов эмне максатта Америкага качып кетти?
- Качкан себеби башка болчу. 2009-жылы 23-августта Бишкек шаарынын бир кафесинде ага кол салуу болгон. Бул окуяны коомчулук көп биле бербесе керек. Бешимовго тапанчанын огу тийбей калган. Эгер ошо жерден жоготуу болуп кеткенинде, ал окуяны "тентек балдардын кырсыгы" дешип коюшмак.
- Аны кимдер уюштурган?
- Бакиевдин бийлиги. Ок тийбей калды, Бешимовдун бактысы тоодой экен. Ал жанын сактоо максатында чек ара корголбогон жер менен Казакстандын жерине, андан ары Америкага качып кеткен.
- Бакиевдер эмне үчүн кол салган?
- 23-августтагы окуянын шайлоого эч тиешеси жок. Бакиев атайын шайлоого шылтап Бешимовдон өч алмак. Эмнеге дегенде, депутаттардын арасынан биринчи жолу "Манас" эл аралык аэропорттогу Ганси Америкалык базадагы керосин бизнесинин сырын ачууга жандалбастап, бир топ документтерди топтогон. Андан сырткары, Марат Бакиевдин наркобизнеске түздөн-түз тиешеси бар экенин жана наркобизнеске аралашып кеткени тууралуу документтери бар экенин биринчилерден айтып чыккан. Ошону жар салмак. Ушундай кошумча каражат булагынан ким эле ажырасын (?), ошон үчүн биринчи кезекте Бешимовду жоготуш керек болгон.
- Бирок, бүгүнкү күндө Бешимовду маалымат булактары жакшы мааниде жар салганы жок. Эмнеликтен деп ойлойсуң?
- Бардык эле маалымат булактары эмес. Чандасы эле. Анын ичинде Атамбаевди мактаган гана гезиттер. Эл-журт кайсы гезит жөнүндө айтып атканымды түшүнүп турса керек. Аталыштарын атагым келбейт. Алар ошо кишинин заказын аткарып аткандай түр көрсөтүшөт. Анткени, Бешимовдон коркуп атышат. Биринчиси, Америкадан келе калып президенттикке талапкерлигин коюп коет деп. Экинчиси, Бакыт жакында Америкадан келе турган болуп калды. Сенсациялуу кабары бар экен.
- Эмне деген?
- Алардын санагы жок. Мен бирөөсүн билем. Бакиевдин тушунда оппозицияда жүргөн аттуу-баштуу эле адамдардын кимдир бирөөлөрү Бакиев менен тымызын катташып, оппозицияны сатып жүргөн. Ошолордун ысымдарын атайт.

Маектешкен
Сурат Жылкычиев