SMS
7366. Агент 007, сен 9779 абоненти Жаркынайсың, эми таптымбы? Ли Мин Хону сүйгөн сойку. Мага асылба деп эскерттимби? Мээси жок тоок, эсиңе кел. Сен мага эле эмес, эч кимге жакпай жатасың. Себеби, чычкак улаксың!
Пенде

7367. Президенттикке татыктуу Арстанбек Абдылдаев! Кыргыз эли сиз менен!
Дари МЕД

7368. Азыркы президенттикке талапкер депутат сөрөйлөр, силер татыктуу эмессиңер. Себеби, өзүңөр депутаттыкка өтүп аткан кезде "кыйратам" дедиңер эле, кана?! Эми президент болсоңор жыргатасыңарбы? Ошондуктан жөнөкөй эле агаларыбыз келсин.
Дари МЕД

7369. Нарын облусу боюнча райондордон эң чоңу эле Ат-Башы. Ошон үчүн Ат-Башы эли Ат-Башыны гүлдөтөлү!
Патриот

7370. Кыргыз качан оңолот? Бирөөнүн акысын жегенди, уурдаганды, алдаганды, пара бергенди жана алганды, процентке акча бергенди жана алганды, кумар ойногонду, соодагерлерибиз таразадан алдаганды, ойноштук менен сойкулукту, алкештикти, чочконун жана өлүп калган малдын этин жегенди, аш-тойлордо ысырапкерчиликти жойгондо жана башка айтылбай калган жаман адаттардан арылганда гана кыргыз оңолот!
Барскан

7371. 7-апрель баатырлары! Силер эмне Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап баатыр болдуңарбы?! Силер бийлик үчүн трайбалист каапырсыңар! Убагы келгенде баатырмын дегендер медалыңарды бекитип, коён болушуңарды эсиңерден чыгарбагыла!
Баргы

7372. 5094 абоненти, кылкылдаган ала допучандардын энесин тааныткан Түштүк эли бөлүнсө, эки айга жетпей дунгандар сенин катыныңды күң, өзүңдү кул кылат, маңкуртум! Сокур ичегини көрө элек турбайсыңбы? Сокур ичеги деп сендейлерди айтат.
Баргы

7373. Атамбаев жалдырап жүрүп, "сатылган жерлерди алам. Бюджет толбосо отставкага кетем" деген. Эми жоопкерчиликтен качып, президенттикке кетип кутулам деп ойлойбу? Атамбаевди трайбалисттер менен "жегичтер" эле колдобосо, аны эч ким колдобойт. Атамбаев эч качан президент болбойт! Болтурбайбыз!
7171 абоненти

7374. Келдибеков менен Ташиев кээ бир адамдардын түшүнө кирип, уйкусун бузуп атат. Эки баатырдан коркушуп, кандай гана бети жоктукка барып атышат. Бузуку Атамбаевге Кыргызстандын бүтүндүгү кереги жок, кресло гана керек. Канча чочубасын, шайлоодо жеңип, саткындарды жазалап, жегендерин кустурабыз!
7171 абоненти

7375. "Учур" гезитинин СМСчилери, силер менин атыма жашынып, Баргы-2, Баргыгүл дебей, өз атыңардан жазгыла. Ат таппай калгансып, менин атыма жашынганыңарды токтоткула! Баргыгүл деп менин катыным болбой, окурмандарга өз атыңар менен чыккыла.
Баргы

7376. Ташиев, Келдибеков, Султанов, Мадумаров - булардын ким экени бештен-белгилүү. Кландар, "куйруктар"!
Соңкөл

7377. 5094 абоненти, Кудай ушу тилегиңди кабыл кылсын!
6628 абоненти

7378. Менин атым Нурел, жашым 30да. Жашы 25тен 35ке чейинки кара көздүү, бою узун, чачы да узун, сулуу, жогорку билимдүү, иштеген иши бар кыз-келиндер менен таанышам.
Тел: 0707-02-20-92, 0778-87-10-38

7379. Пишпек кичи райондун эң коркунучтуу, уяты жок 3 эже-сиңдиге чоң салам! Силерден атом бомбасы гана коркунучтуу. Ырайыңарды оңдобосоңор да, мүнөзүңөрдү оңдогонго болбойбу? Сүйлөгөндө адамдын итиркейи келип турат. Асмандан жерге түшүп, бир жериңерди бекем кысып, адамча сүйлөштү үйрөнүп алгыла.
00KG

7380. "Ата-Мекен" forever #1. Текебаев, биздин үмүт сенде гана! Жашасын жаңы Кыргызстан!
8831 абоненти

7381. Медик кыздар менен үйбүлө куруу максатында таанышам. Атым Асыл, 25 жаштамын. Телефон чалгыла, СМС жазгыла, күтөм.
+79055-84-80-29

7382. Бакиевдердин түркүмүнө кирген Келдибеков, казынаны чачканды токтот! Кошоматчы дөңбаш депутаттардын аркасы менен спикер болдуң эле. Сенин аброюң кыргыз элинде "0"!
Соңкөл

7383. Сагынбек Момбеков Акаевдин бийлигин сындаган. Бакиевдин бийлигин сындаган. Негедир апчесинен кынтык таппай калды окшойт же бу жерде бир балээ барбы?
Илбирс

7384. Роза апчем бир топ кыйын экен. "Президент болот элем" деп бийликке жулунган жок. Ал эми президенттикке жулунгандар көбөйүп, "кыйратам, мен укмушмун, баарын сонун кылам" деп элге үгүт жүргүзгөндөр, чын эле укмуш кылабы? А-ай, мен аларга ишене албайм. Буга чейин эмне иш кылып кыйратты эле?
0194 абоненти

7385. Саламатсыңарбы калайык-калк, "Ата-Журт"! К.Ташиевди колдогула. Бул жигит эл үчүн күйгөн инсан. Карагылачы жаңы бийликти, ошолор эл үчүн курман болгондордун канын актаган жок. Элдин үмүтүнө суу септи. Анттарына турбады. Ош окуясында элимди тынчтыкка, бейпилдикке үндөөдө К.Ташиевдин, А.Келдибековдун, К.Асановдун кошкон салымдары абдан чоң. Негизи "Ата-Журт" шайлоого чейинки анттарын аткарып, бийликтин былыктарын сындап, элетке тез-тез келип, элге кызмат өтөөдө. Калкым, биз шайлоодо алданбай, келечекти сатпай, татыктууну колдогула! "Ата-Журт", Ташиев, алга! Кудайым сени тандасын, элим колдосун!..
Баткендик патриот

7386. Сүлүктү шаарына чоң салам!
8675 абоненти

7387. Кочкор-Атадагы 1993-жылкы Элмурат, сени күтүп, күндө жолуксам деп Кудайдан тилейм. СМСти окусаң срочно телефон чал. Даткайым.
Тел: 0779-34-45-70

7388. Тарп аңдыган каргадай,
Таркылдайсың Баргыбай.
Таза инсанды көралбай,
Тантырайсың Баргыбай.

Ташиев арам акчага,
Көп тойгузуп салдыбы, ой?
Келдибеков конокко,
Кошо ээрчичтип бардыбы, ой?

СМСчи Баргы эмес,
Кошоматчы Баргыбай.
СМС жазсаң жөн жазгын,
Эс-акылдан айныбай.
Памир, Чоң-Алай

7389. Салам, "Учур"! Текебаев дайым эле эч жакка өтпөй позор болуп калып атат. Бу жолу президенттикке да өтпөй калса кантебиз? Дагы элге уят болобу?
Айгерим 95

7390. Жаным апам, сиз бул дүйнөдөгү эң бактылуу апалардан болуңуз деп чын дилден каалап кетебиз!
Орозгүл, Клара, Эмил

7391. Эркин досум, сенин келе жаткан туулган күнүң менен! Сага чың ден соолук, ишиңе ийгилик, ар дайым бар бол!
Костя

7392. Жер-суунун аттарын кыргызча кылалы деген сөзү үчүн А.Ибраимовду кызматтан алып, Отунбаева кыргызга душмандыгын далилдеди. Жугунду аңдыган итке окшоп, эки күндүн биринде Путинге зуу койгон премьер колунан пок келбесин көрсөттү.
Кара саадак

7393. Сүйүүнү барктаганың абдан жагат,
"Кош жүрөк" деп ырдаганың жүрөктү
жарат.
Эмнегедир мен сени сүйүп калдым,
Суроого жооп таба албай жан кыйналат.
Бул СМС Омар үчүн арналат.
Айгерим 95

7394. Салам, "Учур" гезити! Мен да өз оюмду айта кетсем. Урматтуу СМСчилер! Биринчиден, өзүбүздүн пейилди, ыйманды, ынсапты оңдойлу. Бирөөгө кыянат кылбайлы. Аманчылык, тынччылык, токчулук болсо, кыргыз баарын жеңет. Кыргызстанга акылдуу, ыймандуу ажо келишин Алладан сураналы. Баардык СМСчилерге тынчтык каалайм, үйбүлөңөр менен аман болгула!
Екатеринбургдан жердешиңер

7395. Келдибеков, сага Малайзияга пок барбы?! Казакстандагы мигранттардын маселесин чечсең болмок. Спикер сөрөйдү телеге чыгаргылачы, бере турган суроолорум толуп кетти.
1104 абоненти

7396. Салам, "Учур"! Жалгыз силер чындыкты жазасыңар. Ушунуңардан жазбагыла!
Окурман

7397. Жапаровго кекенген 8606 абоненти, сен Таласка барган жетекчиге атырылып, көптөп сабаганды эрдик көрүп атасыңбы? Аны, эгер билсең, жеткен жапайычылык, акмактык деп коёт. Бардык нерсенин чеги болуш керек!
Кара саадак

7398. Акылбек Жапаров! Сен койлорго, бодо малдарга, ит-мышыктарга президент болуу үчүн талапкерлигиңди койсоң болот! Анткени, сен аларга паспорт алып бересиң! Президентке эмес, малчыга дагы окшошпойсуң! Кыргыздын жүзүн уят кылба!
Патриот

7399. Мен 7-апрелдин катышуучуларына кайрылам. Силер кайсы бетиңер менен өзүңөрдү баатыр деп жүрөсүңөр? Отунбаеваңар келгенде бюджетте 20 миллион доллар бар эле. Эми болсо, сокур да тыйын жок.
8015 абоненти

7400. Текебаев, сен парламентке шайландың, кана "чёрныйлардын" качканы. Эркек болсоң эми өзүң кач, болбосо, сени элдер эмне кылары түшүңө да кире элек.
7965 абоненти

7401. А.Жапаров, сенде бет, уят-сыйыт деген неме калбаптыр! Таластагыны унутуп калдыңбы? 6-апрелде фермердин короосунда койлор менен кошулуп, жатпадың беле койдун богу жыттанып мал сарайда. Энди кантип талапкерлигиңди коюп атасың?! Мен түшүнбөйм.
0192 абоненти

7402. Мадумаровду "Каркыраны сатты" деп каралаган СМСчилерге айтаарым, силер ушунчалык эле кызыкдар болсоңор, "Казахстан сегодня" деген сайтка кирип карап көргүлө. Ошондо тууралыгын көрөсүңөр же болбосо, калың журтка укуктук жактан жардам көрсөткөн Мамытов Бекибай агайдын "Каркыранын чындыгы" аттуу китебин алып окуп көргүлө. Ал жерде бүт далили менен жазылган. Ошондо гана туура баамдап жыйынтык чыгарасыңар. Ошондо Мадумаровго "баракелде, эл агасы турбайбы!" деген бааңарды берериңерге терең ишенем.
Алик

7403. Келгиле, "Учур" гезити аркылуу шайлоо өткөрүп көрөлү. Кайсы лидер көп добуш алса, чыныгы шайлоодо ошол лидер жеңип чыгышы мүмкүн. Мисалы, мен Текебаевге добуш берем. Себеби, ал изинен кайтпаган жолборс. Бир да жолу бийликтин коюн-колтугуна кирген эмес. Тескерисинче, бийликтен тепки жеп оппозицияга жалдырап баргандардын баарын өз колтугуна коргоп келген. Кайра бийликке барып алып, Текебаевди акуратно "кидать" эткендер четтен чыгат. Же калппы? Силер кимге добуш бересиңер?
Пенде

7404. Намаз окуган же ниеттенген балдар менен таанышам.
Тел: 0770-21-84-93

7405. Апрель элдик революциясынын баатыры Мукаш Ырсалиевдин "быйыл президентибизди шайлап алалы, эмдиги жылы Кумтөр компаниясын 100% мамлекетке өткөзүп беребиз. Кыргыз эли жардам берет" деген сөзүн жумурай-журт туура кабыл алды.
Бектурсун, Алматы

7406. Күндө эмнеге ичесиңер аракты, айтчы агалар арак ичиш адатпы?
8486 абоненти

7407. Туура, Элмурза Сатыбалдиевди эл колдойт. Жигиттин гүлү!

7408. Бизге Мадумаровдой ачуусу чукул, сабырсыз эл башчынын кереги жок!
ТЧА

7409. Эй Ташиев, сен алыңа карап иш кылсаң боло, падышалык энеңдин оюнчугу беле сага?!
9098 абоненти

7410. 61 депутат! Силерге ишениш кыйын болуп калды. Силер акча үчүн энеңерди сатканга даяр экенсиңер. Ылайым жакшылык көрбөгүлө, силерге наалат жана каргыш!
9098 абоненти

7411. Канадалыктар курабыз деген лабораторияны кура беришсин. Андан көрө Бишкектин чок ортосунда жайланышкан "Акүй" деген лабораторияны жок кылышсын. Себеби, Акүйдүн ичинде уурусу да, афериси да, эки жүздүүсү, кызтекеси, баптиси, самопал генералы, кан жыттанган "тикенек" президенти да бар. "Акүй" деген лабораторияны тазаламайынча кыргыз оңолбойт!
Дурусбек

7412. Пенде, сен көп далдырабачы?! Энеңди Үчкоргондон көрсөтүп коём. Ким сенин кличкаң менен жазып жатат? Көрпенде, эчтекени билбей жаза бербе, макулбу? Башка жерде болгондо ар бир сөзүңө жооп бермексиң!
Агент 007

7413. 7-апрелдин катышуучулары, силер эл душманысыңар!
8015 абоненти

7414. Түндүк-Түштүк деп кыларга иш таппай аткан айбандар, кыйын болсоңор ушу маселени таптакыр жоюш үчүн жолун таап, талкууга албайсыңарбы? Покту түшүнбөй эле СМС жаза бересиңерби? Дагы жакшы, ортобузда Төө-Ашуу бар. Болбосо, кыргыз-менен кыргыз чабышып эле жатып калмакпыз, башка элдерге шерменде болуп. Бири-бирибизге аяр мамиле кылалы туугандар, Кудайдын улуу айы болгон Орозо кирип келди. Туткан орозоңор кабыл болсун. СМСчилер, биз бири-бирибизди кечиришели ушу айда.
Бекен

7415. Тынчы, сен азаматсың, Түштүк элин Көлгө чакырыпсың. Түштүк элине барсаң, жалгыз тоогу болсо да союп сыйлайт. Сендейлерге Алла Таалам сөзсүз колун сунат.
Бекен

7416. Перзидентке талапкерлер кол чогулта баштады. "Кол коюп берип койсоңуз" деп жалдырашат. "Эптеп акча таап алайын" дейт. Кийин чатак чыгарбайсыңарбы? "Биз баланча кол жыйнаганбыз" деп.
Ак-Өргө

7417. Кулов! Сага кеткен кайран өмүр, сен даана чирик жыгач экенсиң. Мен муну жакында билдим, аман бол!
0539 абоненти

7418. Саламатсыздарбы "Учур" гезити. Менин сунушум маркум Таалай Бектурганов жөнүндө кененирээк гезит бетине чыгарсаңар жакшы болот эле. Себеби, биз Т.Бектургановдой ырчыларыбызды унутта калтырбашыбыз керек.
Тилек, Шекафтар

7419. Каркыра Акаевдин убагында сатылып жатса, ошол учурда бийликте жок Мадумаровго эмне тиешеси бар? Ошол Каркырага кол койгон спикер ким эле? Мадумаровбу же Өмүкеби? Ойлон, кыргыз!
Тилек, Шекафтар

7420. Менин атым Аскат. Ыймандуу кыз-келиндер менен үйбүлө куруу максатында таанышам. Жалал-Абад тараптан болсо жакшы болмок эле.
Тел: 0773-43-04-58

7421. Эй, кыргыздар! Мен жолдордогу парковщиктерге түшүнбөйм. Машинем менен 5 мүнөт токтосом да 10 сом алат. Бакиевдин убагында Данияр Үсөнов тойбой, ачкөздүгү менен жолду да жөн койбой атат дешти эле. Алардын жоголгонуна бир жылдан ашты. Ал эми парковка "давай-давай, стоп (!)" деген ошол эле бойдон. Азыр болсо Атамбаев менен Бабанчик бизнестерине кошуп алышканбы?
Патриот-KG

7422. Эй, Баргы! Сен Ташиевди мактабачы, ал Алтынбектен уже чарчап калган. Ошону кыргызбашы дегенден уялсаң боло, чунагым!
3909 абоненти
7423. Айгыр, сен "бойдок кыздарга сөз жок экен да" дегениң эмнең? Кыргызда "беш кол тең эмес" деген сөз бар жана "адам өзү кандай болсо, өзгөнү да ошондой ойлойт" деген сөз сага окшогондорго айтылса керек? "Аялга камчы колдонуп туруу керек" депсиң. Акылың ошого гана жетет окшойт! "Жаман иттин аты Бөрүбасар" дейт беле?..
Мөөн

7424. УТРКнын жетекчиси, силер "жаңыланабыз" деп келдиңер эле. Бир жарым жыл ичинде жаңыланганыңардын укмуш болуп кеткенин көрө албай атабыз. Же ич ара өзүңөр үйүңөрдү, машинеңерди жаңылап жатасыңарбы? Арноо концертиңер оңолбойт. Кыргызча кинону орусча көрсөтөсүңөр, кыргыз көпсө орусча сүйлөйт болуп. Качан сайсаң эле эки адам сасык саясаттын сазына матырылып алып, чыга албай атканын көрөсүң. Кишинин жүрөгү айланып иренжип кетет...
7619 абоненти

7425. Эшимканов өзүнүн башынан өткөргөн күндөрүн "Министрдин махабаты" деп атап, чыгарма катары эзилип жазганбы? Ушу да болобу? Же орусча эмес, же кыргызча эмес. Мындан көрө өзүбүздүн чыгаан инсандарыбыздын нарктуу эмгектеринен жазсаңар болмок. Көңүл эргип окумакпыз!
Мөөн

7426. 5094 абоненти, сен эмне деп келжиреп жатасың? Кыргызстанды бөлүп-жарып эле! "Бөлүнгөндү бөрү жейт" деген кепти билбейсиңби? Сендейлерди бөлүп эле тим калбай, жардан ары түртүп ыргытып жибериш керек. Өлгөндөн кийин сөөгүң карга-кузгунга жем болгудай кылып.
7591 абоненти

7427. 19 жаштан 24 жашка чейинки ыймандуу, түбөлүктүү жигиттер менен таанышам. Атым Бегимай.
Тел: 0550-374-738

7428. Эмнеге Ташиевди жактайсыңар? Камчынын билими жок! Мүнөзү өңгүл-дөңгүл. Эгер Ташиев президент болуп калса, башымды кесип берем!
3700 абоненти

7429. Чоң-Алайдагы Карамык айылында жашаган сиңдим Атимбү, сенин туулган күнүң менен куттуктап, сага баардык жакшылыктарды каалайм.
Канипа

7430. Эй, Адахан! Сен Нурлан менен тандем болсоң жарашат экен. Анткени, экөөңдүн сүйлөгөн сөздөрүң тимеле жомоктогудай. Аман болгула, чунактарым.
3909 абоненти

7431. Түндүк-Түштүк деп бөлүп жарган СМСти ким жазчу болсо, Кудай төбөсүнөн урсун. Баласынын боорун жеп калсын, боздоп калсын. Кыргызды бөлөм деген тилегин ит капсын, жакынынан бөлүнүп, Кудайга үнү жетпей кыргызга тилегени өзүнө кайтсын. Кыргыздын кыгына зар болсун. Ушу батага оомийин деп коюңуздар, элин сүйгөн урматтуу СМСчилер!
Рай

7432. Кыйын экономисттер 2012-жылы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй финансылык каатчылык болуп, кыймылсыз мүлк баалары 2-3 эсеге түшөрүн айтып жатышат. Ошондуктан азырынча квартира, үй-жай албай тургула, кыргыздар! Эмдиги жылы ошол эле акчага 2-3 үй-жайды чекеге чертип туруп аласыңар.
6847 абоненти

7433. Элмурза Сатыбалдиевди эмнеге мактай беришет болду экен деп ойлой берчүмүн. Анан кечээ аксөөктөр түшө турган мончого барсам, Кыргыздын аттуу-баштуу адамдары бар экен. Эс алчу бөлмөдө чай иче кептерине кулак түрө тыңшасам, Элмурзанын жигиттик бир топ жакшы сапаттарын айта отурушту. Мага бирөөсүнүн Бакиевдин тушунда аларга обу жок кошомат кылбаганы, кээ бир туура эмес кылган иштерин бетке айтканы жөнүндө чечмелеген кептерин угуп, Элмурзаны мен да баалап калдым. Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, Элмурза менен жакындан таанышканга аракет кылам.
Жылаңач баатыр

7434. Президентке талапкер ар кандай кишилердин көбөйгөндүгүнүн себеби, добушту таламай кылуу үчүн атайын жасалган иш деп түшүнөм. Даражалары аябай эле төмөн талапкерлерди ким шайламак эле. Эгер мындайлар боло берсе, шайлоо маалында чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн.
Агент

7435. Падыша болом деген эргулдар! Силер Таласка келгиле, Континин кебетесиндей кылып май токоч берели. Анан эсиңерге келесиңер да, падыша болгуңар келбей калат. Буга 100% гарантия берем.
5390 абоненти
7436. Досум Каныкей, кандайсың? СМСти окуп калсаң, мага звонок кыл. Күтөм. Сени кара-суулук Зуура досуң сагынды.
Тел: 0778-10-66-37

7437. Курустан, Гүкай, Гүлжан, Эдил, Эрбол, Элхан досторум, барсыңарбы? Силерге ысык салам жолдойм. Э+Д, А+А, Эрбол.
1386 абоненти

7438. 1565 абоненти, сен Алмаз байкени сыйласаң, мен Ташиев Камчыбек акамды сыйлайм жана урматтайм.
5377 абоненти

7439. Татар бар жерде катар бар. Өзбек бар жерде өркүн бар. Кыргыз бар жерде, кыргын бар!
Чалгы

7440. Эй, туугандар! Ташиев падыша болом дегенде мен бир жерим менен күлдүм. Бул чунак айыл өкмөтүнө да жарабайт. Шылдың болбогулачы, "Ата-Журт"!
5390 абоненти

7441. Аликбек Жекшенкуловду көрө албаган саясатчылар да бар экен. Бу жигит эч кимге жамандык кылганын укпаптырмын. Анан эмнеге ага кас болушат, "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" болуп атабы?
Искендер

7442. 8923 абоненти, Жылдыз барда, кыргыз бар. Ал эмгеги менен элинен урмат-сый тапкан кыргыздын патриоту. Анын кыргызга кылган кызматы кылымдарга даңкталып, түбөлүккө калат. Сен болгону лөлү жезкемпирсиң, ары жок трайбалист турбайсыңбы?..
6735 абоненти

7443. Кыргыз түптүү эл. Өзбек түктүү эл. Орус ойчул эл. Казак катуу эл. Кытай күчтүү эл.
5377 абоненти

7444. Кубаныч Кадыровду Түштүктүн жигити деп ойлоп жүрүпмүн. Негизи ал жактагыларга түспөлдөшүп, сулуу келип кетет эмеспи...
Өктөмхан

7445. (Башы өткөн санда) Тасмалды кенен жайдым. Курбум жаныман чыкпай, пакеттеги тамактарды сууруп чыгып, колбаcаны кесип, нанды сындырып, салат жасаганга үлгүрдү. Эркинди сулуу кызы бизден бөлүп алып, нарагыраак жерде театрдан үйрөнгөн өнөрлөрүн көргөзүп атты. Курбу кызымдын суранычы менен алардын дүйнөсүн чочутпастан, табият театрына буттун учу менен баса барып калдык. Эркин көрүүчү катары алдында отурганын байкап, биз болжол менен 5-6-катардан орун алдык. "...Сизге бир суроо берүүдөн уялып жатам, ылайык көрсөңүз..." "Сурай бериңиз, уялчаак бардыгынан кур каларын билесизби?" "Досуңуз үйлөнгөн жок беле мурда?" "Мен билгенден караманча". "Антпей эле ажырашып кетишиптир..." "Кызык, аны кайдан уктуңуз?" "Уктум". "Андай болушу мүмкүн эмес". "Ким билсин, биз айылдашпыз. Мектепте чогуу окуганбыз. Жакшы теңтушпуз, мага айтат эле го? Бирок... Ким болбосун андай ишти жашырат да..." деп Эркиндин сулуу кызы драмаданбы же коюп атышкан спектаклиненби, айтор, диалогдон жалгыз өзү үзүндү көргөздү. Ал ортодо образга кирип, жан дили менен ойногонун баалап, кол чаап жибердик, "браво" деп да кубаттадык. Бизге башын ийип, таазим этип, "жаңы спектакль коюп атабыз. Акжолтой Текинаевдин "Эсенбек" аттуу повестинен... Мен Каличанын, Замир агай Эсенбектин ролун аткарып" деди. Эркиндин ээги түшүп калган экен. Мен шек билдирбей, "кана достор, спектаклдин тушоо кесүү аземине арналган банкет тасмалына келгиле" деп шайыр маанайда чакырдым. Бири-бирибизге удаасы менен күргүштөтө тост айтып, үч "Виват" (арак) бөтөлкөнүн мойнун алеки саатта "сындырып" салдык. Кызый түштүк, алагүү болуп. Мен ашып кетсе 150 граммдай ичкем. Шоопурмун да. "Эми бирден алалы, эртең Алайга кетип атабыз. Алымбек датканын чоң атасы Тилеке баатырдын 400 жылдыгы белгиленет. Алай эли келген конокторго ала тоодой эт, ала көлдөй чык тартат. Сан жеткиз боз үй тигилет. Бияктан депутаттар спикери баш болуп барат экен" дегенде, Эркин да менин сөзүмдү кубаттап, аракты стаканга баса куйду. Бая эки кыз жетер чегине чейин ичип, фамилияларын атаганга шайлары келбей калды. Дос кызды машиненин арткы салонуна сулай жаткыздым да, этегине түрө ишке кириштим. Тер кетти. Шай ооду. Алым келбей калды. Тыным алып турсам, дале машине кыймылдап аткансыйт. Түшүнбөдүм, мээме эч нерсе жетпейт. Арткы терезеден сыртты карадым. Көрсө, Эркин досум тиги кызды багажга жөлөп алып "иш" кылып атыптыр. Ошого машине кыймылдап аткан тура. Кыз мени карай көзүн сүзө кумарга батып атканы тимеле кинодогудай көрүндү... (Уландысы бар)
Таке

7446. Ташиев президент болсо, Ала-Тоодогу койлорду камчысы менен сабап кайтарат. Качып кетсе, ташы менен бир уруп, гангирата коёт. Ошондой эле Орусия менен Белорусиядагы 2 койду чаркарга ноктолойт!
Чалгы
7447. Улутман, Кызарган көздүү мончок
жерде калбайт,
Кыркка чыккан чалдарды кыздар алдайт.
5377 абоненти

7448. Ош шаарынын башкы планынын бузулушу кээ бир саясатчылардын бузуку иштеринен болуп кетти. Алардын каалабагандыгы, көралбастыгы. Себеби, Ош шаары Бишкектен ашып кетет деп. Мамлекеттик дирекция төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев да берки саясатчыларга сатылды окшойт?
Агент

7449. Мекенибизди Түндүк-Түштүккө бөлгөндөрдү эл душманы деп таанып, "мамлекеттик жумуштардын баарына эч кайрылып келбесин" деген жарлык тагып, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу керек! Мамлекеттин бүтүндүгү анын келечеги, жарандарынын биримдиги!

7450. Мекенди сүйүү
Мекенди сүйүү, ага күйүү,
Ал жүрөктүн илдети.
Кызмат кылуу, көңүл буруу,
Ар бир жаран милдети.

Сезгин бирок, билеличи биз муну,
Сен да, мен да элибиздин кулуну.
Азыр менин жаштарга айтаарым,
Өтөлүчү сыйлап бизден улууну.

Из калып, өтөп кызмат жүрсөк кылдат,
Так ошондо жигиттикке арзыйбыз.
Жолду оңдоп Кудай колдоп арууласа,
Ачылып дил армандардан арбыйбыз.
Сүйүнбай

7451. Нурлан аке (Шакиев), сиз Камчы Ташиевдин командасына кошулганыңызды угуп, абдан сүйүндүм. Анын командасына жалаң сиздей колунан иш келген азаматтар бириксе, шайлоодо жеңиш сиздер тарапта болоруна ишенимим өтө чоң. Шайлоодо сизди колдойбуз!
Бахтий, Аксы

7452. Дүйнө кантээр
Буюгуп жөө туманда калган өңдүү,
Жол таппай өйдө-төмөн ашыгамын.
Адилеттик, акыйкаттык мында дешсе,
Сүйүнүп ошол жакка шашыламын.

Жок жалган айтылгандар куру бекер,
Өзүн-өзү алдабаса пенде нетер.
А бирок өзүбүздү алдай берсек,
Жарыктык дүйнө кантээр, дүйнө кантээр
Бахтий, Аксы

7453. Урматтуу 5094 абоненти, СМС үкөк аркылуу жалпы кыргыз элинен кечирим сурап коюш өзүңүздүн абийир, ар-намысыңыздан көз каранды.
9696 абоненти

7454. Урматтуу 3018 абоненти, мүмкүн болсо байланышсак болот эле. Сиз мага керек адам экенсиз. Мен сиздин жардамыңызга муктаж адаммын. Кыйынчылык болбосо мага чалып коёсузбу, сураныч?
Тел: 0778-90-65-60

7455. "Учур" гезитинин №29 санындагы Алик, сага эмне красавчик президент керекпи? Эгер красавчик керек болсо, сулуулар сынагын өткөз да, сулуусун президент кылып коюп ал, макулбу?
Сынчы кыз

7456. Кыргыздар, биз качан жок дегенде коңшу өлкөлөрдөй болобуз? Мисалы, казактар тез арада эле президенттик шайлоосун өткөрүп алды. А бизде жарым жылдап шоу өткөзүшөт. Отунбаева болсо "кетериме аз калды" деп ай сайын той мааракеге тойбой атат. Элдин штаны жыртык экени алар үчүн бир тыйын!
Патриот KG

7457. Жигит санаасы
Каркыра куштун канаты,
Карматпас анын адаты.
Кылактап учкан куштардын,
Кырааны барбы, карачы?

Толкуса кыздар арасы,
Толгонот жигит санаасы.
Мөмөлөп бышкан шибердин,
Мөлмөлү барбы, карачы?

Булутсуз жамгыр төгүлбөйт,
Бузбаса куштар бөлүнбөйт.
Бөлүнгөн куштар ичинен,
Бөтөнчө чүрөк көрүнбөйт.

Топтошкон топ кыз арасы,
Козголот жигит санаасы.
Керилген топ кыз ичинен,
Татынасы барбы, карачы?!
Сүйүнбай

7458. Текебаев, Атамбаев экөөнөн көрө Мадумаровду шайлайлы. Мына ушу жигит президентке татыктуу!
6578 абоненти
7459. Кубаныч Кадыров байке, сиз Атамбаев менен тил табыша албай калган жайыңызды бирөөдөн уктум. Эгер ошо чын болсо, сиз туура кылгансыз. Алмаз байкенин авторитети өлдү. Кыргызстанга баркы жок болуп калды. Андан көрө сизди Көл кылаасындагы элдер жакшы көрүп, сыйлап келишет. Бар болуңуз!
Мира, Бостери

7460. Салам! Бардык мусулман биртуугандарымды ыйык Рамазан айы менен куттуктайм. Жараткан баарыбыздын жүрөгүбүзгө ыйман, жүзүбүзгө нур, эки дүйнө бактылуулукту жана баарыбызга адал береке, ырыскы насип этсин!
0991 абоненти

7461. Араван районуна караштуу Сары таш айылында жашаган 1985-жылкы сүйгөн балам Зайырга салам жолдойм жана өтүп кеткен туулган күнүңүз менен куттуктоо менен бирге, ар дайым сагынып жашайм. Мен сизге ишенем!
Назира

7462. Оштук туура айтат. "Кандай болсоңор, ошондой башкарыласыңар" деп. Ошол эл шайлаган башчы да элдин ичинен чыгып жатпайбы. Демек, элдин түшүнүгү, деңгээли кандай болсо, башчы да ошондой болот.
Journalist kuz

7463. Элвира, билесиңби, экөөбүз алгач жолуккан кезди? Дүкөндөн жолукпадык беле, ошондо сүрдөгөнүмдү айтпа. Жанымда бул дүйнөдөгү эң сулуу кыз турат жылмайып. Эх, ошол күндөр кайра келсе, жаныңдан чыкмак эмесмин.
5741 абоненти

7464. Текебаевден башка президентке татыктуу эч кимди көрө албайм. Алайлык, менин добушум да Текебаев үчүн!
0991 абоненти

7465. "Ташиевди былтыркы тополоңдо, бийликтегилердин арасынан эң көп жардам берди" деп жөн эле сыймыктанып айтасыңар да. Акылы болсо, кайра жардам берип, элди ырбатпай, токтотконго аракет кылбайт беле?!
0991 абоненти

7466. Алмаз Шаршенович, сиз бул шайлоодо да мас болуп, эл алдында сүйлөйсүзбү? Сизге негизи "эл артисти" наамын бериш керек. 7-апрелде элдин алдында калп ыйладыңыз эле. Сизге артист болгон жарашат экен.
5741 абоненти

7467. Атамбаев Суваналиевди "Каттани" десе, Шадиевди "Шарлота" десе, Төрөгул Бековду "Бритни Спирс" десе, деги өзү ким?
Аскат

7468. Ичпегиле, чекпегиле,
Ичкиликке берилип кетпегиле.
Ичи алып жакпай элге,
Коомдон четтетилип кетпегиле.
Андан көрө бир келген дүнүйөдө,
Талыкпай эл үчүн иштегиле.
Тилек

7469. Өзүмчө күлкүм келет. "Вечерканы" көп эле окуп калам. "Тигини финпол мынча-тигинче пара алып аткан жеринен кармады" деп. Мен бир эле ГАИдеги тех.осмотрду айтайын. Аларда ар бир үчүнчү клиенттен 400 дөн 2000ге чейин параны ачык эле алып калышты. Канакей ал жерде финполу, СНБсы, ж.б. Бүт баары лапшагон.
Алайчы

7470. 8923 абоненти, Адаханды жеткен аферист деген экенсиң. Менимче, сен өзүң аферист, куу түлкү окшойсуң. Каркыраны сатып атканда жанында белең же соттон далил кагазың барбы? Ошого жооп берчи, ушакчыларга ишене бересиңби? Нарын эли Адаханды жакшы көрөт жана президенттикке талапкерлигин койсо, аны колдойт! Адахан мырза, Нарын эли сиз менен!
Нарын шаары

7471. Алтыным, жаным, берекем, алдыңа кетип калайын кызым Айдай! Сен бар үчүн менин жашоом шайыр. Сени берген Жаратканыма миң мертебе ыраазымын! Эртерээк там-туң басып, ыймандуу, бактылуу кыз болушуңду чын жүрөгүмдөн тилейм. Айдай кызым бар бол, аман бол!
Бактыгүл

7472. Жер боюнча шаардык мэриясынын директору Нурланды президент шайлайлы дейт. Ал дагы "мотор" окшойт?!
6920 абоненти

7473. Дайыр Исмадияров экөөбүз АЗСке бир келип токтодук. Экөөбүз бир маалда бири-бирибизди тиктешип калдык. Сен мени көпкө, мен сени көпкө карап, көздөрүбүз чагылыша түштү.
9934 абоненти