Турсунбай БАКИР уулу, "Ар-намыс" фракциясынан депутат:
"Бул коалиция сүйүүсү жок үйбүлөдөй..."
- Турсунбай мырза, сиздер кабыл алган дин боюнча мыйзамга президент кол койбой койду. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Биринчи себеби, мамлекет ажы зыяратты колунан чыгарбаганга аракет кылды. Президенттин аппарат жетекчиси, мурдагы дин комиссиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев президентибиздин кулагына "муну көзөмөлдөсө бизге жакшы тыйын-тыпыр түшүп турат" деп шыбыраган окшойт. Экинчиден, былтыркы ажы зыяратты Жогорку Кеңеште комиссия түздүрүп текшерип атканыбызда, көп эле мекемелердин өз кызыкчылыктары билинди. Ошол эле коопсуздук комитеттин, Ички иштер министрлигинин, башка ведомстволордун кызыкчылыктары пайда болду. Баардыгы колун малып, ушул ыйык нерседен да бизнес кылганга аракет кылышты. Алар да баардыгы "колдон чыгарбайлы, бул жакшы нерсе экен" деп шыбырашты. Бирок, жалпы мусулмандар ЖКнын депутаттарына, төрагага ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Президент каршы болсо дагы, анын каршы пикирин депутаттар жеңип өтүп, президент кол койбой койгондо, спикер кол коюп, бул мыйзамды күчүнө киргизди.
- Сиз президенттик шайлоого талапкерлигиңизди төртүнчү жолу коюп жатасыз. Кайсы электоратка таянасыз?
- Эң биринчи кезекте, Кудайдан корккон адамдар менин электоратым. Анткени, ислам, ыйман деп чыгып атам. Мамлекетти Кудайдан корккон адам башкарышы керек, болбосо, напсисин тыя албаса, ач көздүгүн баса албаса, болбойт. Мына, эки президент качып кетти. Убактылуу өкмөт да, азыркы өкмөт да элди бага албай атат. Эмне үчүн муну айтып атам? Адам напсини тыя билиш керек. Кудайдан корккон адамдар абзел түрдө мени колдоп берет. Экинчиден, Кудайдан коркпогондор, атеисттер дагы мени колдошууда. Себеби, алар калпычыларга тойду. Алар мени жакшы билишет, мен бир дагы жолу эч кимди алдаган эмесмин. Үчүнчүдөн, менин таң калганым - башка улуттар дагы мага ишенип, "Кудайдан корккон адам бизге зыян кылбайт, бизди коргоп берет" дешүүдө. Акыркы парламенттик шайлоо ага далил. Төртүнчүдөн, Кыргызстандагы христиандар мага добуш бергени даяр турушат. Мен алардан кызыгып сурадым, "мен мусулманмын, мени бирок саясатчылар, журналисттер ислам-экстремист, террорист дешүүдө, коркпойсуңарбы?" десем, "биз аларга ишенбейбиз, себеби, Кудайдан корккон адам эч убакта террорист, экстремист болбойт" дешти. Мен ошого сүйүнүп калдым.
- Сиз башында президенттикке аттанып аткан "Акылбек Жапаровду колдойм" деп чыкканыңыз бар эле. Ал оюңуздан кайтып, эмне үчүн өзүм коём деп жатасыз? Же бул саясый оюнбу?
- Туура эмес маалыматты кимдир-бирөө таратыптыр. Окуя төмөнкүдөй болгон. 9-июлда "Ар-намыс" партиясынын 9-курултайы өткөн. Ошондо алар алты талапкерди президенттикке көрсөтүштү: Эмил Алиев, Бөдөш Мамырова, Төрөкан деген жаш жигит, мен, Анарбек Калматов жана Акылбек Жапаров. Курултайда мен туруп алып, "урматтуу "Ар-намыс" партиясынын мүчөлөрү, биз "Эрк" партиясы сиздер менен парламенттик шайлоодо бириктик. Бирок, президенттик шайлоого өзүбүзчө барабыз деп чечип атабыз. Себеби, 1995-жылдан берки өзүбүздүн программабыз бар. Экинчиден, биз парламенттик шайлоодо бири-бирибизди колдоп, Жогорку Кеңешке өттүк. Эми ушул эле ыкманы сиздерге сунуш кылам. Шайлоодо "Ар-намыстан" көрсөткүлө, биз "Эрк" партиясынан көрсөтөбүз, бири-бирибизди колдойлу. Экинчи турга ким чыкса, ошого иштейли" дедим. Кулов дагы, курултайдын делегаттары дагы жактырышты. Кол чабуу менен ушул программабыз кабыл алынды. Мен "шайлоого барбайм" деген жокмун, мен өзүмдүн талапкерлигимди Акылбек Жапаровдун пайдасына алып атам деп кетип калдым.
- Президенттик шайлоого көп акча каражаты талап кылынат. "Кызматтык квартирада жашайм" дегениңиз бар. Шайлоого каражат кайдан табылат?
- Мага башка талапкерлерге караганда акча аз эле кетет. Себеби, менде акча миллиондогон болсо да, аны элге тарата албайм. Эл "ажыбызга эмне болгон, беркилерге окшоп калыптыр" деп чалкасынан кетет да. Мен шайлоодо иштеген командама айлык коюп берем, бензинге акча сарпталат жана теле-гезиттерге реклама үчүн каражат төлөнөт. Ашыкча акчанын мага кереги деле жок. Акча берип, добуш сатып алгандан көрө, президент болбой эле коюш керек.
- Сиздин укук коргоочу Динара Ошурахунова менен болгон кайым айтышууңуз президенттик шайлоодо кадыр-баркыңызга шек келтирбейби?
- Ал менин Кудайга ишенгениме, Кудайдан коркуп намаз окуганыма асылды. Динара Ошурахунова ошол телекөрсөтүүдө мага "Сиз "Эрк" партиясын сатып, "Ар-намыска" кошулдуңуз" деди. Унчукпадым. "Сиз Конституцияны бузуп атасыз" дегенде үндөбөдүм. "Сиздин аялдарыңыз көп" дегенде үн катпадым. Бирок, ислам динине асылганда мен унчукпай койсом, аркы дүйнөдө мен түптүз тозокко кетет элем. Ошол жерден мен чыдабай кеттим! "Динара, сенин күйөөң барбы? Ата-энең тарбия берди беле? Кудайдан коркуш керек. А сен болсо ата-бабаларыбыздан бери калган ислам динине асылып атасың" дедим. Ошол жерде мен катуураак айтып койдум. Бирок, мен эч өкүнбөйм. Эгерде, ошол жерде мен унчукпай койсом, анда Динара Ошурахунова экөөбүз колтукташып алып тозокко кетет элек. Себеби, аркы дүйнөдө Алла Таала "Эй пендем, сен өзүң мусулманмын, ажымын дейсиң, беш маал намаз окупсуң, анан исламды кагып-сөгүп атканда эмне унчукпай турдуң?" дейт. Анан мен эмне деп жооп берем? "Телевизордон жаман көрүнбөйүн" деп унчукпай койдум десем, "Тозоктун эшиги ачык, Динара Ошурахунованын тарапкерлери менен кете бер" дейт. Мен өзүмдү тозоктон сактадым. Алар Батыштын заказын алып, буйругун аткарып атышат. Канчалык Кыргызстан жаман болсо, бейөкмөт уюмдарына ошончо акча келет. Аны баарыбыз жакшы билебиз. Мен Кыргызстандын патриотумун. Кыргызстан үчүн көп иштерди жасадым. "А сен канча адамдын укугун коргодуң?" десем, бирөөнү айтып бере алган жок. Себеби, булар заказга иштейт. Ошондуктан, мен ачык эле аны "шпион" дедим. Башка бейөкмөт уюмдары да шпион. Себеби, алардын Кыргызстанга пайдасы жок. Эгерде, булар Кыргызстанды мактаса, бирөө да буларга бир тыйын бербейт. Ал эми Кыргызстанды болушунча жамандаса, "азаматтар, иштеп атыпсыңар, Жогорку Кеңешти, президентти, өкмөттү булгадыңар, революция кылдыңар, ушунча адамды өлтүрдүңөр, мына акча" деп бере берет. Динара Ошурахуновага туура эле сүйлөдүм деп ойлойм. Мени колдогондор көп. Ошурахуновага бейөкмөт уюмдары менен бир аз журналисттер эле кошулбаса... Мына мен канча эл менен жолугушуп атам, бүгүн Алайдан келдим, Алайга Кыргызстандын жети дубанынан эл келди, баары "туура кылыпсың" деп айтышты.
- Парламентте коалицияны бузуу боюнча аракеттердин жүрүп жаткандыгы чындыкпы?
- Эми парламентте отургандан кийин көрдүк. "Ата Журттун" бир бөлүгү коалицияга каршы чыгып, соодалашып, коркутуп атты. Бул мезгилде оппозицияда жүргөн "Ар-намыстан" он депутат "коалицияны колдойбуз" деп ал жакка өттү. Бир сөз менен айтканда, бүгүнкү күндө парламентте саясый катуу оюндар жүрүүдө. Бул саясый оюнду ойногондор күчтүү саясатчы-шахматчылар. Ушул оюнда депутаттар пешка болбошун каалайт элем. Пешка болуп, бирөө жеп кетпесе экен дейм. Ошондуктан, ойносок, баарыбыз офицер, пил, ат бололу, бирок, пешка болбойлу.
- Марат Султанов "Ата Журт" кандай болгон күндө дагы "Ар-намыс" менен бирге болобуз деп эркекче кол алышканбыз, булар сөзгө бек турбагандары үчүн коалицияга кирбей койдум" деген. Сиздерде "Ата Журтка" болгон таарыныч жокпу?
- Башында таарыныч болгон. Себеби, биринчи коалицияны болтурбай койгондо "Ата Журтту" "Ар-намыс" колдоп берди. Эгерде "Ар-намыс" колдобосо, биринчи коалиция "Республика", КСДП, "Ата Мекен" болуп түзүлүп калмак. Бирок, бул жерде биз "Ата Журтту" колдогонбуз. Биздин лидерибиз Феликс Кулов "эки фракция бири-бирибизди колдоп атабыз, эки фракция тең президенттик системаны жактырабыз, ошондуктан, бир бололу" деп айткан. Биз сөзүбүздө турдук. Анан эле "Ата Журт" КСДП менен "Республикага" кошулуп кеткенде биз чалкабыздан кеттик. Мындай кадамды "Ата Журттан" күткөн эмеспиз. Анан өз дооматыбызды Феликс Куловго "Булар менен кантип сүйлөшкөнсүз?" деп айттык. "Эми балдар, өзүңөр түшүнөсүңөр да, бул деген саясат экен" деп койду. Азыркы коалиция бири-бирин кыйнап атат. Булар сүйүүсү жок түзүлгөн үйбүлөдөй. Мисалы, күйөөсү аялын, аялы күйөөсүн сүйбөйт, балдары үчүн аргасыз бирге жашашат. Бүгүнкү коалиция дагы ошол эрди-катынга окшош. Бири-бирин сүйүшпөйт, бирок, балдары үчүн жашайт. Себеби, өкмөттү өздөрү түзүшкөн. Булардын баласы өкмөт. Ар бир партиядан министрлер, акимдер кирген. Ошон үчүн бул жакта "брак по расчёту", эч кандай сүйүү жок. Эгерде "Ата Журт" "Ар-намысты" "кидать" этпегенде, таптакыр башка коалиция түзүлөт эле. Биз "Ар-намыс", "Ата Журт", "Республика" биригебиз деп талкуулап атканбыз. Бирок, ишке ашпай калды.
- Азыртан эле президенттикке талапкерлердин саны 20дан ашты. Демек, 2-турга барышыбыз толук мүмкүн экен да?
- Кыргызга 20 деген аз. Кырктан ашат, көрөсүз (күлүп). Мен чындап эле айтып атам. Себеби, кыргыздын ар бири кыйын. Ошонун 25и 30 миң кол чогулта албайт. Кырк кишиден ону 100 миң сом төкпөйт. Онго жакыны мамлекеттик тилден экзамен тапшыра албайт. Ошондо менин эсебим боюнча, көп болсо 10-12 талапкер ат салышат.
- Эгерде 2-турга өтпөй калсаңыз, добуштарыңызды кимге бересиз?
- Экинчи тур сөзсүз болот. Ушул сурооңузду башка талапкерлерге бериңиз. "Атамбаевге добушуңарды бересиңерби же Бакир уулунабы?" деп. Себеби, 2-турга Атамбаев экөөбүз чыгабыз. Анан Алмаз досума "премьердин бийликтик укуктары президентке караганда көп, сен премьер боюнча калып, президенттикти мага бер" деп айтам. Эки дос ынтымакташып, мамлекетти көтөрүү үчүн иштесе эмнеси жаман?

Адинай МАРИПОВА