Ө.Бабановдун атын жамынып, С.Жумабеков пул жасайбы?

Адамдарды дарылап, кунары кеткен биздин саламаттыкты сактоо тармагын колдоонун ордуна, Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков өзүнүн демилгеси, же кимдир бирөөгө жамынып, өлкөдөгү эң ири фармацевтикалык заводду тартып алууну көздөп жаткандай. Өлкөнүн башкы врачынын артында Өмүрбек Бабанов турган жокпу (?) дегендер бар. Анткени, аны "Кыргызстандагы кирешелүү ишканаларды өзүнүн кол алдына алып, экинчи Максим аталып калды" имиштери тараган.

Кыргыз бийлиги "Фармако Групп" заводунун жетекчилигине байланышка чыгышып, 10-12 миллион доллар турган ишканага бар болгону миллион доллар сунуш кылгандыгы жөнүндө алыскы Европага чейин маалымат тарап кетти. "Же миллион, же улутташтыруу!" деген шартты коюшуптур. Улутташтыруу деген шылтоо менен бийликтегилер менчикти бөлүштүрүп жатышканын калктын калың катмары билип калды. Чет элдик инвесторлорго тийиштүү заводду тартып алууга болгон аракет - саясатчылар бийликке жетүүгө жанталашып, кирешелүү компанияларды көзөмөл кылып, капчыгын кампайтуу жагы айтылып эле келүүдө. Алар, курсагынын камын унутпай, шайлоого даярданууга кантип үлгүрүп жатышканы таңгалыштуу.
Башында ортомчулар "Фармако Групп" ишканасынын башчыларына заводду инвесторлор сатып алат деп билдиришкен. Жолугушуудан кийин гана инвестор дегени - биздин чиновниктер, анын ичинде татаал операциялары менен белгилүү болгон министр Сабырбек Жумабеков бар экени маалым болду. Ал кимдин кызыкчылыгын коргоп жатканы түшүнүксүз. Менчиктерди бөлүштүрүүгө байланышкан Бабановдунбу же дагы кимдир бирөөнүнбү? Азырынча айрым саясатчылар президенттик постко жанталашып жатышса, айрымдар өзүнүн байлыгын жана таасирин күчөтүп жатат...
"Фармако Групп" ишканасынын чет элдик кожоюндары апрель революциясынан кийин бийлиги бирөөнүн мүлкүн тартып алуу менен алек болгон өлкөдө ишкердүүлүк жүргүзүү жөнсүз экенин түшүнүп, сатып алуучуларды издей баштаганы бекеринен эмес. Ал эми бул жакта инвесторлордун укугун коргоонун ордуна, жеке менчиктин укугу бузулуп жатат. Бакиевдик байлыкты тартып алышабы, же акчасын, эмгегин, убактысын жана нервин жумшаган инвесторлордун заводун тартып алабы - аларга баары бир.
Балким, биз Бабановду жок жерден күнөөлөп жаткандырбыз. Анда, халатынын алдында жашырган врачтын камкор жүрөгүн гана эмес, сугалак басып алуучулугу сыңарындай (?) Жумабеков моюнга алсын. Же болбосо, он эсе кымбат турган заводду миллон долларга сатып алууну көздөп жаткан "инвесторду" көргөзүп берсин.

Alamankg.org




Баягы эле жоруктар

Бу жоруктар түгөнбөйт сыягы. Моралдык, юридикалык укугу жок туруп, Раушан-Роза Рыкунова-Качиева "Мегаком" уюлдук компаниясына ээ болом деп жулунганын койбоду. Кала берсе жакын адамдарын-"жоокерлерин" убактылуу жоготкону да муну ал жолунан токтотпой турат. Болбосо, биртууган сиңдиси Айнура Сим (кыз кезиндеги фамилиясы Качиева) дагы, эми жолдошу Влад Рыкунов дагы УКМнын убактылуу кармалуучу жайында. Бул экөө уюлдук оператордун кассасынан акча уурдоо боюнча тергелүүдө. Жалпысынан айтканда, атайын кызматтагылардын маалыматына караганда, комсомолдун жана телевидениенин мурунку жылдызы Раушан Юсупова жана анын жакын адамдары

2 млн. доллар акчаны уурдаган деп айыпталууда.
Баягы эле жоруктар! Эгерде Р.Рыкунованы жогорку посттогу бир аткаминер, анан дагы айрым бир маалымат каражаттары кожоюндарынын буйругун аткарып калкалап, сүрөп атпаса, мынчалык билгенин кылып, тайраңдабайт эле да. Аны коргоодо "НТС" жана "5-канал" аябай жан үрөп, активдүү иштеп атышат. Бул каналдар биздин каарманыбыздын жердеши Өмүрбек Бабановго тиешелүү экени жашыруун эмес. Бул вице-премьер-министр "Мегакомдун" чатагы боюнча ишти Жогорку Сот карап, "Альфа Телекомдун" мүлктөрүнүн баарын "БиМоКомго" калтырып, Максим Бакиев басып алардан мурунку абалына алып келип койгондо ачык эле ызылдап чыкпады беле? Башкы сценарист кайра эле Максим Бакиев да. Ал эми Өмүрбек Бабанов, Раушан Рыкуновалар жөн гана аткаруучулар эмеспи. Мындан экс-ханзаада мурунку акча мыкчып турган жеринен кол жуугусу келбей атканы айдан ачык көрүнүп турбайбы.
…"Жогорку Сот "Мегаком" боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алды" деп биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов "24.kg" агенттигине айтып чыкты. Анын айтымында, "бир жагынан буга таң калбай деле койсо болот, анткени, Кыргызстанда апрель окуяларынан кийин реформа болбогон ушул эле тармак калган. Сот кызматкерлеринин баары адилеттик үчүн эмес, кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышат. Өлкөдөгү эң жаман нерсе, сот корпусунун коррупцияга чырмалып калганында". Анын пикирин уксак, Жогорку Сот пара алып, анан ошол чечимди чыгарган имиш. Анда жаздагы чатакты Бабанов мырзанын эсине сала кетсек кантет? Ал "БиМоКом", "Пенвелл" компанияларынын орусиялык акционеринен 50 млн. доллар сурап, анан сот анын тарабына чечип бергенин не дейбиз анда? Ал дагы пара берди беле анда? Бабановдун бул сөзүнө Башпрокуратура дароо жооп берип, ага жана премьер-министрдин кеңешчисине "мыйзамды бузбоо тууралуу" эскертүү берди.
Баягы эле жоруктар! Рейдерлик боюнча чоң киттер аны коргоп аткан үчүн бул айым мыйзамды, элди уруп ойнобой чартаңбай тээп атат да. Бирок, эл баарын билип, көрүп турат. "Адилет" укук клиникасы Бабановдун "Мегаком" компаниясынын айланасындагы чатак боюнча бул кайрылуусуна укуктук баа берүү жагын суранып, Башпрокуратурага кат жолдоду. Бул клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупова вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен премьер-министрдин катчысы Фарид Ниязовдун маалымат каражаттарына чыгып, Соттун чечимине каршы пикирин билдирүүсүнө Башпрокуратура жетекчиси Аида Салянова башкы көзөмөлдөөчү орган катары баа бериши керектигин айтып чыкты.
"Бул кайрылуулары менен жогорку посттогу чиновниктер ошол чечимди чыгарган судьяларды гана эмес, революциядан кийин куралган дээрлик бүт сот системасына көлөкө жабышты. Бул кайрылуудан "Мегакомго" байланыштуу сот ишинде алардын кандайдыр бир кызыкчылыктары бар экенин билүүгө болот" деди Чолпон Жакупова.
Мыйзам чыгаруу бутагынын башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков да бул маселеге аралашып, "Эмне үчүн бүгүн "Мегакомдогу" каражаттар ортомчу фирмалар аркылуу чыгарылып кетүүдө? А эмнеге европалык каражаттар кытайдыкына алмаштырылып жатат?" деп айтканын эске салсак. "Суроолор абдан көп. Бүт иштер тымызын жасалууда. Эгер алар эч ким билбей калат десе, жаңылышат. Билет баары" деп айткан Келдибеков.
Ошентип, "акырын эле бул маселени чечип коебуз" деген ойлору ишке ашпай калгандан кийин, Роза жана башкалар өздөрүнүн болгон тактикаларын колдонуп, атаандаштарына кысым жасоого аракеттенишүүдө.
Баягы эле жоруктар! Жоруктары дагы деле уланууда. Роза-Раушандын эң олуттуу кайрылууларынын бири - "Мегакомго" болгон күрөштө бардык тепкичтеги сотторго акча таратуу боюнча "ачылышы" болду. Эгер окурман парламенттеги ошол стенограмманы жакшылап уккан болсо, ал суммалардан эс-учун жоготот. Анткени, алакандай Кыргызстан үчүн бул сумма өтө эле чоң да. Бул кайрылуунун ага карата жалган жалаа жабуу боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуунун алдында жасалганына көпчүлүк көңүл бурбаса керек.
Анын сөзүнө ишенсек, Роза Кыргызстандагы 30-октябрга белгиленген шайлоонун астында политтехнологиянын сыналуучу полигону болуп жатыптыр. Ал атайын кызматтарды, парламентти жыгып, коомдук пикир түзүүнүн жан алакетинде. Бул максатта ал элдин көзүнө жаш үч баланын апасы, башка бирөөнүн чөнтөгүнө асылбаган, өзүнүн менчик интернет ресурсу бар, анын үйбүлөсүн аңдыган орой эркектерден запкы көрүп жүргөн байкуш болуп көрүнүүдө. Эң оболу Качиева өзүнүн колдоочулары менен бирге адегенде "БиМоКом" компаниясынын, "Мегаком" компаниясынын чыныгы, мыйзамдуу ээси - орусиялык "Пенвелл" компаниясын Кыргызстандан сүрүп чыгарууга аракет кылып жатат.

alamankg.org