Гүлбүбү Ороскул кызы,
ырчы:
"Рух дүйнөсүнөн өзүмдү издеп келем"

Келишкен келбетине шайкеш шаңшыган үнү көп адамды куштар кылган Гүлбүбү айым акыркы үч жылда сахнадан алыстап, такыр эле ырдабай койду. Анын себебин сурап, сырдашып отурдук. Мурда Иманалиева деген фамилияны алып жүргөн ырчы, учурда өзүнүн атасы Ороскулдун фамилиясында.

-Гүлбү айым, чыгармачылыкта бир топ эле тыныгуу кылдыңыз, сыягы, сиз тарапка айтылган ушак сөздөрдөн чарчасаңыз керек?
- Чарчадым деп айтууга болбойт. Бирок, жашоомду таптаза барактан ачкым келди. Башка жашоо менен. Жан-дүйнөмдө кандайдыр бир согуш башталды да, ошондуктан, "аны изилдешим керек" деген нерсе бардыгын токтотту. Ал менен кошо чыгармачылыгым да токтоду. Көрсө, адам мурдагы жашоосу менен жашай бербеш керек экен. Кыргызда "артка кайрыла бербе" деп таамай айтылган. Болбогон нерсеге чарпылбай, жаңы нерсе издейин дедим. Буга кандайдыр бир күчтөр түрткү берди десем болот. Кудай деле издеген адамга ачылат экен. Кудай бизге ошон үчүн сыноолорун берет окшобойбу. "Ушул адам ниетин тазалап, жүрөгүн ачып, мени тааныр бекен" деп. Мен азыр турмушумда болгон сыноолордун баарын жакшылыкка деп кабыл алып, "Кудай, мага берилген сынооң менен сенин жакшылыгыңды кабыл алам. Сен берген сыноолор менен менин көзүм, көкүрөгүм ачылды, көп нерселерди түшүндүм" деп жамандын артында жакшы нерсе жатаарын, адам кыйынчылык башына түшкөндө мүңкүрөп калбай, тескерисинче, бийиктикке умтулуш керектигин билдим.
-Сизди "кыргыз дүйнөсүнө кириптир" деп укканыбыз чын экен да. Муну азыркы айткан жообуңуз да тастыктап жаткансыйт..?
- Ооба. Кыргыз дүйнөсү түгөнбөгөн кенч экен. Бул нерселерди сөз менен айтып түшүндүрө албай, жан дүйнөмдөгү кайнап турган нерсени айтып бергенге сөз байлыгым жетишпей жатат. Бирок, өзүмдүн туюм-сезимимде эмне нерсе экенин билип турам. Кыскасы, бул дүйнөгө кайрылганымдын себебинин түбү тереңде жатат. Кичинемден бери эле касиетим бар экенин үйдөгүлөр айтып калышчу. Өзүмдүн атам 21 жашында, мен 1 жаштан өткөндө каза болуп, апам 20 жашында, менден кийинки биртууганым боюнда үч жарым ай кезинде жесир калыптыр. Ошентип, апам төркүнүнө келип, мен таене-таятамдардын колунда өскөм. Эми, мен жөнүндө алардын айткандарын ачык айтсам, сырдын күчү кетип калат. Мен да өзүм кичинемде кеч кирсе коркуп, ыйлай береримди билчүмүн. Кийин 8-классты бүтүп, борбордогу М.Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайына тапшырдым. Кыздар менен жатаканада жашайбыз. Бир күнү "Иегованын күбөлөрү болобуз" деп кыз-келиндер келди. Мукабасы кызыл китеп көтөрүп алышкан, андан "Бейиште жашагың келеби?", "Адам өлбөй жашаса болот" деген темаларга көзүм түштү. "Баягы мен издеген нерселер ушул китепте турбайбы" дедим да, алардын катарына кошулуп кеттим. Айылдан жаңы эле келген жаш кыз болчумун да. Ал ортодо турмуш куруп, үйбүлөлүү болдум. Анан эле эмне болуп Иисус Христостун жыйындарына барып калганым деле эсимде жок. "Россия" кинотеатрына барып чокунам. Кийин байкасам, тааныштардын баары ошол жерде сыйынып жүрүшөт. "Оо, элдин баары биякта турбайбы" деп эле, "алилуя" деп бир топ сыйынып жүрдүм. Азыр ойлосом, мен ошондо эле өзүмдү таппай, изденип жүрүптүрмүн. Адам изденип отуруп, улам жогорку тепкичке көтөрүлүшү керек экен. Мен ал тепкичке жеттим деп ойлобойм, бирок, беш маал намазым менен бирге бийик нерселерди түшүнүүнүн жолундамын. Намаз деле ошол касиеттерге жеткирүүнүн бир этабы. А негизи адамдын ой менен тилеги жалаң жакшы болсо, окшоштук окшоштукту тартат. Жакшыны ойлосоң, тилесең, жүрөгүң таза болсо Кудай сага жакшылыгын берет. А эгерде оюң арам болуп, адамдарга карасанатайлык кылсаң, ошол нерсе өз башыңа келет. Душманыңды да жамандабай, ага болгону ыйман тиле. Болбосо, аны жамандап атып, анан жаман энергиясын тартып аласың. Себеби, адам өзү магнит сыяктуу келет.
- Кыздарыңыз бой тиреп калыптыр. Кандай тарбия берип жатасыз?
- Кыздарыма мен окуган китептерди окугула деп айтам, бирок кыйнабайм. Себеби, мен китептерден бир топ пайдалуу нерселерди ала алдым. Болот Маматтын "Адам ааламы", Абдымамбет Сариевдин "Жашыл китеби", Зулфия менен Мамырасул Тажиевдердин "Теңир ата" деген аян аркылуу алынып жазылган китеби, Эргешбай Ажыбай уулунун "Рухтар менен сырдашуусу" жана башка бир топ китептери, Ронда Берндин "Секрет" ("Купуя сыр") китеби менин жандүйнөмдүн ачылышына салымын кошту. Ошол китептерден кыздарыма керектүү жерлерин белгилеп, кээде өзүм окуп берем. Биздин үйдө дайыма эртең мененки чайга отурганда жети атабыздан жетимиш атабызга чейин багыштап куран окутуу салтка айланган. Манас атабыздан баштап, кийинки өз аталарыбызга чейин окулат. Кичүү кызым Сезим ишемби күн сайын "Умай тамак" жасайт. Бул тамакты илгери аялдар тилек айтып, эркектерден катып жешкен. Атайын өзүнүн даярдалуу ыкмасы бар. Ошондой эле, кыздарым кыргыздын купуя сырын каткан, оң энергия, күч берген оюуларды кийизден жасашат. Сайма сайышат.
- Кыздарды атасы менен катыштырып турасызбы? Эки кызыңыздын кимиси атасына окшош?
- Элмирбекке (акын Э.Иманалиев - ред. ) "кыздарыңа каралаш" деп кайрылбайм деле. Ал деле өзүнүн үйбүлөсү менен. Мен тарбиялап жаткандан кийин, кыздарым өзүмө эле окшош. Менин тарсылдап, түз айткан эркек мүнөзүмдү кичүү кызым Сезим тарткан. Эркек эмнени кылса, мен ошонун баарын өзүм жасап көнгөн аялмын. А аялга тиешелүү жагымды улуу кызым Айзуура алыптыр. Ал бизге тамагыбызды даярдап, үй ичин жылуу кармаган жагынан тың.
- Сизди дале кайындары менен жакшы мамиледе деп айтышат..?
- Менин кайындарым, өзгөчө кайненем алтын адам. Алар, экөөбүз ажырашып жатканда жаман сөз айтмак турсун, кийлигишкен эмес. Мен да аларга келиндик милдетимди так аткарып бердим деп ойлойм. Ортодогу мамиле мурун кандай болсо, азыр деле ошондой. Себеби, ортодо эки кыз турат. Мен Элмирбектин өзү менен сүйлөшпөгөнүм менен, достору менен да мурункудай эле сый мамиледемин. Эки кызымдын тең ысымдарын аяш аталары койгон. Кичүүсү боюмда бар кезинде, Сыймык Бейшекеев үйгө келип калса эле "качан төрөйсүң?" дей берчү. Анан бир күнү ал келгенде толготуп калып атпайынбы. Элмирбек үйдө уктап жаткан. Сыймык "тур эй, аялың төрөгөн жатса..." десе да, ойгонуп койгон жок. Анан мени төрөт үйүнө Сыймык алып барбадыбы. Ал кезде акчабыз да жок. Сыймык да бирөөлөрдөн сурап, 50 сом карызга тапты. Төрөт үйүнө жаткырганы аз келгенсип, тооктун этин кайнатып, мага үч литрлик эмаль челекке тамак толтуруп ташып жүрдү. "Ким төрөлсө да, атын мен койом" деп жүрчү Сыймык. Үйгө чыгарып барганда "Сенин атың Сезим" деп кызыбыздын кулагына шыбырап, анан бизге "аты Сезим болсун" деп айтты. Сыймык да кыргызчылыкты кыйын түшүнгөн адам да. Ал эми улуу кызыбыздын атын Айзуура деп "Учур" театрынын актеру Илимбек Калмуратов койгон. Мунун да өзүнчө тарыхы бар.
- Достордон куралган "Достор" тобу сизди "кайра топко кайтып келди" деп сүйүнчүлөштү?
- Чынында мен кыздарга абдан ыраазымын. Кыздар деп айтканым да болбос, алар менин эжелерим. Гүлзат эже (Байзакова - ред. ) чыгармачылыкка аралашып баштаганымда абдан жардам берди. Турмуштан ажырашканда да "Достор" тобу көп колдоо көрсөттү. Алар менен той, концерттерге чыгып алаксыдым. Азыр алар алдаканча алдыга кетишти, жаңы ырларды жаздырышты, жаңы формаларды тиктиришти дегендей. Ошондуктан, чынын айтсам, мен азыр да чыгармачылыкка баш-отум менен толук кирише элекмин. Ага да убакыт керек. Ошентсе да, акырындан кийимдерди тиктирип, Асанкалый Керимбаев, Сагынбек Момбековдун ырларынан алып, жаздырып жатам.
- Мурунку жолдошуңуз Элмирбек Иманалиевдин калеминен жаралган "Аруузатым" деген ырынан "Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмдөн, / Бир заматта ойрон болду дүнүйөм..." деген ыр саптары экөөңүздөрдүн тагдырга тийиштүүдөй сезилет..?
- Өткөндө бул ырды Аскат (ырчы А.Мусабеков - Э.М.) ырдап жатканын телевизордон көрүп, Элмирбектики экенин билген эмесмин. Бирок, негедир сөздөрү, обону кулагыма тааныш угулуп, кыздарыма "Мобу ырды мурун атаң ырдап жүрчү эле" дегем. Демек, ажырашкандан кийин эмес эле, мурун чыгарган. Кеминде 7-8 жылдын жүзү болду. Үйдө эле комузун алып, боздоп ырдап отурчу. Элмирбектин 4-5 ыры гана эл оозуна алынганы менен, дагы далай обондору бар. Мен "кайсы ырыңды кимге, качан жаздың эле" деп бир да жолу сурап, тынчын алган эмесмин. Ойлосом, анда баео экенмин. Ал чыгармачылыкта эркин болчу. Андыктан, бул ыр бизге тиешелүү эмес.
- Талантын сыйлайсызбы?
- Талантында кеп жок.
- Балким экөөңүздөрдүн сүйүүгө көз тийди?
- Ошентип айтышат, бирок, бул да Кудайдын буйругу да. Ортодо ар кандай нерсе болду, балким жаштык кылдык... Экөөбүз келишпей калганда, "демек, Кудай мени башка нерсеге буюруп атат" дедим да, келечегимди башка жолдон издеп кеттим. Кудайга шүгүр, азыр бактылуу жашоодо жашап атам.
-Азыркы турмушуңузга да токтолуп кетсеңиз?
-Элдер мени "экинчи аял болуп тийиптир, үчүнчү аял болуп тийиптир" деп айтышат экен. Эл оозунда элек жок. Эч кимге барып актанбайм же мактанбайм. Мен азыр Кудайдын кайсы жолу туура делсе, ошол жолдо келатам. Эгерде эл "турмушка чыккан" деп ойлошсо, демек, менин никем бар. "Турмушка чыга элек" дешсе, демек менде
эч ким жок. Эң негизгиси, мен бирөөнүн экинчи же үчүнчү аялы эмесмин.
- Дегеле аял менен эркектин ортосунда кандай мамиле үй-бүлөнү сактап калат деп ойлойсуз?
- Аял менен эркектин ортосунда сүйүү балбылдап жана бербейт экен. Анткени, көртирлик сүйүүнү жууп кетет. Ошондуктан, сүйүү менен баш кошуп, анан кийинки турмушта бири-бирин түшүнүп, максатташ, тилектеш болуп, эки жактын тең келечекке болгон каалоолору бир болуп жашаганда гана үйбүлөнүн тылы бекем болот деп ойлойм. Бирок, ал-бул дегенибиз менен баардыгы буйруктан экен. Болбосо, эч кандай максат, тилек, бири-бирин түшүнө билбеген адамдар деле бир үйдөн түтүн булатып жатышат.

Эльмира Мадиева