"Дасмияда" көңүл сергиткен кече...

"Дасмия" эс алуу борбору барган сайын кеңейип кыргыз жыттанган, улуттук колоритти сактаган, чыныгы эс алуучу жайга айланып баратканы маалым. Бул жолу биз да аталган борборго баш багып, май айынан бери эс алуучулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп атканына күбө болдук. Тактап айтсак, ар аптанын бейшемби күндөрү "Дасмиянын" эс алуучулары "Эне-Сай" тобунун 37 аспапта ойногон философиялык чыгармаларына, кылым карыткан кыргыз күүлөрүнө жана дүйнөлүк классикалык музыкасына арбалып, ачык асман алдында мыкты эс алып атышыптыр. Биз барган күнү эс алуучулардын арасында Түркиянын Анкара шаарынан келген өкүлдөрү, казак элчилиги жана Женевадан келген меймандар бар экен.


Курмангазы Азыкбаев, КР Эл артисти: "Атамбаевге кресло эле керек тура"
- Курмангазы мырза, ачык асман алдында, "Дасмиянын" сахнасында концерт берип атканыңыздын себеби кандай?
- Бул долбоор май айынан бери иш жүзүнө ашып келатат. "Дасмиянын" кожоюну Турусбек Мамашев менен кеңешип, "элдер жакшы маанайда кыргыздын эски классикаларын, улуттук колоритти сактаган эски аспаптарын, залкар инсандардын, композиторлордун күүлөрүн, обондорун укса экен" деген максатты койгонбуз. Себеби, бүгүнкү күндө ресторан, кафе-барларда философиясы жок дүңкү-дүңкү ырлары жаңырып калды. Ал эми бул жерде философиясы бар, элдер өздөрү каалап уккан чыгармаларды жандуу ойноп, андан сырткары, бир эле кыргыздын улуттук аспаптарын тааныштырбастан, "дүйнөлүк классика, джаз, эстраданы бүт камтып, элге тараталы" деген ойдо иштеп баштадык.
- Элдер кандай кабыл алууда, балким, жалпы элге толук маалымат жетпей аткандыр?
- Андай болушу мүмкүн. Себеби, биз концерт берген сыяктуу көчөгө афиша чаптап, теле-радиодон жарнама берген жокпуз. Болгону, "Дасмияга" келген эс алуучулар бул концертке күбө болуп атышат. Алгачкы күндөргө салыштырмалуу биринен-бири угуп келгендер көбөйдү. Чет мамлекеттен келген меймандар, элита эли басымдуулук кылып атат. Биз 108 мамлекеттин музыкасын ойногондуктан, чет элдиктер өздөрүнүн тилиндеги музыкаларды угуп алышып, абдан ыраазы болушууда. Өкүнүчтүүсү, дагы деле болсо, канчалаган керемет музыкаларды элге жеткире албай жатканыбызда.
- Эмне үчүн жеткире албай атасыздар, Улуттук Филармония, Спорт ордосу өңдүү жайларга концерт берсеңиздер болбойбу?
- Болот. А бирок, филармония өз арендасын алтымыш миң сом кылып койду. Бул туура эмес. Азыркы базар экономикасында элдер ачка болуп, тишинин кирин соруп турган кезде, кыргыздын ички руханий дүйнөсүнө көңүл бурулбай калды. Маданият үйлөрүнүн жетекчилери бизге жардам бергендин ордуна, бизден сыгып алып атышат. Бирдеме десең, "алып кел акча" дешет. Акчаны алганга жараша же ремонт кылышпайт. Филармониянын астындагы комуз оңдоочу жай бар болчу, анын баарын сатып жиберишиптир. Азыр кадр маселесин президент дагы, Атамбаев дагы караган жок, буларга эптеп эле кресло керек экен. Кресло негизи адамды бузат, эл башкаруучуларыбызда уят-сыйыт жок болуп калды. Кокус, булар биртуугандарынан ажыраса, бир күн ыйлап, тынчып калышат, а эгер креслосун жоготсо, инсульт-инфаркт болушат.
- Алдыда президенттик шайлоо болгону турат. Талапкерлерден "мага иштеп бер" деген сунуштар түшүп атабы?
- Эки лидерден сунуш түштү. Алардын кимдер экенин айтпай турайын. Ички дүйнөсү, сүйлөгөн сөздөрү мага жакса жардам берем. Антпесе, креслого отургандан кийин баарын унутуп, элди ойлобой атышпайбы. Эң биринчи орунда Кудайды сүйгөн, экинчиден, руханий жактан бай, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын билген, аң-сезими күчтүү, кыргыз деп күйгөн, Манас атабыз менен сыймыктанган чыныгы патриот адамды шайлап алышыбыз керек. Мунун баарын ойлобосо, кыргыз эли жок болуп кетет. Ошон үчүн Акүй, Көкүйдөгүлөргө "ойгонгула, жүрөгүңөрдү ачкыла, кадр маселесин сынак өткөрүп, профессионалдарды тандап алуу менен чечкилечи" деген ичимдеги бугумду, аларга болгон таарынычымды айтат элем. Эгер мени менен "жекеме-жеке чыгам" дешсе, чыгып туруп жети атасына чейин жеткирип, уят кылып, бир-эки суроо менен жеңип коем.
- Бийликтегилерге бугуңуз күч экен, "саясатка аралашайын" деген оюңуз бар го?
- Мага саясаттын кереги жок. Бирок, айла жок аралашат экенсиң. Элди эч ким ойлобой калды. Кайда барба, өздөрүнүн тууган-туушкандары, тайке-жээн, бөлөлөр чогулуп, кызматтарды бөлүшүп атышат. Ушул жерден дагы баса белгилеп айткым келет, өнөр адамдарын, Кыргызстандын туусун дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандарды мамлекет колдош керек эле. Путин, Жириновский "человек-оркестр" деп чуркап келип, мага эки колдоп салам берет, Медведев менен таанышканда, аспаптарымды көрүп, "жаратылыштан чыккан аспаптар экен, муну баалаш керек" деп таң калган. "Колдо бар алтындын баркы жок" болуп атат, Кытайда 37 аспап жок, Улуу Россия делген менен, аларда да мынча аспап жок. Кичинекей 3 миллион кыргызда ушундай аспаптарды колдонуп атабыз. Нурсултан Назарбаев "аспаптарды алам, бирок, аттарын казакча которуп койбойсуңбу?" деп айткан. "Анда мени арбактар уруп кетет" деп чемоданымды көтөрүп келе бергем. Мамлекет биздей болгон күчтүү музыканттарды колдонуш керек эле, тескерисинче, биз сыртта, ресторандарда жүрөбүз. "Музыка терапиясы" дүйнө жүзүн курчап алган, биз ошого жетпей атабыз.
- Чет мамлекетке чакыруулар байма-бай болуп турса керек?
- Жакында эле Малайзия, Сингапур, Индонезияга барып келдим. "Эне-Сай" тобун чет мамлекеттегилер интернет аркылуу таап алышат. Мен музыка чөйрөсүнүн баардык тармагында иштедим, менде багаж көп. Ошон үчүн бизди "Музыкалык киллер" деп атап коюшат. Себеби, бизди башка оркестрге кошуп койсо дагы, ойноп кете беребиз. Кечээ жакында эле Түштүк Кореяга чакыруу алдым. Буюрса, кыргыздын философиялык музыкасын жаңыртып, кыргыз аспаптары менен тааныштырып келем.
- Үйүңүзгө музей ачканыңызды уккан элем. Ал жакта иштер кандай болууда?
- Бул музейди мамлекет ачыш керек эле, бирок, өзүм ачып отурам. Үч жыл мурда үч кабатуу үйүмдүн биринчи кабатын музей кылып ачып, кыргыздын теңирдеги, мусулман дининдеги аспаптарын бөлүп, жайгаштыргам. Келген конокторго тааныштырып, ата-энеси жок жетим балдарга бекер сабак беребиз. Андан сырткары, чет өлкөдөн келген волонтерлор "улуттук аспаптарыңардын касиети бар экен" деп өздөрү кызыгып, үйрөнүп атышат.

Нурайым Азыкбаева, "Эне-Сай" тобунун көркөм жетекчиси: "Күйөрмандарыбызга жакшы шарт түзүлдү"
- Нурайым, "Эне-Сай" тобунун көркөм жетекчиси болупсуң. "Дасмия" менен биргеликте уюшулган концерттин таасири тууралуу айтып берсең?
- Турусбек Чукушевичтин сунушу боюнча өтүп аткан "Эне-Сай" тобунун концерти, буюрса, августтун аягына чейин созулат. Бүгүнкү концерттен кийин 20 күнгө эс алууга чыгып атабыз. Себеби, атам Түштүк Кореяга чыгармачылык сапарга барат. Ар бейшембиде салкын абада, жайыл дасторкондун үстүндө даам таткан меймандар биздин репертуарыбыз менен кенен таанышып атышат. Бир жагынан өзүбүзгө да пиар, тажрыйба болууда. Экинчиден, концертке жетишпей, келе албай калган күйөрмандар, жалпы эле биздин музыканы уккусу келген элдер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп атат. Көпчүлүгү атамды тааныганы менен, бизди тааный беришпейт. "Эне-Сай" тобу көбөйгөн турбайбы" деп бизди көрүп, талантыбызды баалап аткандар бар.
- Азыр "Эне-Сай" тобунда канча адам бар?
- Топто жалпы он беш адам бар. Көбүнчөсү 14-16 жаштагы кыздар. Үч кызым скрипкада, пианинодо ойнойт, учурда вокалга барып, ырдоо менен иштеп атышат. Байкем Нургаазы, иним Нурсултандан сырткары, кичүүбүз Бексултан да бизге кошулуп, чыгармачыл чөйрөгө аралашууда. Өзүм болсо жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп атам. Аранжировщик Азамат Такырбашевдин сүйүү тууралуу жаңы ырына текст тандап аткан кезим. Буга чейинки жалпы репертуарымдагы чыгармалар 1500гө жакындап калды. Жакында "жалаң гана ырларымдан турган жаңы альбом чыгарайын" деген планым бар.