Кыргыз айымдары сынакта
2011-жылдын 8-9-октябрында Ноокат районунда Курманжан Датка жылынын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулаймановдун колдоосу менен элдин сыймыктуу баатыр кызы, мамлекеттик ишмери УРКУЯ САЛИЕВАНЫН 100 жылдык юбилейине арналган республикалык кыз-келиндер арасында ыр сынагы өтөт.

Ыр сынактын жалпы Жобосу
Адамзат аң-сезиминин айкын таза күзгүсү, руханий байлыктардын көрөңгөлүү уюткусу болгон улуттук маданиятыбызды өркүндөтүү максатында салттык музыка жана фольклор, эстрада жанрлары боюнча ЫР сынагын уюштуруу менен жаңыдан чыгып келе жаткан жаш таланттарга, өнөр жолун аркалаган өнөрпозчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Өнөр сынагынын өзгөчөлүгү, мамлекетибиздеги аялзатынын ролун жогорулатуу, эл арасындагы таланттуу айымдардын чыгармачылыгын даңазалоо аркылуу жаш муундарды, кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын, анын ичинде салттык көркөм-өнөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Ыр сынагынын максаты:
1. Эл-жерибизди, мекенибизди сүйүүгө, рух-дөөлөттөрүбүздү сыйлоого, элдин сыймыктуу баатыр кызы, мамлекеттик ишмери Уркуя Салиеванын элесин түбөлүк сактоого, жаштарды мекенчил атуулдук духта тарбиялоого чыгармачыл гүлазык болуп берген өнөрлүү айымдардын чеберчилигин жогорулатуу жана өнүктүрүү.
2. Республикадагы жалпы маданий-массалык иш-чараларды жандандыруу жана элдин эстетикалык мүдөөсүн канааттандыруу менен маданияттуу эс алуусун уюштуруу.
3. Жаратуучулук өнөрдү өркүндөтүү, аткаруучулук өнөрдү жогорку деңгээлге көтөрүү, көркөмдүк деңгээлин өстүрүү жана аларга колдоо көрсөтүү.
4. Жаштардын табитин чыныгы музыкага, нукура элдик салттык өнөргө тарбиялоо.

Ыр сынагынын талаптары
1. Чыгарманын мазмуну.
2. Аткаруучулук чеберчилиги, тактыгы.
3. Чыгарманын аткарылышынын уккулуктуулугу.
4. Сахна маданияты, кийимдердин салттуулугу жана саркечтүүлүгү.
5. Аткаруучунун кыймыл-аракети, ийкемдүүлүгү.
6. Жогорку техникалык табылгалар (жаңы боек, жаңы түр).

Уюштуруу комитети
Уюштуруу комитети өнөр сынагынын демөөрчүлөрүнөн, уюштуруучуларынан, Уркуя Салиеванын урпактарынан жана жергиликтүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.


Катышуучулар
Ыр сынагына тандоо сынагынан өткөн Кыргыз Республикасынын булуң-бурчунан, эл арасынан чыккан мыкты үнү бар, ырга шыктуу 30 жашка чейинки кыз-келиндер катышат.

Калыстар тобу
Калыстар тобун Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы аныктайт.


Калыстар тобу ыр сынагын өткөрүүнүн тартибин, принциптерин, өткөрүү учурундагы бардык маселелерди чечет.

Ыр сынагын өткөрүү тартиби
Ыр сынагына катышуучулар Ош жана Бишкек шаарындагы сынакты өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитеттерине атайын кат менен кайрылышат жана күн мурунтан белгиленген тандоо сынагына катышышат. Тандоо сынактары Ош жана Бишкек шаарларында 2011-жылдын 16-17-сентябрларында ал эми, өнөр сынагы ушул эле жылдын 8-9-октябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлөт.

Сыйлыктар

Салттык музыка жана фольклор жанры боюнча:
o Баш байге
- "S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы.
o Биринчи орун
- 100 000 (жүз миң) сом
o Экинчи орун
- 60 000 (алтымыш миң) сом
o Үчүнчү орун
- 40 000 (кырк миң) сом
- Кызыктыруучу сыйлыктар

Эстрада жанры боюнча
o Баш байге
- "S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы.
o Биринчи орун
- 100 000 (жүз миң) сом
o Экинчи орун
- 60 000 (алтымыш миң) сом
o Үчүнчү орун
- 40 000 (кырк миң) сом

Мындан тышкары, кызыктыруучу сыйлыктар каралган.

Эскертме: ыр сынагына тиешелүү бардык суроолор менен Бишкек шаары боюнча (0312) 66-50-39, 0552 08 23 22, Рыскулов Илязга, Ош шаары боюнча (03222) 8-55-86, 0777 58 00 83 Жоробаев Жоомартка жана Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз кaрандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясына (0312) 900-443 телефондоруна кайрылыңыздар.