Азиз Турсунбаев мыкты жигит. Мыктылар эч качан жерде калбайт. Эми Жалал-Абад эли аны сыйлап, көккө көтөрүп алышарына көзүм жетет.


7167. Азыр дүжүр чалдар жоголду го десем, бар экен. Жуматай ата, сиз азыр 86 жашта экенсиз. Сиз азыркы президент, өкмөттү мактаганыңыз, бул дүжүр сөзүңүз. Ал эми Жылдыз Жолдошевага асылганыңыз болбойт. Жуматай ата, андан көрө жаштарга акыл үйрөтүп, кеңеш бериңиз.
2102 абоненти

7168. Эмнеге эле Ташиевди жактайсыңар, түшүнбөйм? Көчөдөгү көпкөн балдардай болуп, мушташтан башы чыкпайт!
4061 абоненти

7169. Сен гүл, мен аары. Сен оору, мен дары. Сен сим карта, мен сотка. Бербеймин сени башкага! Клара, бул саптарды сага арнадым.
Мунар

7170. Дос катары ыймандуу, ичпеген, чекпеген, ички дүйнөсү таза балдар менен таанышам. Атым Клара.
Тел.: 0779-66-08-36

7171. "Өзбекстандын чекарачылары ары-бери өткөн кыргыздарды атып өлтүрүп жатат" деп бир кабарчы гезитке жазыптыр. Ушу чынбы? Анда өзбек эли өзүнүн түпкү атасы кыргыз экенин билбесе, аларың маңкурт экен. Улуу Кыпчак жерин кайсы келесоо Өзбекстан деп атады экен? Эми Өзбекстанда чатак чыкса, көп улуттуу жер бир паста быт-чыты чыгып, Өзбекстан жок болуп, жоюлуп кетерин оюна алышкан жок. Өзбектер! Ал жакта 8 миллион кыргыз, 6 миллион тажик жана казак эли жашаарын эч качан унутпай жүргүлө!
Илбирс

7172. Элди ойлогон, элди колдогон жалгыз эле "Учур" гезити! Эми эл-журт, баарыбыз "Учурду" колдойлу. Жанагы 1 000 000 сомго туура эмес жыгып берген судьяны, сотту эми биз соттойлу.
0194 абоненти

7173. Сүйлөшкөн кызым бар. Кыздар менен дос катары таанышам.
Тел.: 0779-00-95-38

7174. Биринчи сүйүүмдү арнадым сага, биринчи сүйгөнүм сен болдуң мага. Менин сүйүүм таза сүйүү, таза сүйүүмдү кор кылбай таза карма, суранам сенден Венера. Жаным, мен сени түбөлүк сүйөм!
4465 абоненти

7175. Жуматай Жээнбаев деген аксакал Отунбаева менен Атамбаевди Таласына алып барып президент кылып алсын.
6628 абоненти

7176. Ат-Башы районунун тургундары мамам Сакийге, эжем Ырыскүлгө, жээним Азаматка, кызым Айдайыма бул дүйнөдө болгон жакшылыктарды каалайм.
Бактыгүл

7177. Менин атым Нурик, жашым 30да. 25-35ке чейинки жогорку билимдүү, жалгыз жашаган бай кыз-келиндер менен таанышам.
Тел.: 0700-86-73-98, 0771-18-39-70

7178. Камчысы катуу Ташиев президент болуп шайланат. Бийлиги таштай бекем болот. Паракор менен кылмышкер тутулуп, өлкөдө тартип орнойт. Саткындар менен чөөлөрдүн беттери ачылып, катуу жазаланат. Кыргызстанды Кыдыр жылоолоп, эки жыл ичинде гүлдөйт. Эл сүйгөн Кыргызбашы атыгат. Ташиевди колдойлу!
Баргы

7179. Жалал-Абад облусуна караштуу Каду айылында жашаган атам Шакирдин өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Дайым биздин бактыбызга апам экөөңүздөр бар болуңуздар!
Алтынай

7180. Салам "Учур", силерге чоң рахмат, ийгилик каалайм. Мен Тогуз-Торо районунун Карл Маркс айылында жашап жаткан сүйүктүү чоң энем Берметке узун өмүр каалап кетмекчимин.
Клара

7181. Бийликти кандуу төңкөрүш менен алган Убактылуу бийлик, силер эң негизги суроого жакында жооп бересиңер. 7-апрелде биздин азаматтарга психотропный заттарды берип коюп, өзүңөр түрмөгө жашынып качкансыңар!
Азамат

7182. "Кыргызтүз Жаса" китебиндеги "Христианство, Харе Кришна, Буддизм кыргыздан тараган" деген сөздүн чечмелениши бар. Себеби, кыргыз элинин тарыхы, руху, духу, өзөгү болгон Манасты еврейлер "биздики" деп, Иеговага кыргыздарды киргизишип, ачык эле окутуп жатышат! "Манас Жакыптын (Яковь) баласы, кыргыздар еврейлердин жоголуп кеткен бутактары" дешип. Бул китеп ушу маселеге жооп. Биз кимбиз? Маалыматты терең талдап, ойлонуп көрүү керек. Ал эми китептин автору өтө кылдат, так жообун тапкан жана кагазга түшүргөн. Мисалы, өврейлер Библияны тарых деп айтышат. Куранды Кудайдын сөзү дешет. Ошол эле учурда еврейлер Манасты тарых дебестен, бир гана "эпос" деген сөз менен өлтүрүшкөн! Эпос деген сөз - жомок.
Улутман

7183. Эй, Ташиев! Деги сен падыша болсоң мурдумду кесип берейин. Сенден жакшы "боксербек" чыгат. Муну ачык айтыш керек!
9098 абоненти

7184. Адаханга таң кала берем, падыша болом деп жүрөт. Эй, сенин тилиңен башка эмнең бар? Ай чунагым, жөн эле жүрчү! Бутка илешпесең боло. Мен сени багып алганга кудуретим жетет.
9098 абоненти

7185. Жалал-Абад шаарында учурда жашап жатабыз. Туулуп-өскөн жерим - Тогуз-Торо. "Туулган жердин топурагы алтын" дегендей, киндик каным тамган жеримди сагындым.
0836 абоненти

7186. Айкөл Ала-Тоо баатырларына даңк жана таазим!
3909 абоненти

7187. Акылбек Жапаров, сенин бизге акыл үйрөткөнгө кандай акың бар? Сендейлерди, орусча айтканда, "баран" дешет. Же андай эмеспи, өзүң айтчы?
3909 абоненти

7188. Эй, Бекназаров, сенин көчүгүң жер жыттабады го. Таласка барып 1 гектар фасоль айдап, аны багып, түйшүгүн тартып көрбөйсүңбү? Менимче, сенин колуңдан кокон тыйын келбейт.
5390 абоненти

7189. Ахматбек Келдибеков! Сен кайдан чыккан машаяксың? "Эликте" деп кайсы чоң атаң сүйлөчү эле? Нака сарт эмессиңби? Анча-мынчаны ойлонуп сүйлөсөң!
Опузабек

7190. Бабанчик, сен атаңдан өткөн суу куйду окшойсуң. Таласта аксакалдар сени "суу куйду-2" деп жаңы ат коюшту. Куттуктайбыз!
Азан чакырма

7191. Чыныгы баатырлар "Айкөл Ала-Тоо" коомунда. Буга ишенип койгула. Жарадарлар, аман болгула!
8606 абоненти

7192. Өкмөт башчысы медиктердин айлыгын май айында жыргатып көбөйттү эле, июнь айы кыйратып бюджетте акча жок дегенсип салды. Муну кандай түшүнсөк болот? Элди алдаганды качан токтотосуңар?
Дари Мед

7193. Кырктагы жигит кыз алат, кырктагы кызды ким алат?
Улутман

7194. Бакиевдин убагында предпринимателдерди жарым жылда бир жолу налоговыйлар текшерчү. Анда да башпрокуратуранын уруксаты менен. Азыр болсо, ай сайын саны жок текшерүүдө. Шефтери "качан кааласак, ошондо текшере беребиз, прокуратурасыз эле" дешет.
Эламан

7195. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы досторум Айкага, Периге, Нартажыга, Данагүлгө чоң салам жолдойм. Ар дайым бар болгула!
Кумаргүл

7196. Жан досум, элдин муңун билесиңби?
Жан тартып жардыга баш ийесиңби?
Эгер мен элим үчүн күрөш ачсам,
Жандап сен мени менен киресиңби?
Шер

7197. Эй, Жапаров! Таластагы ыйлаганың эсиңен чыгып кеткен окшойт? Эми бир жолу Таласка келсең, бир көзүңөн кан, бир көзүңөн жаш агызам!
8606 абоненти

7198. Мен "Кел-кел" романын кызыгуу менен тажабай көп жолу окудум. Эң сонун чыгарма. Бирок, бир ката жери, Шабдан баатыр Түндүк менен Түштүктү бириктирүү максатында Курманжан даткага жуучу болуп барганы - бул туура эмес. Датка энебиз беш маал намаз окуган пакиза адам болсо, Шабдан баатыр да динден түшүнүгү бар таза адам болгон. Датка энебиз баатырдан 30 жаш улуу болгон. Ошондо кырдаалга карап балдарына, неберелерине кудалап койсо болмок.
Шер

7199. Ташиев менен Мадумаровдон башка президентке татыктуу эч ким жок.
Шер
7200. Улуу кыргыз элим! Кыргыздын ырыскысына кол салып, өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн түзгөн келишимди беттерине кармап алышып, Кумтөрдү тоноп жаткан жөөттөрдү жана дагы аларга жардам берип, жугундуга тойгон итке окшогон аткаминерлерди Ысык-Көлдүн тегерегинде жайгашкан жөнөкөй кыргыздын атуулдары кубалап чыгышып, Кумтөрдү 100% мамлекетке өткөзүп беришет. Азыркы өкмөттүн жүзү кандай болоор экен? Же "эл аралык келишим туура болчу" деп чыгышабы?..
5777 абоненти

7201. Балдар менен таанышам.
Тел: 0778-36-08-28

7202. Самсаалы Четинбаев супер саясатчы!
1878 абоненти

7203. "Ата-Журт" - Ата-Жут партия, баары тең жут!
1076 абоненти

7204. Ташиев президент болсо, кыргыз дагы оңолбойт. Анткени, ал кыргыздын ырыскысын эчак жеп салган. Ал тойбойт, дале жей берет.
5314 абоненти

7205. Элмырзам, Элбегим, Шириним, бактылуу болгула! Мен силерди жакшы көрөм.
Апаңар

7206. Элзада кызым, сен менин берметимсиң го! Бактылуу бол, садагам!
Апаң

7207. Текебаев, сенин бетиң бетон экен. Конституция жазам деп, Орусия менен Германиянын конституцияларын көчүрүп, кыргыздарга уруп жибердиң. А эми болсо, президент болом дейсиң. Эл сени түлкү деп бекеринен айтпаса керек.
Эржан

7208. Эй Баргы, угуп тур! Келдибеков катынын башкара албаган, Кыргызстанды башкара алмак беле? Ал эми Мадумаров, Султанов, Осмонов, Бекназаров, Түлеев, Ташиев деген "коррупционерлердин" бирөө-жарымы кокус президент болуп калса, айрыкча Ташиев, анда ал Бакиевден эч айырмасы болбойт. Ошондуктан, биз 7-апрелде каза болушкан 87 баатырдын жакындары, андан сырткары апрелде жаракат алып каза болгон 11 жигиттин туугандары, ошондой эле 306 баатыр жана ар кандай жаракат алган 1600 эр-азаматтар, революцияны ишке ашырган 30-50 миңдей эл буларды кууп чыгат. Бакиевдин артынан айдайт. Азырынча билинбегени менен, убагында көргүлүктү көрүшөт. Ушуну түшүнбөй жатышат окшойт. Эми биз 100 адам эмес, буларды кууп чыгууга 500 адам өмүрүбүз даяр.
7-апрель баатырлары

7209. Кыргыздар жыргабай калдык. Ишенген кожолорубуз мыйзамды бузуп, уруп ойнобой, сайрандап жүрүшөт. Бир жылдык жумушчу күн болмоюнча, отпускага чыгууга болбойт да. Ага карабай 7 айдын ичинде эки жолу эс алууга чыгып, чардап эс алып жүрүшөт. Же кыйратып эле салсачы! Ошол эле убакта карапайым эл талаада же базарда тытынып иштеп жүрөт. Өйдө жактагыларга салык төлөш үчүн.
0768 абоненти

7210. Аткаминерлер дейбизби, чиновник дейбизби, силер эл үчүн качан иштеп бересиңер? Силер үчүн элиңер жанталашып иштеп жатат. А силер болсо, жанталашып эс алууга шашасыңар. Муну кандай түшүнсөк болот?
0768 абоненти

7211. "Учур", сени сагындым. Апам алдырбай койду. Эшимкановдун эзилгени ("Министрдин махабаты") бүтсүн деп. Чын эле кимге кызык, билбейм? Жан эргиткен сөздөр түгөнүп калгансып.
Бек, Нарын

7212. Асланбек мырза! Сиз эки бет СМСке орун бердиңиз. Ылай сөздөрдөн ырахат аласызбы? Окурманыңарды маданиятка үндөсөңөр боло!
Бек, Нарын

7213. Сүйөм сизди сүйгөнүмдү
билбейсиз,
Кайгы тартып жүргөнүмдү сезбейсиз.
Бирок жаным мага дагы табышмак,
Кимди сүйүп, ким жөнүндө эстейсиз.
8496 абоненти

7214. Казактар Каркыранын ордуна Таласка жер кошуп берди. Атамбаев кыйын болсо Үзөңгү-Куушту кайтарсын. Же Путин "ушинтип элиңди алда" дегенби?
6628 абоненти

7215. Азыркы абалга эл өзү күнөөлүү. Бакиевди кетириш Путиндин максаты эле. Эми шайлоо менен эл дагы өзүн талкалаганы отурат. Президентке мен кыйынмын дегенди 1 жылга убактылуу шайлап сынап көрбөйлүбү? Андан аркысын көрө жатарбыз...
9662 абоненти

7216. Темирбек Асанбеков чыныгы патриот адам! 2010-жылдагы окуяларды көрүп, ыйлап, биякка келди!
Айжан

7217. Айланайын Айка! "Ата-Журттун" балдарын эле мактайсың. Бакиевдин убагында ушинтип сүйлөй алчу белең? Ошолор Бакиевдин убагында ким болгонун эскерте кетейин. Келдибеков - башкы салыкчы, Ташиев - ӨКМ, С.Жапаров - коррупцияга каршы комиссар, Түлеев - мэр, Н.Сулайманов - транспорт министри болушкан. Мына ушулар убагында эмнени кыйратышкан? Максимден коркуп "ооба, ооба, тооба, тооба" деп жүрүшчү. Убактылуу өкмөт "люстрацияны" декрет менен кабыл алып койгондо, азыр буларың депутат болбой, биз таза багылбай калмак экенбиз да самсаалап. "Ата-Журттан" депутат болбосо, өлмөк экенбиз да?
ОРТ, Токтогул

7218. Бизде эмне көп? Жардам күткөн мунжу көп. Иш таба албай ишсиз жүргөн бомж көп. Арак үчүн тез жалданган акын көп. Ашты ойлобой айылчылаган катын көп.
Күйдүмчок

7219. Кыздар, чалгыла, таанышалы, дос бололу. Өзүм Таш-Көмүрдөн болом.
Тел: 0773-43-44-46

7220. Нурия, Көлгө эс алгың келип, өзүң капчыктуу эркекти издепсиң. Эркектердин акчасына көз артып, булгап, арам иштерге түртүү максатың болсо, анда сен сойку окшойсуң? Сен капчыктуу эркекти эмес, капталдуу эшекти изде. Арам жүрүү, арам жерин жууган сууну ата-энесине чай кылып демдеп берүү менен барабар. Ошону түшүнбөгөн маңкурт өңдөнөсүң? Сени табылгы камчы менен тарбиялоо аздык кылат.
Импотент

7221. Ташиевди жиним сүйбөйт. Мен Атамбаевди сыйлайм. Ал эмгекчил жигит. Көрө албагандар айтчу сөзүн айта берсин, эшектер.
1565 абоненти

7222. Ташиев, сен президенттикке татыктуу эмессиң. Мына, Атамбаев татыктуу. Мен Алмаз байкени сыйлайм.
1565 абоненти
7223. Пенде, сага айтпадым беле акылың кирди-чыкты деп. Сенин баардык сандырак СМСтериң мага эле эмес, башкаларга да жакпайт. Катуу айтсам кечирим сурайм.
Агент 007

7224. Темир Сариев Чүйдүн мыкты жигиттеринин бири. Акылы толуп турган кези. Бир гана кемчилиги - М.Эшимкановдун азгырма ойлоруна алданып калат. Эгер бу жолу Мелиске жакындабаса, президенттик шайлоодо бир топ ийгиликтерге жетээрине ишенем.
Гүлбарчын

7225. Аскар Салымбековду мактабагыла. Ким аны мактай турган болсо, оозундагы тиштерин күбүп коём. Обу жоктуктун кереги барбы? Бай болгону менен жүрөгү жок, коркок!
Камчы, Ат-Башы

7226. Нариманды сагындым. Анын маңдайкы эки тиши коёндукуна окшош. Жарк дей түшсө, бир башкача көрүнүп калат.
Гуля

7227. "Кыргыз оңолбойт" деген Куке, кайдасың? Сени биздин СМСчилер капа кылса керек? Куке, сен биздин СМСчилерге таарынба. Алар мурдунун учундагы чөптү көрө албаган маңкурттар. Сенин кыргыздарды кайрап, курчутуп атканыңды сезүүнүн ордуна, тескерисинче куру намыскөй болуп коюшканына түшүнбөйсүң жана кыжырды келтирет. Мен сен жактамын.
Майрамбек

7228. Көзүңөрдү май басканбы? Эмне болсо эле дүңүрөйгөн кишини макташат. Анын санынан да сапаты жок!
Алик

7229. Биздин айылдын кыздарына жин тийди. Ар кечте эски уй сарайга камалып алып, түн бир оокумга чейин а жерден чыгышпайт. Азыр болсо таптакыр түнөп калышты. Түнкү саат 12де келишет. Таң атып баратканда тарашат, эмне кылышат билбейм. Ушу 6 кыздын азабынан мен уктай албай чыгып атам. Апаларына кайрылып айткым келип атат. Уй сарайга кыздарыңарды жибербегилечи!
Жылчымыш

7230. Жоомарт Сапарбаев деген жаш депутатты жактырып калдым. Теледен бир көрүп эле. Бу жигиттин келинчеги кандай неме болду экен? Менимче, мырка болсо керек? Анткени, ушундай сулуу жигиттердин келинчектери сулуу болбойт. Өздөрү сулуу болсо да, көөдөндөрү көңдөй болот.
Мира

7231. Капарбек классташым Быстровкада жашайт. Ал жерден көп өтөм. Бир да жолу чайга чакырып койгон эмес. Менимче, келинчегинде бир мандем бар.
Токо

7232. Элвира, сени сагындым. Кантем эми? Эмне кыларымды билбейм. Бул жашоонун кызыгы сени менен кошо кеткендей. Мени таштап кеттиң. Көкүрөк толо күйүт...
5741 абоненти

7233. Камчыбек Ташиев президент болуп калса, кийинки тарыхыбызда "Алтынбек Сулайманов тумшугун талкалай соккон" деп небере-чөбөрөлөрүбүздү окутабызбы?
Мукаш

7234. Алмазбек кыргыздын мыкты жигити. Красавчиги. Ал эми жанагы дүңүрөйгөн неме кайда жүрөт болду экен? Ал кантип президент боло алат?
Алик

7235. Р.Отунбаева кыйын катын экен. Кыйынды кыйын дей албаган кыргызга таң кала берем.
8832 абоненти

7236. Жеңе, мен сиздин аманатыңызды унута элекмин. Жакында айылга барганда ала барам. Кабатыр болбой тура туруңуз. Байкемдин да шаштысын кетирбеңиз. Баары жайында болот.
Чынарбек

7237. Көлгө барып келдим. 7 күн болдум. Бу жолу кыздарга барбадым. Ар кечте балык кармадым. Бирок, кайырмагыма алтын балык түшпөдү. Кайра кайттым. Капа болдум. Жашоо кунарсыз болгонуна жиним келди. Баштыгымды чогултуп үйгө келе бердим. Эми Көлгө барбайм. Баары бир алтын балык жомокто гана болорун терең түшүндүм. Аны апам да түшүндү. Атам болсо үңкүйүп мени бир карап, асманды бир карап, апамды бир карап унчукпады...
9595 абоненти

7237. Саламатсыздарбы "Учур" гезитинин жамааты. Мен сиздердин СМС бетиңерди калтырбай окуйм. Карапайым элдердин кыскача каты деп түшүнөм. Мен да силерге кат жазууга белсендим. Анткени, силердин СМСтерде мага окшогон адамдардын кайгы-капасы, кубанычы жазылган. Аларды окуп, менин да жаш кезим эске түшөт. Анда мен 15 жашта элем. Жаңыдан шаарга келип, мед.училищеге окууга өттүм. 4 кыз жатаканадагы бир бөлмөдөн орун алдык. Берки үчөө шайдоот эле. Аларга балдар тынбай келип турушчу. А мага анча көп келчү эмес. Туугандар гана жумасына бир жолу келип, индия киносуна барып, орто жолдон балмуздактын сазайын берчүбүз. Бир күнү жатаканага кеч келип, вахтерша бөлмөмө жибербей туруп алды. Таптакыр эле көшөрүп. Эмне кыларымды билбейм десең. Айылга кетип калайын десем кеч кирип кеткен. Ыза болдум. Ыйладым. Тимеле шолоктоп. Жайдын күнү болгондуктан, Тоголок Молдо гүлбагына бардым да, скамейкасына чалкадан түшүп жатып алдым. Көзүм илингендей болгон, бат эле таң атып кетиптир. 1985-жыл, 16-июлду эч качан унутпайм. Жыл сайын эстейм.
7756 абоненти

7238. Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылында жашаган Айжамал, мен сени сүйөм!
Турат

7239. Мен таң калам ушу депутаттарга! Шайлоодон өткүчө "тигини жасап коём, муну жасап берем. Жасабасам арбак урсун" деп карганышты эле. Эми президенттик шайлоодо эмне деп карганышаар экен? Бети жоктор, "эч кимисине ишенбегиле!" демекчимин.
М.Э.З.

7240. Алмаз байкенин Түркияга алып кетип атканын ким көрдү болду экен? Алмазбек байкемден айлангырлар десе! Элдин ооздору ушакка булганган.
Түрк эмес досу

7241. Ташиев качан баатыр эле? Жанышка, Рыспекке, Закиржанга, Ворго жүгүнүп турчу эмес беле, же андай эмеспи? Баатыр болсо, Алтынбек жалпайта чаппайт эле го? Баргы деген келесоо, келжиребе! Ташиевди президент кылгандан көрө, Түштүктү бөлүш керек. Биз ошого бара жатабыз. Ансыз деле чегара маселеси, жаратылыш кырсыктарын түзөө үчүн акчанын баары ошолорго кетип атат. Сокур ичегини кесиш керек. Бөөдө кан төгүлүп кете электе.
5094 абоненти

7242. Сарттар, чегара, хизбуттахрир, МЧС, коррупция көйгөйлөрү Түштүктө! Бу сокур ичегиден тез аранын ичинде арылыш керек! Анан Баргы, сен Коңкобайлардын караанына зар болосуң!
5094 абоненти

7243. Кетирген кемчиликти моюнга албай, тагдырга таарына беребиз. 100 ойнош күткөндөн, түбөлүк бир бүлөө күтүүнү Кудай баарына ыраа көрө бербейт. Себеби, бул ыйык жана өтө татаал нерсе.
Пенде

7244. "Кыргыз оңолот, оңолбойт" дей бербей, а дегенде "СМС үкөктүн" ончакты СМСчилери өзүбүздү оңдоп алсак. Баргы, Агент 007, силер аттарыңарга жашынып алып СМС жазып атасыңар. Качан өз атыңар менен жазып баштасаңар жана Нурия, сен капчыктуу жигиттерди Көлгө бузукулук эс алууга чакырганыңды токтотсоң - биз оңолобуз. 9779 абоненти, сен кинодогу каармандарды сүйө бербей, кыргыз жигитин сүйгөндө оңолобуз. Ар башка лидерди Апендинин кызындай мактай бербей, бир лидерди колдоого алганда оңолобуз. Таанышуу барагынан баары өз бактысын таап кеткенде оңолобуз. Сөзгө окшоштубу?..
Базаркул

7245. Урматтуу СМСчилер! Далдырап ар кайсыны жаза бербей, жүйөлүүнү жазууңарды суранып кетет элем.
Ася

7246. Таке, сенин сүйүү тарыхың мага абдан жакты. Ушу санга жакшылап уладың болсо керек. Өзгөчө Ала-Арча капчыгайдын ичиндеги окуяларды элестетип алып, жүрөгүм абдан кысылды. Эркин деген досуң келесоо неме окшойт. Движение кылгандын ордуна, чалкасынан түшүп жатып алганы мага жакпады.
Зулпукар

7247. Сүйүнбай акын, саламатсызбы? Мен сиздин ырларыңызды жактырып окуп келем. Мүмкүн болсо мага чалып коё аласызбы? Мен да ыр жазам. Атым Айжамал, 1994-жылкы болом.
Тел: 0773-41-94-44

7248. (Башы өткөн санда) Эки күн өткөндөн кийин Эркинге чалдым. Баягы кучунаштаган досум жок. Жайдары мүнөздө экени сезилип турду. Кырдрамдын жанындагы Суусамырдын кымызын саткан эжеден жолугууну болжодук. Шарт эле макул болду. Аңгыча бая эки кызга чалсам, алар да ошо жерден алыс эмес экенин билдирип, жөн-жайды жакшы түшүнүштү. Бир чай кайнамда төртөөбүз эженин жанында болдук. Эркинге ылайыктаган кыздын жанына кыналыша барып отуруп калдым. Шек билдирбей. Ал да мага ыктап, мени бир жолу жалт карады да, "Замир агай үйүнө кеттиби?" деп курбу кызына суроо узатты. "Жарым саат мурун кетип баратканын көргөндөй болдум" деп жооп берди. "Таке, бүгүн Эркиндин маанайы жарык экен. Чачтары да ёжикке окшоп калыптыр. Тегиздеткени өзүнө жарашат тура. Темирлан агайдыкындай болуп. Бирок, а кишиники чачтарын ак басып кеткен. Эркиндики капкара, анан да сулуу көрүнүп атат. Бүгүн ушу жигитти уурдап кетсем кантет?" деп тамашалап, үнүнүн болушунча каткырып сала берди. Эмне кыларымды билбей турсам, көз ирмемде Ала-Арча капчыгайы эске түштү. Дале болсо Эркинден кызгангансып турам. Ыраа көрбөгөнсүп. Сандарыбыз тийишип турганга бир заматта денем ысып баратканын сездим. Жүрөгүм лакылдап, оюм алда-кайда учуп барат. Өзүмдү жоокалатам, ичимен "менде сүйүү эбак өлгөн" деп. Досумдун жанында отурган жандаган курбу кызым күтүүсүздөн "Замир агай менен репетиция кылдым. Өзүнчө эле керемет. Агайдын мүнөзү жагат. Жок дегенде 10 эле жыл жаш болгондо, агай экенине карабай, токолу болсом да тийип алмакмын. Эки эркекти удаасы менен төрөп, наристе жыттатып жашартмакмын" деп кыялдана кетти. Чыдамым кетип, баарына "кеттик, машинеге отургула, мен силерди бир жерге алпарып келейин. Болгула тезинен" дедим... (Уландысы бар)
Таке

7249. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Маданият айылында жашаган ата-энеме, инилериме сагынычтуу салам жолдойм! Мен силерди абдан сагындым. Жакында барам, тосуп алгыла.
9444 абоненти

7250. Айлуу түндө бак аралап экөөбүз,
Кол кармашып келчи жаным жүрөлү.
Эң бактылуу үйбүлөдөн болуп биз,
Бул дүйнөдө бирге өмүр сүрөлү.
Айжамал

7251. Илгери карылардын "Катын баштаса, караңгы сайга" деген кебин угуп калган жайым бар. Анын сыңарындай, Роза апчебиз бирдин үстүнөн чыга электе, тактысын аман-эсен тапшыргай эле. Санааркап бүтмөй болдум.
Кара саадак

7252. Баргы, сен туура айтасың. Сенин оюңа мен эле эмес, бүт Кыргызстандын 90%ы кошулат. Баардыгы сен айткандай болот. Мен 100% кошулам. Кудайым колдосо баары жакшы болот.
1727 абоненти

7253. Кайда баратабыз? Кыздар менен келатсам, "бизге жигиттерден таап берсең боло, кумар жазалы" деп калышты. Жанымдагы кыздан "булар кимдер?" десем, "классташ кыздарым, үчөөсүнүн тең күйөөсү бар. Бириники молдо, дабатка кеткенде классташым ойнош издеп жыргап калат. Бириники бабник. Бириники стройкада иштейт. Оокат үчүн эки буту жерге тийбей чуркап жүрөт байкуш" дейт. Буларды көрүп, "анда бойдок кыздарга сөз жок экен да" деген тыянакка келдим. Аялзаты периштеден шуркуяга айланып кеткенин түшүнөсүң. Эркектер! Кызга кырк жерден тыюу. Аялга жумасына бир жолу камчы колдонбосоңор да, билдирбей калемпир сээп тургула. Антпесеңер, абийириңерди аштай төгүп атышат.
Айгыр

7254. Атбашылыктар, биз Аскар Салымбековду иштеп келаткандан бери жакшы билебиз. Акаев президент болуп турганда, артынан чуркап эле жүрчү. Бакиев президент болгондо, "Акжол" партиясында Жогорку Кеңештин депутаты болду. Шумдугуң кургур! Азыр кайда жүрөт? Өзүм Ат-Башыдан болуп туруп, аны колдобойм!
Ат-Башы

7255. Отунбаеваны көргөндө итиркейим келет. Ал өзү түрү суук болгону аз келгенсип, оозун чормоңдотуп, адамда жок интонация менен онтоп, акыштанып, кагазда жазылганды жөн окуй албайт. Ушу кантип кыргызды ойлосун?
6334 абоненти

7256. Салам! Мен Жалал-Абаддан болом. Жашым 17де, жалган сүйлөбөгөн, сөзүнө турган балдар менен таанышам, достошом, атым Уулжан.
Тел: 0773-43-10-65

7257. Атбашылыктар, силер эмнеге Аскар Салымбековду жамандап калгансыңар?
Кочкор
7258. Салам! Мен Кочкор-Атадан болгон Элмуратты издейм. Эгер бул катты окуган болсоң, сени күтөм. 4-класстагы сүйүүм деп, Даткайым.
Тел: 0779-34-45-70

7259. "Миң кыял FM" радиосунун ди-джейи Акылга арналат.
Каалайм сага сулуулукту күндөй, айдай,
Каалайм сага түгөнбөгөн бакыт-таалай.
Каалайм сага узун өмүр, ден-соолукту,
Каалайм сага сен жактырган ак жоолукту.
2780 абоненти

7260. Менин ырларым Акыл Жеңишбек уулуна арналат.
Махабат ыйык сезим жалындаган,
Бирде балын, кээде уусун тамызган.
Канча түндөр өтөөр жалгыз сени деп,
Сүйүү деген азаптардын айынан.
Мен сени гана сүйөм!
Махабат

7261. Урматтуу Баргы! Сага, СМСтериңе рахмат! Сендей адамдар кыргызда көп болсо дейм! А Бекен менен Күйдүмчокко окшогон тварлар кыргызда түбү менен жок болсун! Силердин бир нерсеге мээңер жетсе жазгыла!
Ерлан

7262. Кыргыз элим! Эмдиги президенттик шайлоону ойлонуп туруп, өзүбүзгө пайдасы тие турган кишини шайлайлы. Андайга татыктуу деп Адахан Мадумаровду айта алам. Себеби, бул адам жаш десе жаш, тууганчыл эмес. Өз ишине так жана туура жооп бере турган бир гана ушул киши. Кыргызстандын экономикасын оңдоп кете алат деп ойлойм. 7074 жана 7141 абоненттерине айтаарым, силер жаман катындарча эле Мадумаровду шыбап жатасыңар, силерге эмне жаманчылык кылды эле? Ачык айтып, ак өлгүлө. "Кыргыздын керемет жери болгон Каркыраны саткан" депсиңер. Ошол кезде жанында жүрдүңөр беле? Же болбосо соттон далил кагазыңар барбы? Менин баамымда, силер эркек эле кишисиңер. Ушакка кантип көрүп-көрбөй ишенип атасыңар билбейм? Ал эми силер мактаган Атамбаев эмне кылып берди? Күйүүчү майды арзандатам деди эле, арзандатмак тургай, тескерисинче кымбаттады. Орусия дагы да болсо тоготкон жок, тилин алганы жок.
Моңолдор, Ат-Башы

7263. Атамбаев, Сариев кээ бир элдерди түшүнөн чоочутуп атат. Эки баатырдан коркушуп, кээ бирөөлөр кандай гана бети жоктукка барып жатышат. Бузуку Ташиевге, Келдибековго Кыргызстандын бүтүндүгүнүн кереги жок. Аларга бийлик гана керек. Шайлоодо жеңип, саткындарды жазалап, МЧСден жана салыктан жегендерин кустурабыз!
Баргыгүл

7264. Өткөндө Алина Жетигенованын бир гезитке берген интервьюсун окусам, "көөп баратсам күйөөм ордума коюп коёт" дейт. Көпкөндө бул эжебиз эмне болуп көбөт болду экен? Же артисттерибиз обун таппай ушинтип интервью берип калышканбы?
Ат-Башы

7265. Мен сени ойлой берем эч тажабай,
Күлкүңдү, көздөрүңдү карагаттай.
А бирок жолукпайбыз биз күнүгө,
Карааныңа умтуламын жаш баладай.

Жашоомдо жалындап жаралдыңбы?
Зар болдум көрсөм деп карааныңды.
Кудайдан жалынып тилеп келем,
Кат жазчы билдирип сен кабарыңды.
Нур

7266. Ашуунун эки жагы,
Эки сүйүү болот кайгы.
Сүйүүнүн барбы баркы?
Эмнеге тагдырыбыз тайкы?
Пенде

7267. Азиз Турсунбаев мыкты жигит. Мыктылар эч качан жерде калбайт. Эми Жалал-Абад эли аны сыйлап, көккө көтөрүп алышарына көзүм жетет.
Капар, Көк-Серек айылы

7268. Ахматбек Келдибеков көөп баратат. Ким анын желин чыгарат? Алтынбек Сулайманов гана чыгарып коюшу ыктымал. Алтынбек мырза, делай красиво!
9867 абоненти

7269. Адахан Мадумаров өткөндө эле "машинам жок" деп жүрбөдү беле. "Учур" гезити кайра жазып чыктыңар "2 жаңы машинасы бар" деп. Кайсынысына ишенели?
Абитбий