Азикенин курсташтары көл жээгинде тайраңдашканда...
Айтылуу Азимбек Бекназаров Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы үйүнө курсташтарын чакырыптыр (Азикенин бул үйү 300 миң доллар турарын тилектештери билдирүүдө). 91-жылы ЖОЖду бүткөн парталаштары чоң мааракенин коногу болуп, катуу дуулдагандары коңшу айылга чейин угулду, эй! Баягы жел таман курсташтар бүгүн сот, прокурор, алды министрлик деңгээлдеги кызматтарга илээшип, эң бийик кызматтагысы Феруза айым (Жогорку Сот төрайымы) шаан-шөкөт кечеге келип, шилекей чачыратып кетти. Мындайда дүүлүккөн курсташтар асманга салют атып, жергиликтүү элдин үрөйүн учурганы эмнеси? Айтор, 91-жылкылар катуу дуулдап, жаштык кумарын эстөө менен мас болуп, Азикенин төрүндө тайраңдашканы факт. Ал эми Бекназардын небереси бул үйдү кайсы акчасы менен алды, ыя? Акыл-эстүү адамдар ой жүгүртсө, ашмалтайы чыгып калат го...


Алмаз байкебизди күйүүчү май күйгүзөбү?
Кыргызстанды күйүүчү майдын каатчылыгы каптап киргени карапайым элдин жүрөк үшүн алып, келечекке карай сезимдерди "селт" эттирди. Албетте, чыгармачылык эргүү менен элестеткенде! Бирок, кептин түпкү маанисинде, Орусия башпаканы Путин менен казак баурубуз Нураке кыргыз өкмөтүнө ичи чыкпай, премьер Атамбаевди жүдөтүү менен эсине келтирип коелу дешиптир. Бир чети шайлоо астында Алмаз мырзанын алсыраган аброю ого бетер киндиктен ылдый кетип, айласын таппай туру. А.Шаршенович эми гана Орусиядан жансоога сураганга жарады, натыйжасын күтө туралык. Кызыгы, Атамбаев мырза күйүүчү майды "ашып кетсе 40 тыйынга кымбаттайт" (!) деп балп эткизген. А бүгүн 9 сомго дейре көтөрүлүп кетти. Эми баа бергиле, жогорудагы сөздү премьер айттыбы, же көчөдөгү БОМЖбу, балким, эси жок кыздын сүйлөгөн сөзүбү? "Чыныгы жигиттин сөзү өлгөнчө..." деген кеп бар го...


Ахматка алданган Айдар лохпу?...
2005-жылы революциядан кийин Азимбек Бекназаров генпрокурор болуп, качкан бийликке каарын көрсөтүп турган. Ошол кезде Акаевдин "куйругу" Ахматбек Келдибеков Азикеге келип, "Айдар Акаевден 1 миллион доллар апкелдим, бир жолун табалык" деп сунуштайт. Андагы эйфорияга баткан А.Бекназаров "алга, кыргызстанчы" эргулдун сөзүн угуп да койбой, чоң жыйында "Келдибеков мага Айдар үчүн 1 миллион доллар сунуш кылды" деп балп эттирген. Эми бул өткөн чак. А кечээ эле ошол Ахмат, Камчы, Нариман үчөө парламенттик шайлоо астында Айдарга жолугуп, дагы 1 миллион доллар сурашканы, бирок Акаевичтин уулу 500 миң долларга токтоп, алтын саатын Камчыга чечип берип, чо-оң соодалашуу кылганы тар чөйрөгө тарады. Тилекке каршы, береги оёндор Айдардын тилегин аткарып да койбостон, "кидайт" этип, көнгөн адаттары менен баса беришти.
Анан ойлойсуң, "Айдар лохпу?" деп...


ФСБ, Рамзан, Бахтилер кыкеңдердин кимисин колдойт?
Былтыр "Ар-намыс" партиясына Орусиянын ФСБ кызматы менен Рамзан Кадыров, ошондой эле өзбектердин Бахти Ташкенский аттуу кримавторитети жардам берип, Түштүктөн жетиштүү добуш алып беришкени маалымдалган. (Баса, Бахти биздин Ош мэри Мелис Мырзакматовду сулата чаап салганын "Ютубе" сайтынан көрсөңүздөр керек.) Мына ушул сырткы таасирдүү күчтөр
быйыл президенттик шайлоодо кимди колдойт? Дал ушунун жообун кийинки сандарда ачып берүүгө аракет кылмакчыбыз...


Лидерибиз ким? Текебаевби, же Суваналиевби?
Күздөгү президенттик шайлоого карай К.Байболов, Т.Сариев, А.Жекшенкулов, Ф.Кулов, Ө.Текебаев, М.Эшимканов, Ө.Суваналиев сыяктуу лидерлер ынтымактуу баш кошуп, бир лидердин туусунун астында чыгышары болжонууда. Булардын башкы максаты - президенттик тактыга татыктуу лидерди көтөрүп чыгуу экен. Татыктуусу ким болот? Текебаевби, же Суваналиевби? Айтмакчы, бул лидерлер эң башкы душманы катары премьер-министр Атамбаевди ээрден оодарууга катуу белсенишүүдө...


М.Султанов президенттик шайлоого 30 миллион доллар менен чыгууга ниет кылууда
Эски аткаминер Абдразактын уулу Марат Султанов президенттик шайлоого 30 миллион доллар менен чыгаарын жакын санаалаштарына айтканы маалым болду. Учурда Марат мырзаны карапайым калк анчейин колдобой турганы менен, саясый элита мындан үмүт кылууда. Азырынча М.Султановдун айланасында аттуу-баштуу адамдар ачык колдоп чыга элек. Ишенбей турушабы?


Феликс абышканы жүдөткөн А.Жапаров
"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов эмнеге эле Акылбек Жапаровду колдоп, чайналып атат (!) десе, кептин баары биякта турбайбы. Былтыркы парламенттик шайлоонун астында Орусиядан келген 2 миллион долларды экөө көшөгө артынан бөлүп алганы боюнча каңшаар тарады. Ошондогу сөздөрдү А.Жапаров үн жазгычка байкатпай жаздырып алып, Ф.Куловго карата компромат материал сыңары кысып атыптыр. "Мени президенттик шайлоодо колдобосоң, бирди көрөсүң!" дегендей корчоңдоп. Жүдөгөн абышка Акылбектин мындай амалын көтөрө албай, айласы кеткенде Германияга бир жумага дарыланууга кетиптир. Нерви чыдабай. Натыйжада, экөөнүн көшөгө артындагы тебишмейи эмне менен бүтөөр экен?


Р.Отунбаеванын койнуна киргиси келген Ахматбек...
Фракция жетекчилери Ө.Текебаев, Ф.Кулов, М.Абдылдаев сыяктуу аксакалдар отурганда, спикер А.Келдибеков тамаша-чыны аралаш: "Роза Отунбаева кантсе да президент эмеспи, койнуна кирип койсомбу?" деп шакаба кылган имиш. Мындай сөздү уккан Текебаев, Кулов, Абдылдаевдер "кой" дебестен сүрөөнгө алып, үгүттөгөндөрү кимге жагат? Сыягы, саясатчыларыбыз деле өлө тамашакөй жагына ыктап кетишкенби?..


"УЧУРдун" кабарчысы президенттик шайлоого аттанат!
Белдүү саясатчылардын бири, ЖК депутаты, "УЧУР" гезитинин сырттагы кабарчысы Равшан Жээнбеков президенттик жарышка катышаары тууралуу ачык билдирүү кылды. Албетте, биринчи сырын "УЧУР" гезитинин жамаатына ачык айтып. Равшан мырзанын билим деңгээли, интеллектуалдык көрөңгөсү көп саясатчылардан алда канча бийик турары белгилүү. Эми мындай саясатчыны карапайым калк канчалык деңгээлде колдойт болду экен? Азырынча Р.Жээнбековдун капчыгында 2 миллион доллар бар экендиги, бирок, бул аламан байге үчүн аздык кылары ажеп эмес. Кеп акчада эмес, бу жигит бай көрөңгөсү менен элди тартышы ыктымал. Мына ушундай шартта Равшан мырза расмий түрдө коомдук ишмер Мелис Эшимкановду штаб начальниги кылуу сунушу менен кайрылды, эми Мелис аке не дейт? Күтө туралык...