Күч берен

Спорт түрлөрүн тескеген Айсулуу

Айсулуу Кыштобаева Мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигинде эмгектенгенине 3 жылдын жүзү болду. Спорт агенттиги бир жарым ай мурун массалык спорт иштери бөлүмүнө иштегенге адистерди кабыл алуу сынагын жарыялаган. Сурамжылоо жана тестирлөө жүргүзүлүп, натыйжасында Айсулуу Кыштобаева сынактан ийгиликтүү өткөнү маалым болду.

- Эки күн мурун жаңы ишке орношконуң тууралуу жылуу кабар уктук. Сынактан сыналып келиптирсиң. Ушу жөнүндө токтоло кетсең?
- Сынак мындан бир жарым ай мурун жарыяланган. Массалык спорт иштери бөлүмүнө 4 адис кабыл алынмак. 6 адам арыз бердик. Жакшы даярдандым.
- Сынакта кандай талаптар коюлду?
- Мамлекеттик кызмат жөнүндө жана спорт мыйзамдарын, андан тышкары Башмыйзамды билишибиз керек эле. Биринчи этабында кадимкидей 100гө жакын орчундуу суроолор тандалып, анын ичинен бери дегенде 70ине так жооп берсең, "сынактан өттү" деген кеп эле. Ал эми экинчи этабында чылгый спортко тиешелүү суроолор камтылган. Баш-аягы эки этап боюнча 10го жакын гана суроолоруна жооп таба албай калдым. Калгандарына жооп бердим.
- Комиссия алдында жооп бердиң да?
- Жок. Тестирлөө борборуна барып экзамен тапшырдым.
- Коррупция болгон эмес турбайбы?
- Болууга да мүмкүн эмес эле. Анткени, алтообузду бөлөк-бөлөк отургузуп, суроолорду компьютер берет. Жыйынтыгын да чыгарат.
- Спорт агенттигинде иштегениңе канча болду?
- Мурун агенттиктин карамагында жаштар иши департаменти бар эле. Жоюлуп кеткиче бир жыл иштеп, кийин спорт агенттигине которулуп кеттим. Ал эми бул жерде иштегениме 2 жылдын жүзү болду. Жумуш кызыктуу. Мага бул жерде иштеген жагат.
- Өзүң спорттун кайсы түрүнө жакынсың?
- Мектепте окуп жүргөндө сууда сүзүү менен машыгып, райондук жана облустук мелдештерде күч сынашып, алдыңкы орундарды жеңип алган учурлар болгон. Андан сырткары, спорт бийине да кызыгып, мелдеш, сынак, фестивалдардан калчу эмесмин.
- Азыр таштап сала элексиңби?
- Сууда сүзүүгө убакыт табуу кыйын болуп калды. Бирок, бош боло калганда бассейнге чуркайм. Шейпингге жумасына үч жолу катышып турам. Кыз киши болгондон кийин келбетке көңүл буруп дегендей.
- Келбет демекчи, мелдеш учурунда жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземинде татынакай кыргыздын кыздары улуттук кийим менен жүргөнү жакшы жышаан. Анын ичинен сени да көрүп калган жайым бар...
- 2009-жылы Кыргызстандын эгемендигине арналган эл аралык көкбөрү мелдеши болгон. Тиягы Кытай, биягы Казакстан болуп 10 мамлекет күч сынашкан эле. Ошондо байгелерди тапшыруу аземине биринчи жолу катышканмын. Кийин Ысык-Көл оюндарына да барып жүрдүм.
- Кабинетиңе көп эле спортчулар баш багабы? Эмне көйгөй менен кайрылышат?
- Спортчулардын басымдуусун каражат маселеси түйшөлтөт. Анткени, сырт жакка чыгуу үчүн акчаң болуу керек да. Өлкөнүн абалы азыркы учурда кыйын болуп турат. Бюджеттин тартыштыгы спортчулардын да кендирин кесип атат. Спорт-инвентары жөнүндө да кайрылышат. Жөнөкөй эле топ менен тор да табылбай калат.
- Жаңы жумуштун эмне өзгөчөлүгү болот экен?
- Эми мен адис адамы катары отурдум. Көз салып тескөөгө карамагыма спорттун 8 түрү бөлүндү: футбол, теннис, армреслинг, бодибилдинг, мини-футбол, ж.б. Мындан сырткары, Ысык-Көл облусу да мага тиешелүү болуп калды. Ал жактын спортун жана республикалык мелдештерди өткөрүү-көзөмөлү да менин моюнума жүктөлдү.
- Бул жумуштарды аркалап кетүүгө көп күч жумшалыш керек экен. Башкармачылыктар жардам берип турбаса кыйынга турат го?
- Албетте. Жетекчилер менен чогуу-чаран бирдиктүү иш алып барбасаң, бир күндүн ичинде эле ташыркап калышың ыктымал.
- Жетекчилердин кимиси менен иштешип калдың?
- Александр Воиновдун тушунда келгем. Андан кийин Медет Керимкулов жана Алмазбек Касенов агайлар менен иштешип калдым.
- Бул адамдар өз учурунда кандай маселеге басым кылышкан?
- Воинов ринг ичиндеги мушташты, анын ичинде кикбоксингди өөрчүттү. Медет агай административдик башкарууну жөнгө салды. Алмаз байке күрөштү жакшы деңгээлге көтөрүп койду. Азыркы жетекчибиз Үмбөт Кыдыралиев агай спорттун баардык тармактарын көтөрүүгө жан үрөп, киришип атат. Өзгөчө айыл жергесиндеги жана массалык спортко жапырт кирип атканын байкадым.





Теннис
Ферганада биздин кыздар…
Чоң теннистин катыгын берген кыргыз спортчулары Жамила Дүйшеева менен Алина Харитонова Өзбекстандын Фергана шаарында жүрөт. "Fergana Cup-2011" эл аралык мелдешине катышууну кам көрүшүп. Эртең биринчи турда Жамийла Баблино Мачаидзе (Грузия) менен кыл чайнашат. Алина болсо, Яна Кхон (Өзбекстан) менен бетме-бет чыгат.

Шахмат
А.Карпов Ысык-Көлдү ыйык тутат
Бир аз күн мурун шахмат боюнча 12-дүйнө чемпиону Анатолий Карпов Чолпон-Ата шаарына келип кетти. Ал, кезектеги эл аралык спартакиаданын ардактуу коногу катары чакырылган эле. Учурдан пайдаланып, дүйнө чемпиону менен жаш шахматчылар тикелей беттешүүнү өткөрүштү. Соңунда кыргыз балдарына ыраазычылыгын айтуу менен жакшы баасын бере кетти. "Мен Кыргызстанды жанымдай көрөм. Дүйнө чемпиону болоордо ушу сиздердин ыйык Ысык-Көлүңөргө келип, кызуу даярдангам. Жыйынтыгында, дүйнөнү багындыргам" деди.

Бокс
Мушкерлер муш жегенде...
Жума аягында Санкт-Петербург-дун губернатору бокс боюнча мелдеш уюштуруп, байгеге жеке кубогун койду. Биздин Кыргызстандан 5 мушкер аттанган болчу. Мирбек Шеров (52 кг.) биринчи атаандашын эки муш жиберип утуп алган болсо, экинчисинде утулуп калган. Медер Мамакеев (56 кг.) биринчи эле таймашта уттуруп ийген. Абдилай Анарбек уулу (60 кг) эки жолу рингге чыгып, бирөөсүн уткан, бирөөсүнөн утулган. Максат Алимбаев (69) менен Адилет Чаликов (75 кг.) биринчи атаандаштарына эле уттуруп ийген. Мындайча айтканда, биздин мушкерлер байгелүү орундарга жетпей, куржалак калышкан.
Ал эми Москва шаарынын жоокерлер искусство борборунда В.Попенченкону эскерүү эл аралык турнири болуп өттү. Мында биздин эки мушкер байгелүү орундарды жеңгени тууралуу кабарды улуттук курамды жетектеген Адылкан Бекболотов айтты. Акжол Сулайманбек уулу 60 килограмм салмак ченинде коло медалды багындырган болсо, Уланбек Набиев 91 килограмм салмак ченинде күмүш медалдын ээси болгон.

Футбол
Чемпионат аяктады
Дүлөйлөр арасында Кыргызстандын биринчилиги аяктады. Өлкөнүн булуң-бурчунан ат салышка 6 курам чыккан. Бир сыйра бири-бири менен топ тепкилешип, жыйынтыгында Чүй облусунун курама командасы чемпион аталган. Экинчи орунду Кыргызстандын жаштар курамы алган. Коло медалга Бишкек шаарынын курама командасы татыды.

Эрежесиз эр уруш
Эки өлкөнүн эрендери мелдешип
Казакстандын Темиртоо шаарында эрежесиз эр уруштун VIII эл аралык турнири өттү. Эки өлкөнүн эрендери мелдешип, тыңчык-малары аныкталды. Профессионалдар арасында абсолюттук мелдеште Кабыр Адановго (60 кг.) эч ким даа тута алган эмес. "Кыргыз азамат экен" деп казактар тамшанган имиш. 65 килограмм салмак ченинде казак мушкери байгени илип кеткен. 70 жана 75 салмакта да кыргызстандык эки балбанга казактар багынып берди.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ